Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчету Киришүү



бет12/19
Дата23.02.2016
өлшемі1.52 Mb.
#11437
1   ...   8   9   10   11   12   13   14   15   ...   19

Архивдик иши

2014-жылы мамлекеттик архивдер тарабынан мамлекеттик сактоодо турган документтердин узак сакталышын камсыздоого багытталган негизги салттуу иштин түрлөрү аткарылган. Бул максатта кагаз түрүндөгү документтердин 136641 барагы калыбына келтирилген, 15806 сактоо бирдиги мукабаланган жана тигилген, документтердин тексти өчүп бараткан 3444 барагы калыбына келтирилген, кинодокументтердин 4513 сактоо бирдигине, фотодокументтердин 1500 сактоо бирдигине жана кагаз түрүндөгү документтердин камсыздандыруу фондусунун 422400 сактоо бирдигине консервациялык-профилактикалык тазалоо жүргүзүлгөн. 559824 сактоо бирдиктеги документтердин болушу жана физикалык абалы текшерилген. Фотодокументтердин 498 сактоо бирдигин, видеодокументтердин 29 сактоо бирдигин, фонодокументтердин 11 сактоо бирдигин камсыздандыруу фонду түзүлгөн.

Мамлекеттик архивдерде сакталган документтердин курамын оптималдаштыруу максатында кагаз түрүндөгү документтердин (19768 сактоо бирдиги), кинодокументтердин (10 сактоо бирдиги), видеодокументтердин (80 сактоо бирдиги), фотодокументтердин (800 сакт.бирд.), фонодокументтердин (73 сактоо бирдиги) баалуулугуна экспертиза жүргүзүлдү.

Мамлекеттик архивдер тарабынан 48145 сактоо бирдиги мукабаланды (2013-жылга караганда 28773 сактоо бирдикке аз).

2014-жылы республиканын архивдик мекемелери документтерге илимий-маалымдоо аппаратын түзүү жана өркүндөтүү боюнча иштерди улантышты. Документтердин тизмелеринин абалын текшерүү, аларды өркүндөтүү жана кайра иштеп чыгуу, тизмелердин нускалуулугун калыбына келтирүү, документтерди каталогдорго бөлүү, тарыхый маалым каттарды жана титулдук барактарды түзүү улантылды. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик архив агенттигине Илимий-усулдук кеңештин кароосуна жана бекитүүсүнө 9 маалымкат түшкөн, анын ичинен 8и жеткире иштеп чыгууга кайтарылды жана 1 жол көрсөткүч (китепче) иш тартибинде жеткире иштеп чыгууга жактырылды. Жайыл районунун маалымдамасынын үстүндө иштер уланып жатат.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик архив агенттигинин Борбордук эксперттик текшерүү комиссиясы (мындан ары - БЭТК) облустук жана райондук маанидеги шаарлардын мэриялары (Кара-Көл шаардык мамлекеттик архив) жана шаардык кеңештер (Ош шаардык мамлекеттик архив) үчүн көктөмдөрдүн үлгүлүү номенклатурасын бекитти.

Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивинин (БМА) усулдук жана практикалык жардамы менен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жана анын ведомстволук бөлүнүштөрүнүн ишинде түзүлгөн документтердин тизмеси иштелип чыгып, Борбордук экспертизалык текшерүү комиссиясында (БЭТК) бекитилди. Кыргыз Республикасынын Саясий документтеринин борбордук мамлекеттик архиви тарабынан (СД БМА) Саясий партиялардын - мамлекеттик архивдерди комплекттөө булактарынын тизмесин даярдоо боюнча усулдук сунуштамалар иштеп чыккан жана бекитилген.

Кыргыз Республикасынын кинофотофонодокументерининин Борбордук мамлекеттик архиви тарабынан (КР КФФД БМА) аудиовизуалдык документтер менен иштөө эрежелерин даярдоо улантулууда.

Маалыматтык технологиялар борбору (МТБ) Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын акыркы редакциясын брошюра түрүндө чыгарып, акыркы жылдардагы архивдик иш маселелери боюнча бардык мыйзамдар жана токтомдор кирген «Кыргыз Республикасынын архивдик тармагынын ишин регламенттеген ченемдик укуктук жана усулдук документтер» деген брошюранын 12-чыгарылышын мамлекеттик архивдерге таратты.

2014-жылда архивдик документтердин негизинде 3785 тематикалык суроо-талаптар жана 83 509 социалдык-укуктук мүнөздөгү арыздар жана суроо-талаптар аткарылган.

2014-жылда мамлекеттик архивдер тарабынан архивдик документтердин негизинде өлкөнүн белгилүү окуяларына карата
39 көрсөтмө, 21 радиоуктуруу, 13 телеберүү, 101 макала даярдалган.


  1. Региондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсү

2014-жылы региондорду колдоо жана өнүктүрүү алкагында Өкмөттүн иш-аракеттери негизинен кабыл алынган аймактык стратегияларды ишке ашыруу жана өзүнчө инвестициялык долбоорлорду ишке киргизүү аркылуу ар бир аймакты тең салмактуу жана сапаттуу өнүктүрүүгө багытталган.

Азыркы учурда негизги өндүрүш кубаттуулуктарын туура эмес жайгаштыруу региондорду өнүгүүдөгү диспропорцияларды күчөтөт: 2014-жылы ИДП өндүрүүнүн негизги үлүшү Бишкек шаарында (38,8 %), Чүй (14,1 %), Ысык-Көл (14,2 %), Жалал-Абад (10,5 %) облустарында экономиканын иштешинин эсебинен түзүлдү, салыштырма салмак 77,6 % түздү, республиканын ИДПсында алардын суммардык үлүшү 3,1 пайыздык пунктту түздү.

Калган бөлүгү Ош, Баткен, Нарын, Талас облустарында жана Ош шаарында 0,5 пайыздык пункт деңгээлинде эң аз салым менен башка облустар ортосунда бөлүштүрүлдү.


28-таблица
Макроэкономикалык көрсөткүчтөр/2013-2014-жылдардагы аймактык өнүктүрүү жыйынтыктары





Өнөр жайы

Айыл чарбасы

Курулуш

Негизги капиталга инвестициялар

Рынок кызматтары

2013-ж.

2014-ж.

2013-ж.

2014-ж.

2013-ж.

2014-ж.

2013-ж.

2014-ж.

2013-ж.

2014-ж.

Республика, реалдуу өсүш темпи, %

123,7

98,4

102,9

99,4

116,4

124,9

107,6

121,6

108,7

106,5

Баткен облусу,

реалдуу өсүш темпи, %



130,3

88,4

94,2

100,8

135,4

61,1

136,6

54,7

119,3

100,9

Жалал-Абад облусу, реалдуу өсүш темпи, %

84,2

98,4

101,2

103,4

105,7

128,6

93,3

121,4

109,9

117,6

Ысык-Көл облусу, реалдуу өсүш темпи, %

153,2

94,6

95,7

99,6

129,8

78,1

94,3

89,7

106,2

107,2

Нарын облусу, реалдуу өсүш темпи, %

100,9

105,2

103,7

98,0

100,2

219,6

118,2

254,5

104,0

102,0

Ош облусу, реалдуу өсүш темпи, %

112,6

104,6

100,0

101,6

73,5

97,3

73,6

86,2

100,0

103,1

Талас облусу, реалдуу өсүш темпи, %

108,9

113,2

126,5

98,9

112,0

114,2

116,1

110,6

108,3

103,5

Чүй облусу, реалдуу өсүш темпи, %

137,4

106,2

107,6

95,1

143,4

128,2

133,3

127,4

108,2

108,6

Бишкек шаары, реалдуу өсүш темпи, %

100,8

95,9

91,1

97,0

122,5

168,6

128,3

149,6

109,0

105,4

Ош шаары, реалдуу өсүш темпи, %

102,7

109,7

93,4

101,6

70,5

111,6

63,3

107,2

112,5

105,0



Баткен облусу
2014-жылы өнөр жай ишканаларында 5264,5 млн сом суммасында продукция өндүрүлдү, табигый көлөмдүн индекси 88,4 %ды түздү. Облустун салыштырма салмагы республиканын өнөр жайынын жалпы көлөмүнүн 3,1 % түзөт. Өнөр жайынын 14 тармагынын 10 көмөкчү тармагында табигый көлөмдүн индексинин оң өсүшү камсыздалган жок.

Тоо-кен өндүрүүдө көлөм 2,9 %га азайды, бул отун-энергетикалык кен байлыктарын, анын ичинде күрөң көмүрдү 2,5 %га, мунайды 2,7 %га өндүрүүнүн азайгандыгы менен шартталды.

Кайра иштетүүчү өндүрүш 3933,1 млн сом көлөмүндө түзүлдү жана иш жүзүндө 25,3 %га азайды, ал курулуш материалдарынын продукциясынын, анын ичинде цементтин 5,6 %, ошондой эле сурьманын 13,6 эсеге азайышы менен шартталды.

Электр энергиясы, газ, буу жана кондиционерленген аба менен камсыз кылууда табигый көлөмдүн индекси 101,3 % деңгээлинде, ал эми суу менен камсыздоонун, тазалоонун, таштандыларды иштетүүнүн жана кайра пайдаланылуучу чийки затты алуунун табигый көлөмүнүн индекси 85,7 % түздү.

Облустун өнөр жай комплексин 55 өнөр жай ишканасы түзөт, анын ичинен объективдүү себептер боюнча отчеттук мезгил ичинде 1 ишкана токтоп турду.

2014-жылы айыл чарба продукциясынын дүң чыгаруу көлөмү 16525,1 млн сомду түздү жана реалдуу көрүнүштө өткөн жылдын көрсөткүчүнөн 0,8 %га ашты. Облустун салыштырма салмагы республиканын айыл чарбасынын жалпы көлөмүнүн 8,5 %ын түзөт.

Жагдайсыз климаттык шарттардан улам өсүмдүк өстүрүүдө болгону 0,2 %га өсүш болду. Өсүмдүк өстүрүүнүн өсүш темпине буудай терс салымын кошту, аны өндүрүүнүн көлөмү 9,7 %га, арпа 19,3 %га, күрүч 5,1 %га, тамекини өндүрүүнүн көлөмү 27,5 %га азайды. Өсүштүн оң темптери дан -буурчактарды 13,2 %га, жашылчаларды 4,1 %га жана жүзүмдү 7 %га өстүрүүдө белгиленген.

Айыл чарбасынын өсүшүнүн оң динамикасы негизинен мал чарбасынын 1,4 %га өсүшү менен камсыздалды.

2014-жылы курулуштун дүң продукциясынын көлөмү 2517,2 млн сомду түздү, же 2013-жылга салыштырмалуу 38,9 %га азайды.

2014-жылы 2345,9 млн сом капиталдык салымдар, же 2013-жылга караганда 45,3 %га аз өздөштүрүлдү. Облус боюнча өздөштүрүлгөн капиталдык салымдардын өлчөмүнүн салыштырма салмагы республика боюнча капиталдык салымдардын жалпы көлөмүндө 2,2 %ды түздү. 66,4 миң кв. метр турак-жай эксплуатацияга киргизилди, же 2013-жылга карата 128,5 %ды түздү.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин алдын ала маалыматтары боюнча 2014-жылы облуска 16,1 млн АКШ доллары суммасында же 2013-жылга караганда 2,4 эсеге көп тикелей чет өлкөлүк инвестициялар (агымы) тартылды.

2014-жылдын жыйынтыктары боюнча рынок кызмат көрсөтүүлөрүнүн көлөмү 100,9 % өсүш темпи менен 13531,6 млн сомду, анын ичинен 100,3 % өсүш темпи менен дүң жана чекене соода-сатыктын жүгүртүмү, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоо 11269,9 млн сомду түздү.

2014-жылы облустагы керектөө бааларынын индекси 112,1 %ды түздү (2014-жылдын декабры 2013-жылдын декабрына карата). Инфляциянын орточо жылдык мааниси 108,4 %ды түздү (2014-жылдын январь-декабры 2013-жылдын январь-декабрына карата).

2014-жылы бир кызматкерге орточо айлык номиналдуу айлык акысы (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 9013 сомду түздү.

2014-жылы жашоо минимумунун өлчөмү 4930,35 сомду түздү жана 2013-жылга салыштырмалуу 12,5 %га өстү.

2015-жылдын 1-январына карата облус боюнча расмий катталган жумушсуздардын саны 6045 адамды, же 2014-жылдын тиешелүү күнүнө карата 112,9 %ды түздү. Катталган жумушсуздуктун деңгээли 3,6 %ды түздү.

2014-жылдын январь-сентябрында жалпысынан 8006 жумушчу орун, же 2013-жылдын январь-сентябрына караганда 9,4 %га көп түзүлдү.

2014-жылы тышкы соода жүгүртүү 37,4 млн АКШ долл. түздү жана 2013-жылга салыштырмалуу 54,7 %га азайды. Экспорт 15,8 млн АКШ долларын түздү жана 2013-жылга салыштырмалуу 61,8 %га азайды. Импорт 21,6 млн АКШ долларын түздү жана 2013-жылга салыштырмалуу 47,7 %га азайды. Тышкы соода жүгүртүү сальдосу 5,7 млн АКШ доллары өлчөмүндө терс түзүлдү.

Баткен облусун өнүктүрүү үчүн айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо максатында жылдык 10 % менен кредиттер берилди, 1380 айыл чарба өндүрүүчүлөрү 399,2 млн сом жалпы суммасына кредиттерди алышты.
Жалал-Абад облусу
2014-жылы өнөр жай ишканаларында 13060,9 млн сом суммасына продукция өндүрүлдү, табигый көлөмдүн индекси 98,4 %ды түздү. Облустун салыштырма салмагы республиканын өнөр жайынын жалпы көлөмүнүн 7,8 %ын түзөт. Пайдалуу кен байлыктарды өндүрүү көлөмү 2014-жылы 2904,3 млн сомду түздү, жана чийки мунайды өндүрүүнүн 1,6 %га азайышынан, ошондой эле «Макмал алтын» комбинатынын токтоп тургандыгына байланыштуу алтын камтыган концентраттардын 30,7 %га азайышынан улам реалдуу көрүнүштө 7,1 %га төмөндөдү.

2014-жылы кайра иштетүүчү өндүрүштүн көлөмү 4857,8 млн сомду, табигый көлөмдүн индекси 94,2 %ды түздү. Продукция чыгаруу негизинен негизги металлдарды өндүрүүдө «Макмал алтын» комбинатынын токтоп турганына байланыштуу 37,8 %га төмөндөдү.

2014-жылы электр энергиясы, газ, буу жана кондиционерленген аба менен камсыздоо 2,6 %га, негизинен электр энергиясын өткөрүп берүү боюнча кызматтардын 10,3 %га өсүшүнүн эсебинен жогорулады.

Өнөр жайдын 20 тармагынын ичинен табигый көлөмдүн индекси
4 тармакта камсыз кылынган жок. Облустун өнөр жай комплексин 96 өнөр жай ишканасы түзөт. Облус боюнча 6 өнөр жай ишканасы токтоп турду.


2014-жылы айыл чарба продукциясынын дүң чыгаруу көлөмү 103,4 % реалдуу өсүш темпи менен 39235,5 млн сомду түздү. Облустун салыштырма салмагы республиканын жалпы көлөмүнүн 20,2 %ын түзөт.

Облустун айыл чарбасынын өсүшүнө эң көп салымды мал чарбасы кошту, ал 2013-жылдын деңгээлине карата 4,9 %га өстү. Өсүш эт өндүрүшүнүн 56,5 миң тоннага көбөйүшүнүн эсебинен жогорулады (өсүш 5,8 %), сүт 4,0 %га.

Жашылчаларды өндүрүүнүн 6,4 %га, күрүчтү - 11,6 %га, жүгөрүнү - 3,1 %га жана дан буурчактарын - 61,2 %га көбөйүшүнүн эсебинен өсүмдүк өстүрүүдөгү өсүш 102,1 %ды түздү. Буудай өндүрүшүнүн көлөмдөрү
2,7 %га, арпа - 9,2 %га жана май өсүмдүктөрү -15,6 %га азайды.

Айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө колдоо көрсөтүү үчүн бөлүнүп берилген кредиттердин көлөмү 975,6 млн сом көлөмүндө түзүлдү, кредиттерди алуучулардын саны 3281 адамды түздү.

2014-жылы курулуштун дүң продукциясынын өлчөмү 11097,7 млн сомду түздү жана 2013-жылга салыштырмалуу 28,6 %га көбөйдү.

2014-жылы 12682,0 млн сом капиталдык салымдар, же 2013-жылга караганда 21,4 %га көп өздөштүрүлдү. Облус боюнча өздөштүрүлгөн капиталдык салымдардын өлчөмүнүн салыштырма салмагы республика боюнча капиталдык салымдардын жалпы көлөмүндө 12,0 % түздү. 122,9 миң кв.м турак-жай эксплуатацияга киргизилди, же 2013-жылга карата 124,2 %ды түздү.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин алдын ала маалыматтары боюнча 2014-жылы облуска 127,7 млн АКШ доллары суммасында же 2013-жылга салыштырмалуу 7,8 %га аз тикелей чет өлкөлүк инвестициялар тартылды.

2014-жылдын жыйынтыктары боюнча рынок кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү 117,6 % өсүш темпи менен 49702,7 млн сомду түздү, алардын ичинен 119,6 % өсүш темпи менен дүң жана чекене соода-сатык жүгүртүмү, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоо 43058,9 млн сомду түздү.

2014-жылы облустагы керектөө бааларынын индекси 113,3 %ды түздү (2014-жылдын декабры 2013-жылдын декабрына карата). Инфляциянын орточо жылдык мааниси 111,2 %ды түздү (2014-жылдын январь-декабры 2013-жылдын январь-декабрына карата).

2014-жылы бир кызматкерге орточо айлык номиналдуу айлык акысы (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 11052 сомду түздү жана 7,7 %га көбөйдү. 2014-жылы жашоо минимумунун өлчөмү 4915 сомду түздү жана 2013-жыл менен салыштырмалуу 9,1 %га өстү.



2015-жылдын 1-январына карата облустагы расмий катталган жумушсуздардын саны 12801 адамды, же 2014-жылдын деңгээлине карата 103,8 %ды түздү. Катталган жумушсуздуктун деңгээли 2,7 %ды түздү.

2014-жылдын 9 айында жалпысынан 20931 жумушчу оруну түзүлдү, бул өткөн жылдын көрсөткүчүнөн 874 орунга, же 2013-жылдын 9 айынын деңгээлине карата 104,4 %ды түздү.

2014-жылы тышкы соода жүгүртүү 198,4 млн АКШ доллары түздү жана 2013-жылга салыштырмалуу 17,5 %га көбөйдү. Экспорт 106,2 млн АКШ долларын түздү жана 2013-жылга салыштырмалуу 20,4 %га көбөйдү. Импорт 92,1 млн АКШ долларын түздү жана 2013-жылга салыштырмалуу 14,3 %га көбөйдү. Тышкы соода жүгүртүү сальдосу 14,1 млн АКШ доллары өлчөмүндө оң түзүлдү.

Жалал-Абад облусу боюнча мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн планы 100,1 %га аткарылды, 2715 млн сом жыйналды. Республикалык бюджет 96,6 %га аткарылды жана бюджетке 1581,1 млн сом келип түштү, ал эми жергиликтүү бюджет 105,3 %га аткарылды жана 1134,1 млн сом келип түштү.
Ысык-Көл облусу
2014-жылы өнөр жай ишканаларында 41516,5 млн сом суммасына продукция өндүрүлдү, табигый көлөмдүн индекси 94,6 %ды түздү, бул негизинен өнөр жайдын 93 % үлүшүн ээлеген негизги металлдардын жана даяр металл буюмдарынын 5,5 %га азайышы, ал, ошондой эле тамак-аш азыктарынын өндүрүшүнүн 2,8 %га төмөндөшү менен шартталды.

Облустун салыштырма салмагы республиканын өнөр жайынын жалпы көлөмүнүн 24,8 %ын түзөт. Өнөр жайдын 13 тармагынан табигый көлөм индекси 6 тармакта камсыздалган жок.

Облустун өнөр жай комплексин 55 өнөр жай ишканасы түзөт, анын ичинен туруктуу иштеген ишканалар - 33, өсүү темпин камсыз кылбагандар - 13. Облус боюнча «Ынтымак» ААК, «Нурнефтегаз» ЖЧК, «Мелькомбинат Сонун» ЖЧК сыяктуу 3 өнөр жай ишканалары иштебей токтоп турган (алардын жалпы санынан 5,6 %).

Ысык-Көл облусу боюнча өнөр жайдын базалык тармактары пайдалуу кендерди казып алуу (129,1 %), тамак-аш азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки буюмдарын өндүрүү (97,2 %), курулуш материалдарын өндүрүү (кирпичтер), текстиль өндүрүшү (104,2 %) болуп саналат.

2014-жылы пайдалуу кендерди казып алуу продукциясын өндүрүүнүн көлөмү 32,9 млн сомду, 2013-жылга карата табигый көлөмүнүн индекси 129,1 %ды түздү.

Жыл башынан тартып кайра иштетүү өндүрүшүнүн көлөмү


39922,7 млн сомду түздү, 2014-жылы табигый көлөмдүн индекси 94,4 %ды түздү. Продукцияны чыгаруунун азайышы машиналардан жана жабдуулардан тышкары, негизинен негизги металлдарды жана даяр металл буюмдарын өндүрүүдө, кокс жана тазаланган мунай продуктыларын жана электр жабдууларын өндүрүүдө белгиленген.

2014-жылы электр энергиясы, газ жана буу менен камсыздоо көлөмү 1482,8 млн сомду, табигый көлөмдүн индекси 108,8 %ды түздү. Суу менен камсыздоо, тазалоо, кайра иштетүү жана кайра пайдаланылуучу чийки заттарды алуу тармагында 2014-жылы 78,1 млн сомго продукция өндүрүлдү, табигый көлөмдүн индекси 104,7 %ды түздү.

2014-жылы айыл чарба продукциясынын дүң чыгаруу көлөмү 24525,1 млн сомду жана табигый көлөмдүн индекси 99,6 %ды түздү. Облустун салыштырма салмагы республиканын жалпы көлөмүнүн 12,6 %ын түзөт. Өсүү темпинин камсыздалбашы өсүмдүк өстүрүү продукциясынын өндүрүшүнүн 4,4 %га кыскарышы менен шартталды, анткени айыл чарбасынын дүң продукциясынын жалпы үлүшүндө өсүмдүк өстүрүү тармагынын продукциясы олуттуу орунду ээлейт. Өсүмдүк өстүрүү продукциясынын азайышы 2014-жылдын жазындагы кургакчылыкка жана сугат суусунун жетишсиздигине байланыштуу айыл чарба продукциясынын түшүмдүүлүгүнүн төмөндөшүнө байланыштуу. Мал чарбачылыкта өсүш 104,1 %ды түздү.

2014-жылы курулуштун дүң продукциясынын көлөмү 13767,8 млн сомду түздү, же 2013-жылга салыштырмалуу 21,9 %га азайды.

2014-жылы 18965 млн сом капиталдык салымдар же 2013-жылга караганда 10,3 %га аз өздөштүрүлдү. Республика боюнча капиталдык салымдардын жалпы көлөмүндө облус боюнча өздөштүрүлгөн капиталдык салымдардын көлөмүнүн салыштырма салмагы 17,9 % түздү. 40,4 миң кв.м. турак жай колдонууга берилди, же 2013-жылга карата 118,8 %.

2014-жылы облуска 81,9 млн АКШ доллар суммасында, же


2013-жылга караганда 22,2 %га аз тикелей чет өлкөлүк инвестициялар тартылды. Кыргыз Республикасына тартылган тикелей чет өлкөлүк инвестициялардын жалпы көлөмүндө облуска тикелей чет өлкөлүк инвестициялардын салыштырма салмагы 13,5 %ды түздү.

2014-жылы рыноктук кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү 107,2 % өсүү темпи менен 22743,0 млн сомду, анын ичинен дүң жана чекене соода-сатыктын жүгүртүмү, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоо 107,1 % өсүш темпи менен 15233,7 млн сомду түздү.

2014-жылы облуста керектөө бааларынын индекси 116,3 %ды түздү. Инфляциянын жылдык орточо мааниси 110,3 %ды түздү (2014-жылдын январь-декабры 2013-жылдын январь-декабрына карата).

2014-жылы бир кызматкерге орточо айлык номиналдуу айлык акы (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 2013-жылга салыштырмалуу 9,4 %га көбөйүп, 9052 сомду түздү, ал эми керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептелген анын реалдуу өлчөмү 99,2 %ды түздү.

2014-жылы жашоо минимумунун өлчөмү 4520,54 сомду түздү жана 2013-жылга салыштырмалуу 8,8 %га көбөйдү.

2015-жылдын 1-январына карата облус боюнча пенсионерлердин саны 56151 адамды түздү, пенсиянын орточо айлык өлчөмү 4223 сомду түздү.

2015-жылдын 1-январына карата облус боюнча мамлекеттик жөлөкпулдарды алуучулардын саны 14894 үй-бүлөнү түздү, жалпы суммасы 339,0 млн сомдук мамлекеттик жөлөкпулдар берилди.

2015-жылдын 1-январына карата облус боюнча расмий катталган жумушсуздардын саны 4281 адамды, же 2014-жылдын деңгээлине карата 103,1 %ды түздү. Катталган жумушсуздуктун деңгээли 2,4 %ды түздү.

2014-жылы тышкы соода жүгүртүү 332,9 млн АКШ долларын түздү жана 2013-жылга карата 11,3 %га төмөндөдү. Экспорттун көлөмү 26,9 млн АКШ долларын түздү жана 2013-жылга салыштырмалуу 1,8 эсеге көбөйдү. Импорттук түшүүлөрдүн көлөмү 306,0 млн АКШ долларын түздү жана 15 %га кыскарды. Тышкы соода жүгүртүүнүн сальдосу 279,1 млн АКШ доллар өлчөмүндө терс түзүлдү.

Социалдык-экономикалык абалды жакшыртуу максатында төмөнкү чаралар көрүлдү:

- 2015-2017-жылдарга Ысык-Көл облусун өнүктүрүү стратегиясынын долбоору иштелип чыкты;

- аталган стратегияга киргизүү үчүн инвестициялык долбоорлор иштелип чыкты;

- жумуштуулук кызматы аркылуу 2483 адам жумушка орноштурулду; алардын ичинен - 489 адам кесиптик окутуудан кийин;

- кесиптик окутууга - 588 адам жөнөтүлдү;

- акы төлөнүүчү коомдук иштерге - 1763 адам жөнөтүлдү;

- микрокредиттик компаниялардын ортомчулугу аркылуу - 15 адам ишке орноштурулду;

- эмгек жана миграция облустук башкармалыгынын линиясы боюнча 15 адам 530,0 миң сом жалпы суммасын жеңилдетилген майда кредит да алышты;

- Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин райондук бөлүмдөрүнүн каражаттарынын эсебинен 1778 жумушчу орундары түзүлдү.


Нарын облусу
2014-жылы өнөр жай ишканаларында 1534,2 млн сом суммасында продукция өндүрүлдү, табигый көлөмдүн индекси 106,4 %ды түздү. Облустун салыштырма салмагы республиканын өнөр жайынын жалпы көлөмүнүн 0,9 %ын түзөт. Өнөр жайдын 13 тармагынан табигый көлөмдүн индекси 6 тармакта камсыздалган жок. Облустун өнөр жай комплексин 28 ишкана түзөт, анын ичинен туруктуу иштеген ишканалар - 18, өсүү темпине 9 ишкана жетишкен жок: «Камкор» АК, «Атбашы сүт» ЖЧК, «Берекет Кен» ЖЧК, «Нарк Тоо» ЖЧК, «Ак-Таш-Дордой» ЖЧК, Кочкор суу каналы, Ат-Башы ГЭСи, «Солтон Сары» кени, «Шалбар» ЖЧК.

2014-жылы айыл чарба продукциясынын дүң чыгаруу көлөмү 13646,9 млн сомду жана табигый көлөмдүн индекси 98,0 %ды түздү. Облустун салыштырма салмагы республиканын жалпы көлөмүнүн 6,8 %ын түзөт.

Облустун экономикалык абалын негизинен айыл чар продукциясын өндүрүүчүлөр аныкташат. Облуста айыл чарбасы экономиканын үстөмдүк кылуучу сектору болуп саналат, анда облустун жигердүү калкынын 90 %нан ашыгы иштешет. Ошондуктан, экономикалык өсүш жана калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу экономиканын ушул секторундагы экономикалык өзгөрүүлөрдүн жана өсүш темпинин жыйынтыктарына көз каранды.

Мал чарбасы. Облустун аймагында республикадагы койлордун жалпы санынын 16,5 %ы багылат.

2015-жылдын башында ири мүйүздүү малдын (мындан ары- ИММ) жалпы саны 141950, (2014-ж. - 102,4 %), кой жана эчкилердин - 990650 (101,7 %), жылкылардын - 100883 (105,3 %) жетти.

Жалпысынан Нарын облусу боюнча 2014-жылы бардык категориядагы чарбаларда 49,7 миң тонна эт өндүрүлдү, бул 2013-жылдын көрсөткүчүнө карата 101,4 %ды түзөт. Сүттү дүң өндүрүү 117,7 миң тоннаны (100,0 %) түздү, 6858 миң даана жумуртка алынды (101,3 %) жана 1902 тонна жүн кыркылды (101,2 %).

1 уйдан орточо саалган сүт 1514 килограммды түздү. Эң жогорку саандар Нарын (1640 кг) жана Жумгал (1533кг) райондорунун чарбаларында. Жумуртка туучу бир тооктон орто эсеп менен 48 жумуртка алынды. Облус боюнча жүн кыркып алуу орто эсеп менен
2,4 килограммды түздү. Жүндүн эң жогорку өндүрүмдүүлүгү Ак-Талаа
(2,9 килограмм), Жумгал (2,8 килограмм) жана Кочкор (2,7 килограмм) райондорунда алынды.

2014-жылы Өкмөт тарабынан Нарын облусуна жалпы суммасы 458,65 млн сомго жеңилдетилген кредиттерди айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө жана мал багуучуларга берүү каралган, 1674 кредит берилди.

Азыркы учурда Нарын облусу боюнча асыл тукум малды жана малдардын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча иштер 15 асыл тукум чарбаларында жүргүзүлүүдө (2015-жылы дагы 5 фермердик асыл тукум чарбаларына аттестация жүргүзүү каралууда), ошондой эле малдарды жасалма уруктандыруунун 45 пунктунда иш жүргүзүлүүдө.

2014-жылы бруцеллез менен ооруган 365 ИММ ветеринардык кызматкерлердин жардамы менен жок кылынды. Жылдын башында малдардын арасында таркалган пастереллез оорусунан улам, малдын


750 башы кырылды.

Ветеринария жаатындагы көйгөйлөргө карабастан, 2014-жылы


2013-жылга караганда 29 % көп малга эмдөө жүргүзүлдү.

Мал башын сактап калуу жана 2 эсеге көбөйтүү жана ири мүйүздүү малдарды жана кичи мүйүздүү малдарды эпизоотикалык оорулардан сактоо максатында ветеринария тармагында жүргүзүлгөн иштердин сапатын жакшыртуу зарыл.

Өсүмдүк өстүрүү. Дан өсүмдүктөрү (дан буурчак жана жүгөрүдөн тышкары) бардыгы болуп 23988 га жерден жыйналды (2013-жылга карата 84,5 %), бул бардык жыйноо аянтынын 87, %ын түзөт. Алардын ичинен 14601 га аянттан (эгилген аянт 14923 га) (2013-жылга карата 87,6 %), же жыйноо аянтынан 97,8 % буудай жыйналды.

Түшүмдүн көлөмүнүн төмөндөшү өткөн жылга салыштырмалуу эгин аянттарынын азайышы, кургакчыл жай жана сугат сууларынын жетишсиздиги менен түшүндүрүлөт.

2014-жылы Нарын облусунда төө буурчак биринчи жолу Жумгал районунда 72 г аянтында эгилди, түшүмдүүлүк га дан 8,7 ц түздү, Нарын районунда 10 га, түшүмдүүлүк 1га дан 15,0 ц түздү.

Облус боюнча 5 балык чарбалары (азыркы учурда облус боюнча бардыгы 16 балык кичи чарбалары бар) 4 канаттууларды багуу фермасы (облус боюнча бардыгы - 10 канаттууларды багуу фермасы) уюштурулду, жашылчаларды өстүрүү үчүн 20 күнөскана курулду. Мунун натыйжасында 104 жаңы жумушчу орундары түзүлдү.

Облуска 2014-жылы, УСК алдын ала маалыматтары боюнча, 5,8 млн. АКШ доллары суммасында, же 2013-жылга караганда 2,8 эсеге көп тикелей чет өлкөлүк инвестициялар тартылды. Кыргыз Республикасына тартылган тикелей чет өлкөлүк инвестициялардын жалпы көлөмүнөн облуска тикелей чет өлкөлүк инвестициялардын салыштырма салмагы
0,8 % түздү.

2014-жылда курулуштун дүң продукциясынын көлөмү 7352,8 млн сомду түздү, же 2013-жылга салыштырмалуу 2,2 эсеге көбөйдү.

2014-жылы 9030,6 млн сом капиталдык салымдар, же 2013-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көп өздөштүрүлдү. Республика боюнча капиталдык салымдардын жалпы көлөмүндө облус боюнча өздөштүрүлгөн капиталдык салымдардын салыштырма салмагы 8,5 %ды түздү. 30,8 миң кв.м., же 2013-жылдын деңгээлине карата 110,1 % турак жай колдонууга берилди.

2014-жылы рыноктук кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү 102,0 % өсүш темпи менен 7349,9 млн сомду түздү, анын ичинен дүң жана чекене соода-сатыктын жүгүртүмү, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоо 101,4 % өсүш темпи менен 5771,8 млн сомду түздү.

2014-жылы облуста керектөө бааларынын индекси 111,6 %ды түздү. Инфляциянын жылдык орточо мааниси 106,5 %ды түздү (2014-жылдын январь-декабры 2013-жылдын январь-декабрына карата).

2014-жылы бир кызматкерге орточо айлык номиналдуу айлык акы (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 2013-жылга салыштырмалуу 8,4 %га көбөйүп, 11456 сомду түздү, ал эми керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептелген анын реалдуу өлчөмү 101,8 %ды түздү.



2014-жылы жашоо минимумунун чоңдугу 4625,44 сомду түздү жана 2013-жылга салыштырмалуу 4,6 %га көбөйдү.

2014-жылы тышкы соода жүгүртүү 12,8 млн АКШ долларын түздү жана 2013-жылга карата 1,8 эсеге, же 5,7 млн АКШ долларына көбөйдү. Экспорт 0,7 млн АКШ доллары деңгээлинде түзүлдү жана 1,7 эсеге көбөйдү, ал эми импорт 12,0 млн АКШ доллары деңгээлинде түзүлдү жана 1,7 эсеге көбөйдү. Тышкы соода жүгүртүүнүн сальдосу 11,3 млн. АКШ доллары өлчөмүндө терс түзүлдү.

2015-жылдын 1-январына карата облус боюнча 46478 пенсионерлер пенсия алышат. 2014-жылы 2633,3 млн сом төлөндү, бул 2013-жылга караганда (2426,2 млн сом) 108,5 %ды түзөт. 2014-жыл үчүн пенсиялар толугу менен төлөндү. Пенсиянын орточо айлык өлчөмү 4753,0 сомду түздү.

Мамлекеттик жөлөкпулдар берилди:

- 3 жаштан жогору курактагы балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулдар 138519,7 сом суммасында 15782 үй-бүлөгө (2013-жылы 16521 үй-бүлөгө- 120448,9 сом);

- 3 жаштан жогору курактагы балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулдар 55318,7 сом суммасында 4907 үй-бүлөгө (2013-жылы 5398 үй-бүлөгө- 53633,2 сом);

- бала төрөлгөндө бир жолу берилүүчү жөлөкпулдар 3048,2 сом суммасында 1424 үй-бүлөгө (2013-жылы 1566 үй-бүлөгө- 3210,1 сом),

- 221152,0 сом суммасында ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдар 5571 үй-бүлөгө (2013-жылы 5559 үй-бүлөгө- 215888,1 сом),

2014-жылдын 9 айында Нарын облусу боюнча 4926 жумушчу орундары түзүлдү. Анын ичинен чакан ишканаларда 299, жаңы өнөр жай ишканаларында - 35 орун.

Облус боюнча 2014-жылы пландагы 550,2 млн сомдун ордуна мамлекеттик бюджетке 607,9 млн сом киреше камсыздалды, же 110,5 %га аткарылды, пландан тышкары 57,7 млн сомго ашык салык жыйналды, 2013-жылга салыштырмалуу салыктар 164,8 млн сомго көп жыйналды. Нарындын бардык райондору жана шаарлары мамлекеттик бюджетти толуктоо планын камсыз кылышты.


Ош облусу
2014-жылы өнөр жай ишканаларында 3496,2 млн сом суммасына продукция өндүрүлдү, табигый көлөмдүн индекси 104,6 %ды түздү. Облустун салыштырма салмагы республиканын өнөр жайынын жалпы көлөмүнүн 2,1 %ын түзөт.

Өнүгүүнүн бул көрсөткүчтөрү пайдалуу кендерди казып алуунун 0,8 %га, кайра иштетүү өндүрүшүнүн - 5,4 %га, электр энергиясы, газ, буу жана кондиционерленген аба менен камсыздоонун - 7,4 %га жана суу менен камсыздоонун, калдыктарды тазалоонун, кайра иштетүүнүн жана кайра пайдаланылуучу чийки заттарды алуунун - 6,1 %га өсүшүнүн эсебинен камсыздалды.



Кайра иштетүү өндүрүшүндө өсүш курулуш материалдарынын 12,5 %га, анын ичинде цементтин - 5,5 %га, песко-блоктун - 3,1 %га, таманташтын - 46,4 %га, курулуш аралашмаларынын дээрлик - 3 эсеге, ошондой эле кийим өндүрүшүнүн - 69,1 %га жогорулашынын эсебинен жетишилди.

Облус боюнча жыл ичинде 2 чакан жана орто ишкана иштебей токтоп турду.

2014-жылы айыл чарба продукциясынын дүң чыгаруу көлөмү 34518,7 млн сомду түздү жана реалдуу көрүнүштө 2013-жылдын көрсөткүчүнөн 1,6 %га жогору болду. Облустун салыштырма салмагы республиканын айыл чарбасынын жалпы көлөмүнүн 17,8 %ын түзөт.

Айыл чарбасынын өсүшүнө оң салымды 103,1 % өсүш темпи менен мал чарбасы кошту. Союула турган малдын жана канаттуулардын өндүрүшү тирүүлөй салмакта 3,6 %га, сүттүн - 2,4 %га, жумуртканын - 3,2 %га өстү, өндүрүштүн өсүшү негизинен мал башынын көбөйүшү менен шартталды.

2014-жылы айыл чарбасынын өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндө мал чарбасынын үлүшү - 54,4 %ды, өсүмдүк өстүрүүнүн - 44,0 %ды, токой чарбасынын - 0,1 %ды, балык уулоонун - 0,1 %ды жана кызмат көрсөтүүлөрдүн - 1,5 %ды түздү.

Буудай өндүрүшүнүн көлөмү 14,2 %га, дан буурчактарды - 55,8 %га, тамекини - 14,9 %га, май өсүмдүктөрүн- 15,8 %га төмөндөдү.

2014-жылы тышкы соода жүгүртүү 210,7 млн АКШ долларын түздү, же 2013-жылга салыштырмалуу 0,9 %га жогорулады. Экспорт 23,9 млн АКШ долларын түздү, же 2013-жылга салыштырмалуу 23,8 %га жогорулады. Импорт 186,8 млн АКШ долларын түздү, же 2013-жылга салыштырмалуу 1,4 %га төмөндөдү. Тышкы соода жүгүртүүнүн сальдосу 162,9 млн АКШ доллар өлчөмүндө терс түзүлдү.

2014-жылы курулуш продукциясынын дүң көлөмү 5132,1 млн сомду түздү же 2013-жылга салыштырмалуу 2,7 %га азайды.

2014-жылы 4272,7 млн сом капиталдык салымдар өздөштүрүлдү, же 13,8 %га төмөндөдү. Республика боюнча капиталдык салымдардын жалпы көлөмүндө облус боюнча өздөштүрүлгөн капиталдык салымдардын көлөмүнүн салыштырма салмагы 4,0 %ды түздү. 170,3 миң кв.м, же
2013-жылга караганда 106,8 % турак жай колдонууга берилди.


2014-жылдын жыйынтыгы боюнча рыноктук кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү 103,1 % өсүш темпи менен 32273,4 млн сомду түздү, анын ичинен дүң жана чекене соода-сатыктын жүгүртүмү, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоо - 103,3 % өсүш темпи менен 28443,6 млн сомду түздү.

2014-жылы облуста (Ош шаарын кошкондо) керектөө бааларынын индекси 113,0 %ды түздү (2014-жылдын декабры 2013-жылдын декабрына карата). Инфляциянын жылдык орточо мааниси 109,4 %ды түздү


(2014-жылдын январь-декабры 2013-жылдын январь-декабрына карата).

2014-жылы бир кызматкерге орточо айлык номиналдуу айлык акы (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 8145 сомду түздү, мында анын реалдуу деңгээли 4,5 %га төмөндөдү.

2014-жылы жашоо минимумунун өлчөмү 5191,9 сомду түздү жана 2013-жылга салыштырмалуу 12,1 %га өстү.

2015-жылдын 1-январына карата облус боюнча расмий түрдө катталган жумушсуздардын саны 11894 адамды, же 2014-жылдын тийиштүү күнүнө салыштырмалуу 104,7 %ды түздү.

2014-жылдын 9 айында жалпысынан 7718 жумушчу орундары түзүлдү, же 2013-жылдын 9 айына карата 95,9 %, анын ичинен: айыл чарбасында -1505, өнөр жайда - 111, курулушта - 702, соода-сатыкта - 4188, мейманкана жана ресторан бизнесинде - 167, транспортто жана байланышта - 272, финансы кызматтарында - 13, кыймылсыз мүлк менен операцияларды жасоо чөйрөсүндө - 72, билим берүү чөйрөсүндө - 117, саламаттык сактоо жана социалдык кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө - 61, экономикалык чөйрөдө - 225, башка түрлөрү - 361.

2014-жылы облуска 4,8 млн АКШ доллар суммасына тикелей чет өлкөлүк инвестициялар тартылды, же 2013-жылга салыштырмалуу


4,1 эсеге азайды.

2014-жылдын январь-сентябрында облустун бюджетинин киреше бөлүгүнө 1 414,2 млн сом суммасында салыктык түшүүлөр түштү. жергиликтүү бюджетке 766,1 млн сом түштү. Чыгаша бөлүгү 1346,5 млн сом суммасында аткарылды.



Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   8   9   10   11   12   13   14   15   ...   19




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет