Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлиги Жалал-Абад мамлекеттик университети


Фагоцитоз жана сезгенүүнүн коргоо функциялары



Pdf көрінісі
бет40/68
Дата21.10.2023
өлшемі3.49 Mb.
#481337
түріЛекция
1   ...   36   37   38   39   40   41   42   43   ...   68
JAGUKURMANBEKOVA5

Фагоцитоз жана сезгенүүнүн коргоо функциялары.
Эгерде микроб теринин жана былжырдык коргонуу тоскоол-
дуктарынан өтсө, анда лимфатикалык жолдор аркылуу лимфа-
тикалык түйүндөргө өтөт же ткандарда отурукталат да сезгенүү 
деп аталган организмдин жооп ирээтиндеги реакцияны козгойт. 
Сезгенүү – бул чоочун тектүү бөлүкчөлөрдүн, анын ичинде 
микробдордун жогорку жаныбарлардын ткандарына киргендеги 
организмдин реакциясы. Микробдор ткандарга кирген жеринде 
белгиленип, организмге толугу менен таркатылбайт жана сезге-
нүүнүн очогунда клетка-фагоциттер менен жок кылышат жана 
сезгенүүнүн коргоочу функциясын түзөт деп эсептешет. Сез-
генүүнүн башталышы суюктуктун айлануусунун жергиликтүү 
бузулушу жана кан тамырдагы тез реакциялар менен мүнөздө-
лөт. Анын натыйжасында плазмадагы белоктор жана кандын 
суюк бөлүгү ткандарга өтөт. Бир эле убакта капиллярдын бети 
чоңоёт. Эндотелиянын клеткалары көп, жабыштырма болуп ка-
лат, ага лейкоциттер жана тромбоциттер жабыша баштайт. Кан 


- 101 -
агымы жайлаганда капиллярдын бетине алардын саны көбөйөт 
жана клеткалар кан тамырлардан клетка аралык мейкиндик ар-
кылуу чыга баштайт. Сезгенүүнүн очогунда клетка-фагоциттер 
сезгенген аңчаны түзүп, микробдорду сиңирип аш кыла баш-
тайт. Очоктон сырткары микробдордун таралышына (диссеми-
на) лимфатикалык жолдору тромбирленген ткандардан түшкөн 
фибрин тору тоскоолдук кылат. Сезгенүүнүн очогунда микроб-
дорду жок кылгандан кийин калыбына келүү мезгили башталат. 
Сезгенүүнүн ордунда ткандардын структуралары маанилүү өз-
гөргөндө тырык пайда болот. Кээде ээсинин иммунитеттик кор-
гонуусу жетишсиз маалда сезгенүүнүн очогунда микробдор узак 
убакытка чейин сакталат. Мындай учурда алар мезгил мезгили 
менен сезгенүү процесс курчутуп турат. Мындай микробдор 
пайда кылган токсикалык продуктуларды организмдин сиңири-
ши организмде интоксинаны пайда кылышы мүмкүн. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   36   37   38   39   40   41   42   43   ...   68




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет