Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлиги Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет42/68
Дата21.10.2023
өлшемі3.49 Mb.
#481337
түріЛекция
1   ...   38   39   40   41   42   43   44   45   ...   68
JAGUKURMANBEKOVA5

- 103 -
КИШИНИН ДЕНЕСИНИН 
СТАТИСТИКАСЫ ЖАНА ДИНАМИКАСЫ
План:
1. Бойду тутуу тең салмактуулук шарттары
2. Дененин ассиметриясы
3. Дененин пропорциялары
К
ыймылдап турганда бойду тутуунун шарттары кандай?Фи-
зикадагы кээ бир маалыматтарга кайрылалы. Ар бир нерсе 
массага ээ жана анын салмак борбору бар. Салмак борбору өтүү-
чү түз сызык (салмак сызыгы) ар дайым таянычка түшөт. Салмак 
борбору канчалык төмөн жана тачныч канчалык жазы болсо, тең 
салмактык ошончо туруктуу болот. Мисалы туруп турганда сал-
мак борбору менен куймулчактын экинчи омурткасынын тушу-
на туура келет. Салмак сызыгы эки буттун кетмени ортосунда, 
таяныч аянтын ичинде турат. Эгер эки буттун аралыгын жазы 
коюп турса, таяныч аянты чоңоюп, дененин туруктуулугу бир 
кыйла көбөйөт. Эки буту бириктирип турганда таяныч аянты ки-
чирейет, демек туруктуулук азаят. Жалгыз буту менен турган ки-
шинин туруктуулугу андан да аз болот. Адамдын денеси абдан 
кыймылдуу, ошондуктан салмак борбору ар дайым өзгөрүп турат. 
Адам бир чака сууну бир колу менен кармап баратканда, денеси 
кандай абалда болгонун байкагандырсыңар? Ошону текшерип көр-
гүлөчү. Туруктуу болуу үчүн оордук келбеген жагыңарга кыйшая-
сыңар, ал эми бош колуңарды каптал жагыңарга сунасыңар. Эгер 
аркаңарга оор буюм көтөрсөңөр денеңер алга эңкеет. Мына көтөр-
сөңөр ушул учурдагы салмак сызыгы таянычын четине жакындайт, 
ошондуктан бой тутуу (тең салмактануу) туруктуу. Эгерде дененин 
салмак борборунун проекциясы таяныч аянтынын чегинен чыкса, 
дене жыгылат. Дененин туруктуулугу дененин абалынын өзгөрү-
шүнө жараша салмак борборунун ордунан жылып турушу менен 
камсыз болот. Каршы салмакты жаратуу үчүн тулку бой жүккө 
карама каршы жакка эңкеет. Салмак сызыгы таяныч сызыгынын 
ичинде калат. Силер ар түрдүү гимнастикалык көнүгүүлөрдү атка-
рып жатып, кокус салмак борбору таяныч чекитинен сырткары чы-
гып кетсе, бой тутуу жана туруктуулук кантип сакталарын аныктай 
аласыңар. Дарчылар көбүрөөк туруктуу болуу үчүн колдоруна таяк 


- 104 -
алышып, алмак салмак эки жагына кыйшайышат. Салмакты тең-
дештирүү менен, алар салмак борборун кичинекей гана таянычка 
кармашат. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   38   39   40   41   42   43   44   45   ...   68




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет