5-класс үЧҮн тарбиялык сабактар



Pdf көрінісі
бет47/72
Дата15.05.2023
өлшемі0.82 Mb.
#473712
1   ...   43   44   45   46   47   48   49   50   ...   72
Тарбиялык сабактар, 5-класс(1)

 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 


64 
№22 сабак 
АБИЙИРИҢДИ ЖАШЫҢДАН САКТА! 
Сабактын максаты:
• Абийирдүүлүк жѳнүндѳ түшүнүк алышат; 
• Текстти окуп, анын мазмунун түшүнѳ алат; 
• Каармандарга мүнѳздѳмѳ берип, алар жѳнүндѳ тексттен мисал келтире алат
• Жолдошторунун арасында жана үй-бүлѳдѳ абийирдүү болууга багыт алат
• Окуучулар ѳз ойлорун эркин айтууга кѳнүгүшѳт. 
Сабактын жабдылышы: 
Текст боюнча тартылган түстүү сүрѳттѳр, эки ватман, эки маркер (кызыл, кѳк), 
таркатмалар (абийирдүүлүк жѳнүндѳ жазылган макалдар), ж.б. 
Сабактын ыкмасы: Башкарып окутуу 
Сабактын жүрүшү:
Мугалим: 
 
Балдар,абийир, ыйман аздап куюлуп, чѳйчѳккѳ чогулган таза суу сыяктуу. Аны 
олдоксон кыймыл, эби жок жүрүш-туруш менен тѳгүп алууга болот. Муну менен 
эмнени айткыбыз келет, окуучум. Абийир, жакшы болуу аз-аздап жыйналат. Аны 
этияттап сакта, жоготуп алба. «Абийиринди жашыңдан сакта, адашып жаман жолго 
баспа» деген дагы бир нуска сѳз сени алдыга үндѳгѳн ураан болсун.
Тѳмѳнкү жети нусканы чогуу окуп, талдап кѳрѳлү: 
1. Бүгүнкү бүтүүчү ишти эртеңкиге калтырба!
2. Ѳз колуңдан келген ишти башкага тапшырба! 
3. Арзандыгына карап керексиз буюмду ала бербе! 
4. Баарынан намыс кымбат тураарын унутпа! 
5. Аз иш бүтүрдүм деп кѳп кейибе! 
6. Боло турган нерсенин болбой калганына ѳкүнбѳ! 
7. Ачууң келсе онго чейин сана, ѳтѳ эле катуу келсе жүзгѳ чейин сана! 
(Джефферсон) 
Окуучулар жогорудагы жети нуска боюнча ѳз ойлорун айтышып, талкуулашат. 
Андан соң мугалим «Абийир» деген текстти окуп берет. Алгач, текст эмне жѳнүндѳ 
болушу мүмкүн? деген суроо менен балдарга кайрылат. Окуучулар ойлорун айтышат. 
Текст окулат. 
Абийир 
Фазл аттуу кадырлуу бир адамдын ѳзүнѳ жакын эки адамы бар эле. Биринин аты 
Назар, дагы биринин аты Сакип эле. Бир күнү Фазлдын кашында Назар менен Сакип 
бири-бири менен азилдешишти, тамаша айтышып киришти, аягында азилдери зилге 
айланды. Экѳѳ тең кызууланышып бири-бирине акаарат келтиришип, уруша 
башташты. Назар Сакипти эки колу менен силкип ийди эле, Сакиптин топусу жерге 
учуп түштү. Ал буга ансайын ачуулана баштады. Фазл ага: 
-Неге мынча ачууландың? Азилкечтикте мындай сапат кѳп болот. Топуңдун 
жерге түшүшү менен мынчалык ачууланышың туура эмес, - деди. 
Сакип ачуусун баса албай: 


65 
-Эмнеге ачууланбайсың? Сендей улуу адамдын кашында топум жерге түшүп 
кетип абийирим тѳгүлдү, - деди эле Фазл күлүп: 
-Топуңдун жерге түшүп кетиши үчүн мынчалык ачууланышың орунсуз. Менин 
кашымда сенин абийириңдин тѳгүлгѳнүнѳ кѳп эле убакыт болду. Эсиңде барбы бир 
күнү мага: «Менин атым бир түндүн ѳзүндѳ эле Мавр шаарынан Нишапур шаарына 
жетти», - деп жалган сүйлѳгѳн элең, ошол күндѳн баштап сѳзүңѳ ишенбей калдым. 
Абийириң тѳгүлдү. Эми абийир үчүн талашпай эле кой, жалганчыда кандай абийир 
болот? - деди.


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   43   44   45   46   47   48   49   50   ...   72




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет