Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлиги Жалал-Абад мамлекеттик университети


 Кол кур- чоолорунун кан тамырлары. Кол курчоосунун кан менен жаб- - 85 -



Pdf көрінісі
бет36/68
Дата21.10.2023
өлшемі3.49 Mb.
#481337
түріЛекция
1   ...   32   33   34   35   36   37   38   39   ...   68
JAGUKURMANBEKOVA5

5. Кол кур-
чоолорунун кан тамырлары. Кол курчоосунун кан менен жаб-


- 85 -
дылуусунун негизги булагы болуп колтук артериясы саналат, ал 
акырек алдындагы артериянын уландысы болуп саналат. Колтук 
артериясынын чек аралары: праксималдык 1 кабырга, дистал-
дык- чоң көкүрөк булчуңдун төмөнкү учу болот. Булчуң алдын-
дагы чуңкурда колтук артериясы колтук венасынын латералдык 
жагында жайгашып, ийин байланыштарынын талчалары менен 
капталган. Колтук артериясы ийин курчоосунун терисин жана 
булчуңун чоң жана кичи көкүрөк булчуңдарын, алдыңкы жана 
белдин кең булчуңдарын кан менен жабдуучу бутактарга болот. 
Эң ири бутагы болуп далы алдындагы артерия эсептелет. Ийин 
артериясы колтук артериясынын уландысы болот, ал медиалдык 
эки башчалуу жылгада жатып, эки бут курчоолорунун кан та-
мырлары канды сандын артериясынан алышат. Сандын артерия-
сы сырткы дем алдындагы артериянын уландысы. Сандын ар-
териясы алдыңкы сан жылгасында жатып, андан ары сан тизе 
алдыңкы каналга өтүп, тизе алдындагы чуңкурчага барат. Эң 
ири бутагы болуп сандын чуңкур артериясы болуп саналат. Ал 
сандын булчуңдарын сан тизе алдындагы каналдан чыгып, тизе 
алдындагы артерияга айланат: ал шыйрактуу- тизе алдындагы 
каналга өтүп жалпы эки бутакка: алдыңкы жана арткы чоң жото 
жиликтин артериясына бөлүнөт. Алдыңкы чоң жото жиликтин 
артериясы шыйрактын жогорку бөлүгүндөгү сөөк мембранасын 
тешип өтүп, шыйрактын алдыңкы булчуң группасынын катма-
рында болот. Төмөн түшүп, ал тамандын артериясына өтөт. Арт-
кы чоң жилик артериясы шыйрак тизе алдындагы канал аркылуу 
түшүп, кызыл ашыкты айланып, таманга келип, ал медиалдык 
жана латериалдык таман артерияларына бөлүнөт. 
Чуңкур веналар жото жилик жана таман областында жуп бо-
лот, алар чуңкур артерияларын жандашат. Бардык чуңкур ве-
налар тизе алдындагы чуңкурчада тизе алдындагы венага би-
ригишет. Бул өз учурунда тизе алдындагы артерия экөө жогору 
көтөрүлүп, жупсуз сан венасына айланат. Сан венасы кан тамыр-
луу лакунага кирип, сырткы дем алдындагы венага айланат. Бул 
болсо ички дем алдындагы вена менен биригип төмөнкү көңдөй 
венага айланат. Вена ортоңку нерв менен капталат. Кээ бир арте-
рияларды жандоочу веналар коштоочу веналар деп аталат. Алар 
бири – бири менен кеңири аностомоздошуп, артерияларга атта-
ры окшош болот. Ийин артериясы ийиндин жогорку бөлүгүндө 


- 86 -
ири бутакты – чуңкур ийин артериясын пайда кылат: ал билек 
нервинин каналында коштоочу веналар менен кошо ийиндин 
арткы булчуң группаларын жана терисин кан менен жабдышат. 
Ийиндин алдыңкы булчуң группасы жана териси канды ийин 
артериясынын булчуңдуу бутактарынан алат. Чыканак чуңкур-
часында ийин артериясы билек жана чыканак артериясына бө-
лүнөт. Булчуң жана тери булчуңдуу бутактары билек областын 
кан менен камсыз кылат. Чыканак артериясы чыканак нерви ме-
нен кошо чыканак каналында жайгашат. Чыканак жана билек ар-
териялары чеңгелге өтүп, ар бири чуңкур жана үстүңкү бөлүгү 
бутактанып, алар бири – бири менен аностомоздошуп, үстүңкү 
жана чуңкур артериалдык канын түзөт. Кол курчоосунун вена-
лары чуңкур жана үстүнкү болуп бөлүнөт. Үстүнкү веналарга 
баш венасы, негизги вена кирет. Экөөнүн ортосунда аносто-
моз – чыканак бүгүлүшүп ортоңку венасы жайгашкан. Кол кур-
чоосунун чуңкур веналары чуңкур артериялар менен капталат. 
Ар бир артериянын жанында эки коштоочу веналар жайгашкан. 
Колтук артериясы бир гана вена менен коштолот. Бул бутакча-
лар бронкалардын бутактануусун коштоо менен бирге, өпкөнүн 
тыгыз капиллярдык торчосун түзүп, альвеололарды камтышат. 
Бул альвеололарда кан жана абанын ортосунда газ алмашуу жү-
рөт. Натыйжада кандагы көмүр кычкыл газ альвеолардык абага 
өтүп, андагы кычкылтек канга өтөт. Бул газ алмашууда чоң рол-
ду эритроциттерде кармалуучу гемоглобин ойнойт. 
Өпкөнүн капиллярдык агымынан кычкылтекке
 бай кан үлүш-
түк, субсегментардык, ментардык веналарга өтөт. Булар өз учу-
рунда эки оң жана эки сол өпкө веналарын түзөт. Ар бир өпкө 
венасы өзүнчө сол дүлөйчөгө куят. Башка органдардын веналык 
кан тамырынан айырмаланып, булар артериалдык канды алып 
жүрүшүп, алардын клапандары болбойт. Чоң кан айлануу те-
герегинин негизги талы болуп толто эсептелет. Ал сол карын-
чадан башталат. Мында чыгуучу бөлүгү, жаасы, батыш бөлүгү 
деп бөлүнөт. Чыгуучу бөлүгү башталуучу бөлүгүндө көңдөйдөн 
түпчөнү пайда кылат. Бул бөлүктүн узундугу 5-6 см болот. Төш 
сөөгүнүн башы жаа сымал бөлүгүнө өтөт. Бул бөлүк болсо ар-
тын көздөй кетип, сол жакка, сол бронка аркылуу өткөрүлүп, 
омуртканын 4 көкүрөк омурткасынын деңгээлинде батуучу (тө-
мөн ташуучу) бөлүгүнө өтөт. Толтонун чыгуучу бөлүгүнөн оң 


- 87 -
жана сол таажы сымал артериялар чыгат. Анын жаа сымал бөлү-
гүнүн домпок бетинен оң жактан солду көздөй аты жок артерия, 
андан кийин жалпы уйку артериясы жана сол акырек алдындагы 
артерия чыгат. Бут курчоосунда эки үстүнкү веналар бар: чоң 
жана кичине тери алдындагы веналар. Чоң тери алдындагы вена 
тамандын медиалдык учунан башталып, шыйрактын медиалдык 
бетинен көтөрүлүп, сандын венасына куят. Кичине тери алдын-
дагы вена тамандын латералдык учунан башталып, шыйрактын 
арткы бетинен жогору көтөрүлүп тизе алдындагы чуңкурчанын 
областында тизе алдындагы венага куят
Көкүрөк көңдөйүнүн органдарынын жана дубалынын кан та-
мырлары. Толтонун төмөн түшүүчү бөлүгү дененин 4 көкүрөк 
омуртка деңгээлинен башталып, 4-6 см омуртка деңгээлинен 
аяктайт. Ал көкүрөк – курсак көңдөйүнөн өтүп, андан эки бө-
лүгүн ажыратышат: көкүрөк жана курсак толтосу. Көкүрөк тол-
тосу диафрагманын аорталдык тешигинен өткөндөн кийин кур-
сак толтосу деп аталат. Көкүрөк аортасынын бутактары көкүрөк 
көңдөйүнүн органдарын жана дубалдарын кан менен жабдышат. 
Анын дубал жанындагы жана висцералдык бутактары бар. Ду-
бал жанындагы бутагы көкүрөк көңдөйдүн дубалдарын, ал эми 
висцералдык бутагы органдарды кан менен камсыз кылышат. 
Көкүрөк көңдөйүнүн дубалынан кенен веналык кан жогору көң-
дөй венасына жупсуз жана жарым жупсуз веналар аркылуу ба-
рат. Экөө тең оң жана сол чыгуучу веналардын уландысы болуп 
саналат. Булар курсак көңдөйүндөгү омурткалардын- капталда-
рында жайгашат. 
Чоң кан айлануу тегерегинин акыркы кан тамырлары болуп 
жогорку жана төмөнкү көңдөйлүү веналар саналат. Жогорку 
көңдөй вена ири, бирок кыска тамыр (узундугу 5-6 см). Толто-
нун чыгуучу бөлүгүнүн оң жагында жана бир аз артыраак бө-
лүгүндө жайгашкан. Жогорку көңдөй венасы оң жана сол ийин 
баш веналарынын биригүүсүнөн кийин, биригүү жери 1- кабыр-
ганын төш менен бириккен жерине туура келет. Жогорку көң-
дөй вена баштан, моюндан, кол курчоолорунан, көкүрөк көң-
дөйүнөн, омуртка каналынан веноздук байланыштарынан жана 
курсак көңдөйүнөн келген кандарды чогултат. Төмөнкү көңдөй 
вена эң ири веноздук тал болуп саналат. Ал 4 бел омурткасынын 
деңгээлинде оң жана сол жалпы дем алдындагы веналардын би-


- 88 -
ригүүсүнөн пайда болот. Төмөнкү көңдөйлүү вена жогору көтө-
рүлүп, диафрагманын тарамыштуу борборундагы төрт бурчтуу 
тешигине жетип, ал аркылуу көкүрөк көңдөйүнө өтүп оң дүлөй-
чөгө куят. Курсак көңдөйүндө төмөнкү көңдөйлүү вена чоң, оң 
бел булчуңунун алдыңкы бетинде, бел омурткаларынын денеси-
нин оң жагында жатат. Бул кан тамыр курсак көңдөйүнүн жуп 
органдарынан, омуртка каналынын веноздук байланыштарынан 
жана бут курчоолорунан келген канды чогултат. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   32   33   34   35   36   37   38   39   ...   68




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет