Дүйнөлүк экономиканын жана ЕАЭСке мүчө өлкөлөрдүн
өсүү темпинин динамикасы, %
Өлкөлөр
|
2012-ж.
|
2013-ж.
|
2014-ж.
|
2015-ж.
|
иш жүзүндө
|
иш жүзүндө
|
баштапкы иш жүзүндө
|
кайрадан каралып чыкканга чейин
|
кайрадан каралып чыкканы
|
Дүйнөлүк экономика
|
3,1
|
3,3
|
3,3
|
4,0
|
3,5
|
Еврозона
|
- 0,7
|
- 0,4
|
0,8
|
1,5
|
1,2
|
Кытай
|
7,7
|
7,7
|
7,4
|
7,7
|
6,8
|
Россия
|
3,4
|
1,3
|
0,6
|
3,1
|
- 3,0
|
Казакстан
|
5,0
|
6,0
|
4,3
|
7,1
|
1,5
|
Белоруссия
|
1,7
|
1,0
|
1,6
|
3,1
|
0,2-0,7
|
Армения
|
7,2
|
3,5
|
3,4
|
5,5
|
0,4-2,0
|
Кыргыз Республикасы
|
-0,1
|
10,9
|
3,6
|
6,2
|
2,0
|
Кыргыз Республикасынын ЕАЭСке кошулуусу экономиканы өнүктүрүүдө 2015-жыл үчүн башталгыч негиз болгон ЕАЭСке катышуучу өлкөлөрдүн экономикалык өсүш темпин төмөндөтүүгө алып келүүчү уланып жаткан жагымсыз шарттарга жана валюта рыногундагы масштабдуу кыймылдардын мезгилине туш келди, бул өз кезегинде Кыргыз Республикасынын экономикасына да терс таасирин тийгизет.
Кыргызстандагы макроэкономикалык жагдай дагы да болсо жетишээрлик түрдө туруктуу эмес. Кыргызстандын экономикасы региондогу эң ачык экономика болуп саналат жана алтын өндүрүшүнөн, мигрант-жумушчулардын акча которууларынан, транзиттик соодадан жана тышкы жардамдардан жогорку көз карандылык менен мүнөздөлөт. Мындай көз карандылык жагымсыз тышкы факторлордун таасири алдында экономиканын чабалдыгын шарттайт, алар: дүйнөлүк азык-түлүк жана финансы рынокторундагы конъюнктурадан кыйла деңгээлде көз карандылык, негизги эл аралык товардык жана финансылык рыноктордон алыстык.
Ушундан улам, отчеттук мезгилде макроэкономикалык көрсөткүчтөр түзүлүүчү негизги өбөлгөлөр төмөнкүлөр болду:
Тышкы жагымсыз факторлор:
-
ЕАЭСке мүчө өлкөлөрдө экономикалык өсүштүн басаңдашы;
-
ЕАЭСке мүчө жана негизги соода өнөктөш өлкөлөрдө инфляциянын тездик менен өсүшү;
-
жеке адамдардын акча которууларынын таза агымы 5,1 %га азайышы, ал 2014-жылы 1812,9 млн АКШ долларын түздү (2013-жылы 1908,2 млн АКШ долларын түзгөн);
-
ички рыноктун азык-түлүк тобундагы (ун, өсүмдүк майы, кант, акшактар жана башкалар) товарлардын импортуна көз карандылыгы.
Ички жагымдуу факторлор:
-
текшерүүлөрдүн, лицензиялардын жана башка мамлекеттик жөнгө салуучу чаралардын санын кыскартуу аркылуу бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
-
фермерлерге арзан кредиттерди (алты банк тарабынан жалпы суммасы 5,3 млрд сом кредит берилди), айыл чарба техникаларын лизингге берүү жана материалдык резервдин эсебинен күйүүчү-майлоочу материалдарды бөлүштүрүү;
-
2013-жылга салыштырганда керектөө кредиттери 36,7 %га өстү;
-
2013-жылга салыштырганда экономикага кредиттер 43,6 %га өстү.
Ички жагымсыз факторлор:
-
инфляциянын жогорку деңгээли (керектөө бааларынын индекси 10,5 %, 2014-жылдын декабры 2013-жылдын декабрына карата % менен);
-
2014-жылдын январь-декабрь айларында бизнести өнүктүрүү үчүн кредиттер боюнча жогорку пайыздык ставкалар (17,67 % - орточо пайыздык ставка);
-
айыл чарбасын жана энергетиканы өнүктүрүү үчүн жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттар (жаздын кеч келиши, кургакчылык жана сугаттын жоктугу, суунун аз болушу);
-
товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө керектөө суроо-талаптын төмөндөшү (1,3 %га орточо айлык эмгек акынын реалдуу өсүшү);
-
чет өлкөлүк түз инвестициянын төмөндөшү (63,1 %), капиталдын чыгышынын өсүшү (24,6 %га).
2014-жылда жүргүзүлгөн макулдашылган экономикалык саясат дүйнөлүк экономикада, анын ичинде негизги соода-өнөктөш өлкөлөрдө- Россия Федерациясында, Казакстанда уланып жаткан басаңдоо жагдайынын терс таасирине карабастан, өлкөдө макроэкономикалык жана социалдык стабилдүүлүктү жана экономиканы өнүктүрүүнүн белгиленген оң динамикасын сактоого мүмкүндүк түздү.
Кыргыз Республикасында ЕАЭСке кошулуу алдында туруктуу экономикалык жана саясий стабилдүүлүк түзүлдү, бирок Кыргыз Республикасы тышкы жана ички олку-солкулуктарга дуушарланган бойдон кала берүүдө.
1.1.2 Керектөө бааларынын индекси
2014-жылы керектөө бааларынын индекси 110,5 %ды түздү (2013-жылдын декабрына салыштырганда), орточо жылдык мааниси (2014-жылдын январь-декабрында 2013-жылдын январь-декабрына караганда) 107,5 %ды түздү.
2014-жылы инфляция 3,6 %дан 10,5 %га чейинки диапазондо өзгөрдү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) биргелешкен аракети эндогендик (жаратылыш-климат шарттарынан улам айыл чарбасындагы өндүрүштүн басаңдашы; турак жай-коммуналдык чарба кызматтарына тарифтин жогорулашы; Кыргыз Республикасынын ЕАЭСке кошулуусуна байланыштуу инфляциялык күтүүлөрдүн өсүшү), ошондой эле экзогендик (сомго жана башка валюталарга карата АКШ долларынын чыңдалышы; Россия нефти иштетүүчү заводдорунда күйүүчү майлоочу майларга сатык баанын кымбатташы; Казакстанда дан эгиндеринин түшүмү толук жыйналбаганына байланыштуу импорттолуучу буудайдын наркынын жогорулашы) факторлор менен шартталган өлкөдөгү инфляциялык процесстердин тездешине байланыштуу бааны турукташтырууга багытталды.
2014-жылдагы валюталык рынокто болгон абалды, Россиянын экономикасында болгон окуяларды, ошондой эле алмаштыруу курсунун түшүшүнөн керектөөчү товарлардын бааларына таасирди эске алуу менен тобокелдиктерди минималдаштырууга багытталган иш-чаралардын биринчи кезектеги Планы кабыл алынды. Пландын чегинде социалдык маанилүү товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн баасына мониторинг күн сайын, чоң өндүрүштөрдүн бааларына жума сайын мониторинг, валюталардын курсуна, коммерциялык банктар аркылуу чет өлкөгө валютаны ири которууларга мониторинг, тамак-аш продуктуларына баа берилип турду, ошондой эле алмаштыруу курсун жана республиканын базарларындагы бааларды турукташтыруу үчүн уюштуруу иштери жүргүзүлдү.
Өкмөттүн жана Улуттук банктын аракеттеринин натыйжасында 2014-жылдын жыйынтыгында инфляциянын деңгээли болжолдонгон маанисинин чегинде түзүлдү.
5-таблица
Керектөө бааларынын индексинин болжолдонгон жана иш жүзүндө түзүлгөн маанисине салыштырма таблица
Керектөө бааларынын индекси
|
2013-жыл
|
2014-жыл
|
четтөө
|
иш жүзүндө
|
болжол
|
иш жүзүндө
|
(+,-)
|
Мурунку жылдын декабрына карата, %
|
104,0
|
110,6
|
110,5
|
-0,1
|
Мурунку жылдын тийиштүү мезгилдерине карата, %
|
106,6
|
7,6
|
7,5
|
-0,1
|
Отчеттук мезгилде керектөө бааларынын өсүшүнө азык-түлүк товарларынын 13,9 %га кымбатташы негизги салымын (6,7 пайыздык пунктта) кошту. «Нан азыктары жана акшактар» товардык тобуна болгон баа 14,7 %га жогорулады, бул буудай унунун жогорку жана биринчи сортторуна баанын 15,1 %га жана 17,6 %га кымбатташы менен шартталды, ал жыйноо мезгилиндеги жагымсыз жаратылыш шарттарына байланыштуу аз түшүмдүүлүктөн улам, казакстандык ундун экспортуна баанын жогорулашы, 2014-жылы экспорттук суроо-талаптын жогорулашы, Кыргызстанда айыл чарба өндүрүшүнүн көлөмүнүн төмөндөшү, КММга болгон баанын кымбатташы жана улуттук валютанын курсунун төмөндөшү менен байланыштуу болду.
6-таблица
2013-2014-жылдарда Кыргыз Республикасы боюнча керектөө товарларынын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларынын индекси
|
Керектөө себетиндеги салыштырма салмагы
( % менен)
|
2014-ж. январь-декабры 2013-ж. январь-декабрына карата ( %)
|
2014-ж.
декабры
2013-ж. декабрына карата( %)
|
2013-ж.
декабры
2012-ж. декабрына карата ( %)
|
2014-ж. 2013-ж. карата фактыдан четтөө (+; -)
|
Керектөө товарларына жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын индекси
|
100,0
|
107,5
|
110,5
|
104,0
|
6,5
|
анын ичинде:
|
|
|
|
|
|
Товарлар
|
86,3
|
108,0
|
111,2
|
103,9
|
7,3
|
алардын ичинен:
|
|
|
|
|
|
тамак - аш продуктылары жана алкоголсуз суусундуктар
|
48,1
|
108,2
|
113,9
|
101,8
|
12,1
|
алкоголдуу ичимдиктер, тамеки буюмдары
|
9,2
|
110,0
|
112,3
|
107,3
|
5,0
|
азык-түлүк эмес товарлар
|
28,9
|
106,9
|
106,8
|
106,3
|
0,5
|
Кызмат көрсөтүүлөр
|
13,7
|
104,8
|
105,9
|
104,3
|
1,6
|
2014-жылы сезондук факторлордон, валютанын курстук туруксуздугунан, мөмө-жемиш өсүмдүктөрдүн аз түшүмдүүлүгүнөн улам «жашылча-жемиштерге» керектөө баалары кымбаттады, ал 25,1 %ды түздү, мында жер жемиштерге болгон баа 30,5 %га, мөмө жемиштерге 14,3 %га жогорулады. «Эт жана май» товардык тобуна баа бул продукциялардын негизги импортеру болгон Россияда май өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү жогору болгондуктан, болгону 0,2 %га жогорулады.
2014-жылы кумшекерге баа 8,6 %га кымбаттады, бул сомго карата доллардын курсунун чыңдалышы менен байланыштуу, эт 11,0 %га кымбаттады, бул кургакчылык жана малга тоюттук базанын аз болушуна байланыштуу болду.
Мындан тышкары сүт азыктарына, сыр жана жумурткага болгон баанын кымбатташы байкалды, ал 11,4 %ды түздү, бул сезондук факторлор менен шартталды.
2014-жылы алкоголдуу ичимдиктердин жана тамеки буюмдарынын баалары мурунку жылга салыштырганда 12,3 %га жогорулады, анын ичинде: алкоголдуу ичимдиктер 9,9 %га жана тамеки буюмдары 21,7 %га кымбаттады.
2014-жылы азык-түлүк эмес товарлардын негизги топторуна баалар 2013-жылдын декабрына салыштырганда 6,8 %га кымбаттады. Анын ичинде кийим жана бут кийим 7,0 %га, турак жай кызмат көрсөтүүлөрү, суу, электр энергиясы, газ жана отундун башка түрлөрү 5,7 %га кымбаттады (электр энергиясынын, газдын жана отундун башка түрлөрүнүн баасынын 5,3 %га, суу менен камсыздоо 3,7 %га өсүшүнүн эсебинен).
2014-жылы КММга болгон баанын 19,6 %га жогорулаганы байкалды, анын ичинде: дизелдик отун 2,7 %га жана бензин 20,8 %га. Баанын өсүшүнө сомго жана Россия рублине карата доллардын курсунун чыңдалышы таасирин тийгизди (2014-жылдын 31-декабрында сомго карата доллардын курсу болжол менен 19,6 %га жогорулады), анткени жабдуу-берүүлөр боюнча контракттардын 80 %га жакыны АКШ долларында түзүлөт.
Отчеттук мезгилде акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөр 5,9 %га кымбаттады. Бул топтор боюнча баанын өсүшү маданий иш-чараларды уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр 19,4 %га, амбулатордук кызмат көрсөтүүлөр 12,5 %га, транспорттук кызмат көрсөтүүлөр 9,4 %га, билим берүү 7,8 %га кымбаттагандыгынын эсебинен болду.
2014-жылы Кыргыз Республикасынын бардык региондору боюнча баалар жогорулады. 2014-жылдын башында баанын кескин жогорулашы Ысык-Көл облусунда (16,3 %) жана Талас облусунда (14,4 %) байкалды, бул негизинен азык-түлүк продуктуларынын баалары 19,7 %га жана 16,1 %га олуттуу өсүшү менен шартталды.
7-таблица
Кыргыз Республикасынын облустары боюнча керектөө товарларына жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын индекси (2014-жылдын декабры, 2013-жылдын декабрына карата % менен)
Аталыштары
|
КБИ
|
анын ичинде:
|
тамак-аш продуктулар жана алкоголсуз суусундуктар
|
алкоголдуу ичимдиктер,
тамеки буюмдары
|
азык-түлүк эмес товарлар
|
калкка кызмат көрсөтүү
|
Кыргыз Республикасы
|
110,5
|
113,9
|
112,3
|
106,8
|
105,9
|
анын ичинен облустар боюнча:
|
|
|
|
|
Баткен облусу
|
112,1
|
113,8
|
110,7
|
110,4
|
110,8
|
Жалал-Абад облусу
|
113,3
|
118,3
|
111,5
|
107,8
|
109,6
|
Ысык-Көл облусу
|
116,3
|
119,7
|
115,4
|
111,3
|
117,3
|
Нарын облусу
|
111,6
|
114,6
|
106,9
|
104,6
|
120,0
|
Ош облусу (Ош шаарын кошкондо)
|
113,0
|
118,6
|
110,2
|
107,3
|
108,4
|
Талас облусу
|
114,4
|
116,1
|
111,7
|
113,2
|
113,4
|
Чүй облусу
|
113,8
|
114,6
|
115,5
|
112,6
|
112,6
|
Бишкек шаары
|
107,8
|
111,0
|
112,4
|
104,7
|
101,0
|
ЕАЭСке кирген айрым өлкөлөрдө инфляциянын деңгээли жогорулады: Казакстанда 7,4 %га, Россияда 11,4 %га, Белоруссияда 16,2 %га.
8-таблица
2012-2014-жылдарда өлкөлөрдөгү инфляциянын деңгээли % менен
Мамлекеттер
|
2012-ж.
|
2013-ж.
|
2014-ж.
|
Дүйнөлүк экономика3
|
104,2
|
103,9
|
103,7
|
Еврозона
|
102,2
|
100,8
|
99,8
|
Кытай
|
102,6
|
102,6
|
102,0
|
Россия
|
106,6
|
106,5
|
111,4
|
Казакстан
|
106,0
|
104,8
|
107,4
|
Белоруссия
|
121,8
|
116,5
|
116,2
|
Армения
|
103,2
|
105,6
|
104,6
|
Кыргыз Республикасы
|
107,5
|
104,0
|
110,5
|
1.1.3 Акча-кредит саясаты 4
Отчеттук жылда Улуттук банктын аракеттери акча-кредиттик саясаттын шаймандарын колдонуу аркылуу акча базасын жөнгө салуу менен инфляциянын монетардык түзүмүн чектөөгө багытталган, салмакталган акча-кредиттик саясатты жүргүзүүгө багытталды.
2014-жылы Улуттук банк акча-кредит саясатынын трансмиссиялык механизминин пайыздык каналынын ишин күчөтүүгө багытталган жаңы негизге өткөн. Ушуга байланыштуу, 2014-жылдын март айынан тартып эсептик ставканын өлчөмү ай сайын Улуттук банктын Башкармасынын чечими менен аныкталып турду. Мындан тышкары, эсептик ставканын тегерегинде коридор түзүлгөн (эсептик ставканын «жогорку чеги» катары «овернайт» кредиттери боюнча пайыздык чен белгиленген, ал эми «төмөн чегин» аныктоо үчүн акча-кредит саясатынын жаңы инструменти - «овернайт» депозиттери ишке киргизилген).
Тышкы факторлордун таасиринин көбөйүшүнүн негизинде Кыргыз Республикасында инфляциялык күтүүлөр жогорулап, валютага ажиотаждуу суроо-талапты пайда кылды, АКШ долларынын курсунун кескин түрдө жогорулашы тамак-аш продуктуларына бааларды кымбаттатты. АКШ долларынын сомго болгон алмаштыруу курсу бир жылдын ичинде 19,6 %га көтөрүлүп, 1 АКШ доллары 49,2470 сомдон 58,8865 сомго чейин жетти (2013-жылы 3,9 %га)
Натыйжада валютанын алмашуу курсунун өзгөрүүсүн тегиздөө максатында Улуттук банк иш-чараларды кабыл алып, жылдын аягында доллардын алмашуу курсун 58,9 сомдун чегинде кармап калууга мүмкүн болду, ал иш-чаралар:
-
АКШ долларларын сатуу жана сатып алуу менен валюталык интервенцияларды жүргүзүүнүн негизинде банктар аралык валюта рыногунда таза сатуу 516,28 млн АКШ долларынын чегинде катталган
(2013-жылы интервенция 14,7 млн АКШ долларын түзгөн), бул эл аралык резервдердин дүң көлөмү азайышына алып келди (жылдын башына салыштырмалуу 12 айдын ичинде 12,5 %га кыскарды);
-
эсептик коюмду 4,16 %дан 10,5 %га чейин көтөрүү (жылдын башынан тартып 8 жолу);
-
коммерциялык банктарга милдеттүү резервдик талаптардын күндүк минималдык босоголук маанисин киргизүү, мунун негизинде
2014-жылдын 15-декабрынан тартып Улуттук банктагы ар бир коммерциялык банктын корреспонденттик эсебинде каражаттын көлөмү күндөлүк милдеттүү резервдик талаптарды аткаруу үчүн тийиштүү мезгилге аныкталган банктын милдеттүү резервинин көлөмүнүн 90 %ынан кем эмес болушу керек.
Алмаштыруу бюролоруна 1280 текшерүүлөр, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо иретинде коммерциялык банктарга чет өлкөлүк валюта менен операцияларды жүзөгө ашырууда жана банктар аралык валюта рыногунда Улуттук банк тарабынан сатылган акча каражаттарын максаттуу пайдаланууга 124 максаттуу текшерүүлөр жүргүзүлдү.
Акча-кредит саясатында колдонуудагы инструменттеринин таасирдүүлүгүн күчөтүү максатында, Улуттук банк 2014-жылдын март айында жүгүртүү мөөнөтү 7 күндүк ноталарды чыгара баштаган, ал эми жүгүртүү мөөнөтү 14 жана 28 күндүк ноталарды өзгөчө учурларда гана чыгаруу чечимин кабыл алган.
Коммерциялык банктарга кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүктү берүү максатында 2014-жылы Улуттук банк акча-кредит саясатынын жаңы инструментин - 7 күндүк кредитти колдонууга киргизген. 2014-жылдын июнь айынан тартып аукциондук негизде коммерциялык банктарга
1,1 млрд сом суммасында 7 күндүк кредиттер берилген.
2014-жылы банк системасына көмөк көрсөтүү максатында экономиканы кредиттөөнү жогорулатуу үчүн кредиттик аукциондор өткөрүлгөн. Бүтүндөй алганда 2014-жылдын ичинде кредиттик аукциондордун чегинде 3,3 млрд сом суммада кредиттик каражаттар берилген.
2014-жылы акча базасы 64,5 млрд сомду түзүү менен 11,9 %га азайды (2013-жылы көбөйүү 13,4 %ды түзгөн).
Жылдын аягында жүгүртүүдөгү акчалардын көлөмү 57,1 млрд сомду түзүп, 2014-жылдын башына караганда 14,8 %га кыскарды (2013-жылы өсүш 14,9 %ды түзгөн).
Банктардан тышкары нак акчаны жана улуттук валютадагы депозиттерди өзүнө камтыган М2 акча топтому 2014-жылдын башынан баштап 9,4 %га кыскаруу менен 82,4 млрд сомду түздү (2013-жылы бул көрсөткүчтүн көбөйүүсү 17,4 %ды түзгөн).
Кеңири мааниде колдонулуучу М2Х (М2+ чет өлкө валютасында депозиттер) акча массасы 2014-жылы 3,0 %га көбөйүп, 124,5 млрд сомду түздү (2013-жылы М2Х көбөйүүсү 22,8 %ды түзгөн).
Банктардан тышкары акчанын көлөмү 16,2 %га, же 51,9 млрд сомго чейин кыскарган (2013-жылы 61,9 млрд сом болгон).
2014-жылы экономикага кредит5 82,1 млрд сомду түзүү менен жыл башынан бери 43,6 %га көбөйдү (2013-жылы 36,1 %).
9-таблица
Достарыңызбен бөлісу: |