Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлиги Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет45/68
Дата21.10.2023
өлшемі3.49 Mb.
#481337
түріЛекция
1   ...   41   42   43   44   45   46   47   48   ...   68
JAGUKURMANBEKOVA5

Дене сапаты. Кыймылдын формасы жана сапаттык мүнөз-
дөрү өз ара тыгыз байланыштуу. Каалаган эле бир кыймылга 
машыгуу кыймылдын өзүнүн сапаттык өзгөрүүлөрү менен да 
(күчү, ылдамдыгы жана шамдагайлыгына) байланыштуу. Сапат-
тык мүнөздөрү да өзгөрөт. Мисалы, баскетболист бир колу ме-
нен ыргытууну секирип үйрөнүүдө анын тездиги күч сапаттары 
да жетилет. Бирок дене сапатын өзгөртүүнүн мындай жолу жай 
жана натыйжасы аз. Машыгуу процессинде дене сапатын жак-
шыртууга багытталган атайын көнүгүүлөр колдонулат. 
Дене сапатынын билинүү даражасы булчуңдардын функцио-
налдык абалына (алардын дуулүгүчтүгүнө, жыйрылгычтыгына, 
ийкемдүүлүгүнө), нервдик жөнгө салуунун мүнөзүнө жана веге-
тативдик функциялардын деңгээлине жараша болот. 
Дене сапатынын ар бири башкалары менен өтө тыгыз бай-
ланышта өрчүйт. Мисалы, ылдамдык күч менен бир мезгилде 
өрчүйт. 
Дене сапатынын өрчүшү машыктырууда аны аткарууга ба-
гытталган ошол эле көнүгүдөгү натыйжаны жогорулатууну гана 
камсыз кылбастан, азыраак маанилүү болсо да башкаларын дагы 
жогорулатууну камсыз кылат. Бул кыймылга машыгууну жана 
сапаттын ташуу деп аталат. Ташуу оң же тескери болушу мүм-
күн. Ташуунун оң же тескери болушу, нерв процесстеринин 
стереотиптеринин окшоштук даражасына жана организмдеги 
дене сапаттарынын өрчүшүн камсыз кылуучу морфологиялык 
жана функционалдык өзгөрүүлөргө байланыштуу болот. Эгерде 
окшоштук көп болсо, анда ташуу оң болот жана тескерисинче, 
ташуунун оң болушу жаңы баштаган спортсмендерге даана би-


- 107 -
линет. 
Күч, булчуңду чыңдоого жөндөмдүү болгон чымыркануу да-
ражасы менен мүнөздөлөт. Бир булчуң талчасы чымырканууну 
0.00098–0,00196 н го чейин өрчүтөт. 
Адамдын денесинде чамалап алганда 20 млн. булчуң талчасы 
бар. Эгерде алар бир мезгилде жыйрыла алса жана бир багытка 
чоюлса, анда чымырканууну болжол менен 392000 н
 го өрчүтөр 
беле. 
Булчуң күчү жаш өткөн сайын көбөйө баштайт. Бул жети жа-
шынан баштап ыкчам өсө баштаган булчуңдун туурасынан ке-
силишинин чоңоюшу менен байланыштуу. Жаш өткөн сайын 
булчуңдук чымырканууда иштеп жаткан кыймылдаткыч бирдик-
тин саны да көбөйөт. Көптөгөн булчуңдардын тобу үчүн макси-
малдык күч 20–30 жаштарда белгиленет. Жазгыч булчуңдардын 
күчү бүкттүргүч булчуңдардын күчүнө караганда ыкчам көбө-
йөт. 4–5 жаштагы балдардын санындагы жазылткыч жана бүк-
күч булчуңдарынын күчү 58, 8 н жана 77, 42 н, 20– 30 жаштан 
баштап 317, 5 жана 1060, 36 н го барабар болот. 
Машыгуу булчуңдардын күчүн көбөйтөт. Буга булчуңдун 
туурасынан кесилишинин көбөйүшүнүн, анда энергияга бай хи-
миялык кошулмалардын топтолушунун, ошондой эле булчуңду 
нервдик жөнгө салуунун жакшырылышынын, адаптациялык 
жана трофикалык нервдик таасирлердин жана вегетативдик 
функциянын, өзгөчө жүрөк кан тамыр системасынын иш-араке-
тинин деңгээлинин жогорулашынын эсебинен жетишет. 
Кыймылдын ылдамдыгы (тездиги) эрк менен аткарылган 
кыймылдын ылдамдыгы, реакциянын билинбеген мезгили-
нин узактыгы жана эрктүү аткарылган кыймылдын көп жолку 
кайталанышынын ылдамдыгы менен мүнөздөлөт. Кыймылдын 
ылдамдыгы борбордук нерв системасындагы жана нерв менен 
булчуң бириккен жердеги физиологиялык процесстердин ыл-
дамдыгына байланыштуу. Жаш өткөн сайын ал жогорулайт да, 
кыймылдын ылдамдыгынын жаштык көбөйүшүн шарттап турат. 
Кыймылдын ылдамдыгы 4–5 жаштан 13–14 жашка чейин бир 
далай жогорулайт. Кийин анын көбөйүү темпи акырындайт. Эрк 
менен аткарылган кыймылдарда эң чоң ылдамдык жана реак-
циянын сыртынан билинбеген мезгилинин эң кичине узактыгы 
20–30 жаштарда билинет. 30 жаштан кийин ылдамдык акырын-


- 108 -
дап азаят, реакциянын сыртынан билинбеген мезгилинин узак-
тыгы болсо көбөйөт. 
Эрк менен аткарылган кыймылдардын ылдамдыгы ар түрдүү 
муундарда бирдей эмес: тулку бойго жакын муундарга караган-
да андан алыс муундарда ал жогору келет. 
Машыгуу эрк менен аткарылган кыймылдардын ылдамдыгын 
жогорулатат да, реакциянын сыртынан билинбеген мезгилинин 
узактыгын кыскартат. Кыймылдын ылдамдыгы спортко катыш-
пагандарга караганда спортсмендердин баардык булчуңдарында 
жогору болот. 
Кыймылдын ылдамдыгындагы айырмачылык спортко катыш-
кан жана катышпаган балдардын бардык эле курагында билине 
бербейт. 9–11 жаштагы балада бул айырмачылык байкалбайт. 
Машыгууда кыймылдын ылдамдыгындагы эң эле ачык натый-
жасы 13–14 жана 20–30 жаштарда байкалат. Мисалы, велоэрго-
метрде педалдын айлануу ылдамдыгындагы өсүш балдарда 15 
жашка чейин, кыздарда 14 жашка чейин байкалат. Кийин өсүш 
байкалбайт. Колдун жана буттун бардык муундарында кыймыл-
дын максималдык тездигинде жыныстык айырмачылыктар бо-
лот: Ал 7–10 жашында балдарда, 13–14 жашында кыздарда жо-
гору. Бардык группаларда кыймылдын берилген темпи эрк ме-
нен аткарылган кыймылдарга караганда төмөн. 
Чыдамкайлык организмдин чарчоого каршылык көрсөтүп 
ишке жөндөмдүүлүктү сактоо убактысы менен мүнөздөлөт. 
Статикалык күч жумшоого чыңдоо жаш өткөн сайын жогору-
лайт. Анын физиологиялык механизми болуп нерв системасы-
нын нерв борборлорундагы чектен чыккан токтонучту болтур-
бай, үзгүлтүксүз дүлүгүү абалдарын узакка сактап туруу жөн-
дөмдүүлүгүнүн жаш өткөн сайын жогорулашы эсептелет. Стати-
калык күчкө чыдамкайлыкты жогорулатуу булчуңдун ар түрдүү 
топторунда бирдей жүрбөйт. Мисалы, статикалык күч болгон 
чыдамкайлык кенже мектеп жашындагы балдарда билектин, 
тулку бойдун булчуңдарында жана балтыр булчуңдарында бир 
топ жогорулайт. 8–11 жашында статикалык күчкө болгон эң кичине 
чыдамкайлык тулку бойдун жазгыч булчуңдарында, ал эми эң чоңу 
билектин бүктүргүч жана жаздыргыч булчуңдарында байкалат. 
Жалпы чыдамкайлык адамдын орточо ыкчамдыктагы дина-
микалык жумуштарды узакка аткарууга жөндөмдүүлүгүн мү-


- 109 -
нөздөйт. Чыдамкайлыктын негизинде организмдин энергетика-
лык потенциалын жана аны толугураак ишке тартуу жөндөм-
дүүлүгүн, вегетативдик системанын функционалдык деңгээлин, 
нерв борборлорунун перифериядан келген импульстардын узак 
таасир этишине туруктуулугун жогорулатуу жатат. 
Ылдамдуулук, чыдамкайлык кыймылдын жогорку темпин 
сактап туруу жөндөмдүүлүгү менен мүнөздөлөт. Анын физио-
логиялык негизи болуп нерв клеткасынын ага таасир көрсөткөн 
жогорку ритмдерге функционалдык туруктуулугунун өрчүшү, 
нерв-булчуң өткөөлүндөгү ийкемдүүлүктүн жогорулашы, кыч-
кылдануу калыбына келүү процесстеринин ылдамдашы эсепте-
лет. Ылдамдуулук чыдамкайлыкты өрчүтүү жалпы чыдамкай-
лыктын негизинде ишке ашат. Ылдамдуулукка чыдамкайлык 
организмдин аэробдук дагы, анаэробдук дагы мүмкүнчүлүгүн 
жогорулатууну талап кылат. Кычкьтлтек жетишсиз жана кан-
да кычкыл продуктулар ашыкча болгон шартта ишке жөндөм-
дүүлүктү жогорулатуу максатында атайын көнүгүүлөрдү колдо-
нууга болот (демди токто туу, бийик тоого жана бөксө тоолорго 
чыгуу). Күч чыдамкайлыкты бир кыйла көп күч келген динами-
калык жумуштарда ишке жөндөмдүүлүктү сактоо менен мүнөз-
дөлөт. 
Машыгуулар чыдамкайлыкты жогорулатат. Машыгуунун на-
тыйжасында пайда болгон өзгөрүүлөр бөтөнчө мүнөзгө ээ. Миса-
лы, жалпы чыдамкайлыкты жогорулатуу максатында узакка күч 
келтирүү жана кыска мөөнөттүү ыкчам жумуштарды тездикке 
чыдамкайлыкты жогорулатуу максатында колдонуу организмде 
гликогендин көбөйүшүн пайда кылат. Бирок узакка машыкканда 
ал көбүнчө боордо көп топтолот. Кыска мөөнөттүү ыкчам ма-
шыгууда болсо булчуңда күч көбөйөт. Машыгуу сабактарынын 
натыйжасында спортсмендин организминде өзгөчө абал – ма-
шыгуунун натыйжасы же ишке жөндөмдүүлүктүн белгилүү бир 
деңгээлин мүнөздөгөн машыккандык түзүлөт. 
Спортсмендин жүрүм-турумун программалоо үчүн анын ор-
ганизмине машыгуу кандай таасир этерин билүү керек. Мында 
анын организминин ар түрдүү абалындагы функциясынын дең-
гээли жөнүндөгү маалыматтар чоң мааниге ээ болот. 
Спортсмендерди кыймылсыз абалында, стандарттык машы-
гууда жана көп күч келген машыгууда изилдешет. 




Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   41   42   43   44   45   46   47   48   ...   68




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет