Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчету Киришүү



бет13/19
Дата23.02.2016
өлшемі1.52 Mb.
#11437
1   ...   9   10   11   12   13   14   15   16   ...   19

Талас облусу
2014-жылы өнөр жай ишканаларында 1026,5 млн сом суммасына продукция өндүрүлдү, табигый көлөмдүн индекси 113,2 %ды түздү. Облустун өнөр жайынын салыштырма салмагы республиканын өнөр жайынын жалпы көлөмүнүн 0,6 %ын түзөт. Өнөр жайдын 10 тармагынан табигый көлөмүнүн индекси бардык тармактарда камсыздалды. Облустун өнөр жай комплексин 14 өнөр жай ишканалары түзөт, анын ичинен 1 ишкана- «Таласбасмаканасы» ААК 2013-жылга салыштырмалуу чийки заттын жана материалдардын жетишсиздигинен улам өсүштүн темпине жетишкен жок.

2014-жылы айыл чарба продукциясынын дүң чыгаруу көлөмү 20790,2 млн сомду, 2013-жылга салыштырмалуу табигый көлөмдүн индекси 98,9 %ды түздү. Облустун салыштырма салмагы республиканын айыл чарбасынын жалпы көлөмүнүн 10,7 %ын түзөт. Өткөн жылга салыштырмалуу айыл чарба продукциясынын дүң чыгаруу көлөмүнүн төмөндөшү өсүмдүк өстүрүү продукциясын өндүрүүнүн 1,1 %га кыскарышы менен шартталды.

2014-жылы облуска, УСК алдын ала маалыматтары боюнча, 34,2 млн АКШ доллар суммасына же 2013-жылга караганда 6,4 эсеге көп тикелей чет өлкөлүк инвестициялар тартылды. Кыргыз Республикасына тартылган тикелей чет өлкөлүк инвестициялардын жалпы көлөмүндө облуска тикелей чет өлкөлүк инвестициялардын салыштырма салмагы 5,6 %ды түздү.

2014-жылда курулуштун дүң продукциясынын көлөмү 1171,0 млн сомду түздү, же 2013-жылга салыштырмалуу 14,2 %га жогорулады.

2014-жылда 1123,2 млн сом капиталдык салымдар, же 2013-жылга салыштырмалуу 10,6 %га көп өздөштүрүлдү. Республика боюнча өздөштүрүлгөн капиталдык салымдардын жалпы көлөмүндө облус боюнча өздөштүрүлгөн капиталдык салымдардын салыштырма салмагы 1,0 %ды түздү. 39,4 миң кв.м, же 2013-жылдын деңгээлине карата 122,1 % турак жай колдонууга берилди.

2014-жылы рыноктук кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү 103,5 % өсүш темпи менен, 12179,3 млн сомду, анын ичинен дүң жана чекене сооданын жүгүртүмү, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоо 103,9 % өсүш темпи менен 10411,6 млн сомду түздү.

2014-жылы тышкы соода жүгүртүү 50,3 млн АКШ долларын түздү жана 2013-жылга караганда 13,9 %га, же 8,1 млн АКШ долларына төмөндөдү. Тышкы соода жүгүртүүнүн сальдосу 42,2 млн АКШ доллар өлчөмүндө оң түзүлдү.

2014-жылы облуста керектөө бааларынын индекси 114,4 %ды түздү. Инфляциянын жылдык орточо мааниси 110,9 %ды түздү (2014-жылдын январь-декабры 2013-жылдын январь-декабрына карата).

2014-жылы бир кызматкерге орточо айлык номиналдуу айлык акы (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 2013-жылга салыштырмалуу 7,5 %га көбөйүп, 9347 сомду түздү, ал эми керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептелгенде анын реалдуу өлчөмү 3,1 %га азайды.

2014-жылы жашоо минимумунун чоңдугу 4631,65 сомду түздү жана 2013-жылга салыштырмалуу 10,1 %га көбөйдү.

2015-жылдын 1-январына облус боюнча расмий катталган жумушсуздардын саны 2033 адам, же 2014-жылга салыштырмалуу 94,9 %ды түздү. Катталган жумушсуздук деңгээли 1,8 %ды түздү.

2015-жылдын 1-январына карата акы төлөнүүчү коомдук иштерге 2816 адам тартылды. Бардыгы 11330 адам, анын ичинен 7888 адам ишке орноштуруу кызматы аркылуу ишке орноштурулду. Башка булактардын эсебинен 4852 адам үчүн жумуш орундары түзүлдү жана кайра калыбына келтирилди.

Пенсионерлердин жалпы саны 25589 адамды түздү. Пенсиянын орточо айлык өлчөмү 4352,0 сомду түздү.

2014-жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик бюджет 100,7 %га аткарылды, пландагы 412,3 млн сомдун ордуна иш жүзүндө 415,1 млн сом түштү, анын ичинде республикалык бюджетке 167,3 млн сом, же аткаруу -97,1 %, жергиликтүү бюджетке -247,9 млн сом, аткаруу 103,3 %.


Чүй облусу
2014-жылы өнөр жай ишканаларында 68257,2 млн сом суммасына продукция өндүрүлдү, табигый көлөм индекси 106,2 %ды түздү.

Өнөр жайдын 17 тармагынан табигый көлөмдүн индекси 6 тармакта камсыздалган жок. Республиканын өнөр жайынын жалпы көлөмүндө облустун салыштырма салмагы 40,7 %ды түзөт. Облустун өнөр жай комплексин 149 өнөр жай ишканалары түзөт, анын ичинен туруктуу иштеген ишканалар - 110. Облус боюнча 4 өнөр жай ишканалары иштебей токтоп турган.

Экономикалык иштин пайдалуу кендерди казуу - 122,4 %, кайра иштетүү өндүрүшү - 106,9 %, суу менен камсыз кылуу, калдыктарды тазалоо, кайра иштетүү жана кайра пайдаланылуучу чийки заттарды алуу - 107,2 % сыяктуу түрлөрүндө табигый көлөм индексинин көбөйүшү байкалды.

2014-жылы өнөр жай продукциясынын көлөмүнүн азайышы төмөнкү тармактарда белгиленди: негизги металлдарды өндүрүүдө 6,5 %га, текстиль өндүрүшүндө 30,4 %га, башка өндүрүштөрдө, машиналарды жана жабдууларды оңдоодо жана орнотууда 50,7 %га, электр жабдууну өндүрүүдө 24,3 %га белгиленди.

Кайра иштетүү өндүрүшүнүн көлөмү 62672,7 млн сомду түздү, табигый көлөмдүн индекси 106,9 %ды түздү. Облустун кайра иштетүү өндүрүшүнүн бул көрсөткүчүнүн өнүгүшүнө төмөнкүлөр шарт түздү:

  • 104,5 % табигый көлөмдүн индекси менен тамак аш азыктарын өндүрүү. Кайра иштетилген сүт өндүрүшү 1,8 эсеге, ун жана нан - 1,5 эсеге, жууган май - 12,3 %га, ичи бош макарон азыктары - 8,2 %га өстү. Ошол эле мезгилде спирттин өндүрүшү 47,1 %га, арактын - 20,5 %га жана канттын - 20,2 %га кыскарды.

- текстиль өндүрүшүнүн, кийим жана бут кийим өндүрүшүнүн көлөмү 1485,4 млн сомду, табигый көлөмдүн индекси 73,7 %ды түздү. Жүндөн ийрилген жиптин чыгарылышы -24,1 %га, жумуш кийиминин - 33,2 %га, бут кийиминин - 12,9 %га азайды. Отчеттук мезгилде кийиз өндүрүшү 10,9 %га, төшөктөрдү тигүү 5,2 %га көбөйдү.

- химиялык өндүрүштүн көлөмү 849,0 млн сомду түздү, табигый көлөмдүн индекси 108,2 %га барабар. Сырлардын жана лактардын өндүрүшү 4,8 эсеге, чачтар үчүн шампунь жана лак - 2,1 эсеге, азот - 4,5 %га көбөйдү. Жуучу жана тазалоочу каражаттарды чыгаруу 34,0 %га, кислород - 0,8 %га азайды.

- 2014-жылы резина жана пластмасса буюмдарынын, башка металл эмес минералдык продуктылардын өндүрүш көлөмү 7593,9 млн сомду, табигый көлөмдүн индекси 101,6 %ды түздү. 2014-жылы песко-блокту өндүрүү 43,6 %га, цементти - 9,4 %га, бетон конструкцияларын- 9,3 %га жогорулады. Ошол эле мезгилде шифердин өндүрүшү 15,5 %га, айнектин - 8,0 %га, кыштын- 4,7 %га, товардык бетондун - 3,9 %га кыскарды.

2014-жылы айыл чарба продукциясынын дүң чыгаруу көлөмү 44511,4 млн сомду, 2013-жылга салыштырмалуу табигый көлөмдүн индекси 95,1 %ды түздү. 2014-жылдын жазындагы кургакчыл аба-ырайына жана сугат суусунун жетишсиздигине байланыштуу дан өсүмдүктөр өндүрүшүнүн 13,7 %га төмөндөшү айыл чарба продукциясынын дүң чыгаруу көлөмүнүн төмөндөшүнө таасирин тийгизди. Кыргыз Республикасынын жалпы көлөмүндө облустун салыштырма салмагы 22,9 %ды түзөт.

Облустун чарбаларында 2014-жылдын түшүмүнө берилген айдоо аянттары 410,2 миң га түздү, бул 2013-жылга караганда 4,3 миң га көп.

Натыйжада 418,6 миң га айдоодон 2014-жылы 7,6 миң га, же 1,8 % колдонулбай калды, бул 2013-жылдын деңгээлинен 0,3 %га аз. Өткөн жылга салыштырмалуу колдонулбаган айдоонун аянты 1,2 %га кыскарды.

2014-жылы облустун чарбаларында 459,4 миң тонна (иштетүүдөн кийинки салмагында), же 2013-жылга карата 62,8 % дан өсүмдүктөрү бастырылды. 210,4 миң тонна буудай (55,6 %), арпа - 104,7 миң тонна (54,1 %), жүгөрү - 143,5 миң тонна (91,3 %) бастырылды. Май өсүмдүктөрү 7,3 миң тонна, же 2013-жылга карата 72,7 % чогултулду. Кант кызылчасы 173,6 миң тонна, же 2013-жылдын деңгээлине карата 92,5 % казып алынды. Облус боюнча орточо түшүмдүүлүк гектардан 238,7 центнерди түздү, бул 2013-жылга караганда гектардан 60,6 центнерге аз.

Картошка 167,9 миң тонна, же 2013-жылдын деңгээлине карата 95,1 % казып алынды. Облус боюнча картошканын орточо түшүмдүүлүгү гектардан 163,6 центнерди түздү, бул өткөн жылга караганда гектардан 0,7 центнерге көп. 342 миң тонна жашылчалар чогултулду, бул өткөн жылдын деңгээлинен 3,1 %га жогору.

2014-жылы таза буулантууну кошуп эсептегенде, күздүктү эгүүгө 112,3 миң гектар, тоңдурма 40,7 миң гектар айдалды, 276 гектар таза буулантуу көтөрүлдү. Күздүк 112,1 миң гектарга, же 2013-жылга салыштырмалуу 86 % айдалды, анын ичинде күздүк дан 112,0 миң гектар (86 %).

Эт 2013-жылдын деңгээлине (84,9 миң тонна) карата 105,0 % (тирүү салмагында) өндүрүлдү, бул 2013-жылдан 4031 тоннага көп. Бардык өндүрүлгөн эттен 51,3 % - дыйкан жана фермердик, 46,3 % - калктын жеке чарбаларына, 2,4 % - коомдук сектордогу чарбаларга туура келет.

Жалпысынан облус боюнча 2013-жылга караганда 8664,2 тоннага көп сүт өндүрүлдү, буга уй башынын көбөйүшү шарт түздү.

2014-жылы 2013-жылга караганда 28560,9 миң даанага көп жумуртка өндүрүлдү. Жумуртка туучу бир тоок орто эсеп менен 162 жумуртка берет. Облус боюнча 2013-жылга караганда 33,8 тоннага көп жүн өндүрүлдү, буга койлордун жана эчкилердин көбөйүшү шарт түздү (102,1 %).

2014-жылы курулуштун дүң продукциясынын көлөмү 18563,0 млн сомду түздү, же 2013-жылга салыштырмалуу 28,2 %га жогорулады.



2014-жылы 22617,2 млн сом капиталдык салымдар, же 2013-жылга салыштырмалуу 27,4 %га көп өздөштүрүлдү. Республика боюнча өздөштүрүлгөн капиталдык салымдардын жалпы көлөмүндө облус боюнча өздөштүрүлгөн капиталдык салымдардын салыштырма салмагы 21,4 %ды түздү. 139,4 миң кв.м, же 2013-жылдын деңгээлине карата 112,7 % турак жай колдонууга берилди.

2014-жылы облуска 155,9 млн АКШ доллар суммасына, же 2013-жылга караганда 2,2 эсеге аз тикелей чет өлкөлүк инвестициялар тартылды. Кыргыз Республикасына тартылган тикелей чет элдик инвестициялардын жалпы көлөмүндө облуска тикелей чет элдик инвестициялардын салыштырма салмагы 25,6 %ды түздү.

2014-жылы рыноктук кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү 108,6 % өсүш темпи менен, 60395,6 млн сомду, анын ичине дүң жана чекене соода-сатыктын жүгүртүмү, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоо 108,6 % өсүш темпи менен 51402,5 млн сомду түздү.

2014-жылы тышкы соода жүгүртүү 621,8 млн АКШ долларын түздү жана 2013-жылга салыштырмалуу 6,1 %га, же 35,7 млн. АКШ долларына көбөйдү. Тышкы соода жүгүртүүнүн сальдосу 302,3 млн АКШ доллар өлчөмүндө терс болду.

2014-жылы облуста керектөө бааларынын индекси 113,8 %ды түздү. Инфляциянын жылдык орточо мааниси 111,2 %ды түздү (2014-жылдын январь-декабры 2013-жылдын январь-декабрына карата).

2014-жылы бир кызматкерге орточо айлык номиналдуу айлык акы (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 2013-жылга салыштырмалуу 10,8 %га көбөйүп, 10981 сомду түздү, ал эми керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептелген анын реалдуу өлчөмү 99,6 %ды түздү.

2014-жылы жашоо минимумунун чоңдугу 4707,0 сомду түздү жана 2013-жылга салыштырмалуу 6,9 %га көбөйдү.

Облус боюнча 91384 пенсионер пенсия алышат, 2014-жылга
4715,7 млн сом суммасында пенсиялар толугу менен төлөндү. Пенсиянын орточо айлык өлчөмү 4836,7 сом.


2014-жылы облус боюнча аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жалпы 363,0 млн сом суммасында ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдар жана бир жолу берилүүчү жөлөкпулдар төлөнүп берилди.

Акчалай компенсацияларды төлөөгө 2014-жылы 57,9 млн сом суммасында акча каражаттары каржыланды.

2015-жылдын 1-январына карата облус боюнча расмий катталган жумушсуздардын саны 5529 адам, же 2014-жылдын тиешелүү мезгилине карата 95,7 %ды түздү. Катталган жумушсуздуктун деңгээли 1,5 %ды түздү.

2014-жылдын 9-айында облус боюнча 23056 жумушчу орундары түзүлдү, бул өткөн жылдын деңгээлине карата 1487 жумушчу орундарына көп.

Облустун мамлекеттик бюджетинин киреше бөлүгү 100,2 %га аткарылды, иш жүзүндө 4293,9 млн сом түштү. Республикалык бюджет 98,4 %га, жергиликтүү бюджет 103,3 %га аткарылды.

Бишкек шаары
2014-жылы өнөр жай ишканаларында 30626,9 млн сом суммасына продукция өндүрүлдү, табигый көлөмдүн индекси 95,9 %ды түздү.

Республиканын өнөр жайынын жалпы көлөмүндө шаардын салыштырма салмагы 18,3 %ды түзөт. Өнөр жайдын 20 тармагынан табигый көлөмдүн индекси 9 тармакта камсыздалган жок.

Өнөр жай продукциясын өндүрүү көлөмүндө эң чоң үлүштү тамак аш азыктарынын өндүрүшү ээлейт (өнөр жайдын жалпы көлөмүндөгү салыштырма салмагы 30,0 %), 2014-жылы анын көлөмү 9192,9 млн сомду, табигый көлөмдүн индекси 95,9 %ды түздү. Өндүрүштүн көлөмүнүн төмөндөшү отчеттук жылда «Империал Тобакко Групп» компаниясы тарабынан «Реемстма-Кыргызстан» ААК тамеки фабрикасын жабуу жөнүндө чечим кабыл алынгандыгына байланыштуу болду.

Текстиль жана тигүү өндүрүшүндө өндүрүштүн көлөмү 3155,7 млн сомду, табигый көлөмдүн индекси 77,9 % түздү, мында «Кыргызстанда жасалган» бренди менен Кытайдан контрафакттык продукциянын жогорулашынын натыйжасында, ата-мекендик тигүү продукциясына заказдардын азайышы көлөмдүн төмөндөшүнүн негизги себеби болду.

Жыгач жана кагаз буюмдарынын өндүрүшүндө, полиграфиялык иште 2014-жылы өндүрүштүн көлөмү 1392,6 млн сомду, табигый көлөмдүн индекси 89,4 %ды түздү. Журналдардын, бланктардын жана башка канцелярдык товарлардын өндүрүшү 27 %га, полиграфиялык кызмат көрсөтүүлөр 13 %га кыскарды. Өндүрүштүн кыскарышынын негизги себеби чоң атаандаштык жана анын натыйжасында «Учкун» ААКсына, «Принт» ЖЧКсына, «СтАрт» ЖЧКсына жана «Magic box Company» ЖЧКсына заказдардын жоктугу болуп саналат.

Жалпысынан өнөр жайда көлөмдөрдүн төмөндөшүнө карабастан өнөр жайдын 7 тармагында табигый көлөмдүн индексинин жогорулашы орун алды.

Электр энергиясы, газ, буу жана кондиционерленген аба менен камсыздоодо (жабдууда) (салыштырма салмагы 26,0 %), өндүрүш көлөмү 7956,6 млн сомду, табигый көлөмдүн индекси 134,4 % түздү. Бул тармакта табигый көлөмдүн индексинин жогорулашы Бишкек ЖЭБ, «Бишкекжылуулукэнерго» КИ, «Бишкексууканал» ӨЭБ өндүрүш көлөмүнүн жогорулашына байланыштуу болду.

Резина жана пластмасса буюмдарын, башка металл эмес минералдык продукттарды өндүрүүдө (салыштырма салмагы 12,8 %) көлөмдүн жогорулашы «Эколстрой» ЖЧК, «Металлстрой» ЖЧК, «Кум-Шагыл»


АК жана «Азат темирбетон» ЖЧК гранулдардын, кубиктердин, күкүмдөрдүн, товардык бетондун өндүрүш көлөмүнүн өсүшүнө байланыштуу.

Негизги металлдар жана даяр металл буюмдары өндүрүшүндө (салыштырма салмагы 5,0 %), өндүрүштүн көлөмү 1537,8 млн сомду, табигый көлөмдүн индекси 101,5 % түздү. Табигый көлөмдүн индексинин өсүшүнө «Сталкер ЛТД» ЖЧК, «Биш вторчермет» ЖЧК, «Сталькон» ЖЧК жана «Астерии Азия» ЖЧК сыяктуу ишканаларда профилдер, зымдар жана темир чыбыктар өндүрүшүнүн 3,5 эсеге, тордун, сетканын жана тосмонун 2,6 эсеге, курулуш иштери үчүн конструкциялардын 1,4 эсеге жогорулашы таасирин тийгизди.

2014-жылы 14 өнөр жай ишканалары иштебей токтоп турду, негизги себептери тапшырыктын жоктугу, чоң атаандаштык, жүгүртүү каражаттарынын жетишсиздиги, эскирген жабдуу, банктагы кредиттер боюнча жогорку пайыздык коюмдар болду.

2014-жылы айыл чарба продукциясынын дүң чыгаруу көлөмү 298,4 млн сомду, табигый көлөмдүн индекси 97,0 %ды түздү. Республиканын айыл чарбасынын жалпы көлөмүндө шаардын салыштырма салмагы 0,2 %ды түзөт.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин алдын ала маалыматтары боюнча, 2014-жылы Бишкек шаарынын экономикасына 182,1 млн АКШ доллар суммасына тикелей чет өлкөлүк инвестициялар тартылды, же 2013-жылга салыштырмалуу 1,8 эсеге азайды. Кыргыз Республикасына тартылган тикелей чет өлкөлүк инвестициялардын жалпы көлөмүнөн Бишкек шаарына түз чет элдик инвестициялардын салыштырма салмагы 29,9 %ды түздү.

Бишкек шаарынын мэриясы жана Кыргыз Республикасындагы Япониянын элчилиги тарабынан жүргүзүлгөн иштин натыйжасында, япон тарабынан 100 млн йен (1 млн АКШ доллары) суммасына санитардык автотранспорт түрүндө Япония Элчилигинин долбоордук эмес гранттык жардамынын линиясы боюнча техникалык жардам көрсөтүлдү. Шаарды өнүктүрүү агенттиги япон тарабы менен бирдикте тез жардам машиналарын ташып келүү маселелери менен иштешүүдө, машиналардын техникалык мүнөздөмөлөрү бекитилди. 2015-жылдын январында тендер өткөрүлдү.

Жол кыймылынын коопсуздугу долбоору боюнча гранттык контракттын алкагында Бишкек шаарынын мэриясы менен Кыргыз Республикасындагы Япониянын Элчилиги ортосунда авариялык-кооптуу кесилиштерде, жалпы билим берүү, мектепке чейинки, медициналык мекемелердин жана балдар борборлорунун жанында термопластик материалын колдонуу менен жол белгилөө линиясын түшүрүү боюнча иштер аякталды. Шаар жолдорунун 57 кесилиштеринде жана 75 мекемелердин жанындагы жөө кишилер өтүүчү жерлерде бардыгы болуп жалпы суммасы 9,4 млн сомдук 4,3 миң кв. метр жол белгилери түшүрүлдү. Жалпы билим берүү, мектепке чейинки мекемелердин жанында жалпы 2,6 млн сом суммасына «Балдар», «Ылдамдыкты чектөө», «Жөө жүрүүчүлөр өтмөгү», «Токто» жол белгилери 793 бирдик санында орнотулду.

«Шаар көчөлөрүн сырткы жарык кылуу» долбоору боюнча иш улантылууда. АӨБ «Азия шаарларын өнүктүрүү демилгеси» программасынын (CDIA) колдоосунда консультанттар, ошондой эле «EY Advisory LLP» компаниясынын финансылык консультанттары тарабынан долбоордун алдын ала ТЭН иштелип чыгууда.

2014-жылы курулуш продукциясынын дүң көлөмү 34549,8 млн сомду түздү, же 2013-жылга салыштырмалуу 68,6 %га көбөйдү жана аткарылган курулуш подряддык иштердин көлөмүнүн, ошондой эле имараттардын жана курулуштардын капиталдык жана учурдагы оңдоо иштеринин жогорулашы менен шартталды.

2014-жылы Түрк Республикасынын кредитинин алкагында жолдорду реконструкциялоо жана оңдоо боюнча иштер аякталды, бардык жолдор боюнча кыймыл ачылды. Жолдорду реконструкциялоо башталгандан тартып 1407,7 млн сом жалпы суммасында иштер аткарылды. Ошондой эле тротуарларды, сугат түйүндөрүн, аялдама комплекстерин орнотуу боюнча иштер аякталды.

2014-жылы 32681,0 млн сом, же 2013-жылга караганда 49,6 %га көп капиталдык салымдар өздөштүрүлдү. Республика боюнча капиталдык салымдардын жалпы көлөмүндө шаар боюнча өздөштүрүлгөн капиталдык салымдардын көлөмүнүн салыштырма салмагы 30,9 %ды түздү. 356,3 миң кв.м, же 2013-жылга караганда 1,7 %га аз турак жай колдонууга берилди.

2014-жылы капиталдык салымдардын көлөмүндө чоң үлүштү турак жай курулушу (56,7 %), транспорттук иш (8,6 %), мейманканалардын жана ресторандардын иши (7,8 %), дүң жана чекене соода-сатык, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоо (7,2 %), маалымат жана байланыш (7,0 %) жана электр энергиясы, газ, буу жана кондиционерленген аба менен камсыздоо (3,9 %) ээлейт.

2014-жылы 2013-жылга салыштырмалуу негизги капиталга иштин түрлөрү боюнча инвестициялардын көлөмүнүн төмөндөшү байкалууда:

- кайра иштетүү өнөр жайында (өсүш темпи 60,3 %);

- суу менен камсыздоо, калдыктарды тазалоо, кайра иштетүү жана кайра пайдаланылуучу чийки заттарды алууда (өсүш темпи 85,5 %);

- маалымат жана байланыш секторунда (өсүш темпи 83,6 %);

- финансылык ортомчулукта жана камсыздандырууда (59,3 %);

- мамлекеттик башкарууда жана коргоодо, милдеттүү социалдык камсыздандырууда 30,5 млн сомго (өсүш темпи 44,8 %);

-саламаттык сактоодо жана калкты социалдык тейлөөдө 164,8 млн сомго (өсүш темпи 1, %).

2014-жылдын жыйынтыгы боюнча рыноктук кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү 105,5 % өсүш темпи менен 277426,9 сомду түздү, анын ичинен соода-сатык жүгүртүмү, автомобилдерди, тиричилик буюмдарын жана жеке пайдалануу предметтерин оңдоо 186179,4 млн сомду түздү, өсүш темпи 106,2 %. Бишкек шаары боюнча рыноктук кызмат көрсөтүүлөрдүн салыштырма салмагы республика боюнча рыноктук кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы көлөмүндө 53,8 %ды түздү.

Рыноктук кызмат көрсөтүү көлөмүндө эң жогорку үлүштү төмөнкүлөр ээлешти:

- дүң жана чекене соода-сатык: автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоо 186179,4 млн сомду түздү, өсүш темпи - 106,2 % (шаардын рыноктук кызмат көрсөтүүлөрүнүн жалпы көлөмүндөгү салыштырма салмагы 67,1 %);

- маалымат жана байланыш 30743,3 млн сомду түздү, өсүш темпи -105,3 % (шаардын рыноктук кызмат көрсөтүүлөрүнүн жалпы көлөмүндөгү салыштырма салмагы 11,1 %);

- транспорттук иштер жана жүктөрдү сактоо 22894,7 млн сомду түздү, өсүш темпи - 102,4 % (шаардын рыноктук кызмат көрсөтүүлөрүнүн жалпы көлөмүндөгү салыштырма салмагы 8,2 %);

- мейманкана жана ресторан кызматтары 109,0 % өсүш темпи менен, 9717,6 млн сомду түздү (шаардын рыноктук кызмат көрсөтүүлөрүнүн жалпы көлөмүндөгү салыштырма салмагы 3,5 %);

2014-жылы тышкы соода жүгүртүү 4403,8 млн АКШ долларды түздү жана 2013-жылга салыштырмалуу 7,7 %га, же 368,9 млн АКШ долларына төмөндөдү. Тышкы соода жүгүртүүнүн сальдосу 2080,5 млн АКШ доллары өлчөмүндө терс болду.

2014-жылы шаарда керектөө бааларынын индекси 107,8 %ды түздү. Бишкек шаары боюнча инфляциянын жылдык орточо мааниси 105,5 %ды түздү (2014-жылдын январь-декабры 2013-жылдын январь-декабрына карата).

2014-жылы бир кызматкерге орточо айлык номиналдуу эмгек айлык (чакан ишканаларды эске албаганда) 16834 сомду түзүп, 2013-жылга салыштырганда 10,1 %га өстү, ал эми керектөө бааларынын индексин эске алуу менен анын реалдуу өлчөмү 104,4 %ды түздү

2014-жылы жашоо минимумунун чоңдугу 5043,95 сомду түздү жана 2013-жылга салыштырмалуу 7,5 %га өстү.

2015-жылдын 1-январына карата Бишкек шаары боюнча расмий катталган жумушсуздардын саны 7316 адамды, же 2014-жылдын ушундай мезгилине карата 85,7 %ды түздү. Катталган жумушсуздуктун деңгээли 1,7 %ды түздү.

2014-жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан шаардын эмгек рыногунда жигердүү саясатты жүргүзүү аркылуу улуттук программаларды ишке ашыруу боюнча төмөнкү иш-чаралар жүзөгө ашырылды:

- 9798 адам, же 2013-жылга карата 122,8 % ишке орноштурулду;

- кесиптик окутууга 2083 адам жөнөтүлдү (2013-жылы 103,5 %);

- 2014-жылдын башынан тартып 9296 адамды камтуу менен 7 эмгек жармаңкелери өткөрүлдү, алардын ичинен 4878 адам - жумушсуздар, 2418 адам мектеп бүтүрүүчүлөрү, 578 адам кесиптик лицейлердин бүтүрүүчүлөрү, 1422 адам ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү;

- коомдук иштерге 2682 адам жөнөтүлдү (2013-жылга карата 105,5 %).

Шаарды көрктөндүрүүгө жана санитардык тазалоого муниципалдык аймактык башкармалыктар аркылуу 1882 адам тартылды (жалпы санынан 70,2 %).

Ошондой эле эки ассоциация (Бишкек шаарынын жумуштуулугуна көмөк көрсөтүү ассоциациясы жана «Эмгек» жумуштуулукка көмөк көрсөтүү ассоциациясы) 3,3 млн сом суммасына коомдук иштердин 54 долбоорун ишке киргизишти, ага 572 жумушсуздар тартылган.

2014-жылы 3950,9 млн сом суммасында салыктык түшүүлөрдүн болжолунда, иш жүзүндө 4044,1 млн сом чогултулду, болжол 102,4 %га аткарылды, же болжолдон 93,2 млн сомго көп чогултулду.


Ош шаары
2014-жылы өнөр жай ишканаларында 2769,4 млн сом суммасына продукциялар чыгарылды, табигый көлөмдүн индекси 109,7 %ды түздү. шаардын салыштырма салмагы республикадагы өнөр жайдын жалпы көлөмүнүн 1,7 %ын түздү. Кайра иштетүү өнөр жайынын көлөмү 1208,9 млн сомду, реалдуу өсүш темпи - 108,1 % түздү, ал суусундуктарды кошо алганда, тамак-аш азыктарын 26,1 %га, кийим жана бут кийим чыгарууну 1,4 эсеге көбөйтүү менен шартталды.

Электр энергиясы, газ, буу жана кондиционерленген аба менен камсыздоонун өсүшү 110,7 % деңгээлинде, суу менен камсыздоо, тазалоо, калдыктарды кайра иштетүү жана кайра пайдаланылуучу чийки заттарды алуу 122,9 %да түзүлдү.

Өнөр жайдын 13 тармагынын ичинен табигый көлөмдүн индекси 4 тармакта камсыздалган жок. Шаардын өнөр жай комплексин 39 өнөр жай ишканалары түзөт. Шаар боюнча 4 өнөр жай ишканасы токтоп турду.

2014-жылы айыл чарба продукциялардын дүң чыгаруу көлөмү 729,6 млн сомду түздү, шаардын салыштырма салмагы республиканын жалпы көлөмүнүн 0,3 %ын түздү.

2014-жылда курулуштун дүң продукциясынын көлөмү 2759,9 млн сомду түздү, же 2013-жылга салыштырмалуу 11,6 %га жогорулады.

2014-жылы капиталдык салымдын 2104,2 млн сому өздөштүрүлдү, же 2013-жылга караганда 7,2 %га көп. Республика боюнча капиталдык салымдын жалпы көлөмүндө шаардын өздөштүрүлгөн капиталдык салымынын көлөмүнүн салыштырма салмагы 2,0 %ды түздү. 35,3 миң кв. метр турак-жай пайдаланууга берилди, бул 2013-жылга салыштырганда 24,2 %га аз болду.

2014-жылы рынок кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү 39601,6 млн сомду, өсүш темпи - 105,0 % түздү, анын ичинен 104,9 % өсүш темпи менен соода-сатык жүгүртүмү, автомобилдерди, тиричилик буюмдарын жана жеке колдонуу буюмдарын оңдоо 32970,4 сомду түздү.

2014-жылы тышкы соода жүгүртүү 277,3 млн АКШ долларын түздү жана 2013-жылга салыштырмалуу 10,3 %га азайды. Экспорт 43,1 млн АКШ долларын түздү жана 2013-жылга салыштырмалуу 23 %га азайды. Импорт 234,1 млн АКШ долларын түздү жана 2013-жылга салыштырмалуу 7,5 %га азайды. Тышкы соода жүгүртүү сальдосу 191,0 млн АКШ доллары өлчөмүндө терс түзүлдү.

2014-жылы, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин алдын ала маалыматтары боюнча, Ош шаарына 0,2 млн АКШ доллары суммасында тикелей чет өлкөлүк инвестициялар тартылды, бул 2013-жылга салыштырмалуу 8,6 эсеге көп.

2014-жылы бир кызматкерге орточо айлык номиналдуу айлык акысы (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 11120 сомду түздү, ал эми инфляцияны эске алуу менен реалдуу көрсөтүшү 0,3 пайыздык пунктка төмөндөдү. Номиналдуу айлык акынын өсүшү айыл чарбасында (15 %га), кайра иштетүүчү өнөр жайында (5,2 %га) жана электр энергиясы, газ, буу менен камсыз кылуу тармагында (8,8 %га), транспорт чөйрөсүндө (10,9 %га), финансы секторунда жана камсыздандырууда (9,9 %га), мамлекеттик башкарууда жана коргонууда, социалдык камсыздоодо (35,5 %га), билим берүү чөйрөсүндө (5,9 %га) байкалды.

2015-жылдын 1-январына карата шаар боюнча расмий катталган жумушсуздардын саны 2199 адамды, же 2014-жылдын тиешелүү күнүнө карата 92,5 %ды түздү. Катталган жумушсуздуктун деңгээли 2,4 %ды түздү.

3. Коопсуздукту, коргоо жөндөмдүүлүгүн жана укуктук тартипти камсыз кылуу



Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   9   10   11   12   13   14   15   16   ...   19




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет