Дененин ассиметриясы. Оңогойлордун оң колу, анын булчуң-
дары жана скелети, сологойлордун сол колу көбүрөөк өрчүй тур-
ганы илгертен эле байкалган. Буттун дененин тиешелүү жарымы-
нын бардык булчуңдары да колдун өрчүшүнө жараша өрчүйт. Эмне
үчүн адашкан жолоочу демейде солго имерилерин талдап көрөлү.
Муну, оң бут жерден сол бутка караганда көбүрөөк күч менен шил-
тенишин түшүндүрүүгө болот, оңогойлордуку ушундай. Сологой-
лор мындай учурду тескерисинче, оң жакка имерилет. Эки колдун
жана бүткүл дененин ассиметриясы кандайча келип чыгышы мүм-
күн. Маймыл кишилер аң уулаган учурда сол колу менен жүрөгүн
калкалоо инстинкти пайда болуп, а бош оң колу менен түпкү ата-
бабаларыбыз курал кармаган деп болжолдошот. Байыркы кишилер-
дин баш сөөктөрү, мээнин сол жарты шары чоңураак болгон деп
мүмкүндүк берет. Мээнин нерв жолдору кайчылашып өткөндүктөн
дененин сол жагынын кыймыл аракеттери – сол жарты шарлардын
борборлору тарабынан контролдонот. Мисалы: кишинин мээсинин
оң жарты шарларына кан куюлса, сол колун жана сол бутун кый-
мылдата албайт. Оңокойлор бүткүл адам заттын 95-98% тин түзөт.
Ар бир оңойлор сол колун, сологой оң колун өрчүтө алат.
Дененин пропорциялары. Кишинин денесинин пропорцияла-
ры скелеттин бөлүктөрүнүн же негизги сөөктөрүнүн чоңдугуна жа-
раша болот. Дененин пропорциялары жөнүндө окуунун келип чы-
гышы Египет (Мисир) мамлекетинин гүлдөгөн дооруна тиешелүү
Мисирликтер бүткүл дененин узундугу ортоңдон он тогуз эсе чоң
экенин далилдешкен. Статуяларды жасаганда Байыркы гректердин
скульпторлору өлчөмдүн бирдиги катары алакандын жазылыгын
сунуш кылышкан, ошондуктан дененин пропорцияларын мындай
белгилешкен эки алакан беттин узундугуна үч алакан тамандын
узундугуна, төрт алакан ийинден чыканакка чейин барабар. Ки-
йинчерээк анатомдор салыштырма өлчөмдүн кыйласын табышты,
Мисалы: баштын үч узундугу –тулку бойдун узундугуна, таман-
дын узундугу – буттун узундугуна, колдун узундугу- тулку бойдун
узундугуна барабар экен. Спортко жаш кезинен катышуу дененин
көркүн гормониялуу жетилтет.
|