Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчету Киришүү



бет19/19
Дата23.02.2016
өлшемі1.52 Mb.
#11437
1   ...   11   12   13   14   15   16   17   18   19

- Садырбаева Г.С. - «Кыргызнефтегаз» ААКна карызды жоюуга көмөк көрсөтүү жөнүндө. Өкүлчүлүктүн жардамы менен «Кыргызжилкоммунсоюз» МИ карызды жоюу эсебинен 124 млн сом которуп берди. «Электр станциялар» АК 20-октябрга карызын толук жойду.

- Балтабаев Т. Б. и Кочкоров У. Т. - түштүк региондогу укук коргоо органдарын бекемдөө жөнүндө. ИИМ буйругу менен борбордук аппараттын штатынан Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын милиция башкармалыктарына 55 бирдик өткөрүлүп берилди;

- Мадылбеков Т. М. - Чүй облусунда социалдык объектилердин жетишсиз курулушу жөнүндө. Өкмөттүн тапшырмасы менен Чүй облусунда 6 социалдык объекттин курулушу аяктады: Маданият айылындагы 150 орундук мектеп, Кемин кургак учук ооруканасын реконструкциялоо, Жекен айылындагы 100 орундуу окуу корпусу спортзалы менен, Суусамырдагы 15 койкалуу Жайыл райондук аймактык оорукананын филиалы, Васильевка айылындагы үй-бүлөлүк врачтар тобунун имараты жана Чүй районунун Сайлык айылындагы спорткомплекси.

Бардыгы болуп «Ар түрдүү маселелер» бөлүгүндө 27 жыйын болуп өттү, анын ар биринде орточо 25тен депутат чыгып сүйлөдү. Коюлган суроо-талаптардын 70 %ына кагаз жүзүндө жооп берилди. Калган депутаттардын кайрылууларына Өкмөттүн өкүлү тарабынан оозеки жооп берилди.

Депутаттар Өкмөт тарабынан алардын суроо-талаптарын ишке ашыруу боюнча ыкчам жана конкреттүү иштер жүргүзүлүп жатканын белгилешти.

Өкүлчүлүк Юстиция министрлиги жана Өкмөттүн Аппараты менен биргеликте 2015-жылга мыйзам долбоорлорунун ишинин планын иштеп чыкты.


  1. 2014-жылга негизги милдеттер

2015-жылда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-аракети


2013-2017-жылдары Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча Программасында (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 18-декабрындагы № 3694-V токтому менен бекитилген) аныкталган туруктуу өнүгүүнүн приоритеттерин ишке ашырууга багытталат. Бул үчүн ТӨУСда коюлган ар бир маселени чечүү үчүн конкретүү иш аракеттер, чаралар, долбоорлор менен камсыз кылуу менен жыл сайын Өкмөттүн деталдуу Планы иштелип чыгат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын


31-декабрындагы УП № 237 «2015-жылды Улуттук экономиканы чыңдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 18-декабрындагы № 3694-V токтому менен бекитилген 2013-2017-жылдары Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча Программасын аткаруу максатында улуттук экономиканы бекемдөөгө стратегиялык багыттарды жана артыкчылыктарга жетүүнү камсыз кылууга багытталган 2015-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш-чараларынын планы даярдалган (Өкмөттүн 2015-жылдын 20-февралындагы № токтому).

Жагымдуу инвестициялык климатты, бизнес-чөйрөнү жаратуу жана чет өлкөлүк, ошондой эле жергиликтүү инвестицияларды тартууну камсыз кылган мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу жана ачык системасын түзүү үчүн, 2015-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш-чараларынын планы ченемдик укуктук актылардын базасын өркүндөтүү боюнча чараларды карайт, аларды ишке ашыруунун жыйынтыгында бизнес менен мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү коомчулуктун өз ара мамилелешүүсүндө тунук жана түшүнүктүү эрежелер аныкталат.

Кыргызстандын экономикасынын стратегиялык тармактарынын өнүгүүсүнө багытталган иш-чараларды аткарууда өзгөчө көңүл агроөнөржай секторуна, энергетикага, тоо кен тармагына, транспорт жана коммуникацияга, туризм жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө бурулат, бул жумушчу орундардын пайда болушуна түрткү берет жана Евразия экономикалык союзунун алкагында өлкөнүн экономикалык потенциалын толук ишке ашырууга шарт түзөт.

Улуттук экономиканы бекемдөөгө багытталган иш-чараларды аткаруу билим берүүнү, саламаттыкты сактоону өнүктүрүү, пенсиялык камсыздоону жакшыртуу, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга камкордук көрүү боюнча социалдык программаларды, ошондой эле мамлекеттин башка милдеттенмелерин ишке ашырууга шарт түзөт.

Улуттук экономиканы бекемдөө үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүүгө мыйзамдуулукту, коомдук тартипти, коррупцияга каршы турууну мындан ары күчөтүүгө жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча чаралар көрүлөт.

Чаралардын планы улуттук экономиканы бекемдөө боюнча


иш-чараларды аткаруудан түшкөн кошумча каражатты биринчи кезекте социалдык секторду колдоого багыттоону карайт.

Ошондой эле, өсүүнүн экономикалык түйүндөрүн түзүүгө жана Планды ийгиликтүү аткаруунун прогрессин пропагандалоого бизнести жана жарандык коомду жигердүү тартуу максатында кеңири маалыматтык колдоону камсыз кылуу боюнча чаралар көрүлөт.

Мындан тышкары Планга кризиске каршы чаралар киргизилген.

Ушулардын негизинде, Өкмөттүн ишинин негизги багыттары төмөнкүлөр болот:

- бизнес-чөйрөнү жакшыртуу үчүн кардиналдык реформаларды жасоо аркылуу улуттук экономиканын атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу;

- жаңы бюджеттик саясатты ишке ашыруу, мамлекеттик чыгымдарды оптималдаштыруу;

- коррупциянын таасиринен эркин болгон аткаруу бийлигинин тунук жана натыйжалуу системасын куруу.

Максаттуу макроэкономикалык көрсөткүчтөр инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, өлкөнүн мамлекеттик активдерин натыйжалуу башкаруу, экономиканын бардык тармактарын өбөлгөлөө үчүн мамлекеттик тескөө системасын реформалоо менен жетишилет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү керек болгон учурда дүйнөлүк конъюнктура менен байланышкан терс процесстердин экономикага тийгизген кескин таасирин жумшартууга багытталган иш-чаралардын системасын иштеп чыгат.

Негизги аракеттер төмөнкүлөр болот:



  • экономикалык өсүүнүн болжолдонгон деңгээлине экономиканы чыгаруу үчүн коркунучтарды өз убагында табуу жана тобокелдердин алдын алуу максатында макроэкономикалык көрсөткүчтөргө туруктуу мониторинг жүргүзүү;

  • ЕАЭС кирүү боюнча иш-чараларды активдүү аткаруу, ЕАЭС кирүүгө байланыштуу экономиканын сырткы экономикалык иш-аракеттердин жаңы шартына көндүрүү;

  • жазгы-күзгү талаа иштерин даярдоо, өткөрүү боюнча толук чараларды көрүү, ошондой эле мал чарбасынын эпизоотиялык жагымдуулугун камсыз кылуу;

  • бюджеттик туруктуулукту жогорулатууну, бюджеттик системанын ачыктыгын жана мамлекеттик бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун камсыздоо;

  • мамлекеттик бюджетке салык жана бажы төлөмдөрүн топтоонун толуктуулугун камсыз кылуу;

  • 2015-жылга коюлган параметрлерге ылайык, Социалдык фондго камсыздандыруу төлөмдөрүнүн келип түшүүсүн камсыз кылуу;

  • социалдык милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуу;

  • мамлекеттик активдерди башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу;

  • пландаштырылган ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну активдүү жылдыруу;

  • пайдалуу кен байлыктардын ири жана орто кендерин пайдаланууга берүүнүн шарттарын түзүү;

  • токтоп турган ишканаларды ишке киргизүү, республиканын иштеп жаткан ишканаларынын кубаттуулугун өстүрүү, өнөр-жай өндүрүшүнүн жаңы объектилерин түзүү боюнча жумуштарды күчөтүү;

  • Кыргыз Республикасынын экономикасынын туруктуу өнүгүүсүнө инвестицияларды камсыз кылуу үчүн улуттук фондулук рыноктун натыйжалуулугун жогорулатуу;

  • болгон автожолдорду оңдоп-түзөө жана жаңыларын куруу;

  • энергияны үнөмдөө саясатын жүргүзүү үчүн институционалдык негизди түзүү жана энергоэффективдүү имараттарды жана курулуштарды курууда жетишкендикке жетүү;

  • Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн жагымдуу сырткы саясат шарттарын түзүүгө багытталган активдүү жана натыйжалуу тышкы саясатты жүргүзүү;

  • Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөр менен болгон сырткы экономикалык жана соода байланышын өнүктүрүү жана кеңейтүү, экспортту жана Кыргыз Республикасынын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн жылдыруу, чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу;

  • ар түрдүү деңгээлдеги укуктук ченемдик актылардын арасындагы коррупциялык ченемдерди жана карама-каршылыктарды жоюу;

  • күч түзүмдөрүнүн түзүлүшүн жана башкаруу системасын өркүндөтүү;

  • чек ара коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндө улуттук мыйзамдуулукту гармонизациялоо жана заманбап чек ара инфратүзүмүн түзүү ж.б.

Белгиленген иш-чаралардын аткарылышынын эң маанилүү шарты болуп саясий туруктуулукту сактоо, экономиканын секторлоруна болжолдонгон көлөмдөгү инвестициянын келип түшүшү, ошондой эле экономикага таасири тийген сырткы жана ички шоктордун жок болушу эсептелет.

1 УСКнын статистикалык маалыматы боюнча келтирилген (2014-жыл, баштапкы маалымат)

2 Көрсөткүчтөр дүң кошумча нарк боюнча көрсөтүлдү

3 ДВФ баалоосу

4 Улуттук банктын маалыматы (акча-кредиттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу маселелери УБка тиешелүү жана УБдун иши жөнүндө отчет жыл сайын КР Жогорку Кеңешине берилет).

5 Банк тутумунун талданма балансынын маалыматы боюнча жеке жана юридикалык жактардын жана башка финансылык-кредиттик мекемелердин кредиттери гана кошулат, мында Өкмөткө жана резидент эместерге кредиттер алынып ташталат.

6 Иштетип алма чийки затты эсепке албастан

7 Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казынасынын алдын ала маалыматтары боюнча

82013-жылдын ЧТИ боюнча такталган маалыматы отчеттук мезгил аяктагандан кийин 25-майдан кийин берилет.

95 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун маалыматы боюнча

10КРнын Социалдык өнүгүү министрлигинин жана УСКнин маалыматтары

11 Кыргыз Республикасынын Улуттук Статистика комитетинин маалыматтарын колдонуу менен Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин маалыматы, “Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалы, январь-декабрь” айлык басылмасы, Кыргыз Республикасынын Улуттук Статистика комитети, Бишкек ш., 2014-ж.

12 Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтары колдонуу менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы, “Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалы, январь-декабрь” айлык басылмасы, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети, Бишкек ш., 2014-ж.

13 Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин “Кыргыз Республикасындагы билим берүү жана илим” статистикалык жыйнагы, Бишкек ш., 2014-жылы

14 Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин “Кыргыз Республикасындагы билим берүү жана илим” статистикалык жыйнагы, Бишкек ш., 2014-жылы



Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   11   12   13   14   15   16   17   18   19




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет