Кыргыз республикасынын мыйзамы


-берене. Жарандардын шайлоо укуктарын бузгандык үчүн жоопкерчилик



бет7/8
Дата07.07.2016
өлшемі415.5 Kb.
#183635
1   2   3   4   5   6   7   8

45-берене. Жарандардын шайлоо укуктарын бузгандык үчүн жоопкерчилик

Төмөнкү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык, администрациялык же болбосо башка жоопкерчилик тартат:

1) Кыргыз Республикасынын жараны тарабынан шайлоо жана шайлануу укугун эркин жүзөгө ашырышына күч колдонуу, алдоо, коркутуу, будамайлоо же башкача жол менен тоскоолдук кылган, же болбосо добуш берүүнүн жашырындуулугун бузган, же болбосо жарандардын шайлоочулардын тизмеси менен таанышуу укугун бузган, же болбосо талапкерди колдоп кол коюуга жарандарды мажбурлаган же аларга тоскоолдук кылган, ошондой эле жасалма кол коюуга катышкан, же болбосо шайлоочуларды сатып алууну жүзөгө ашырган;

2) шайлануу максатында өзүнүн кызмат ордунун же кызматтык абалынын артыкчылыктарын пайдаланган; же болбосо катталган шайлоочулар (шайлоочулардын тизмелери) жөнүндө маалыматтарды өз учурунда түзбөгөн жана көрсөтүлгөн маалыматтарды тиешелүү шайлоо комиссияларына жөнөтөөр алдында сактабаган, же болбосо шайлоону каржылоо эрежелерин бузган, анын ичинде шайлоо комиссияларына каражаттарды которууну создуктурган, же болбосо жарандарга башка адамдар үчүн добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берүү максатында шайлоо бюллетендерин берген, же болбосо шайлоо документтерин оңдоону жүзөгө ашырган, билип туруп жалган документтерди түзгөн жана берген, билип туруп добуштарды туура эмес эсептөөнү же добуш берүүнүн жыйынтыгын, шайлоонун натыйжасын билип туруп туура эмес чыгарган, шайлоонун натыйжасынын туура эмес белгилөөнү жүзөгө ашырган, өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерге карабастан добуш берүүнүн жыйынтыктары, шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө, шайлоонун натыйжалары жөнүндө маалыматтарды бербеген же жарыялабаган;

3) талапкерлер, саясий партиялар жөнүндө жазган маалыматтарды билип туруп тараткан, же талапкердин, алардын жубайларынын жана (же) жакын туугандарынын талапкерлердин, талапкердин жубайынын жана (же) жакын туугандарынын, талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген башка аракеттерди жасаган, же болбосо шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн, байкоочулардын, эл аралык байкоочулардын, талапкерлердин, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн укуктарын, анын ичинде маалыматтарды жана шайлоо документтеринин көчүрмөлөрүн өз учурунда алуу укугун бузган, байкоочуларды, эл аралык байкоочуларды, талапкерлерди, талапкерлердин, саясий партиялардын, талапкерлердин жана саясий партиялардын өкүлдөрүнүн, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн тизмелерин каттоодон негизсиз баш тарткан, шайлоо участкаларында шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылган, же болбосо шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү эрежелерин бузган, анын ичинде добуш берүү күнүнөн мурунку күнү жана добуш берүү күнү үгүт жүргүзгөн, же болбосо шайлоо комиссиялары тарабынан өз милдеттерин аткарышына байланышкан алардын ишине тоскоолдук кылган же ага мыйзамга каршы кийлигишкен, добуш берүү үчүн жайдан шайлоо бюллетендерин алып чыккан, же болбосо шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө каражаттардын чыгымдалышы жөнүндө отчетторду бербеген же жарыялабаган, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун финансылык отчетторун жана шайлоону өткөрүүгө бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын чыгымдалышы жөнүндө финансылык отчетторду бербеген же жарыялабаган жактар, ошондой эле шайлоого катышуу үчүн мыйзам менен каралган өргүү берүүдөн баш тарткан иш берүүчүлөр.

3-глава
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө жалпы жоболор


46-берене. Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге коюлуучу негизги талаптар

1. Ушул Мыйзамдын 3-беренесинин 4-6-бөлүктөрүндө белгиленген талаптарга ылайык келген Кыргыз Республикасынын жараны жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайлана алат.

2. Жергиликтүү кеңештин депутаттары анда шайлоо жүргүзүлүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөсү болуп саналган жарандар тарабынан шайланат.

47-берене. Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо системасы

Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоо пропорциялуу система боюнча, ал эми айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо - мажоритардык система боюнча жүргүзүлөт.



(КР 2012-жылдын 3-августундагы N 149 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

48-берене. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону дайындоо

1. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо Президент тарабынан шайлоо күнүнө чейин 60 календардык күндөн кечиктирилбестен дайындалат.

2. Жергиликтүү кеңештер мөөнөтүнөн мурда таркатылган учурда Президент бир эле убакта жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону дайындайт. Мында шайлоо жергиликтүү кеңештер мөөнөтүнөн мурда таркатылган күндөн тартып 45 календардык күндүн ичинде өткөрүлөт. Мындай учурда шайлоо аракеттеринин мөөнөттөрү чейрекке кыскартылат.

49-берене. Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү

1. Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күн калганда аяктайт.

Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө чейин 30 календардык күн калганда аяктайт.

2. Талапкерлерди көрсөтүү укугу төмөнкүлөргө таандык:

1) шаарлардын жергиликтүү кеңештерине - саясий партияларга;

2) айылдык аймактын жергиликтүү кеңештерине - саясий партияларга, тиешелүү жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү болуп саналган шайлоочулардын топторуна жана өзүн өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга.

3. Саясий партия төмөнкүлөрдү көрсөтүүгө укуктуу:

1) пропорциялуу система боюнча шайлоодо - ар бир бирдиктүү шайлоо округу боюнча ошол жергиликтүү кеңеш үчүн белгиленген депутаттык орундардын санынан бир жарым эседен кем эмес ашкан сандагы талапкерлерди;

2) мажоритардык система боюнча шайлоодо - ар бир көп мандаттуу шайлоо округу боюнча ал округ боюнча белгиленген мандаттардын санынан ашпаган сандагы талапкерлерди.

3-1. Шайлоочулардын тобу мажоритардык система боюнча шайлоо боюнча ар бир көп мандаттуу шайлоо округу боюнча, ошол округ боюнча белгиленген мандаттардын санынан ашпаган талапкерлерди көрсөтүүгө укуктуу.

4. Саясий партиянын, шайлоочулардын тобунун жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө чечими жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат.

5. Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү саясий партиянын съездинде (конференциясында), анын региондук бөлүмүнүн чогулушунда (конференциясында), шайлоочулардын тобунун чогулуштарында жүзөгө ашырылат. Мында шайлоочулардын тобу талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө өз чечиминде өз тобунун аталышын көрсөтүүгө тийиш.

6. Саясий партиялар башка партиялардын мүчөлөрү болуп саналган адамдарды талапкерликке көрсөтүүгө укуксуз.

7. Шаардык кеңештерге талапкерлердин тизмесин түзүүдө саясий партиялар, бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн эске алууга милдеттүү, мында саясий партиядан, шайлоочулардын топторунан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесинде аялдардын жана эркектердин кезегинин айырмасы эки позициядан ашпоого тийиш.

8. Өзүн көрсөтүү тартибинде жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерди көрсөтүү тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына талапкер болуп көрсөтүлүүгө ниеттенгендиги жөнүндө арыз берүү жолу менен жүргүзүлөт.

9. Саясий партия тарабынан бирдиктүү шайлоо округу боюнча көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси же көп мандаттуу шайлоо округу боюнча саясий партия, шайлоочулардын тобу тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлер саясий партиянын, шайлоочулардын тобунун ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттө басылган түрдө берилет.

10. Бирдиктүү шайлоо округу же көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө саясий партиянын чечими саясий партиянын же партиянын аймактык бөлүмүнүн жетекчисинин коюлган колу жана саясий партиянын мөөрү менен, ал эми шайлоочулардын тобунун чечими - шайлоочулар тобунун жетекчисинин койгон колу менен ырасталат, ал жергиликтүү кеңештин төрагасынын же болбосо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын коюлган колу жана тиешелүү өз алдынча башкаруу органынын мөөрү менен ырасталат.

(КР 2011-жылдын 12-октябрындагы N 170, 2012-жылдын 6-июлундагы N 99, 2012-жылдын 3-августундагы N 149, 2014-жылдын 21-ноябрындагы N 158 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

50-берене. Шайлоо күрөөсү

1. Шайлоо күрөөсү пропорциялуу система боюнча шайлоо өткөрүлгөн учурларда белгиленет.

2. Эгерде добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын кеминде 15 пайыздан кем эмеси партиянын тизмеси үчүн добуш берсе, шайлоо өткөрүлгөндөн кийин салынган шайлоо күрөөсү саясий партияга кайтарылып берилет. Күрөөнүн калган суммасы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө, шайлоо системасын өркүндөтүүгө максаттуу түрдө пайдаланылат.

3. Шайлоо күрөөсү төмөнкү өлчөмдө белгиленет:

1) Бишкек жана Ош шаардык кеңештерине - мыйзамдар менен белгиленген эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүз эсе өлчөмүндө;

2) ушул берененин 3-бөлүгүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн шаарларды албаганда, шаардык кеңештерге - мыйзамдар менен белгилен-

ген эсептик көрсөткүчтүн эки жүз эсе өлчөмүндө;

3) (КР 2012-жылдын 3-августундагы N 149 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2012-жылдын 3-августундагы N 149, 2014-жылдын 21-ноябрындагы N 158 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

51-берене. Жергиликтүү кеңештин депутаттарын каттоо

1. Тиешелүү аймактык комиссия шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин депутаттыкка шайланган талапкерге бул жөнүндө кабарлайт. Депутаттыкка шайланган талапкер жергиликтүү кеңештин депутатынын статусу менен коошпогон ыйгарым укуктарын өзүнөн алып салгандыгы жөнүндө арыздын көчүрмөсүн 3 күндүк мөөнөттө тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берет.

Эгер талапкерлердин тизмеси боюнча мандаттарды бөлүштүрүүнүн натыйжасында шайланган депутат жергиликтүү кеңештин депутатынын статусу менен коошпогон ыйгарым укуктарын өзүнөн алып салгандыгы жөнүндөгү талапты 3 күндүк мөөнөттө аткарбаган учурда анын депутаттык мандаты ушул Мыйзамдын 52-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган тартипте өткөрүлүп берилет.

2. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжаларын жарыялагандан жана депутат болуп шайланган талапкерлерден жергиликтүү кеңештин депутатынын статусу менен коошпогон ыйгарым укуктарын өзүнөн алып салгандыгы жөнүндө арызды алгандан кийин шайланган депутаттарды 3 күндүк мөөнөттө каттайт жана аларга ырастаманы жана белгиленген үлгүдөгү төш белгини тапшырат.

3. Саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесинде турган талапкер добуш берүүдөн кийин депутаттык мандаттарды бөлүштүргөнгө чейин, тизмедеги талапкердин ордуна (кезектүүлүгүнө) талаптанууну көздөгөн талапкердин макулдугу менен, ошондой эле саясий партиянын жогорку жана аймактык органдарынын макулдугу менен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына өзүнүн талапкерлердин тизмесиндеги кезектүүлүгүн өзгөртүү жөнүндө арызы менен кайрылууга укуктуу.

Аймактык шайлоо комиссиясы саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесинде турган талапкердин арызына жана саясий партиянын жогорку жана аймактык органдарынын тиешелүү чечимдерине ылайык, шайланган талапкердин талапкерлердин тизмесиндеги кезектүүлүгүн өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл алат.

Талапкерлердин тизмесинде турган талапкердин кезектүүлүгүн өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө саясий партиянын жогорку жана аймактык органдарынын чечимдери саясий партиянын уставында белгиленген тартипте кабыл алынат.

(КР 2012-жылдын 3-августундагы N 149, 2014-жылдын 21-ноябрындагы N 158 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

52-берене. Жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатынын ордун ээлөө

1. Жергиликтүү кеңештин депутаты мөөнөтүнөн мурда чыгып калган учурда анын мандаты тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын чечими боюнча төмөнкүлөргө өткөрүлүп берилет:

1) тиешелүү бир мандаттуу шайлоо округ боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттан кийинки талапкерге;

2) (КР 2014-жылдын 21-ноябрындагы N 158 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3) пропорциялуу система боюнча шайлоодо саясий партиянын жетектөөчү органы тарабынан сунушталган саясий партиянын тизмесинен талапкерге же болбосо эгерде саясий партиянын жетектөөчү органы бош мандат пайда болгон күндөн тартып 3 күндүн ичинде ушундай укуктан пайдаланбаса, саясий партиянын тизмесинде шайланган депутаттардан кийинки талапкерге.

2. Ушул берененин маанисинде депутаттын мөөнөтүнөн мурда чыгып калуусу деп төмөнкүлөр түшүнүлөт:

1) өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын алып салуу же фракциядан чыгуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз берүүсү;

2) анын сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылышы;

3) депутаттын каза болушу;

4) аны дайынсыз жоголду деп табуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кириши;

5) ага карата соттун айыптоо өкүмүнүн күчүнө кириши;

6) ишке өткөндө же анын депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган ишти таштабашы;

7) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоо үчүн чыгып кетиши;

8) башка жерге туруктуу жашоо үчүн чыгып кетиши, анда жашоо депутаттык иш-милдеттерди туруктуу жана натыйжалуу аткарууга мүмкүн болбошу;

9) жарандыктан чыгышы, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготушу же болбосо башка жарандыкты алышы;

10) жүйөөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин сессияларына катары менен төрт жолу келбеши;

11) шайлоонун жараксыз деп табылышы;



12) (КР 2015-жылдын 17-февралындагы N 34 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Эгерде көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлер калбай калган учурда, мандат кийинки шайлоого чейин бош бойдон калат.

4. Эгерде пропорциялуу шайлоо округу боюнча саясий партиянын тизмесинде талапкерлер калбай калган учурда, мандат тиешелүү жергиликтүү кеңешке кийинки шайлоого чейин бош калат.

(КР 2013-жылдын 14-февралындагы N 16, 2013-жылдын 16-октябрындагы N 192, 2014-жылдын 21-ноябрындагы N 158, 2015-жылдын 17-февралындагы N 34 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

4-глава
Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоо


(Главанын аталышы КР 2012-жылдын 3-августундагы N 149 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

53-берене. Депутаттыкка талапкерлердин тизмесин каттоо

1. Талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн саясий партиялардын, өкүлдөрү шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күн калгандан кечиктирбестен, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына төмөнкүлөрдү берет:

1) партиянын аталышын көрсөтүү менен талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө саясий партиянын чечимин;

2) талапкерлердин тизмесине киргизилген ар бир талапкер тарабынан толтурулган өзүн талапкерлеринин тизмесине киргизүүгө макулдугу жөнүндө арызын жана өзү жөнүндө маалыматтар бар атайын форманы (биографиялык жана башка маалыматтарды);

3) талапкерлердин паспортторунун көчүрмөлөрүн, иштеген же жашаган жеринен маалымкаттарын;

4) шайлоо күрөөсүн киргизгендигин ырастоочу документти.

2. Тиешелүү шайлоо комиссиясы ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн документтерди берген ыйгарым укуктуу өкүлгө ал документтерди алгандыгын жазуу жүзүндөгү ырастоону берүүгө милдеттүү.

3. Талапкерлердин тизмелерин көрсөткөн саясий партиялар, катталганга чейин жана берилген документтер текшерилгенден кийин өз шайлоо фонддорунун каражаттарынан тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын атайын фондуна ушул Мыйзамдын 50-беренеси менен белгиленген өлчөмдөгү шайлоо күрөөсүн киргизет.

4. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы документтерди кабыл алган күндөн тартып, 10 календардык күндүн ичинде талапкерлердин көрсөтүү тартиби ушул Мыйзамдын талаптарына ылайыктыгын текшерет жана талапкерлердин тизмесин каттоону жүзөгө ашырат же болбосо каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөөлөштүрүлгөн чечим чыгарат. Мында шайлоо комиссиясы документтерден талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн тоскоолдук болуп саналган ылайык келбөөчүлүктү тапса, документтер алынгандан кийин 24 сааттын ичинде шайлоо комиссиясы бул ылайык келбөөчүлүктөр жөнүндө саясий партияга маалымдоого милдеттүү. Саясий партия маалымдоо алынган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл болгон өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оңдолгон документтерин тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүүгө укуктуу.

5. Бир эле адамды талапкерлердин бир тизмесинен ашыкка каттоого жол берилбейт.

6. Депутаттыкка талапкерлердин тизмесин каттоо шайлоо күнүнө чейин 30 календардык күн калгандан аяктайт.

7. Талапкерлердин тизмесин тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алган учурда баш тартуунун негиздерин баяндоо менен шайлоо комиссиясынын чечиминин көчүрмөсүн саясий партиянын, шайлоо комиссияларындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө чечим кабыл алган учурдан тартып бир сутканын ичинде берүүгө милдеттүү.

8. Талапкерлердин тизмесин каттоодо төмөнкүлөр баш тартуунун негиздери боло алат:

1) талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн ушул Мыйзамга ылайык зарыл болгон документтерди бербөө, ошондой эле көрсөтүүнүн ушул Мыйзам менен каралган тартибин сактабоо:

2) талапкерде же талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкерлерде пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу;

3) ушул шайлоодо талапкерди башка партиянын тизмесинде катталгандыгынын фактысынын бар экендиги;

4) саясий партиянын, өзүнүн шайлоо фондун түзбөгөндүгү;

5) талапкердин башка мамлекеттин жарандыгына таандыктыгынын же болбосо анда Кыргыз Республикасынын жарандыгынын жоктугу.

Эгерде саясий партиянын, ыйгарым укуктуу өкүлү ушул беренеде көрсөтүлгөн каттоо үчүн зарыл бардык документтерди бербесе, бирок аларды каттоо мөөнөтү аяктаганга чейин кошумча берсе, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы талапкерлердин тизмесин каттоого милдеттүү.

9. Талапкерлердин тизмесин киргизилген айрым талапкерлерге карата ушул берене менен каралган каттоодон баш тартуу үчүн негиздердин болушу аларды ырасталган талапкерлердин тизмесинен чыгарып салуу үчүн гана негиз болуп кызмат кылышы мүмкүн.

10. Талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим Борбордук шайлоо комиссиясына же сотко даттанылышы мүмкүн.

11. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы талапкерлердин тизмесин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып 5 календардык күндүн ичинде саясий партиялардын аталыштарын, ошондой эле саясий партиялардан талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкерлердин фамилиясын, аты-жөнүн, туулган жылын, ээлеген кызматын (ишинин түрүн), жашаган жерин көрсөтүү менен талапкерлердин тизмесинин катталгандыгы жөнүндө кабарлоону басма сөздө жарыялайт.

12. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы талапкерлердин тизмеси катталган күндөн тартып 2 календардык күндүн ичинде талапкерлерге каттоо датасын көрсөтүү менен талапкердин тиешелүү ырастамасын берет.

54-берене. Шайлоого катышуудан баш тартуу, талапкерлердин тизмесин чакыртып алуу жана талапкерлердин тизмесинен чыгаруу

1. Талапкерлердин тизмесинде турган талапкер ар кандай убакта, бирок добуш берүү күнүнө чейин 3 күн калгандан кечиктирбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына бул жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз берүү менен шайлоого андан ары катышуудан баш тартууга укуктуу. Бул учурда талапкерлердин тизмесин каттаган шайлоо комиссиясы талапкерди тиешелүү талапкерлердин тизмесинен чыгарып салуу жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү.

2. Саясий партия ар кандай убакта, бирок добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен талапкерлердин тизмесин чакыртып алууга жана шайлоого катышуудан баш тартууга же болбосо тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндөгү тиешелүү арыз берүү менен талапкерди (талапкерлерди) тизмеден чыгарып салууга укуктуу. Бул учурда талапкерлердин тизмесин каттаган шайлоо комиссиясы тиешелүүлүгүнө жараша төмөнкү чечимдерди кабыл алууга милдеттүү:

1) талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу жөнүндө;

2) талапкерди (талапкерлерди) талапкерлердин тиешелүү тизмесинен алып салуу жөнүндө.

3. Ушул берененин 1-бөлүгү жана 2-бөлүгүнүн 2-пункту менен каралган учурларда талапкерлердин талапкерлердин тизмесине жайгаштыруунун кезеги өзгөрүлөт. Мында талапкерлердин тизмесинен алынып салынган талапкердин ордуна талапкерлердин тизмесине аны менен бир жыныстагы талапкер киргизилет.

4. Шайлоо бюллетендери даярдалгандан кийин талапкерлердин тизмеси чыгып калган учурда (саясий партиянын шайлоого катышуудан баш тартуусу) участоктук же тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары тиешелүү саясий партия жөнүндө маалыматтарды бюллетендерден сызып салат. Сызып салуу саясий партия жөнүндө бардык жазуулардын сабы боюнча шарик калеми менен гана сызылуучу түз сызык менен жүргүзүлөт. Мында сызык саясий партиялар жөнүндө маалыматтардын сабынын каршысындагы бош квадратты камтууга тийиш.

55-берене. Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын шайлоо фонду

1. Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар шайлоо алдындагы өнөктүктү каржылоо үчүн ушул Мыйзамда белгиленген тартипте өздөрүнүн шайлоо фонддорун түзөт.

2. Бишкек, Ош шаардык кеңештерине талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын шайлоо фонддору төмөнкү акча каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:

1) талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкердин өз каражаттарынын, алардын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 1000 эседен ашышы мүмкүн эмес;

2) саясий партиянын өз каражаттарынын, алардын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 5000 эседен ашышы мүмкүн эмес;

3) жеке жактардын кайрымдуулуктарынын, алардын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 1000 эседен ашышы мүмкүн эмес;

4) юридикалык жактардын кайрымдуулуктарынын, алардын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 3000 эседен ашышы мүмкүн эмес.

Шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен саясий партиянын чыгымдарынын чектелген суммасы эсептик көрсөткүчтөн 150000 эседен ашышы мүмкүн эмес.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн шаарларды албаганда, шаардык кеңештерге талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын шайлоо фонддору төмөнкү акча каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:

1) талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкердин өз каражаттарынын, алардын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 500 эседен ашышы мүмкүн эмес;

2) саясий партиянын өз каражаттарынын, алардын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 5000 эседен ашышы мүмкүн эмес;

3) жеке жактардын кайрымдуулуктарынын, алардын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 1000 эседен ашышы мүмкүн эмес;

4) юридикалык жактардын кайрымдуулуктарынын, алардын өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 2000 эседен ашышы мүмкүн эмес.

Шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен саясий партияларынын чыгымдарынын чектик суммасы эсептик көрсөткүчтөн 50000 эседен ашышы мүмкүн эмес.



(КР 2012-жылдын 3-августундагы N 149 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

56-берене. Кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо

(КР 2013-жылдын 16-октябрындагы N 192 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

56-1-берене. Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо

1. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы участкалык (төмөн турган) шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде, аларда камтылган маалыматтарды кошуу жолу менен тиешелүү бирдиктүү шайлоо округу боюнча саясий партиялар көрсөткөн талапкерлердин тизмелеринин ар бири үчүн берилген шайлоочулардын добуштарын эсептеп чыгууну жүргүзөт.

2. Шайлоо округу боюнча депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө ушул бөлүктүн экинчи-бешинчи абзацтарында каралган талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар киргизилет.

Талапкерлеринин тизмеси үчүн добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 7 жана андан көп пайызы берилген саясий партиялар депутаттык мандаттарды алышат, алардын саны ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган тартипте аныкталат.

Эгерде талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын бири да добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 7 жана андан көп пайызын албаган учурда, депутаттык мандаттарды бөлүштүрүү талапкерлердин тизмесин көрсөткөн жана добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 7 жана андан көп пайызын ала албаган башка саясий партияларга караганда добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын көбүрөөк сандагы добушун алган биринчи үч саясий партиянын ортосунда жүзөгө ашырылат.

Эгерде талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын ичинен бир гана саясий партия добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 7 жана андан көп пайызын алган учурда, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн жана добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 7 жана андан көп пайызын ала албаган, бирок добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 7 жана андан көп пайызын ала албаган башка саясий партияларга караганда, добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын көбүрөөк сандагы добуштарын алган кийинки эки саясий партия да депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө киргизилет. Мында добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 7 же андан көп пайызын ала албаган бир нече саясий партиялар тарабынан шайлоочулардын бирдей сандагы добуштары алынса, депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө эки саясий партияны киргизүү жөнүндө маселе добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын бирдей добуштарын алган саясий партиялардын ортосунда чүчү кулак өткөрүү жолу менен чечилет.

Эгерде талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын ичинен эки саясий партия добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 7 жана андан көп пайызын алган учурда, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн жана добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 7 жана андан көп пайызын ала албаган, бирок добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 7 жана андан көп пайызын ала албаган башка саясий партияларга караганда, добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын көбүрөөк сандагы добуштарын алган кийинки бир саясий партия да депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө киргизилет. Мында добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 7 же андан көп пайызын ала албаган бир нече саясий партиялар тарабынан шайлоочулардын бирдей сандагы добуштары алынса, депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө бир саясий партияны киргизүү жөнүндө маселе добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын бирдей добуштарын алган саясий партиялардын ортосунда чүчү кулак өткөрүү жолу менен чечилет.

3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын 7 жана андан көп пайызын алган саясий партиялардын талапкерлеринин тизмелери үчүн бирдиктүү шайлоо округу боюнча берилген, же болбосо ушул берененин 2-бөлүгүнүн үчүнчү - бешинчи абзацтарында каралган учурларда шайлоочулардын добуштарынын суммасын эсептеп чыгат. Добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын алынган суммасы бирдиктүү шайлоо округу боюнча бөлүштүрүлүүчү депутаттык мандаттардын санына бөлүнөт. Алынган натыйжа биринчи жеке шайлоо укугу (бир мандатты алуу үчүн квота) болот.

Андан кийин депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө катышкан талапкерлердин ар бир тизмеси алган добуштардын саны биринчи жеке шайлоого бөлүнөт. Санды бөлүүнүн натыйжасында алынган бүтүн бөлүк тиешелүү талапкерлердин тизмеси алган депутаттык мандаттардын саны болот.

Эгерде ушул бөлүктүн экинчи абзацына ылайык жүргүзүлгөн аракеттерден кийин бөлүштүрүлбөгөн мандаттар калса, аларды экинчи жолу бөлүштүрүү жүргүзүлөт. Бөлүштүрүлбөгөн мандаттар ушул бөлүктүн экинчи абзацына ылайык бөлүштүрүүнүн натыйжасында алынган сандын эн көп бөлчөк бөлүгүн (калдыгын) алган талапкерлердин тизмелерине бирден берилет. Бөлчөк бөлүктөр тең болгондо шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган талапкерлердин тизмесине артыкчылык берилет. Шайлоочулардын добуштарынын саны тең болгондо, артыкчылык мурда катталган талапкерлердин тизмесине берилет.

4. Талапкерлердин тизмесиндеги талапкерлердин ортосунда депутаттык мандаттарды бөлүштүрүү тизмени тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясында каттоодо белгиленген, бул тизмедеги талапкерлердин жайгашуусунун тартибине ылайык жүргүзүлөт.

5. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы бирдиктүү шайлоо округу боюнча саясий партиялардын ортосунда депутаттык мандаттардын мыйзамдарга ылайык белгиленген протоколдун саптарына ылайык бөлүштүрүлүшү жөнүндө протокол түзөт.

Протоколго кошумча төмөнкүлөр киргизилет:

- депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүгө киргизилген саясий партиялардын аталыштары;

- талапкерлердин ар бир тизмесинен шайланган депутаттардын фамилиясы, аты, атасынын аты.

6. Шайлоонун натыйжаларын жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыялоо ушул Мыйзамдын 40-беренесинин 4-бөлүгүндө белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө жүргүзүлөт.



(КР 2012-жылдын 6-июлундагы N 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет