Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлиги Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет37/68
Дата21.10.2023
өлшемі3.49 Mb.
#481337
түріЛекция
1   ...   33   34   35   36   37   38   39   40   ...   68
JAGUKURMANBEKOVA5

Жүрөк кан тамырларыЖүрөк артериалдык канды оң жана 
сол таажы сымал артериялардан алат. Таажы сымал (венечные) 
артериялар толтонун түпчө областында башталып, жарым ай 
клапандарынын жанынан өтөт. Карынчалардын систола убагын-
да жарым ай клапандары, бул артерияларга 2 колду 2 кабат да, 
ошондуктан кан жүрөктүн таажы сымал кан тамырларына ка-
рынчалардын диостола учурунда гана келет. Жүрөктүн оң таа-
жы сымал артериясы толтодон чыгып, оң карынчанын кулакча-
сы менен толтонун ортосундагы жүрөк таажы сымал жылгасын-
да жатат. Бул жылга аркылуу артерия жүрөктүн оң учун айланып 
өтүп, анын төмөнкү бетине барат. 
Жүрөктүн сол таажы сымал артериясы аортадан чыгып, 
таажы сымал жылга аркылуу жүрөктүн сол учуна барат. Өпкө 
талы менен сол кулакчанын ортосунда ал эки бутакка ажырайт: 
алдыңкы карынча аралык жана сол айланып өтүүчү. Оң жана 
сол айланып өтүүчү таажы сымал артериялардын ортосундагы 
аностомоз, кан айлануусунун бузулуусунда, колютералдык кан 
айлануунун өрчүшүнө жардам бериши мүмкүн. Жүрөктүн таа-
жы сымал артериялары жана анын бутактары жүрөк дубалында 
капиллярдык торчого чейин бутактанып, алардан канды жүрөк-
түн өздүк веналарына чогултат. Жүрөктүн веналары. Жүрөктүн 
дубалынан кан (веналык) таажы сымал кобулга
 чогулат. 


- 89 -
Кан айлануу тегереги.
 кан айлануунун
кичине тегереги
кан айлануунун
чоң тегереги


- 90 -
ЛИМФА СИСТЕМАСЫ
План:
1. Лимфа системасынын түзүлүшү жана
мааниси
2. Лимфа түйүндөрү
Лимфа системасынын органдары кан жүгүртүү системасынын 
бир бөлүгү болуп аны менен тыгыз функционалдык байланышта 
болушат. Лимфа системасына лимфалык капиллярлар, тамыр-
лар, сөнгөктөр, өткөөлдөр (түтүктөр), түйүндөр жана лимфа 
кирет. Ал тазалоо, эвакуатордук, тоскоолдук, иммунологиялык 
коргоо, депонация, кан жаратуу кызматтарын аткарат. 
Л
имфа – (Lyumpha – нымдуулук, таза суу) лимфа тамырларды 
толтурат, өзү ткандык суюктук менен туюнтулат. Ал клет-
калар аралык заттан, жылчыктардан, периневралдык жана пе-
риваскулярдык мейкиндиктерден, серозалуу синовийлүү жана 
башка көңдөйлөрдөн лимфа нугуна өтөт. Составы боюнча лим-
фа кандын плазмасына окшош келет. Клеткалардын арасындагы 
лимфада лимфоциттер арбындык кылышат, бирок, лимфа систе-
масынын ар кандай жерлеринде ар кандай сандагы кандан баш-
ка клеткаларда жолугушу мүмкүн. Лимфа органдардан алдынкы 
көңдөйлүү венага карата бир эле багытта жай агат. Бул агым жү-
рөктүн согуу таасири, дем алдыруу кыймылдары, булчуңдардын 
жыйрылышы органдардын кыймылы, ири лимфа тамырлары-
нын керегесиндеги булчуң элементтеринин жыйрылышы аркы-
луу жайгашат. Лимфа кайра артка акпайт, себеби ага клапандар 
тоскоолдук кылышат, клапандар лимфа тамырларында венага 
караганда көп жана жыш жайгашат. 
Лимфалык капиллярлар лимфа системасынын башталыш бө-
лүмү беш салаа мээлейге окшоп туюк бүртүктөр аркылуу башта-
лышат, алар ичеги аймакта көбөөлдөр деп аталышат. Лимфалык 
капиллярлардын диаметри 5 тен 100 мкм ге чейин болот. Капил-
лярлар тар же кең иймекей торлорду түзүшөт. Кээ бир орган-
дарда лимфатикалык капиллярлар жок болушат: баш мээде, көк 
боордун паренхимасында, теринин эпителийинде, былжыр чел-
дерде жана боордо, кемирчектерде көздүн чечекейинде жана ак 


- 91 -
челинде. Лимфалык капиллярлардын керегеси өтө ичке болот, ал 
бир эле катмар эндотелийден турат, ошондуктан алардын ткан-
дык суюктук арасындагы зат алмашуусу жеңил өтөт. Лимфалык 
капиллярлар кошулуп лимфалык тамырларды түзүшөт. Лимфа-
лык тамырлар (Vasa lymphatica- тышкы жана тереңдеги майда, 
орточо жана ири болушат органдарда алар чатыштарды түзүшөт, 
алар андан тышкары кан тамыр нерв тутамдарында да болушат. 
Буларды эки түргө бөлүшөт түйүнгө ташуучу же интраоргандык 
алар аркылуу лимфа түйүндөрүнө агып келет да андан ташып 
чыгуучу же экстраоргандык лимфалык тамырлар аркылуу агып 
чыгат. Ири лимфалык тамырлардын керегесинде жана өткөөлдө-
рүндө үч чел пайда болот. Лимфа түйүндөрү лимфалык тамыр-
лардын жолунда жайгашып коргоо, тоскоолдук жана кан жара-
туу милдеттерин аткарат. Мындан тышкары ичке жана жоон, 
ичегинин дем алдыруу ж б органдардын жандарын да абдан көп 
майда лимфа түйүндөрү бар лимфа түйүнү паренхималдуу ор-
гандын тиби боюнча түзүлөт. Анын сырткы тутамдаштыргыч 
ткандуу капсуласы (кабыгы) түйүндүн ичине тосмолорду (тра-
бекуларды) берет. Сырткы капсуласы аркылуу бир нече түйүнгө 
ташуучу лимфалык тамырлар киришет. Анын паренхимасы ре-
тикулярдык (лимфоидтүү) ткандан фолликулдар түрүндө трабе-
кулалардын арасында жайгашат. фолликулдардын арасындагы 
мейкиндиктер-көбөөлдөр деп аталышат. Бул көбөөлдөргө лимфа 
агып келип, түйүндөн өтүп, анан түйүндүн дарбазасы аркылуу 
түйүндүн ташуучу лимфальк тамырларга өтөт. Алар аркылуу 
лимфа өткөөлдөргө багыт алат. Лимфа түйүнүнүн дарбазасы-
нан түйүндөн ташуучу лимфалык тамырлардан тышкары вена 
да чыгат кайра дарбазага артериялар -нервдер борборго ташуучу 
лимфалык тамырлары да киришет. Ар бир лимфа түйүнү лим-
фаны дененин өзүнө тиешелүү жеринен жыйнайт. Ошондуктан 
бул жерди лимфа түйүнүнүн тамыры деп аташат. Лимфа түйүн-
дөрдүн баары биригишип топторду – лимфа борборлорун пайда 
кылышат, алардын саны 19 болот. Жайланышы боюнча лимфа 
түйүндөрү тышкы жана тереңдеги болуп, өз иреттери боюнча, 
баш, моюн, аяктардын, көөдөн курсак жана куймулчак көңдөй-
лөрүнун лимфа түйүндөрү болуп бөлүнүшөт. Диагностикалык 
(ылаңды таануу) изилдөө учурунда эң чоң мааниге тышкы лим-
фа түйүндөрү ээ болушат: Алардын катарына астыңкы жаак 


- 92 -
тарсылдак бездин, кулкун артындагы, моюндун тышкы, колтук, 
тышкы чурай; тизе үстүңкү, тизе артындагы лимфа түйүндөрү 
киришет. 1. Баштын лимфа түйүндөрү: 
1) Тарсылдак лимфа түйүнү жаак муундан ылдыйраак жай-
гашат: тамырлары баштын териси, баш булчуңдардын жана 
сөөктөрдүн көбү, мурун көңдөйдүн алдыңкы жарымы, мурун, 
эриндер, ээк, сырткы кулак, ирмөөчтөр, көздүн булчуңдары. 
Лимфа-латериалдык кулкун артындагы лимфа түйүнүнө агып 
чыгат. 
2) Астыңкы жаак лимфа түйүндөрү жаак аралык мейкиндикте 
астыңкы жаактын кан тамыр оюгунун артыраак жана астынкы 
жаак шилекей латериалдык лимфа түйүндөрү жатат: тамырлар 
баштын териси, булчуңдардын жана сеөктөрдүн көбү, мурун 
жана ооз көңдөйлөрдүн алдынкы жарымы, тил астыңкы жана 
тарсылдак шилекей бездери Лимфа-латериалдык кулкун артын-
дагы лимфа түйүнүнө агып чыгат; 
3) Медиалдык кулкун артындагы лимфа түйүнү кулкун жана 
баштын бүктүргүч булчуңдарынын-арасында, баш жактагы тү-
йүндүн жанында жатат: тамырлар – ооз кулкун. кошумча мурун 
көбөөлдөр менен мурун көңдөйдүн арткы жарымы, тил астыңкы 
жана мурун көңдөйдүн арткы жарымы, тил астындагы жана ас-
тынкы жаак шилекей бездери, коко, астыңкы жаак. Лимфа лате-
риалдык кулкун артындагы түйүнүнө агып чыгат: 
4) Латериалдык кулкун артындагы лимфа түйүнү ооз омурт-
ка канатынын алдында тарсылдак шилекей бездин арткы чети-
нин астында жайгашат: тамырлар – ооз көңдөйү, астыңкы жаак 
сырткы кулак жана кулак булчуңдары, шилекей бездердин жана 
баштын лимфа түйүндөрүнүн баары, булчуңдары менен кошо 
биринчи үч омурткалар, богок бездин моюн бөлүгү. Лимфа – ке-
киртек өткөөлгө агып түшөт. 
II. Моюндун лимфа түйүндөрү: 
1) Моюндун тышкы лимфа түйүнү – омуроо муундун алдын-
да жана бир аз өйдөрөөк омуроо – баш жана омуроо – ооз омурт-
ка булчуңдарынын астында жайгашат: тамырлар – моюндун, 
алдыңкы аяктын, төштүн алды жана көкүрөк керегесинин 10-12 
кабыргага чейинки териси, кырк муундан ылдыйраак аягы, 3-4 
омурткалардан баштап моюн булчуңдары, жана 8 – кабырга ара-
лыгына чейинки көкүрөк керегеси, омуроо курчоонун булчуңда-


- 93 -
ры: Лимфа – оң жактан кекиртек сөңгөккө, сол жактан көөдөн 
өткөөлгө агып түшөт; 
2) Моюндун тереңиндеги лимфа түйүндөр жайгашуусу боюн-
ча үч топко бөлүүгө болот: алдыңкы 4-6 түйүн ортоңку 1-7 түйүн 
жана арткы 2-4 түйүн акыркы топ көөдөндө жайгашат; тамыр-
лар – коко, калкан сымал бези, кулкун, кекиртектин жана кызыл 
өңгөчтүн моюн бөлүгү, богок бездин моюн бөлүгү, моюндун 
вентралдык булчуңдары, 3-4-5 моюн омурткалар жана кабырга-
моюн, колтук, көөдөн киреберишинин лимфа түйүндөрү. Лимфа 
кекиртек жана көөдөн өткөлдөргө агып түшөт: 
3). Кабырга-моюн лимфа түйүнү – Ал биринчи кабырганын 
алдында жана медиалдык кызыл өңгөч жана кекиртектин кап-
талында жайгашат: тамырлар -моюндун арткы жарымынын, кө-
күрөк керегесинин (8-кабыргага чейин) жана омуроо курчосу-
нун булчуңдары, кекиртектин көөдөн бөлүгү, кабырга плеврасы 
(4-6-кабыргага чейин), лимфа түйүндөр, лимфа оң жактан же 
кекиртек сөңгөгүнө же тышкы моюн түйүндүн чыгаргыч лимфа 
тамырларына, сол жактан көөдөн өткөөлгө же моюндун терен-
деги арткы түйүндөрүнүн тобуна агып чыгат 
III. Кол курчоосунун лимфа түйүндөрү: 1) Колтук лимфа 
түйүнү – омуроо муундун артында, чоң жумуру булчуңдун 
медиалдык бетинде жайгашат: тамырлар – кол булчуңдары 
(омуроо курчоо менен чогуу), кырк муунга чейинки сөөктөр 
жана муундар. Лимфа – оң жагынан кекиртек өткөөлгө же эки 
жагынан моюндун тереңиндеги арткы топтун лимфа түйүндө-
рүнө кирет. 
IV. Бут курчоосунун лимфа түйүндөрү: 
1) Тизе артындагы лимфа түйүнү балтыр булчуңунун латерал-
дык сандын эки ача булчуңуна жабылып жатат: тамырлар – жото 
жиликтин жарым жартылай жана тамандын териси, тарамыш-
тар жана сөөктөр, сандык эки ача жана борбуйлуу булчуңдары. 
Лимфа тереңдиги чурай же куймулчактын латералдык, же көчүк 
лимфа түйүндөрүнө агьп түшөт; 
2) Тизе үстүндөгү лимфа түйүнү – сандын жазы чыйрылткыч 
чарымдын алдында, тизе муундун алдында жана өйдөрөөк тери-
нин астында жатат: тамырлар – курсак керегенин жана чыканак 
дөмпөккө чейинки көкүрөк керегесинин териси, сан жана жото 


- 94 -
жиликтин териси. Лимфа тереңдеги чурай лимфа түйүнгө, же 
медиалдык, капчыт лимфа түйүнүнө агып түшөт. 
3) Тышкы чурай лимфа түйүнү эркектердин эн танабынын 
артында же алдында жана жыныс мүчөсүнүн капталында жайга-
шат: куулук, каса, жыныс мүчөсү, сан, жото жилик жана тизенин 
бир бөлүгү; ургаачыларда алар негизинен арт жакта жайгашат. 
Тамыры эмчек, сырткы жыныс органдар жана сан, жото жилик 
жана тизе теринин бир бөлүгү. 
V. Көөдөндүн лимфа түйүндөрү: 
1) Кабырга аралык лимфа түйүндөрү кабыргалардын башта-
рынын жанында жайгашышат: тамырлары көкүрөк керегенин 
булчуңдары, арка омурткалар, омуроо курчоонун дорсалдык 
булчуңдары, кабыргалар, кабырга плеврасы. Лимфа дорсалдык 
орто кереге түйүндөрүнө, көөдөн өткөөлгө сол моюн – кабырга 
лимфа түйүндөрүнө агып түшөт; 
2) Төш лимфа түйүндөрү ички төш артериясынын үстүндө, 
төштүн туура булчуңунун астында, кабыргалардын аралыгында 
жатат. Анын түйүндөрүнүн арасында алдыңкы төш түйүнү 1-чи 
кабырганым жанында, жана селебе сымал урчуктун лимфа тү-
йүнү төш сөөктүн селебе сымал урчугунун жанында жайгашат; 
тамырлар көкүрөктүн вентралдык булчуңдары, курсак булчуң-
дардын жана боор эттин бир бөлүгү, кабырга плеврасы менен 
орто кереге, жүрөк кабы, боор жана вентралдык орто кереге тү-
йүндөрү. Лимфа алдыңкы төш түйүнгө жыйналат, акыркыдан 
болсо же көөдөн өткөөлгө же оң кекиртек өткөөлгө агып чыгат;
3) Орто кереге лимфа түйүндөрү төмөнкү топторду түзөт; а) 
дорсалдык орто кереге лимфа түйүндөрү толтодон өйдөрөөк, 
боор эттен толто догосуна чейин жатышат: тамырлар – көкүрөк 
керегенин жана омуроо курчоонун булчуңдарынын бир бөлүгү, 
орто кереге жүрөк кабы, плевра, боор эт, кабырга аралык лимфа 
түйүндөрү. Лимфа көбүнчө көөдөн өткөөлгө агып түшөт, б) вент-
ралдык орто кереге лимфа түйүндөрү саны 2-5ке чейин, боор эт 
менен жүрөк кабынын арасында, төштүн туура булчуңунан өй-
дөрөөк жатышат тамырлар боор эт, жүрөк кабы, плевра, кабыр-
галар. Лимфа – алдыңкы төш түйүнгө агып чыгат; в) алдыңкы 
орто кереге лимфа түйүндөрү прекардиалдык орто керегесинде, 
кекиртектен өйдөрөөк да ылдыйраак да жатышат: тамырлары 
кызыл өңгөчтүн, кекиртектин жана богок бездин көөдөн бөлүк-


- 95 -
төрү өпкөлөр, жүрөк кабы, жүрөк плевра кабырга аралык жана 
колко түйүндөрү. Лимфа же кабырга моюн лимфа түйүнүнө, же 
көөдөн өткөөлүнө, же сол кекиртек өткөөлгө агып түшөт; г) ор-
тоңку орто кереге лимфа түйүндөрү толто догонун оң жагын-
да жана кызыл өңгөчтөн өйдөрөөк жатат; д) арткы орто кереге 
лимфа түйүндөрү толто догодон жана кызыл өңгөчтөн өйдөрөөк 
жатат; тамырлар – кекиртек, өпкөлөр, кызыл өңгөч, плевра, боор 
жана көк боор, лимфа көөдөн өткөөлгө агып түшөт. 
4) Колко лимфа түйүндөрү кекиртектин бифуркация айма-
гында сол, оң жактарында жана өйдөрөөктө жатышат тамыр-
лар – кызыл өңгөч колколор жүрөк жана өпкө лимфа түйүндөрү. 
Лимфа, же алдыңкы орто кереге лимфа түйүндөрүнө же көөдөн 
өткөөлүнө агып түшөт. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   33   34   35   36   37   38   39   40   ...   68




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет