- 102 -
же гистиоциттер – боордун капиллярларынын лимфатикалык
эндотелияларында же кан тамырларынын өзгөчө бөлүктөрүндө,
өттүн синустарында жана ар кандай лимфатикалык түйүндөр-
дө болушат. Кыймылдуу фагоциттер – буларга кандын жана ар
түрдүү ткандардын мейкиндигинде жүргөн
макрофагдар жана
кандын фагоциттирлөөчү клеткалары микрофагдар кирет. Кө-
бүрөөк активдүүлөрү –нейтрофилдер, азыраактары-базофилдер;
эозинофилдердин ролу аз изилденген.
Фагоцитоздун механизми. Фагоциттер микробдор же чоочун
бөлүкчөлөргө караганда активдүү кыймылдоо аракетчилдиги-
не ээ. Мындай кубулуш хемотаксис деп аталат. Эгерде фагоцит
микробду карай кыймылдаса оң, ал эми микробдон тескери ка-
рай жылса, терс болот. Организмде фагоцитоз бир нече стадияда
же фазага ишке ашат.
1. фагоциттин обьектке карай кыймылы – оң хемотаксис;
2. обьектинин
фагоцитке жабышышы-адсорбция;
3. обьектинин сиңирилиши;
4. фагоциттин ферменттери менен аны жок кылуу жана аш
кылуу:
Фагоцитоз аяктаган жана аягына чыкпаган болуп айырмала-
нат. Аяктаган фагоцитоздун жыйынтыгы фагоциттердеги бакте-
риялардын эриши (лизисине) алып келет. Ал эми аягына чыкпа-
ган фагоцитоздо бактериялар фагоциттин ичинде жашоосун сак-
тап калып, анда көбөйүп, анны (фагоцитти) жок кылууга чейин
барат. Мисалы, гонореяда аягына чыкпаган фагоцитоз байкалат.