- 147 -
БӨЛҮП ЧЫГАРУУ
(Зат алмашуу процессинен кийин пайда болгон заттардын
организмден бөлүнүп чыгышы болуп эсептелет.)
Таблица № 12 Сийдик бөлүп чыгаруу системасынын түзүлүшү
Бөйрөктөр
(сырткы катмары – кыртыш заттан туруп - анда бөйрөк чөй-
чөкчөлөрү
орун алган,бул чөйчөкчөлөрдү Баумен капсуласы деп
атайбыз, ортоңку катмар мээ бөлүгү деп аталат мында бөйрөктүн
нефрон түтүкчөлөрү орун алган, булар
бөйрөк пирамидалары болуп
эсептелет
↓
Бөйрөк күлтүгү
↓
Табарсык
↓
Сийдик каналы
Таблица № 13 Сийдиктин пайда болушу
Биринчилик сийдик ( бир күндө 150-170 литр сийдик пайда болот) бөйрөктүн
Баумен чөйчөкчөлөрүнүн ичинде кандын плазмасы филтрленет.
↓
Экинчилик сийдик ( бир күндүн ичинде 1,2-1,5 литр сийдик пайда болот.)бөйрөк-
түн мээ бөлүгүндөгү нефрон түтүкчөлөрүндө кайрадан соруу (реабсорбциялык)
процессинин негизинде ишке ашат.
Таблица № 14 Сийдиктин бөлүнүшү
(татаал рефлектордук акт)
Табарсыктын толушу
↓
Нерв борборуна сигналдын берилиши (баш мээ)
↓
Табарсыктын булчуңдарынын жыйрылышы
↓
Сийдиктин бөлүнүп
чыгышы