Кыргыз республикасынын мыйзамы


-берене. Жалпыга маалымдоонун басылма каражаттары аркылуу шайлоо алдында үгүт жүргүзүү



бет4/8
Дата07.07.2016
өлшемі415.5 Kb.
#183635
1   2   3   4   5   6   7   8

25-берене. Жалпыга маалымдоонун басылма каражаттары аркылуу шайлоо алдында үгүт жүргүзүү

1. Мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан расмий билдирүүлөрдү жана материалдарды, ченемдик жана башка актыларды жарыялоо үчүн гана уюштурулган басылмаларды албаганда, ушул Мыйзамдын 22-беренесинин 18-бөлүгүнүн колдонушуна туш келген жалпыга маалымдоонун мезгилдүү басылма каражаттары талапкерлер, талапкерлерди көрсөткөн шайлоочулардын топтору, саясий партиялар, ошондой эле талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар тарабынан берилүүчү материалдар үчүн А4 форматындагы бир беттен кем болбогон өлчөмдөгү акысыз басылма аянттарды тең шарттарда бөлүп берүүгө тийиш. Адистештирилген (балдар, техникалык, илимий жана башка) басма сөз басылмалары үчүн шайлоо өнөктүгүнө кандай гана түрдө болбосун толук катышпаган шартта кандай гана түрдөгү болбосун үгүт материалдарын жарыялоодон баш тартууга жол берилет.

2. Талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулардын топторуна басма аянттарын берген мезгилдүү басылмалар менчигинин түрүнө карабастан ошондой эле шарттарда (баанын, көлөмдүн бирдейлиги жана башка шарттар) башка талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулардын топторуна басма аянттарын берүүгө милдеттүү. Мында басма аянтынын наркы шайлоону дайындаган күнгө чейинки 6 ай мурда алынып жүргөн нарктан ашпоосу керек.

(КР 2014-жылдын 21-ноябрындагы N 158 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

26-берене. Жапырт иш-чараларды өткөрүү аркылуу шайлоо алдындагы үгүт

1. Мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулардын топторуна чогулуштарды жана жарандар менен жолугушууларды көпчүлүк алдындагы дебаттарды жана дискуссияларды, митингдерди, демонстрацияларды жана жүрүштөрдү уюштурууга көмөк көрсөтүүгө, жапырт иш чараларды өткөрүүдө коопсуздукту камсыз кылууга милдеттүү.

2. Шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүү үчүн мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги жайларды бөлүп берүү жөнүндө талапкерлердин, саясий партиялардын жана шайлоочулардын топторунун арыздары мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан алар берилген күнү каралат.

Шайлоочулар менен жолугушуулар үчүн талапкерге, саясий партияга, шайлоочулардын тобуна жайларды бөлүп берүүдөн баш тартылган учурда мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары баш тартуу жөнүндө жүйөөлөштүрүлгөн жазуу жүзүндө чечим берүүгө милдеттүү.

Эгерде көрсөтүлгөн жай жапырт иш чараларды өткөрүү үчүн талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун бирине берилсе, ошол эле жайды башка талапкерге, саясий партияга, шайлоочулардын тобуна берүүдөн баш тартууга жол берилбейт.

3. Жапырт иш-чараларды өткөрүүгө жарактуу жана мамлекеттик же муниципалдык менчиктеги, мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын балансында болгон жайлар шайлоо комиссияларынын табыштоосу боюнча талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун өкүлдөрүнүн, алардын ишенимдүү адамдарынын, ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн шайлоочулар менен жолугушуусу үчүн шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген убакытта пайдаланууга акысыз берилет. Мында шайлоо комиссиялары жапырт иш-чараларды өткөрүүдө талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулардын топторуна тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга милдеттүү.



27-берене. Басылма, көрмө-укма жана башка үгүт материалдарын чыгаруу жана таратуу

1. Талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулардын топтору Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте басылма, көрмө-укма жана башка үгүт материалдарын чыгарууга жана таратууга укуктуу. Үгүт материалдарын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары даярдоого тыюу салынат. Басылма жана башка үгүт материалдарынын нускалары жана алардын көчүрмөлөрү талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттаган тиешелүү шайлоо комиссиясына берилүүгө тийиш.

2. Бардык басылма жана башка үгүт материалдары үгүт материалдарын даярдаган уюмдун аталышын жана дарегин (адамдардын фамилиясын, аты-жөнүн жана жашаган жеринин дарегин), бул үгүт материалдарын даярдоону заказ кылган жактын фамилиясын, аты-жөнүн (уюмдун аталышын), алардын нускасы жана чыгаруу датасы жөнүндө маалыматты, ошондой эле заказга акы төлөгөн талапкердин, саясий партиянын, шайлоочулардын тобунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн фамилиясын, аты-жөнүн камтууга тийиш. Көрсөтүлгөн маалыматтарды камтыбаган үгүт материалдарын таркатууга тыюу салынат.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоо дайындалган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде ар бир шайлоо участкасынын аймагында үгүт материалдарын илүү үчүн атайын орундарды берүүгө милдеттүү. Талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулардын топторуна мындай материалдарды жайгаштыруу үчүн тең шарттар камсыз кылынууга тийиш.

4. Көрсөтүлгөн материалдарды эстеликтерге, обелисктерге, тарыхый, маданий же архитектуралык баалуулугу бар имараттарга, ошондой эле шайлоо комиссияларынын жайларына, аларга кире берген жерлерге жана добуш берүүчү жайларга жайгаштырууга тыюу салынат. Үгүт материалдарын жайгаштыруу максатында жашыл бадалдарды, дарактарды пайдаланууга жол берилбейт.

5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 10 календардык күндүн ичинде шайлоо округунун аймагын үгүт материалдарынан тазалоону камсыз кылууга милдеттүү.

6. Жасалма түрдөгү жалган үгүт материалдарын таркатуу же болбосо ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалыматтарды камтыбаган үгүт материалдарын таратуу жөнүндө маалымат алган шайлоо комиссиясы андай ишке бөгөт коюу үчүн чара көрөт жана укукка каршы үгүт иштерин болтурбоо жана мыйзамсыз үгүт материалдарын алып коюу жөнүндө сунуш менен тиешелүү укук коргоо жана башка органдарга кайрылууга укуктуу.

7. Талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулардын топтору ушул берененин талаптарына ылайык шайлоо фондунан талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулардын топторуна чыгымдалуучу сумманын чегинде шайлоо дайындалганга чейин даярдалган басылма, укма-көрмө жана башка үгүт материалдарын пайдаланууга укуктуу.

8. Басылма, көрмө-укма жана башка үгүт материалдарын жок кылгандыгы, бузгандыгы же керектен чыгаргандыгы үчүн жарандар мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.

9. Басылма үгүттөө материалдары жайларга, имараттарга, курулмаларга жана башка объекттерге көрсөтүлгөн объекттердин менчик ээлеринин макулдугу менен жана шарттарында гана илинсе (чапталса, жайгаштырылса) болот.



(КР 2013-жылдын 16-октябрындагы N 192 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

28-берене. Шайлоо алдында үгүт жүргүзүү укугун кыянаттык менен пайдаланууга жол берилбестик

1. Шайлоо комиссиялары шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн белгиленген тартибинин сакталышына контролдук кылат.

2. Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги менен кыянаттык кылууга жол берилбейт: улуттук, этностук, расалык, диний, регион аралык жек көрүүнү, кодулоого чакырган гендердик жана башка социалдык артыкчылыкка пропагандалоого, бийликти басып алууга, конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө жана мамлекеттин бүтүндүгүн бузууга чакырыктарга; согушту пропагандалоого; башка мамлекеттердин мамлекеттик жана саясий ишмерлеринин сүрөтүн пайдалануу менен фото жана көрмө материалдарды пайдаланууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынган жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигинен кыянаттык менен пайдалануунун башка түрлөрүнө тыюу салынат.

3. Шайлоо дайындалган учурдан тартып шайлоочуларды сатып алууну жүзөгө ашырууга тыюу салынат: акча каражаттарын төлөп берүүгө; белектерди жана башка материалдык баалуулуктарды тапшырууга; товарларды жеңилдетилген баада сатууга; саясий партиянын, шайлоочулардын топторунун символун, талапкердин сүрөтүн камтыган басылма үгүт материалдарын, төш белгилерди, футболкаларды, баш кийимдерди, моюн орогучтарды албаганда, ар кандай товарларды акысыз таркатууга; акысыз же жеңилдетилген шартта кызмат көрсөтүүгө.

Талапкер, саясий партия, шайлоочулар тобу менен аткаруучунун ортосунда талапкердин, саясий партиянын, шайлоочулардын тобунун шайлоо фондунун каражаттарынан төлөнүүчү эмгек келишимдеринин алкагында аткарылган ишке акы төлөө сатып алуу деп эсептелбейт.

4. Талапкерлер, талапкердин жубайы, талапкерлердин жакын туугандары, талапкерлердин жана саясий партиялардын өкүлдөрү, шайлоочулардын топторунун өкүлдөрү шайлоо дайындалган учурдан тартып жана шайлоонун натыйжалары жарыяланганга чейин кайрымдуулук иштерин жүргүзүүгө, анын ичинде талапкер көрсөтүлгөн шайлоо округунан тышкары жерлерде да жүргүзүүгө укуксуз.

5. Талапкерлер, алардын өкүлдөрү, саясий партиялардын жана шайлоочулардын топторунун өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары, башка жактар шайлоо алдындагы өнөктүккө катышуу менен жалган маалыматтарга негизделген жана талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун абийирине, ар-намысына же иштиктүү беделине зыян келтирүүчү жарыялоолорго жол берүүгө укуксуз. Мындай жарыялоолорго жол берген жалпыга маалымдоо каражаттары талапкердин, саясий партиянын, шайлоочулардын тобунун талабы боюнча төгүндөөнү жарыялоого же чындыкка ылайык келбеген же аны бурмалаган макалага же билдирүүлөргө түшүндүрмө жарыялоого милдеттүү. Төгүндөө же түшүндүрмө мезгилдүү басылманын кийинки санындагы атайын рубрикада же болбосо жооп берилип жаткан маалымат басылган ошол эле тилкеде, ошол эле шрифт менен, ал эми телекөрсөтүү же радио аркылуу берилгендерге төгүндөө же түшүндүрмө келип түшкөн күндөн тартып кийинки чыгарылышта берилет.

6. Талапкерге, саясий партияга же шайлоочулардын тобуна шайлоо алдындагы үгүттүн мөөнөтү бүткөнгө чейин алардын кадыр-баркына зыян келтирүүчү маалымат жарыяланган жалпыга маалымдоо каражаттарында талапкердин, саясий партиянын, шайлоочулардын тобунун беделин коргоо иретинде төгүндөө же башка түшүндүрмө жарыялоого мүмкүнчүлүк бербөө, ошол жалпыга маалымдоо каражатын сот жоопкерчилигине тартуу үчүн негиз болуп саналышы мүмкүн.

7. Талапкер, саясий партия, шайлоочулардын тобу, ошондой эле алардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары ушул берененин 2, 3 жана 5-бөлүктөрүн бузган учурда шайлоо комиссиялары, шайлоочулар, талапкер, саясий партия, шайлоочулардын тобу, ошондой эле алардын өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары укукка каршы үгүт ишине бөгөт коюу жана күнөөлүү жактарды ушул Мыйзам жана колдонуудагы мыйзамдар менен белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуш менен укук коргоо органдарына, сотко кайрылууга укуктуу.

Укук коргоо органдары укукка каршы үгүт ишине бөгөт коюу боюнча чараларды көрүүгө жана табылган фактылар менен көрүлгөн чаралар жөнүндө тиешелүү шайлоо комиссиясына токтоосуз маалымдоого милдеттүү.

8. Укук коргоо органдары жасалма жана мыйзамсыз даярдалган басылма, көрмө-укма жана башка үгүт материалдарын жасоону болтурбоо жана аларды алып коюу боюнча, ошондой эле көрсөтүлгөн материалдарды жасоочуларды жана аларга акы төлөөнүн булактарын белгилөө боюнча шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүүгө тийиш.

9. Талапкер, саясий партия, шайлоочулардын тобу тарабынан ушул Мыйзамдын 22-28-беренелери менен белгиленген талаптар бузулган учурда тиешелүү шайлоо комиссиясы талапкерге, саясий партияга же шайлоочулардын тобуна тартип бузуулар жөнүндө жазуу жүзүндө эскертүүгө укуктуу. Талапкер, саясий партия, шайлоочулардын тобу тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн талаптар бир нече жолу бузулган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы тиешелүү шайлоо комиссиясынын сунуштоосу же болбосо өз демилгеси боюнча талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоону жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.



29-берене. Добуш берүү үчүн жай

1. Добуш берүү үчүн жай участкалык шайлоо комиссиясынын пайдалануусуна мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан акысыз берилет.

2. Добуш берүү үчүн жайда жарык берүү системасы менен камсыз кылынган жана шарик калемдери менен жабдылган атайын жабдылган кабиналар жана добуш берүү үчүн ящиктер жайгаштырылат.

Жарык кылуу системасында аны алмаштыргыдай жарык берүү булагы, фонарлар жана шамдар болуу керек. Электр жарыгы өчүп калганда добуш берүү (негизги же аны алмаштыруучу жарык булагынын эсебинен) жарык болгонго чейин токтотула турат. Бул учурда участкалык шайлоо комиссиясынын ишине натыйжалуу байкоо жүргүзүү үчүн байкоочулар, талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун өкүлдөрү добуш берүүчү ящиктерден, добуш берүүчү кабиналардан шайлоо комиссиясынын жол-жобосун, алардын милдет аткарышын толук көрүп тургандай өз милдеттерин аткарууну камсыздагыдай аралыкта турууга укуктуу.

3. Добуш берүү үчүн жайда шайлоо комиссиясы стендди жасалгалайт, анда бардык талапкерлер, талапкерлерди көрсөткөн шайлоочулардын топтору, саясий партиялар, ошондой эле талапкерлердин тизмесин каттаган саясий партиялар жөнүндө маалыматтык материалдар жайгаштырылат. Көрсөтүлгөн материалдарда үгүт чакырыктары камтылбоого тийиш. Стендде ошондой эле толтурулган шайлоо бюллетендеринин үлгүлөрү жайгаштырылат, аларда бул шайлоо округунда катталган талапкерлердин фамилиялары, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын жана шайлоочулардын топторунун, ошондой эле талапкерлердин тизмесин каттаган саясий партиялардын аталыштары камтылбоого тийиш.

4. Добуш берүү үчүн жайда шайлоо бюллетендерин берүүчү жер, добуш берүүчү кабиналар жана ящиктер эле убакта шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, талапкерлердин, саясий партиялардын. шайлоочулардын топторунун өкүлдөрүнүн, байкоочулардын көз алдында болгудай түрдө жабдылууга тийиш.

5. Добуш берүү үчүн жан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жеткиликтүү болушу керек. Пандустардын жана кармагычтардын болушу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын добуш берүүсү үчүн жайдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуунун ыкмаларынын бири болуп саналат.

(КР 2014-жылдын 21-ноябрындагы N 158 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

30-берене. Шайлоо бюллетени

1. Добуш берүүгө катышуу үчүн шайлоочу шайлоо бюллетенин алат, ал өтө жооптуу отчеттук документ болуп саналат. Формасы жана аны сактоо даражасы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат. Шайлоо бюллетендеринин саны катталган шайлоочулардын санынан 0,1 пайыздан ашык болбоого тийиш.

2. Шайлоо бюллетендерин даярдоодо атайын кагаз (жарыкка салганда көрүнүүчү белгилери бар кагаз же түстүү кагаз), же болбосо атайын боек пайдаланылат.

3. Шайлоо бюллетенинин тексти добуш берүү күнүнө чейин 20 календардык күндөн кечиктирилбестен тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет. Шайлоо бюллетенинин тексти анын бир бетинде гана жайгаштырылууга тийиш.

4. Шайлоо бюллетенинде ага шайлоо жүрүп жаткан органдын аталышы, шайлоо округунун аталышы жана номери же бирдиктүү шайлоо округу жөнүндө көрсөтмө камтылууга тийиш.

5. Мажоритардык система боюнча жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо бир шайлоо бюллетени даярдалып, аларда талапкерлердин фамилиялары, аты-жөндөрү кошумча көрсөтүлөт.

6. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын пропорционалдуу система боюнча шайлоодо шайлоо бюллетенинде саясий партиялардын аталыштары чүчүкулак менен белгиленген кезекте кошумча көрсөтүлөт.

7. Ушул берененин 5 жана 6-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн талапкерлердин, саясий партиялардын аталыштары жөнүндө маалыматтардын оң жагына бош квадратка жайгаштырылат. Талапкерлердин тизмесинин аягында анын оң жагына бош квадратты жайгаштыруу менен "Баардык талапкерлерге каршы" ("Талапкерлердин баардык тизмелерине каршы") деген сап жайгаштырылат.

8. Шайлоо бюллетендери добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктирилбестен мамлекеттик жана расмий тилдерде басылат. Ар бир шайлоо бюллетени аны толтуруунун тартиби жөнүндө түшүндүрмөнү жана бюллетенди даярдоочу менен нускасы жөнүндө маалыматты камтууга тийиш.

9. Басмакана жараксыздарын алып салгандан кийин шайлоо бюллетендерин Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө акт боюнча өткөрүп берет. Шайлоо бюллетендерин Борбордук шайлоо комиссиясынын кеминде 3 мүчөсүнүн, басмакананын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөрүп бергенден кийин жараксыз жана ашык шайлоо бюллетендери жок кылынат, бул жөнүндө акт түзүлөт, ага катышкан адамдардын бардыгынын колу коюлат.

10. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо бюллетендерин аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн кеминде жарымынын катышуусунда аймактык шайлоо комиссияларына акт боюнча өткөрүп берет. Талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун, коммерциялык эмес уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү шайлоо бюллетендерин өткөрүп берүүдө катышууга укуктуу.

11. Аймактык шайлоо комиссиялары шайлоо бюллетендерин участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн кеминде 3өөнүн катышуусунда участкалык шайлоо комиссияларына акт боюнча өткөрүп берет. Талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун, коммерциялык эмес уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү шайлоо бюллетендерин өткөрүп берүүгө катышууга укуктуу.

12. Шайлоо бюллетендерин өткөрүп берүүнүн тууралыгы үчүн жоопкерчиликти тиешелүү шайлоо комиссияларынын төрагалары тартат.

13. Шайлоо бюллетендерин тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына өткөрүп берүү добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күн калганда, кайра добуш берген учурда - добуш берүү күнүнө чейин 5 календардык күн калганда, ал эми участкалык шайлоо комиссияларына - добуш берүү күнүнө чейин 2 календардык күн калганда жүзөгө ашырылат. Участкалык шайлоо комиссияларына өткөрүлүп берилүүчү шайлоо бюллетендеринин саны шайлоо участкасы боюнча шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын санынын 0,1 пайызынан ашышы мүмкүн эмес.

14. Шайлоо бюллетендери даярдалгандан кийин талапкерлер, талапкерлердин тизмеси чыгып кеткен учурда, участкалык шайлоо комиссиялары тиешелүү талапкерлер, талапкерлердин тизмеси жөнүндөгү шайлоо бюллетендериндеги маалыматтарды чийип салат. Чийип салуу талапкер, саясий партия, жөнүндө бардык маалыматтар жазылган саптар боюнча шарик калеми менен гана түз сызык түрүндө жүргүзүлөт. Мында чийүү сызыгы талапкер, саясий партия жөнүндө маалымат жазылган саптын каршысындагы бош квадратты камтууга тийиш.

15. Шайлоо бюллетендери, шайлоочулардын тизмеси жана башка шайлоо документтери, тиешелүү шайлоо комиссиясынын мөөрү сакталып турган атайын сейф (шкаф) болгон жай мөөр басып бекитилет жана ички иштер органдарына кайтарууга тапшырылат. Мында добуш берүү күнү сейф (шкаф) добуш берүү жүзөгө ашырылып жаткан шайлоо участогундагы жайдын ичинде болууга тийиш.

16. Басмакананын, шайлоо комиссиясынын жайларынан шайлоо бюллетендерин алып чыгууга, ушул Мыйзамдын 33-беренесинде каралган учурларды албаганда, ошондой эле шайлоо бюллетендерин көчүрмөлөөгө жана таратууга тыюу салынат.

(КР 2012-жылдын 12-октябрындагы N 172, 2014-жылдын 21-ноябрындагы N 158 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

31-берене. Добуш берүү тартиби

1. Шайлоо күнү добуш берүү саат 8ден саат 19га чейин жүргүзүлөт. Добуш берүү убактысы жана орду жөнүндө участкалык шайлоо комиссиялары жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу же башкача ыкма менен добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен, ал эми мөөнөтүнөн мурда же кайра добуш берүүдө добуш берүү күнүнө чейин 7 календардык күндөн кечиктирбестен шайлоочуларга кабарлоого милдеттүү.

2. Шайлоо күнү эртең мененки саат 7де участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү үчүн жайда өз жыйналышында чүчүкулак аркылуу төмөнкү иштерди аткаруучу комиссиянын мүчөлөрүн аныктайт, алар:

1) ар бир шайлоочуда белгинин (маркировканын) жоктугун текшерүүнү жүзөгө ашырат;

2) шайлоо тизмесиндеги жарандарды каттоону жүзөгө ашырат;

3) шайлоочуларды көрүнүп турган атайын курам менен белгилейт (маркировкалайт) жана шайлоо бюллетендерин берет;

4) шайлоочулардын жашыруун добуш берүү кабиналарына киришин, шайлоо бюллетендерин бүктөлгөн түрүндө добуш берүү ящиктерине салышын контролдоону жүзөгө ашырат.

Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жана катчысы чүчүкулакка катышпайт.

3. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун өкүлдөрүнүн жана байкоочулардын катышуусу менен ичине ушул участоктун шайлоочуларынын тизмеси, шайлоо бюллетендери жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү, ошондой эле жайдан тышкары добуш берүүнүн натыйжалары боюнча документтер болгон мөөрлөп бекитилген сейфти ачат: сейфтен шайлоочулардын тизмесин алып чыгат, шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин санын жарыялайт, катышкан адамдарга аны көрүп таанышууга мүмкүндүк берет, андан кийин аны добуш берген күнү шайлоочуларды каттоо жана шайлоочулардын тизмесин толтуруу үчүн жоопкер болгон участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө таратып берет.

4. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө, ошондой эле катышып олтурган байкоочуларга, талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө ичи бош добуш берүү ящиктерин көрсөтөт, алар участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен мөөрлөнүп бекитилет (пломбаланат). Андан кийин мөөрлөнүп бекитилген добуш берүү үчүн ящиктерге участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы округдун аталышы, шайлоо участогунун номери, контролдук барактардын ящикке салынган убактысы көрсөтүлгөн жана участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын, катчысынын жана участкалык шайлоо комиссиясынын башка мүчөлөрүнүн, катышып отурган талапкерлердин, алардын өкүлдөрүнүн жана байкоочулардын, саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун өкүлдөрүнүн фамилиялары жазылган контролдук барактарды салат. Контролдук барактарга ошол адамдар кол коюшат жана алар участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен ырасталат.

5. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жогору турган шайлоо комиссиясынан алынган шайлоо бюллетендеринин санын жарыя кылат. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун өкүлдөрүнүн жана байкоочулардын катышуусу менен шайлоо бюллетендерин кайрадан санап чыгат жана алардын санын жарыя кылат, андан соң участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы буга катышкан адамдарга аларды карап көрүүнү сунуш кылат жана участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан жогору турган шайлоо комиссиясынан алынган шайлоо бюллетендеринин санын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү протоколдун 2-сабына жана анын чоңойтулган формасына жазат.

6. Шайлоо бюллетендерин кайра санап чыккандан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы ведомость боюнча участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө 50-100дөн шайлоо бюллетенин таратып берет, алар алгандыгы жөнүндө кол коет жана шайлоо бюллетендеринин берилиши үчүн жооп беришет.

7. Добуш берүү үчүн жайга кире бериште шайлоо комиссиясынын чүчүкулак менен аныкталган мүчөсү шайлоочуда маркировканын жок экендигин текшерет. Маркировкасы жок шайлоочу добуш берүүгө киргизилет. Маркировка билинген учурда шайлоочу добуш берүүгө киргизилбейт.

8. Шайлоо бюллетендерин берүүдө шайлоо комиссиясынын чүчүкулак менен аныкталган мүчөсү шайлоочуларды каттоону жүзөгө ашырат: шайлоочулардын документтерин текшерет, алардын реквизиттерин тизмеге киргизет, ал жерден шайлоочулар шайлоо бюллетенин алгандыгы үчүн кол коет, шайлоо комиссиясынын чүчүкулак менен аныкталган башка мүчөсү шайлоочунун сол колунун баш бармагын атайын курам менен маркировкалайт жана шайлоо бюллетенин берет.

9. Ар бир шайлоочу жеке өзү добуш берет, башка шайлоочулар үчүн добуш берүүгө жол берилбейт.

10. Шайлоо бюллетендери шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочуларга паспортун же анын ордун басуучу документти көрсөткөндүгү боюнча берилет.

11. Добуш берүү үчүн шайлоо бюллетенин алганда шайлоочулардын тизмесине шайлоочунун паспортунун же анын инсандыгын ырастоочу документтин сериясы жана номери жазылат. Шайлоочу туура жазылышын текшерет жана шайлоочулардын тизмесине кол коет. Бир нече шайлоо бюллетендери боюнча бир убакта добуш берүү өткөрүлгөн учурда шайлоочу ар бир шайлоо бюллетени үчүн кол коет.

12. Шайлоо бюллетени шайлоочу тарабынан атайын жабдылган кабинада же башка адамдын болушуна жол берилбеген атайын жабдылган жайда толтурулат. Атайын жабдылган кабина же атайын жабдылган бөлөк жай шайлоо бюллетенин толтурууда добуш берүүчүнүн эрк-ниетин билдирүүнүн жашыруундуулугун жана добуш берүүчүнүн аракеттерине шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жана байкоочулардын көзөмөлүн камсыз кылууну эске алуу менен даярдалууга же орнотулууга тийиш.

13. Пропорциялуу система боюнча жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоочу саясий партияга тиешелүү квадратка өзү тандагандын пайдасына же болбосо "Баардыгына каршы" деген орунга тиешелүү белги коет.

Мажоритардык система боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочу шайлоо бюллетенинин алардын пайдасына тандалган талапкерлерге тиешелүү квадраттарына же болбосо "Баардыгына каршы" деген квадратка тиешелүү белги коет. Шайлоочу добуш берүүчү талапкерлердин саны шайлоо округу боюнча мандаттардын санынан ашпоого тийиш.

14. Эгерде шайлоочу шайлоо бюллетенин толтурууда ката кетирип алдым деп эсептесе, ал шайлоо бюллетенин берген участкалык шайлоо комиссиясынын бюллетень берген мүчөсүнө бузулган шайлоо бюллетенинин ордуна жаңысын берүү өтүнүчү менен кайрылууга укуктуу. Шайлоо комиссиясынын мүчөсү шайлоочулардын тизмесинде бул шайлоочунун фамилиясынын тушуна тиешелүү белги коюу менен жаңы шайлоо бюллетенин берет. Бузулган шайлоо бюллетени керектен чыгарылып, ал жөнүндө акт түзүлөт.

15. Шайлоо бюллетенин алгандыгы тууралуу өз алдынча кол коюуга жана шайлоо бюллетенин толтурууга мүмкүнчүлүгү болбогон шайлоочу ал үчүн шайлоо комиссиясынын мүчөсү, талапкер, талапкердин, саясий партиянын, шайлоочулардын тобунун өкүлү, байкоочу болуп саналбаган башка шайлоочунун жардамынан пайдаланууга укуктуу. Бул учурда шайлоочу башка адамдын жардамынан пайдалануу жөнүндө өз ниетин участкалык шайлоо комиссиясына оозеки кабарлайт.

16. Толтурулган жана бүктөлгөн шайлоо бюллетендерин шайлоочулар добуш берүү үчүн мөөр басылып бекитилген (пломба коюлган) ящиктерге салат. Шайлоо бюллетенин добуш берүү үчүн жайдан алып чыгууга тыюу салынат.

17. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү үчүн жайдагы тартипке көз салат. Добуш берүү үчүн жайда коомдук тартип бузулган учурда участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү үчүн жайда коомдук тартипти камсыз кылуу максатында укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жардамга кайрылууга укуктуу, тартипке салгандан кийин алар добуш берүү үчүн жайдан чыгып кетүүгө тийиш. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын өз ыйгарым укуктарынын чектеринде берилген, шайлоо процессинин катышуучуларынын укуктарын бузбаган тескемелери добуш берүү үчүн жайындагы катышуучулардын баары үчүн милдеттүү болот. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жок болгондо анын ыйгарым укуктарын участкалык шайлоо комиссиясынын катчысы же шайлоо комиссиясы тарабынан ыйгарым укук берилген бул комиссиянын башка мүчөсү аткарат.

18. Эгерде алар шайлоо комиссиясынын ишине же болбосо Кыргыз Республикасынын жараны өз шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруусуна тоскоолдук кылууга, ошондой эле добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузууга аракет кылса, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү анын ишине катышуудан токтоосуз четтетилет, ал эми байкоочу же башка адамдар добуш берүү үчүн жайдан тышка чыгарылат. Бул жөнүндө чечим участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан жазуу жүзүндө кабыл алат. Мында комиссия бул адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуш менен тиешелүү органдарга кайрылууга укуктуу.

19. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер менен ишканалар, ошондой эле алардын кызмат адамдары добуш берүү күнүндө коомдук коопсуздукту, коомдук транспорттун, байланыш каражаттарынын үзгүлтүксүз иштешин, добуш берүү үчүн жайларда электр жарыгы жана жылуулук болушун камсыз кылууга милдеттүү.



(КР 2014-жылдын 21-ноябрындагы N 158 Мыйзамынын редакциясына ылайык)


Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет