Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлиги Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет35/68
Дата21.10.2023
өлшемі3.49 Mb.
#481337
түріЛекция
1   ...   31   32   33   34   35   36   37   38   ...   68
JAGUKURMANBEKOVA5

Чоң кан айлануу тегереги – сол карынчадан башталып аор-
та деп аталган жана бардык органдарга артериялык канды алып 
барат. Аортадагы агымдар көптөгөн кичине бутактарга бөлүн-
гөн, булар органдардын клеткаларынын чел кабыкчаларында 
кан тамырлардын капиллярдык торчолорун пайда кылат. Пост-
капиллярлардан кан тез арада майда веналарга өтөт. Булар бири 
– бирине кошулат да, чоң венага айланат. Бардык органдардан 
кан жогорку жана төмөнкү көңдөйлүү веналар оң дүлөйчөгө ке-
лип куят. 
Кичине кан айлануу тегереги – оң карынчадан башталып, 
өпкө артериясы веналык канды алып келет. Өпкөдө газ алма-
шуу жүрүп, кандан альвеолдорго көмүр кычкыл газы өтөт, ал 
эми альвеолдордон канга кычкылтек өтөт, бул процесс плевра 
чел кабыкчасында диффузиялык жол менен жүрөт. Натыйжада 
мурунку веноздук кан артериялык канга айланып, өпкө венасы 
аркылуу артерия каны сол дүлөйчөгө келип куят. Кичине кан ай-
лануу тегереги – өпкө кан айлануу тегереги деп аталат. 
Дарбазалык вена – үч жупсуз венанын куюлушунун неги-
зинде пайда болот. Булар төмөнкүлөр: көк боордук, жогорку 


- 84 -
жана төмөнкү чычыркай веналары. Дарбазалык вена канды көк 
боордон, карындан, өттөн, ашказан алдындагы безден, жоон 
жана ичке ичегилердин бөлүктөрүнөн чогулат. 
А) Омуртка артериясы жогору көздөй көтөрүлүп, жогорку 
моюн омурткаларынын туурасынан кеткен урунчуктарынын те-
шиги аркылуу өтөт да, оң желке тешигине жетип, ал аркылуу 
баш сөөгүнүн көңдөйүнө кирип, кан менен баш мээни камсыз 
кылат. 
Б) Калкан моюн артериясы аябай кыска, ал тезинен эле өзүнүн 
бутактарына бөлүнөт: төмөнкү калкан сымал артериясы, жогору 
чыгуучу жана үстүңкү моюн артериясы жана далы алдындагы 
артериялары. Калкан сымал безди, далыны, моюн булчуңдарын 
кан менен камсыз кылууда катышат. 
В) Ички көкүрөк артериясы көкүрөк клеткасынын алдыңкы 
дубалы боюнча арткы бетинен төмөн түшүп кетет. Ал диафраг-
маны, көкүрөк клеткасынын алдыңкы дубалын жана курсакты 
кан менен жабдыйт. жана моюндагы веналык кандын агымы 
чуңкур жана үстүңкү жылгалар боюнча келет. Чуңкур венага 
– ички моюнтурук венасы жана акырек алдындагы вена кирет. 
Ички моюнтурук вена баш сөөгүнүн көңдөйүндөгү канды чогул-
тат. Баш сөөктүн негизиндеги моюнтурук тешигинен башталып, 
төмөн түшөт да, моюндагы жалпы уйку артерия жана адашкан 
нервдин составында болот. Моюндун төмөнкү бөлүгүндө акы-
рек алдындагы вена менен биригип, ийин баш венасын түзүшөт. 
Оң ийин баш венасы солго караганда кыска болуп, оң көкүрөк 
акырек биригүүнүн артында пайда болот. Кыйгач төмөн түшүп, 
сол ийин баш венасы менен биригет. Сол ийин баш венасы сол 
көкүрөк акырек ашташуусунун артында пайда болуп, оң ийин 
баш венасынан эки эсе узун болот. Бул экөө биригип, жогорку 
көңдөйлүү венасын түзүп, ал оң дүлөйчөгө куят. Акырек ал-
дындагы вена булчуң алдындагы венанын уландысы болуп са-
налат. Моюнда ал тепкичке чейинки мейкиндикте жатып, ички 
моюнтурук венасы менен биргеликте ийин баш венасын түзөт. 
Акырек алдындагы вена кол курчоосунан гана эмес моюн об-
ластынын бир бөлүгүнөн да веналык канды чогултат. Баштын 
жана моюндун үстүнкү веналарына баштын жана моюндун 
булчуңдарынан жана терисинен веналык кан барат. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   31   32   33   34   35   36   37   38   ...   68




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет