Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчету Киришүү



бет15/19
Дата23.02.2016
өлшемі1.52 Mb.
#11437
1   ...   11   12   13   14   15   16   17   18   19

Кыргызстан - Өзбекстан

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын жумушту топтору (мындан ары - тараптардын өкмөттүк делегациялары) 2014-жылы 8 жолугушуу өткөрдү. Тараптардын вице-премьер-министрлеринин тапшырмасы боюнча макулдашылган жана бекитилген тилкелер боюнча кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Келишимдин долбоорун даярдоодо кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын мурда баяндалган жана бекитилген тилкелерин салыштыруу боюнча маанилүү иштер улантылган.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучунун 2014-жылдын 26-мартындагы №138 буйругуна ылайык Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын эксперттик топтору ички мамлекеттик жол-жоболорду жүргүзүү үчүн (тиркемелерсиз) Келишимдин жогоруда көрсөтүлгөн долбоорун Ташкентте карап жана толук иштеп чыгышты.

Азыркы учурда, Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгын эске алуу менен кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Келишимге кол коюу жөнүндө маселени чечүүнүн варианттары иштелип чыгууда. Учурдагы жылы кыргыз тарап өзбек тарап менен сүйлөшүү процесстерин интенсификацилоого жана кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча оң натыйжаларга жетишүүгө ниеттенишүүдө.


Кыргызстан - Казакстан
Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча талаа иштери 2008-жылдын июлунда башталган. 2014-жылдын
1-октябрына карата абал боюнча 1241,58 чарчы метр узундуктагы чек ара тилкесинде иштер жүргүзүлгөн жана 100,0 %га аяктаган.

Казак тарап менен макулдашуу боюнча кыргыз тарап тарабынан техникалык долбоорлоо материалдарына ылайык 2008-2014-жылдары мамлекеттик чек арада координаттарын жана бийиктигин аныктоо менен болгону 522 чек ара белгилери орнотулган, анын ичинен 264 - негизги белги, 258 - орто аралык белги.

Талас облусунун Кара-Буура районунун Көк-Сай айылдык аймагынын тилкесинде демаркациялык иштерди жүргүзүүнүн жүрүшүндө айрым тургундар чек ара белгилерин орнотууга тоскоолдук кылууга аракет кылышкандыгын белгилеп кетүү керек. Буга байланыштуу, Талас облусунда демаркациялык иштерди жүргүзүүдө мыйзамдуулукту сактоого байланыштуу маселелер боюнча үч жолу кеңешме өткөрүлгөн. Кийин мамлекеттик органдар тарабынан жергиликтүү калк менен тийиштүү иштер жүргүзүлгөн, айрым тартип бузуучулар жоопкерчиликке тартылган.

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын демаркациялоо процессин юридикалык тариздөөнү 2015-жылы аяктоо белгиленүүдө.


Чек ара жанындагы аймактарды өнүктүрүү
«Кыргыз Республикасынын айрым чек ара жанындагы аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында өзгөчө статусу бар Кыргыз Республикасынын айрым чек арага чектеш аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программа бекитилген.

Көрсөтүлгөн мамлекеттик программаны аткаруу үчүн 2014-жылы 100 чарчы метрден ашык автомобиль жолдору, 5 көпүрө, 2 канал жана


8 гидроузелдер курулган, 110 чарчы метрге жакын электр линиялары тартылган, жалпы узундугу 17 чарчы метрден ашык жана 123 куб. метр көлөмдөгү каналдарды жана дарыяларды тазалоо жана жээктерин бекемдөө боюнча иш-чаралар ишке ашырылган.

Мындан тышкары, саламаттык сактоо жана билим берүү системасындагы 30 объект курулган жана оңдолгон, 10 насостук станция,


40 трансформатордук подстанциялар оңдолгон жана орнотулган. Бурганды массивиндеги жерлерди өздөштүрүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Көрсөтүлгөн иш-чараларды ишке ашырууга республикалык бюджеттен 2 млрд сом бөлүнгөн, ошондой эле кошумча чет өлкөлүк инвестициялар тартылган.


3.4. Коррупция менен күрөшүү
Мамлекеттик бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупциянын себептерин четтетүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелинде № 209 токтому менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы № 596
«2012-2014-жылдарга коррупцияга каршы туруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын жана иш-чараларынын планын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди.

Жалпысынан отчеттук мезгилде республикада коррупцияга каршы укуктук механизмдерди бирдейлештирүү боюнча укуктук жана институционалдык өбөлгөлөр түзүлдү жана аларды системага салуу күчөдү. Коррупцияны алдын алуу чөйрөсүндө төмөнкү ченем чыгаруу иштери жүргүзүлдү.

БУУ Конвенциясынын 5-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык коррупцияны алдын алуу жана аны менен күрөшүү көз карашынан алганда алардын адекваттуулугун аныктоо максатында кабыл алынуучу коррупцияга каршы туруу чараларын баалоо системасын киргизүүнү караган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын
12-февралындагы № 44-б буйругу менен «Коррупцияга каршы мониторингдин жана баалоонун методологиясы» бекитилген. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан коррупцияга каршы саясатты ишке ашырууну комплекстүү баалоону жүргүзүү боюнча нускама иштелип чыккан, анда коррупцияга каршы иш-чараларды аткаруунун натыйжалуулугун баалоонун критерийлерин (көрсөткүчтөрүн) түзүүгө карата жалпы ыкмалар аныкталган, аларды баалоону жүргүзүү механизмдери аныкталган.

Өкмөттүн 2014-жылдын 13-февралындагы № 90 токтому менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарындагы таламдардын кагылышын чечүү боюнча Убактылуу колдонмо бекитилген.

Коррупцияга каршы иш-аракеттер чөйрөсүндө жүргүзүлүүчү
иш-чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Өкмөттүн 2014-жылдын 28 ноябрындагы № 531 буйругу менен ар бир мамлекеттик органда атайын коррупцияга каршы комиссиялар түзүлдү жана «Коррупцияга каршы иш-аракеттер боюнча ыйгарым укуктуу» деген атайын кызмат орду киргизилди.

Коррупцияга каршы багыттагы мыйзамдарды берүү үчүн («гильотина принцибин» колдонуу менен ишкердик ишине мамлекеттин административдик жана жөнгө салуучу жүгүн азайтуу боюнча чараларды кабыл алуу, өткөрүү жөндөмдүүлүгүн көбөйтүү жана мыйзам долбоорлорун милдеттүү түрдө коррупцияга каршы экспертизаны жүргүзүү) 2014-жылдын 19-мартында Бишкек шаарында Өкмөт менен ЕККУ Борборунун ортосунда Меморандумга кол коюлган, «Жөнгө салууну системалуу талдоо» жөнгө салуу реформасы боюнча масштабдуу долбоор ишке киргизилген. Ушул долбоорду ишке ашыруунун алкагында бир жактуу эмес формулировкаларды жокко чыгаруучу так юридикалык дефиницияларды аныктоо, түшүндүрмө аппаратын тактоо, коллизиялык жана айрым жөнөтүлүүчү ченемдерди жокко чыгаруу болжолдонууда.

Дүйнөлүк Банктын финансылык колдоосунда отчеттук мезгилде Кыргыз Республикасында коррупциянын себебин, деңгээлин жана масштабын кеңири изилдөө жүргүзүлдү. Бул изилдөөнүн максаты-жарандардын турмушуна жана ишкердикти өнүктүрүүгө таасирин тийгизүүчү коррупциялык факторлорду жана административдик тоскоолдуктарды табуу жана талдоо, коррупциялык иштердин масштабын, алардын себептерин аныктоо, ошондой эле жарандардын жана мамлекеттик кызматкерлердин арасындагы изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча коррупцияны азайтуу үчүн сунуштамаларды иштеп чыгуу.

Коррупцияга каршы тематика боюнча 15 семинар жана тегерек столдор өткөрүлдү. Мамлекеттик органдардын, бизнес-түзүмдөрүнүн жана жарандык коомдун институттарынын өкүлдөрүнөн 700дөн ашык адам окутулду.

Коомдо коррупцияга каршы чыдамсыздык менен мамиле кылууну түзүү боюнча кеңири маалыматтык-түшүндүрүү кампаниясы өткөрүлдү. Алсак, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу коррупцияга терс аракеттер жөнүндө 570 га жакын ар түрдүү билдирүүлөр жарыяланган.

2014-жылы Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан (ЭКККМК) 1667,9 млн сом жалпы суммасындагы 1103 укук бузуу аныкталган. Аныкталган укук бузуу фактылары боюнча 779 кылмыш иши козголгон (т.а. башка органдар тарабынан - 205). Сотко 271 кылмыш иши жөнөтүлгөн. Бардыгы болуп 1323,8 млн сомдун (КРБ аркылуу - 870,2 млн сом) орду толтурулган.

2014-жылы коррупциялык көрүнүштөрдөн 292 факты табылган (анын ичинде прокуратура тарабынан 174 кылмыш иши козголгон), алар боюнча зыян келтирүүлөр 242,2 млн сомду түзгөн. 98 кылмыш иши иликтенген жана сот органдарына жөнөтүлгөн. Кылмыш иши боюнча
47,6 млн сомдун орду толтурулган (анын ичинде КРБ аркылуу - 25,9 млн сом).

Козголгон кылмыш иштери:



  • Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча 167 кылмыш иши (КР КЖКнын 304-316 беренелери), анын ичинде паракордук фактылары боюнча 23 кылмыш иши козголгон (КР КЖКнын 310-314 беренелери). Бул кылмыш иштери боюнча зыян келтирүүнүн суммасы 62,4 млн сомду түзгөн;

  • Ишеним артып берилген мүлктү ээлеп алуу же түгөтүп коюу фактылары боюнча 69 кылмыш иши (КР КЖКнын 171-беренеси), зыян келтирүүнүн суммасы 27,1 млн сомду түзгөн;

  • Кызматкерлердин мыйзамсыз сый акыларды алуу фактылары боюнча 10 кылмыш иши (КР КЖКнын 225-беренеси);

  • Алдамчылык фактылары боюнча 10 кылмыш иши (КР КЖКнын 166-беренесинин 4-б. 3-п). Зыян келтирүү 4,0 млн сомду түзгөн;

  • Коммерциялык структуралардын кызматкерлери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча
    32 кылмыш иши (КР КЖКнын 221-беренеси). Зыян келтирүү 147,8 млн сомду түзгөн;

  • Тендерлерди жана мамлекеттик сатып алууларды мыйзамсыз жүргүзүү фактылары боюнча 3 кылмыш иши (КР КЖКнын 189-беренеси). Зыян келтирүү 2,4 млн сомду түзгөн;

  • Акча каражаттарын кылмыштуу жол менен легалдаштыруу (адалдоо) фактысы боюнча 1 кылмыш иши (КР КЖКнын
    183-беренеси).

Отчеттук мезгилде Кыргыз Республикасынын Президентинин
2013-жылдын 12-ноябрындагы №215 «Бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупциянын себептерин четтетүү боюнча иш-чаралар жөнүндө» Жарлыгында көрсөтүлгөн милдеттерди ишке ашыруу боюнча иштер жүргүзүлдү.

Кыргыз Республикасынын Президентинин аталган Жарлыгын аткарууда ЭКККМК оперативдүү кызматкерлери тарабынан 75 кылмыш иши козголгон, жалпы суммасы 156,8 млн сомдук зыяндын орду толтурулган.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын министрликтеринде жана ведомстволорунда коррупциялык көрүнүштөрдү четтетүү боюнча
9 кадамдык план иштелип чыккан жана бекитилген.


  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттикте;

  • Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде (Жол кайгуул кызматында);

  • Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинде;

  • Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде;

  • Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде;

  • Саламаттыкты сактоо министрлигинде;

  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Кадастр жана кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо департаментинде;

  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматында;

  • Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунда.

Жогоруда белгиленген мамлекеттик органдарда коррупцияга каршы чараларды ишке ашыруунун бошоң жүргүзүлүп жаткан мүнөзүн эске алып, Кыргыз Республикасынын Коргоо Кеңешинин катчылыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызматы (мындан ары - УКМК ККК), Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы жана көз карандысыз эксперттер менен өз ара аракеттенүүдө бекитилген графикке ылайык, коррупциялык схемаларды жок кылуу боюнча иштерди баалоо максатында бардык министрликтерде жана ведомстволордо иштелип чыккан пландарды аткаруунун мониторинги, аларды андан ары активдештирүү боюнча тиешелүү чараларды көрүү менен ишке ашырылган.

Бул контексте УКМК ККК тарабынан кылмыш иштеринин жана оперативдүү материалдардын алкагында 1,7 млрд сом (анын ичинде кызматтык кылмыштар боюнча - 484,2 млн сом) зыян келтирилгендиги аныкталган, көрүлгөн чаралардын негизинде 473,2 млн, сомдун (анын ичинде кызматтык кылмыштар боюнча 260,5 млн сом) орду толтурулган. 2014-жылы УКМК КККнын материалдары боюнча 327 кылмыш иши козголгон.




    1. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу

Кыргыз Республикасынын аймагында 2014-жылы 177 табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал болуп өттү (2013-ж. - 228), анын натыйжасында 62 адам (2013-ж.- 95) каза тапты. 2013-жылга салыштырмалуу өзгөчө кырдаалдардын саны 22 %га, ал эми каза болгондордун саны - 35 %га азайгандыгын белгилеп кетүү керек.


2014-жылы өзгөчө кырдаалдардан келтирилген жалпы материалдык зыян 2013-жылга салыштырганда 2 эсе көбөйгөн жана 455,7 млн сомду түздү (2013-ж. - 220,6 млн сом).

Жалпы материалдык зыяндын ичинен Ысык-Көл облусунда


2014-жылдын 14-ноябрында эпицентринде 7 балл күчү менен болуп өткөн жер титирөө 349,9 млн сом өлчөмүндө зыян алып келгендигин белгилеп кетүү керек (76,8 %).

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери, Жарандык коргонуу боюнча комиссиясы (мындан ары - ЖК) жана Ысык-Көл облусунун жарандык коргонуу боюнча комиссиялары менен биргеликте ыкчам тартипте Ысык-Көл облусунун аймагындагы турак үйлөрдүн жана социалдык-маданий объектилердин канчалык даражадагы зыян тарткандыгы жана келтирилген материалдык чыгымдарды табуу жана тактоо үчүн текшерүү жүргүзүлгөн. Ысык-Көл облусунда жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжасы боюнча 3-даражада зыян тарткан 365 турак үй (капиталдык оңдоону талап кылуучу) жана


4-даражада зыян тарткан 318 турак үй (авариялык) аныкталган.

Өкмөт тарабынан 148 жабыр тарткан турак жай ээлерине мамлекеттик жардам алуу үчүн сертификаттар берилген жана 254 адам ар бири 10,0 миң сом өлчөмүндө бир жолку кайтарымсыз жардамдарды алышты.

Бишкек жана Ош шаарларынын куткаруу кызматтарынын, ошондой эле Республикалык өзүнчө куткаруучу отрядынын (РӨКО), Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун (КДМБ) куткаруучулары тарабынан 227 адам (2013-ж. - 305), анын ичинен жол кырсыгынан 105 адам (2013-ж. - 146), экстремалдык кырдаалда - 105 адам (2013-ж. - 126) куткарылган. Бардыгы 796 адамга (2013-ж. - 1356) жардам көрсөтүлгөн, анын ичинен дарыгерге чейинки жардам - 270 адамга (2013-ж. - 303), күтүүсүз жагдайга туш болгон - 62 адамга (2013-ж. - 141) жана бекилип калган үйлөрүнүн эшиктерин ачууга 464 адамга (2013-ж. - 912) жардам беришкен.

2014-жылы республика боюнча материалдык чыгымы 361,7 млн сомду (2013-ж. - 366,6 млн сом) түзгөн 4361 өрт кырсыгы (2013-ж. - 4289) катталган. Өрт кырсыктарынан 76 адам (2013-ж. - тийиштүү түрдө 75 жана 5) каза таап, алардын ичинде 4 жаш бала (2013-ж. - 5) болгон. Өрт кырсыктарынан 57 адам (2013-ж. - 81, анын ичинен 13 жаш бала) жаракат алып, алардын ичинде 8 жаш бала болгон. Өрт кырсыктарынан 200 адам куткарылган (2013-ж. - 135). Жалпысынан, отчеттук мезгил ичинде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрттөн-куткаруу жана куткаруу кызматтары тарабынан табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар жана ири өрт кырсыгынын учурунда


427 адам куткарылган.

Отчеттук мезгилде 65 шашылыш билдирүү (2013-ж. - 56) берилген, анын негизинде 18 буйрук (2013-ж. - 22) чыгарылган, 57 смс билдирүүлөр (2013-ж. - 45) жиберилген.

Кооптуу табигый, техногендик процесстерге жана кубулуштарга мониторинг жана болжолдоону ишке ашыруу үчүн отчеттук мезгилде 1626 кооптуу табигый процесстерге жана кубулуштарга (2013-ж. - 1701) изилдөө жүргүзүлдү, бул 2013-жылга салыштырмалуу 4,4 %га аз. Бул көрсөткүчтүн азайышы атмосфералык жаан-чачындардын чектүү жана жылдык орточо ченеминен төмөн жаашынан көз каранды болгон кооптуу табигый процесстердин жана кубулуштардын азаюусу менен түшүндүрүлөт.

Кыргызстандын аймагындагы болуп өткөн 177 өзгөчө кырдаалдардын 82 %ын (145 ӨК) кооптуу табигый процесстер жана кубулуштар түзөт, 18 %ы (32 ӨК) техногендик, биологиялык жана социалдык мүнөздө.

2014-жылдын августунда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика институтунун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин, Жерлерди прикладдык изилдөөнүн Борбор-Азиялык институнун (ЦАИИЗ) адистери биргелешип Кыргыз, Алай жана Талас тоо кыркаларынын өрөөндөрүндөгү, Күңгөй жана Тескей Ала-Тоодогу тоолуу көлдөрдү жана Нарын дарыясынын өрөөнүнүн жогору жагындагы сууларды тик учак менен учуп (аэровизуалдык) изилдешти. Изилдөөнүн натыйжасында 29 көл жырылып кетүү коркунучунун өрчүү баскычында экени, анын ичинен
I категориядагы кооптуу - 9, II категориядагы кооптуу болуп 20 көл белгиленди.

Мониторинг жана болжолдоо системасын жакшыртуу максатында кооптуу табигый процесстердин жана кубулуштардын түрү боюнча электрондук карталарды иштеп чыгуу боюнча иштер аяктады. Геомаалыматтык маалымат базасын билдирүүчү «GEONODE» программасы иштөө режиминде ишке киргизилди.

Электрондук карталарда координаттар, ӨК түрү, зыян тартып калуусу мүмкүн объектилер, ошол райондо жайгашкан күчтөр жана каражаттар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин сунуштамалары белгиленген. Азыркы учурда Ош жана Жалал-Абад облустарында жумуштар бүткөрүлүп, түндүк регионундагы облустар боюнча маалыматтарга оңдоолор киргизилүүдө.

Отчеттук мезгилде коркунучтуу табигый процесстерге мониторинг жүргүзүү жана болжолдоо боюнча төмөнкү ченемдик документтер кабыл алынды:



  • Кыргыз Республикасынын аймагындагы тоо сууларынын жырылып кетишинен пайда болуучу суу ташкыны жана селдин жүрүшү мүмкүн болгон зоналарды аныктоо тартиби (КР КЧЭ 22-102:2001);

  • Кыргыз Республикасынын аймагындагы кыска жана орточо мөөнөттөгү көчкү коркунучун болжолдоо тартиби (КР КЧЭ 22-101:2001);

  • Кыргыз Республикасында жер көчкүлөрдү алардын жабыркатуу зоналарынан жандануусун божомолдоо эрежеси (РДС -21-22-1-97).

Метеорологиялык байкоолор 32 метеостанциялар, 4 автоматташкан метеостанция жана 69 пост менен, ал эми агрометеорологиялык байкоолор 31 станциясы жана бир пост менен ж­үргүзүлөт. Ысык-Көлдүн деңгээли
4 постто байкоого алынат, ушундай эле байкоолор Киров суу сактагычында бир постто жүргүзүлөт. Дарыялардагы гидрологиялык байкоолорду 77 пост ишке ашырат.

2014өжылы 222 коркунучтуу метеорологиялык кубулуштар катталды, 2013-жылы 134 катталган, анын ичинде 46 жергиликтүү табигый кырсыктар (кардын калың жаашы, катуу шамал, туман). Метео эскертүүлөрдүн сапаты 93 %ды түздү, бул өткөн жылга салыштырганда 2 %га жогору.

Жалпы автожолдордогу кыймылдын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2014-жылы Бишкек-Ош, Каракулжа-Алайку, Ала-Бука-Канышкыя, Бишкек-Нарын-Торугарт, Казарман-Акталчат жана Арал-Миңкуш автожолдорундагы кар көчкүсүн мажбурлап түшүрүү боюнча 11 иш-чараларды (2013-ж. - 7) өткөрдү. Бардыгы болуп 650 артиллериялык снаряд атылган (2013-ж. - 385) жана 1461,5 миң м³ кардуу масса (2013-ж. - 1632,5 миң м³) түшүрүлгөн.

Гидрологиялык, метеорологиялык, кар көчкү кызматтарын өркүндөтүү, атмосферанын жана үстүңкү суулардын булгануусуна фондук байкоо жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-августундагы №459 токтому менен 2017-жылга чейин Кыргыз Республикасындагы гидрометеорологиялык ишти өнүктүрүүнүн негизги багыттары бекитилди.

2014-жылы алдын ала коргоо иштери 68 объектте (2013-ж. - 105) 318,0 млн сомго жүргүзүлдү (2013-ж. - 408,9 млн сомго). Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында 23917 короо жай, 1 микрорайон жана 15890 га айыл чарба аянттары, 6 мектеп, 1 мүрзө аянты жана 1 оорукана корголду.

Отчеттук мезгилде пайдаланууга 12005 метр дамба берилди,


2 суткалык жөнгө салуу бассейн, 4 сел өткөрүүчү канал, 2 селден сактоочу курулма, 7 ички чарбалык көпүрө, 4 коллектордук-дренаждык түйүн ишке киргизилди.

Өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда бирдиктүү маалыматтык-башкаруучу системанын иштешин камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 170 токтому менен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору жөнүндө жобо бекитилди

2014-жылдын 15-декабрында болжолдоо, кабарды эрте жеткирүү, Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюунун Бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системасынын (БМБТ) компоненттеринин расмий ачылышы өткөрүлдү.

Аталган кызматты ишке киргизүү менен өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтаруу убактысы 10-15 %га кыскаруусу күтүлөт.

Кыргызстан Бажы биримдигине кошулуусуна байланыштуу, мүмкүн болгон коркунучтарды минималдаштыруу максатында, ошондой эле Жогорку Евразиялык экономикалык Кеңешинин 2014-жылдын 29-майындагы №74 чечими менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине кошулуусу боюнча Иш-чаралардын планын («Жол картасын») ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планын аткаруу багытында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-октябрындагы № 597 токтому менен техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндө «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдын долбоору демилге кылынган. Аталган мыйзамдык актыларга Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишин жөнгө салган мыйзамдар киргизилген: «Өрт коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламент», «Радиациялык коопсуздук жөнүндө» техникалык регламент».

Төмөнкүлөргө кол коюлду:



  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы метеорология тармагында кызматташуу жөнүндө Анкара ш. 2014-жылдын 3-июнундагы макулдашууга;

  • Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Корея Республикасынын Табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу ассоциациясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга;

  • Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Афганистан Ислам Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик агенттигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө 2014-жылдын 16-февралындагы Меморандумга;

Төмөнкү ченемдик укуктук актылар кабыл алынды:

  • «2013-жылдын 27-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикистан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы жарандык коргонуу (сактануу), өзгөчө кырдааладардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» 2014-жылдын 27-июнундагы № 98 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

  • «2012-жылдын 5-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосунда Өзгөчө кырдаалдарды жоюуда жардам көрсөтүүдө өз ара аракеттенүү жөнүндө 2005-жылдын 26-октябрындагы макулдашууга карата Протоколду ратификациялоо тууралуу» 2014-жылдын 27-июнундагы № 97 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

  • «2012-жылдын 28-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Атомдук энергияны тынчтык максатта пайдалануу жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» 2014-жылдын 27-июнундагы № 99 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

  • Өкмөттүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 149 «2013-жылдын 31-майында Минск шаарында кол коюлган КМШга мүчө мамлекеттердин атомдук энергияны тынчтык максатта пайдалануу жаатында мамлекеттер аралык мамилелерди координациялоо жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу» токтому;

  • Өкмөттүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 150 «2013-жылдын 31-майында Минск шаарында кол коюлган КМШга мүчө мамлекеттердин чек ара жанындагы аймактарда табигый өрттөрдү алдын алуу жана өчүрүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу» токтому;

Швейцариянын Женева шаарында болуп өткөн Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун (ЭЖКУ) Генералдык Ассамблеясынын 2014-жылдын апрелиндеги 21-чи сессиясында Кыргыз Республикасы ЭЖКУнун Аткаруу кеңешинин мүчө-мамлекеттеринин курамына кошулду.


    1. Жаратылышты коргоо иштери

2014-жыл ичинде Өкмөт тарабынан айлана-чөйрөнү коргоого жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылууга багытталган иштер жүргүзүлдү. Экологиялык коопсуздукту камсыздоо максатында, Өкмөттүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №599 токтому менен бекитилген 2011-2015-жылдарга карата экологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча иш-чаралардын комплексин ишке ашыруу боюнча иштер улантылды.

Өкмөттүн 2012-жылдын 21-ноябрындагы №783 токтому менен бекитилген, Климаттын өзгөрүү проблемалары боюнча координациялык комиссиянын ишинин алкагында 2014-жылы төмөнкүдөй багыттар боюнча координациялоо жүргүзүлдү:

- суу ресурстары, айыл чарбасы, өзгөчө кырдаалдар, токой ресурстары жана биотүрдүүлүк секторлорунда климаттын өзгөрүүсүнө адаптациялануу боюнча чараларды, тармактык Программаларды иштеп чыгуу;

- климаттын өзгөрүүсүнө адаптациялануу боюнча Дүйнөлүк банктын региондук программасынын долбоорун иштеп чыгуу;

- климаттын өзгөрүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын артыкчылыктуу иштерин эл аралык колдоонун Жол картасын иштеп чыгуу;

- климаттын өзгөрүүсү тууралуу БУУнун Алкактуу Конвенциясы боюнча үчүнчү Улуттук билдирүүнү даярдоо, анын алкагында парник газдарын чыгарууну инвентаризациялоо жүргүзүлгөн;

- климаттын өзгөрүүсү маселесинде бардык кызыкдар тараптар менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүү механизми катарында түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Климаттык диалог платформасынын ишин уюштуруу. Эки жолугушуу өткөрүлгөн (2014-жылдын 31-июлунда жана 21-ноябрында), Концепциянын иш долбоору иштелип чыкты жана Жумушчу топ түзүлдү.

Өкмөттүн 2014-жылдын 17-мартындагы №131 токтому менен бекитилген 2024-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо артыкчылыктары менен планы ишке ашырылууда.

Сейрек өсүмдүктөрдү сактап калуу максатында Өкмөттүн 2014-жылдын 2-июнундагы №293 токтому менен бекитилген 2025-жылга чейин Кыргыз Республикасында жаңгак-мөмө өсүмдүктөрүн өнүктүрүү боюнча программа ишке ашырылууда.

Кыргыз Республикасы 1979-жылдын 23-июнундагы Бонн шаарында кол коюлган Миграциялык жапайы жаныбарларды сактоо боюнча конвенцияга кошулган.

2014-жылдын 11-июлунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 258-б буйругу менен түзүлгөн жумушчу секретариаты тарабынан 2020-жылга чейин ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоонун Глобалдык программасын жана Кыргыз Республикасында 2013-2023-жылдарга Ак илбирсти сактоо боюнча Улуттук стратегиясын ишке ашыруу планын аткаруу боюнча иштер жүргүзүлдү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-октябрындагы № 613 токтому менен 23-октябрда жыл сайын Ак илбирс күнү катары белгиленүүсү аныкталды.

Химиялык заттардын адамдын ден-соолугуна жана айлана-чөйрөгө тийгизген зыяндуу таасирин азайтууга багытталган 2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында химиялык заттарды талаптагыдай башкаруу программасынын жана планынын долбоорлору иштелип чыкты.

2014-жылдын 17-декабрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 579-б буйругу менен Орхусс борборун түзүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги (мындан ары - Токой агенттиги) менен ОБСЕ борборунун ортосунда өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум жактырылган.

Экологиялык коопсуздукту камсыздоо үчүн ченемдик - укуктук базаны жакшыртуу жаатында чаралар көрүлдү. 2014-жылы 19 ченемдик укуктук актылар кабыл алынды.

Пландаштырылган чарбалык жана башка иштердин калктын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө тийгизүүчү жагымсыз кесепеттеринин алдын алуу максатында 2014-жылы 1171 долбоордук документтер, ченемдик укуктук акты, ишканалардын экологиялык паспорттору жана башкалар мамлекеттик экспертизадан өткөрүлдү.

Жаратылышты рационалдуу колдонуу жана айлана-чөйрөнүн сапатын жөнгө салуу максатында, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин колдонууга жана алып чыгууга, эс алуу үчүн балык кармоого, илимий-изилдөө максатында, козу карындарды чогултуу, ууландыруучу материалдардын жана буюмдардын калдыктарын утилизациялоо, жайгаштыруу, жок кылуу жана көмүүгө, аң уулоого ж.б. 1474 уруксат берилген.

Жыл сайын курчап турган чөйрөнүн абалына экологиялык мониторинг ишке ашырылат, анын ичинде чек аралык Чүй суусунун жана негизги куймаларындагы суулардын мониторинги жана Ысык-Көлдүн акваториясына курорттук мезгилдин алдында жана аяктаганда суунун жана жердин экологиялык текшерүүсү, бир катар чарбалык субъекттердин тазалоочу жайларында саркынды сууларга анализ жасоо, чарбалык ишканаларда атмосфералык абанын, саркынды суулардын жана жердин пробаларына анализ жүргүзүү. 2014-жылы агын суулардан, топурактан жана атмосфералык абадан 1394 жолу сынамдар тандап алынып анализделген, 6668 изилдөөлөр жүргүзүлгөн.

2014-жылдын майында Ысык-Көлдүн жээк зонасын жана түбүн тазалоо жүргүзүлдү, узундугу 6500 метр, андан 56,9 куб.метр тиричилик калдыктары чыгарылды. Жаратылышты сактоо жана токой чарбасын өнүктүрүү республикалык фондусунун каражаттарынан 490,0 миң сом бөлүп берилген.

2014-жылы токой чарбалары тарабынан 1275 га аянтка токой өсүмдүктөрүн отургузуу жүргүзүлгөн, 501 га аянтка мамлекеттик эмес токой фондусуна бак-дарактар отургузулган.

Айлана-чөйрөнүн экологиялык абалын жандандыруу, микроклиматты жакшыртуу жана калктуу пункттарды жайлаштыруу максатында, токой чарбалары жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге бардык региондордо ишембиликтер жүргүзүлүп, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча иштер аткарылды: 152 калктуу пункттарда 138 оорукананын жана мектептин аймагы жашылдандырылды, 64 айыл аймагы, 272 кордон жана токой чарбасы жашылдандырылды. Токой чарбалары тарабынан 416 миң даана бак жана бадал отургузулду.

Жергиликтүү коомдошторду колдоо максатында бат өсүүчү түрдөгү социалдык токой өстүрүү боюнча юридикалык жана жеке жактарга бак жана бадалдардын 2 млн көчөттөрү отургузуу үчүн таратып берилди.

2014-жылы токой сакчылыгы тарабынан жаратылышты коргоо мыйзамын бузуунун 622 фактысы аныкталган, андан келтирилген зыян 11, 532 млн сомду түзгөн, анын ичинде бактарды мыйзамсыз кыюунун 410 фактысы - 8,9 млн сом чыгымга алып келген, кыйылган бактардын саны 2417 даана, 500,7 куб м. көлөмдө, анын 131,26 куб м. мамлекеттин пайдасына тартып алынды.

Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, аңчылыкка көзөмөл кылуу жаатында, жаныбарлар дүйнөсүн сактоо жана көбөйтүү боюнча системалык иштер жүргүзүлүүдө, анын ичинде жаныбарларды жана алар байыр алган аңчылык жерлерди коргоо, аңчылык эрежелерин бузгандар жана браконьерлер менен күрөшүүнү уюштуруу. 2014-жылы аңчылык эрежесин бузуу, браконьерлик жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө зыян келтирүүнүн 527 фактылары айкындалып, бети ачылган.

Жаратылышты коргоо боюнча иш-чараларды каржылоону камсыз кылуу, жаратылыш чөйрөсүндөгү жоготууларды калыбына келтирүү, токой экосистемасын жана био түрдүүлүгүн сактоо, токой тармагын өнүктүрүү жана өзгөчө коргоого алынган жаратылыш аймактарын коргоо максатында жаратылышты коргоо фондунун каражаттарынан 2014-жылы 202,75 млн сом бөлүп берилген. 2013-жылга салыштырмалуу жаратылышты коргоо иштерине жумшалган каражаттардын көлөмү
133,6 %ды түздү.


  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын аткаруу боюнча иштерди уюштуруу жана бирдиктүү мамлекеттик укуктук саясатты ишке ашыруу

Өкмөттүн ишиндеги багыттарынын бири Кыргыз Республикасынын Укуктук маалыматтардын борбордоштурулган банкын (мындан ары - МББ) жүргүзүү, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан кызыкдар жеке жана юридикалык жактарга маалымат берүү болуп саналат. МББ 68 901 документи камтыйт.

Республикадагы калкка мыйзамдардын ушундай маалымат базасынын иштөөсү жөнүндө маалыматты жеткирүүнүн маанилүүлүгүн эске алып, БУУӨП жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин «Кыргыз Республикасында сот адилеттигине жетүүнү кеңейтүү» долбооруна финансылык көмөктөшүүсүндө, МББ жөнүндө социалдык видеороликтер даярдалган, алар интернетте, КТРК, ЭлТР, РТР-Планета, Россия-24, ТНТ-Азия каналдарында көрсөтүлгөн.

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ченемдик укуктук актылардын мыйзамдуулугун камсыз кылуу максатында Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестри жүргүзүлөт (ченемдик укуктук актылардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу). Ушуга байланыштуу келип түшкөн документтерди министрлик электрондук түргө өткөрүп, МББга киргизет.

2014-жылы Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине 5442 ченемдик укуктук акт киргизилген, бул 2013-жылга салыштырмалуу 1278 ченемдик укуктук актыларга көбөйдү, анын ичинен:


  • Кыргыз Республикасынын Мыйзамы - 185;

  • Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары - 224;

  • Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдору - 776;

  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору - 723;

  • Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын токтомдору - 53;

  • Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтомдору - 139;

  • Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын токтомдору - 3342.

Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине 50 000 ден ашык ченемдик укуктук актылар киргизилген.

Юстиция министрлигинин алдында Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия ишин алып барат, анын негизги милдети болуп ченемдик укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана башка мыйзамдарга ылайык келтирүүү жолу менен мыйзамдарды өркүндөтүү эсептелет. 2014-жылы Комиссиянын 4 отуруму уюштурулуп өткөрүлгөн (2014-жылдын


22-апрелинде, 2014-жылдын 26-июнунда, 2014-жылдын 30-сентябрында, 2014-жылдын 24-декабрында). Жалпысынан 2014-жылы Комиссия тарабынан 39 ченемдик укуктук актылардын долбоорлору иштелип чыккан.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдагы мыйзам долбоорлоо иш-аракети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн


2014-жылдын 11-январындагы № 21 токтому менен бекитилген
2014-жылга мыйзам долбоорлоо иштеринин планына ылайык, ошондой эле Өкмөттүн чечимдеринин негизинде министрликтердин жана ведомстволордун сунуштары менен пландан тышкары тартипте иш жүзүнө ашырылган.

2014-жылга мыйзам долбоорлоо иштерин пландаштыруу боюнча иштер колдонуудагы мыйзамдардын талаптарын жана бүгүнкү күндүн муктаждыктарын эске алуу менен жүргүзүлгөн. Бирок, Планды аткаруунун жүрүшү бул багыттагы мамлекеттик органдардын аракеттеринин жетишсиздигин көрсөттү.

Алсак, 2014-жылга Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо иштеринин бекитилген Планы 34 мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууну камтыган. Планды ишке ашырууга 14 мамлекеттик орган тартылган.

Ошону менен, Өкмөттүн 2014-жылдын 16-июлундагы № 398,


2014-жылдын 24-июлундагы № 420, 2014-жылдын 12-ноябрындагы № 642, 2014-жылдын 1-декабрындагы № 688 токтомдору менен мыйзам долбоорлоо иштеринин Планына өзгөртүүлөр киргизилген, аларга ылайык Планда 28 ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуусу каралган. 2014-жылы Өкмөттүн токтомдору менен жактырылгандар - 15.

Эл аралык гуманитардык укук боюнча ведомстволор аралык комиссиянын 2013-жылдын 23-декабрындагы кеңешмесинин протоколу менен бекитилген, 2014-жылга Эл аралык гуманитардык укуктун нормаларын имплементациялоо боюнча Иш-чаралар планына ылайык жооптуу мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерге кошулуу боюнча ишти аткаруулары зарыл. Алсак, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кызыл Крест Комитети менен бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги тарабынан «1976-жылдын 10-декабрында Женева шаарында кол коюлган Табигый чөйрөгө таасир берүү каражаттарын аскердик же башкача кастык менен пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору иштелип чыккан. Ушул Мыйзамдын долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-июнундагы № 351 токтому менен жактырылып, “1976-жылдын 10-декабрында Женева шаарында кол коюлган Табигый чөйрөгө таасир берүү каражаттарын аскердик же башка кастык менен пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 12-январындагы № 7 Мыйзамы менен кабыл алынган.

«Соттук-эксперттик иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 132 «Кыргыз Республикасындагы соттук-эксперттик иштин айрым маселелери жөнүндө» токтому кабыл алынган, аны менен Кыргыз Республикасынын сот экспертинин компетенттүүлүк сертификатын берүүнүн, берүүдөн баш тартуунун, жарактуулугун токтото туруунун, токтотуунун жана ажыратуунун тартиби жана шарттары жөнүндө жобо жана Сот эксперттеринин компетенттүүлүгүн сертификациялоо маселеси боюнча мамлекеттик эксперттик-квалификациялык комиссия жөнүндө жобосу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Сот эксперттеринин мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жана Кыргыз Республикасындагы соттук-эксперттик изилдөөлөрдүн методикалары бекитилген.

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук экспертизанын мамлекеттик борборунда өткөрүлгөн экспертиза өндүрүшү бөлүгүндө 2014-жылы экспертизага 7245 иш түшкөн жана эксперттердин корутундусун алуу үчүн 1557 жарандардын арызы кароого алынды, алардын ичинен 6802 экспертиза иши аткарылды жана 1557 эксперттердин корутундусу берилди.

Юстиция министрлигинин ишинин багытынын бири болуп мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Өкмөттүн кароосуна киргизүүчү ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна укуктук, укук коргоочулук, коррупцияга каршы жана гендердик экспертиза жүргүзүү саналат.

Отчеттук мезгилде төмөнкү адистештирилген экспертизалардын түрлөрү өткөрүлгөн:



  • Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлору - 625;

  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин долбоорлору - 2235;

  • башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлору - 370.

«Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасы ар бир жаранга анын өз укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн каражаттары жок болгон учурда мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен квалификациялуу юридикалык жардамды кепилдикке алат.
31-таблица


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   11   12   13   14   15   16   17   18   19




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет