16
3-окуучу:
Мээримдүүлүк жүрөктөн,
Мээримсиздик бөлөктөн.
4-окуучу:
Мээрим көздө болот.
5-окуучу:
Боорукер болгонго аракеттенүү зарыл.
6-окуучу:
Боорукерлик көңүл жанынын эң сонун гүлү.
7-окуучу:
Мээримдүүлүк сулуулуктан жакшы.
8-окуучу:
Боор ооруган бозорот,
Табалаган тамылжыйт.
9-окуучу:
Эгерде кимде мээримдүүлүктүн үрөнү болсо андан жексурлукту күтүүнүн
кажети жок.
Окуучулардын ойлорунан кийин мугалим белгилүү окумуштуу Абдыкерим
Муратовдун боорукердик жөнүндө
жазган пикирин окуп, класстын талкуусуна коёт.
Боорукердик
Алишер Навои менен Султан Хусейн салбурундап ууга чыгат да, Алишер бир
жерге чатыр тиктирип, ошол жерди турактайт. Уу бүтүп, кетер күнүн кабарлап
чабарман келет.
Чатырды чечели десе, ал жерге бир бактек уя салып, тукум тууп,
жумурткасын басып жатыптыр.
Ошондо Алишер бул жерге тигил жаныбар балапан чыгарып, аларын учуруп
кеткенче бир адамды калтырып кетели деген сунушун айтат. Тигил чабарман болсо
«канаттуу куш учат да кетет» дейт, антсе Алишер Навои: «бактектин жумурткасына
да канат байлатасызбы» деп кайра аны уяткарат.
Боорукер адам ар дайым бирөөлөргө
жакшылык кылган адам болот,
«жакшылык – төргө жеткизет, жамандык – гөргө жеткизет» деген сөз айтылып келет.
Мындай адамдар булуттан чыккан Айга окшош, ачылып тийген Күнгө окшош,
ташбоор адам болсо кара булуттардай – адамдардын баарына коркунуч алып келет.
Өткөн бир замандарда мартабалуу ата үч уулун алдына чакырат да, аларга
мындай дейт:
- Үчөөң бир ай сапарга чыккыла да, бир айдан кийин менин алдыма келип, кимиң
кандайча жакшылык кылганыңардын эң орчундуусун айтып бергиле. Эгер кимиңдин
жакшылыгыңар көбүрөөк жана пайдалуураак болсо,
мен ошонуңарга мына бул
кымбат баалуу шакегимди берем!
Балдар кетишет. Белгиленген мөөнөт да өтөт. Ата чоң уулунан сураса, ал мындай
окуяны айтат:
- Бир күн бак ичинде кетип жатсам, аябай баалуу алмаз жатыптыр. Мен аны
дароо алдым да, тиешелүү жерге алып бардым, алар буюм ээсин издеп таап, ага берип,
мага болсо ыраазычылык баракчасын тартуулашты.
17
- Туура кылгансың, уулум, - деди атасы, - бирок ал алмаз сенин өз мүлкүң эмес
да, болгону таап алгансың.
Кезек ортончу уулга келди. Ал минтип айтты:
- Бир күнү арык бойлоп кетип жатсам, бир бала сууга түшүп кетти да, ага
баштады, мен өмүрү коркунучта калган баланы өз өмүрүмдү да
коркунучка салып,
өлүмдөн сактап калдым, аны үчүн шаар акиминен, баланын ата-энесинен сый алдым,
эми сиз да сыйлайсыз го деп ойлойм!
- Баракелде, уулум, - деди атасы, - сен абдан жакшылык кылгансың жана
ушундай жакшылык кылганың үчүн дилиң агарып, ичиңден кубанып турасың, ушул
өзү сага сый эмеспи.
Кезек кичүү уулга келди. Ал айтты:
- Мени бир киши дайым артынам калбай аңдый баштады. Эптеп оң келсе, мени
өлтүрүүгө камынып жүрдү. Менин мунун баарын сезип аттым. Анан кечээ куду ошол
адам жардын кырына барып коңурук тартып уктап калыптыр, кокус ордунан
козголсо эле, же бирөө оңдоп коёюн десе эле чочуп, жардан ары кулап өлгүдөй. Мен
ушунчалык аяр, акырын барып, аны ойготпой, жардан бери коркунучсуз жерге алып
келдим да, анан аны бир топ карап туруп, өлүм коркунучу андан өтүп кеткен соң бул
жакка келдим.
Ушул сөздөрдү угуп атасы колундагы шакегин чыгарды жана кичүү уулунун
колуна такты:
- Буга
сен чындап эле татыктуусуң, себеби сен дүйнөдөгү адамдардын эң
жогорку касиетин сактап, жамандыкка жакшылык менен жооп бердиң, - деди
баласын кучактап.
Адамдагы боорукердик деген ушундай – бирөө сага ор казып, жамандык издеп
жүрсө,
сен ага жардамдашып, жакшылык кылууга тийишсиң! «Атаңды өлтүргөнгө
энеңди алып бер» деген кыргыз этнопедагогикалык философиясы ушунда да.
Адамзатты ушул идея, ушундай мамиле бүгүнкү күнгө жеткирип отурбайбы…
Кээ бир кишилер бар, алар өмүр бою кыйналып-кысталып, бирөөлөрдү оң жолго
түшсүн, ушулар жакшы адам болсун деп күндүз да, түнү да өзүндөгү болгон акылын,
күчүн жумшайт. Советтик мезгилде балдар үйлөрүндөгү, интернаттардагы
тарбиячылар, мугалимдер ушундай иштешип, не бир сонун адамдарды чыгарды.
Алардын бирин Токмок балдар үйүндө тарбияланган Алыкул Осмонов ырга
айлантып, «Далай таттуу даам жедим колуңдан, кем көрбөдүң
өз бир тууган
бооруңдан, начар экен бат оңолсун бала деп, шашып турдуң чала уйкулуу ордуңдан»
деп тарбиячысы Грунья Савелевнанын боорукердигин, адамгерчиликтүү сапатын
ачып берет.
Өзбек акыны Абдулла Ариф «Башынан сыласаң өксүк адамдын, Мекеге жети
болу баргандай болосуң» дейт.
А биз ушундай чалкеш заманда ошондой боорукер боло алабызбы?
Достарыңызбен бөлісу: