Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлиги Жалал-Абад мамлекеттик университети


- 105 - СПОРТТУК МАШЫГУУНУН ОРГАНИЗМГЕ



Pdf көрінісі
бет44/68
Дата21.10.2023
өлшемі3.49 Mb.
#481337
түріЛекция
1   ...   40   41   42   43   44   45   46   47   ...   68
JAGUKURMANBEKOVA5

- 105 -
СПОРТТУК МАШЫГУУНУН ОРГАНИЗМГЕ 
ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ
План:
1. Спорттук машыгуу
2. Дене сапаты
3. Кыймылсыз абалдагы машыккандыктын
көрсөткүчтөрү
4. Машыккан абалдын мүнөздүүлүгү жөнүндө
түшүнүк
5. Ашкере машыгуунун мүнөздөмөсү жана аны
алдын алуунун чаралары
6. Дененин өтө чымырканышы
7. Дененин өнөкөткө айланган чымыркануусу
Спорттук машыгуу – бул организмдин жалпы ишке жөндөм-
дүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле тандалып алынган 
спорттун түрүндө мыкты спорттук натыйжага жетишүүгө 
багьттталгап адистештирилген педагогикалык процесс. 
М
ашыгуунун натыйжасында организмде спортсмендин ата-
йын ишке жөндөмдүүлүк деңгээлин мүнөздөөчү машы-
гуунун натыйжасы пайда болот. Атайын ишке жөндөмдүү дең-
гээлди спорттук форма дейбиз. 
Машыгуу процесси төмөндөгү талаптарга жооп берип, ата-
йын ишке жөндөмдүүлүктү жогорулатууга багытталып, үзгүл-
түксүз, ар тараптуу, багыттуу болуш керек. 
Машыгуу процессинде үч мезгилди ажыратууга болот. Бу-
лардын ар биринин өз максаты жана ага туура келүүчү мазмуну 
болот. Аларды даярдоо, мелдешүү жана өтмө мезгил деп айыр-
малашат. 
Даярдоо мезгили эки этаптан турат да, 3 айдан 4
 айга чейин 
созулат. даярдоо мезгилиндеги биринчи этаптын максаты болуп 
дене жагынан жалпы даярдык эсептелет, экинчисинде спорттун 
белгилүү бир түрүндө жогорку натыйжага жетишүү үчүн керек-
түү атайын кыймылга машыгуу жүргүзүлүп жана дене сапатта-
ры өрчүтүлөт. 
Мелдешүү мезгили 4–5 айга созулат. Бул мезгилде спортсмен 


- 106 -
жылдын негизги мелдештерине катыша алат. Анын максаты ма-
шыгуучулуктун деңгээлин бир аз жогорулатуу жана сактап ту-
руу болуп эсептелет. 
Өтмө мезгил 4 төн 6 жумага созулат. Бул мезгилде машыгууну 
азайтышат жана машыгуучулуктун деңгээли акырындап төмөн-
дөйт. Спортсменге эс алуу берилет. 
Мезгилдин максатына байланыштуу тиешелүү каражаттарды 
пайдаланышат. 
Машыктыруу процессинин мезгилдүүлүгү машыгуучулуктун 
өрчүшүнүн фазалуу мүнөзү жана мелдештин календары менен 
шартталган. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   40   41   42   43   44   45   46   47   ...   68




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет