Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчету Киришүү



бет18/19
Дата23.02.2016
өлшемі1.52 Mb.
#11437
1   ...   11   12   13   14   15   16   17   18   19

- «Кыргыз Республикасы менен Евразиялык өнүгүү банкынын ортосунда Бишкек шаарында 2014-жылдын 20-мартында кол коюлган Евразия экономикалык союзунун Кризиске каршы фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө Келишимди ратификациялоо жөнүндө» (60 млн АКШ доллары);

- «Кыргыз Республикасы менен Азия өнүгүү банкынын ортосунда Бишкек шаарында 2014-жылдын 17-январында кол коюлган (Атайын операциялар) (ЦАРЕС 3 коридорун (Бишкек-Ош автожолу) өркүндөтүү боюнча долбоор) каржылоо боюнча Келишимди ратификациялоо жөнүндө» (100 млн АКШ долл.);

- «Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүгүү банкынын ортосунда «Баткен облусунун Лейлек районунун Арка массивин электр менен жабдууну жакшыртуу» долбоорун каржылоо боюнча Кредиттик келишимди ратификациялоо жөнүндө» (16,2 млн АКШ долл.);

- «Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүгүү банкынын ортосунда 2014-жылдын 25-июнунда Сауд Аравиясы Королдугунун Джидда шаарында кол коюлган Ош-Баткен-Исфана автомобилдик жолду реконструкциялоо долбоорун каржылоо боюнча Кредиттик келишимди ратификациялоо жөнүндө» (23,8 млн АКШ долл.);

- «Кыргыз Республикасы менен Европалык реконструкциялоо жана өнүгүү банкынын ортосунда Бишкек шаарында 2014-жылдын
25-январында кол коюлган «Талас шаарын суу менен камсыз кылуу жана канализацияны реабилитациялоо» долбоорун каржылоо жөнүндө жана Кыргыз Республикасы жана Талас шаарынын мэриясы жана «Таза-Суу» муниципалдык ишканасынын жана Европалык реконструкциялоо жана өнүгүү банкынын ортосундагы Борбордук Азия боюнча Европа Союзунун Инвестициялык Фонддун (IFCA) жана Глобалдуу экологиялык фонддун Атайын фондунун (SCCF) инвестицялык гранттын «Талас шаарын суу менен камсыз кылуу жана канализацияны реабилитациялоо» долбооруна финансылык жардам берүү жөнүндө Келишимдерди ратификациялоо жөнүндө» (5,9 млн АКШ долл);

- «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосудагы 2014-жылдын 24-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Россия-Кыргыз өнүгүү фонду жөнүндөгү макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» (Фонддун уставдык капиталына 500 млн АКШ долл.), белгилеп кетчү нерсе, бул мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш менен тыгыз байланышта жана активдүү жана эффективдүү иштөөнүн натыйжасында эки күндүн ичинде каралып жана үч окууда кабыл алынды.

Жогорку Кеңештин комитеттеринде, фракцияларында жана пленардык жыйындарында маанилүү финансылык документтерди -
2014-жылдын бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана 2015-жылдын бюджетин жана 2016-2017-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү жөнүндө мыйзамдарды жылдыруу боюнча активдүү иш жүргүзүлдү. Комитеттерде, фракцияларда жана пленардык жыйындарда мыйзам долбоорлорун жылдыруу боюнча план-графикке ылайык парламенттин тиешелүү комиттери жана анын бөлүмдөрү тарабынан суроолорду кароонун жол-жоболору иштелип чыкты. Депутаттар менен жеке иштер да жүргүзүлдү, аларга бардык суралган материалдар берилген. Күнүгө мыйзам долбоорлорунун жүрүшү тууралуу анализ жасалып, тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилди. 2014-жылдын
22-ноябрында Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитети менен биргеликте адистердин жана коомчулуктун кеңири катышуусу менен коомдук угуулар өткөрүлдү.

Депутаттар менен Өкмөттүн мүчөлөрүнүн бирге тырышып иштөөсүнүн жыйынтыгы жогорку мыйзамдардын кабыл алынгандыгы болду (2014-жылдын 10-декабрында). Белгилеп кетчү жагдай, Жогорку Кеңештин жыйынында биринчи жолу бардык үч финансылык документ бир күндө кабыл алынды.

Өкмөттүн демилгелерин жылдыруу маселелеринде Жогорку Кеңеште 4 айга жакын убакыттан бери каралып жаткан «Кумтөр» долбоору боюнча жаңы Келишим жөнүндө маселе өзгөчө орунду ээлейт. Маселени талкуулоо парламенттин 4 комитетинде жана 4 фракциясында болуп өттү. Жыйындарга Премьер-министр башында турган Өкмөт мүчөлөрү катышты.

2014-жылдын 14-майында парламенттин токтомуна ылайык депутаттар кабыл алган чечим боюнча аткарылган жумуштар тууралуу Жогорку Кеңешке маалымат жиберилди. 2014-жылдын 11-12-июнунда Жогорку Кеңеш Премьер-министрдин Жогорку Кеңештин токтомун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалыматын уккан.

Жогорку Кеңеш Өкмөт менен өз ара аракеттенип төмөнкүлөрдү өткөргөн:

- 2014-жылдын 30-январында республиканын чек арага жакын жайгашкан райондорунун социалдык-экономикалык абалы жөнүндө маселелер боюнча «өкмөттүк күндү». Жыйынга Өкмөттүн мүчөлөрү, профилдик тармактын жетекчилери, Премьер-министр башында турган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышкан;

- 2014-жылдын 27-мартында «Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо уюмдарына мурда таандык болгон ижарадагы жана менчиктештирилген имараттардын жана жер участокторунун абалы жөнүндө» «парламенттик сааты» өткөрүлдү;

- 2014-жылдын 25-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Өкмөттүн мыйзамдарды, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун жана башка чечимдерин аткаруу боюнча, укуктук ченемдик актыларды инвентаризациялоо, мыйзамдарды ишке ашыруу боюнча мыйзамдын алындагы укуктук актыларды даярдоо боюнча маалыматын уккан.

Жыйындын жүрүшүндө «Кумтөр» долбоору боюнча келишимдин шарттары боюнча сүйлөшүүлөр, «Кумтөр Голд Компани» ЖАК «Центерра Голд Инк.» пайдасына 200 млн АКШ долларын чыгарып кетүү жөнүндө кылмыш иши, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик дирекциясынын иш аракети, А.Батукаев, Ош жана Жалал-Абад облустарында көмүрдүн баасын тескөө жана газ менен камсыз кылуу, күзгү-кышкы мезгилде республиканын калкына электр энергиясын үзгүлтүксүз берүү, валюта рыногундагы абал ж.б.у.с. маселелер боюнча Премьер-министр жана Өкмөт мүчөлөрү толук маалымат беришти.

Талкуунун жыйынтыгы менен Жогорку Кеңеш Өкмөттүн маалыматын эске алуу менен бир топ тапшырмаларды жана сунуштарды берди, 2014-жылдын 15-декабрында Өкмөт алардын аткарылышы боюнча толук маалымат жөнөттү.

2014-жылдын 18-декабрында Кыргыз Республикасы эгемендүүлүк алгандан бери биринчи жолу Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитет демилгелеген Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарын сактоо боюнча «өкмөттүк күн» өткөрүлдү. Маалымат менен вице-премьер-министр А.Маматалиев сүйлөдү.

Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине кирүүсүнө байланышкан мыйзам долбоорлорун кароо. 2014-жылдын 20-майында Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет менен биргеликте «Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине кирүүсү: оң жана терс жактары» парламенттик угуулары өткөрүлдү. Парламенттик угуулардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине кирүүсү боюнча сүйлөшүүлөр процесси жөнүндө жана Премьер-министр Дж.К.Оторбаевдин жана Экономика министри Т.Сариевдин маалыматы угулду жана өлкөнүн экономикалык өнүгүшүндөгү регионалдык соода интеграциясынын ролу жана экономиканын тармактары боюнча регионалдык интеграциянын күтүлгөн натыйжасы жөнүндө маселелер талкууланды.

Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине кирүүсү байланышкан Өкмөт демилгелеген мыйзам долбоорлорунун, тактап айтканда төмөнкү мыйзам долбоорлорун камтыган биринчи пакети


2014-жылдын 27-ноябрындагы пленардык жыйындын жүрүшүндө кабыл алынды:

- «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- «Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- «Кыргыз Республикасында бажылык тескөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- «Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- «Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- «Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- «Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана башкалар.

Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык аймакка кирүүсүнө байланышкан Өкмөт тарабынан демилгеленген жана Жогорку Кеңештин кароосуна 2014-жылдын


24-ноябрында жиберилген 9 мыйзам долбоорунан турган экинчи пакет, 2014-жылдын 10-декабрында кабыл алынды.

Жогорку Кеңештин комиттери менен биргеликте төмөнкү парламенттик угуулар даярдалды жана өткөрүлдү:

- 2014-жылдын 15-апрелинде «Кыргыз Республикасындагы илимдин жана инновациянын абалы жана өнүгүү перспективасы жөнүндө», Билим берүү жана илим комитети;

- 2014-жылдын 2-июнунда «Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министрлигин башкаруу системасын оптималдаштыруу», Агрардык саясат боюнча комитети;

- 2014-жылдын 23-июнунда «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана «Кээ бир категориядагы кызмат адамдарына Кыргыз Республикасынын аймагынын сыртынан активдерге ээ болууга тыюу салуу жөнүндө» жана Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзамдарына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорлору»,

- «Ветеринария жөнүндө» Мыйзамдын долбоору жөнүндө, Агрардык саясат боюнча комитети;

- 2014-жылдын 19-декабрында «Кант диабети жөнүндө» жана «Калкка онкологиялык жардам жөнүндө» Мыйзамдардын аткарылышы жөнүндө.

Өкүлчүлүк тарабынан Жогорку Кеңештин Аппараты менен мыйзам долбоорлорун кароо жана кабыл алуу жол-жоболорун жана мөөнөттөрүн сактоо боюнча максатка багытталган иш жүргүзүлдү. Министрликтер жана Өкмөттүн Аппаратынын бөлүмдөрү менен ар бир маселе боюнча Жогорку Кеңеште кароонун жүрүшүндө каттоо жана Өкмөттүн макулдашкан позициясын иштеп чыгуу максатында комитеттердин жыйындарынын материалдары иштелип чыккан.

2014-жылы парламенттин 76 пленардык жыйыны, комитеттердин 340 жыйыны, фракциялардын 88 жыйыны болду. Мындан тышкары Жогорку Кеңеш тарабынан ар түрдүү маселелер боюнча 3 убактылуу депутаттык комиссиялар түзүлүп, алардын ишине аткаруу бийлигинин органдарынын өкүлдөрү туруктуу катышкан.

«Ырыс алды ынтымак» парламенттик коалициясынын тарап кетишине жана фракциялардын жаңы «Мамлекеттүүлүктү бекемдөө үчүн» коалициясынын түзүлүшүнө байланыштуу, Өкүлчүлүк Өкмөттүн жаңы курамын жылдыруу жана шайлоо боюнча тиешелүү жол-жоболор боюнча иш жүргүздү. «Мамлекетүүлүктү бекемдөө үчүн» парламенттик көпчүлүктүн коалициясы 2014-жылдын 2-апрелинде КСДП, «Ар-Намыс» жана «Ата Мекен» фракцияларынан жаңы түзүлгөн коалиция тарабынан сунушталган Премьер-министр кызматына талапкер катары көрсөтүлгөн Дж.К.Оторбаев сунуш кылынган Өкмөттүн программасынын долбоорун, түзүмүн жана структурасын карап бекитишти. Пленардык жыйында киргизилген сунуштар жактырылды. 2014-жылдын 9-апрелинде Өкмөт мүчөлөрү ант беришти.

Коомчулукта чоң резонансты жараткан жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча парламенттин кезексиз жыйындарын өткөрүү боюнча депутаттардын демилгелерине Өкүлчүлүк ыкчам жооп кайтарып турду. Маселен, 2014-жылдын 15-майында Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар 2014-жылдын 7-8-майында Баткен облусунда болгон окуяны карашты. Талкуунун жыйынтыгында вице-премьер-министр А.М.Маматалиев, Душанбе шаарына сүйлөшүүлөргө барып, чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо, Исфара-Ворух жана Көкташ-Аксай-Тамдык-Кишемиш жолдорун куруу, окуяны териштирүү менен кыргыз тарапка 7,0 млн сомдук чыгымды төлөп берүү маселелери боюнча макулдашууга жетишти.

Жогорку Кеңештин комитеттеринин жана фракцияларынын токтомдорун, суроо-талаптарын аткаруу. Отчет мезгилинде Өкмөттүн Аппаратына Жогорку Кеңештин 47 токтому келип түшкөн, анын ичинен 15-и аткарылган жана Жогорку Кеңеш тарабынан көзөмөлдөн алынган. Өкмөттүн Аппаратында 32 токтом аткарууда турат. Өкмөт Жогорку Кеңештин социалдык-экономикалык, коомдук өтө маанилүү токтомдорун аткарууга өзгөчө көңүл бөлөт.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын


22-майындагы «Курманжан Датка атындагы коомдук Кайрымдуулук фондунун кайрылуусу жөнүндө» № 4068-V токтому боюнча Өкмөттүн «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын
22-майындагы «Курманжан Датка атындагы коомдук Кайрымдуулук фондунун кайрылуусу боюнча» № 4068-V токтомун ишке ашыруу жөнүндө» 2014-жылдын 28-ноябрындагы № 682 токтому кабыл алынды, ага ылайык Өкмөттүн 2003-жылдын 20-мартындагы № 148 жана
2008-жылдын 11-сентябрындагы № 507 токтомдору менен берилген 15,64 га жер участогун колдонууга болгон укукту токтотуу жөнүндө жана бул жер участогун Курманжан Датка атындагы мемориалдык-тарыхый комплекске кирген объекттер менен кошо Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине өткөрүп берүү жөнүндө фонддун сунушу кабыл алынды. Бул токтом Жогорку Кеңештин көзөмөлүнөн алынды.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын


15-октябрындагы № 4381-V «Кыргыз Республикасында санариптик телеберүүгө өтүү жөнүндө» токтому менен санариптик телеберүүгө өтүүгө байланышкан жумуштарды толук каржылоо үчүн республикалык бюджеттен керектүү өлчөмдө каражат бөлүү маселесин кароо Өкмөткө тапшырылган. Бул чечимди ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 593 «Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын социалдык пакетин бекитүү жөнүндө» токтому кабыл алган, ага ылайык жерде эфирдик санариптик берүү телеканалдарынын Социалдык пакети түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын Социалдык пакетинин түзүмүнө сегиз телеканал кирди. Премьер-министрдин
2014-жылдын 13-октябрындагы буйругу менен Маданият, маалымат жана туризм министрлигине Санариптик берүүгө өтүү Программасынын алкагында 100,0 млн сом өлчөмүндө каражат жумшоо табышталган. Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Баластан» жана «Маданият» телеканалдарына республикалык бюджеттен 6,4 млн сом бөлүнгөн.

2014-жылдын 31-декабрына карата Өкмөттүн Аппаратына фракциялардан 254 суроо-талаптар келген жана көзөмөлгө алынган, анын ичинен 210 аткарылды, комиттерден 978 суроо-талап келип, алардын 768 боюнча ЖКга маалымат жиберилди, калгандары иштелип жатат.



Жогорку Кеңештин депутаттарынын суроо-талаптары менен жүргүзүлгөн иштер. 2014-жылдын ичинде Өкмөттүн Аппаратына 1350 депутаттык суроо-талап келип түштү, бүгүнкү күндө алардын 1133 аткарылды, анын ичинен 23 аткаруу мөөнөтүн бузуу менен көзөмөлдөн алынды. Калгандары боюнча иш жүргүзүлүп жатат.

Депутаттардын суроо-талабында эң көп көтөргөн көйгөйлөр болуп ар түрдүү социалдык объекттерди жана өндүрүш объекттерин жаңы курууга, же болбосо башталган курулушту бүткөрүүгө бюджеттик каражаттарды бөлүү, өзгөчө «Капиталдык салымдар» беренесинен финансылык каражаттарды бөлүү эсептелет. Депутаттар шайлоочулардын кызыкчылыктарын жана керектөөлөрүн көздөп, шаарларды жана айылдарды социалдык ыңгайлуу кылуу жана инфратүзүмдөрдү, мектептерди, ооруканаларды, спорттук жана маданият мекемелерин өнүктүрүү боюнча эң маанилүү маселелерди көтөрүшөт. Ушул сыяктуу суроо-талаптар менен дээрлик бардык депутаттар кайрылышты. Бардыгы болуп объектилерди курууга, реконструциялоого жана оңдоого финансылык каражаттарды бөлүү боюнча болгон суроо-талаптар жалпы кайрылуулардын 36,0 % түзөт.

«Капиталдык салымдар» беренеси боюнча 2014-жылга 2 600 млн сом каралган. 158 социалдык, ирригациялык жана инфратүзүмдүк объекттер каржыланды. Сентябрга 23 мектеп колдонууга берилди, саламаттыкты сактоонун 15 объектисинин курулушу бүткөрүлдү. Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү бейшемби күндөрү «Ар түрдүү маселелер» бөлүгүндө республика боюнча жана кээ бир региондор боюнча каражаттарды бөлүү тууралуу депутаттарга үзгүлтүксүз маалымат берип келди.

Тез-тез көтөрүлүүчү тема болуп фермерлерге жана айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөргө жеңилдетилген кредиттерди берүү болуп саналат. Депутаттардын ар бир кайрылуусу боюнча колдонуудагы жоболорго ылайык фермерлерге жеңилдетилген кредиттерди берүүгө байланыштуу маселелер ыкчам чечилди. Айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөргө 5,3 млрд сомдук 15,5 миң жеңилдетилген кредиттер берилди.

Депутаттар Э.Исаев, У.Кочкоров, А.Кочкорбаев, Т.Узакбаев,
А.Арапбаев, С.Нышанов, Н. Мурашев, Э.Сакебаев фермерлерди жаңы айыл чарба техникалары менен камсыз кылуу, анын ичинде лизинге берүү, жабдууларды, күйүүчү-майлоочу материалдар, үрөндөр, минералдык жер семирткичтер ж.б. маселелерин бир канча жолу көтөрүп чыгышты. Өстүрүлгөн түшүмдү, өзгөчө картошканы, төө бурчакты, кызылчаны жана башка өсүмдүктөрдү кайра иштетүү жана сатуу маселелери менен депутаттар Д.Джумабеков, А.Измалкова, Э.Иманкожоева, А.Жээнбеков ж.б. кайрылышты.

2014-жылдын 16-майынан 20-майга чейин Өкмөт «Айыл-Агро-2014» 2-Эл аралык агроөнөржай көргөзмөсүн уюштурду, анда дүйнөнүн


9 өлкөсүнөн 30 чет өлкөлүк жана 10 ата мекендик компания катышып, алар заманбап айыл чарба техникасынын 87 бирдигин сунуш кылышты, аларды жеткирүү боюнча 45 келишим түзүлдү. Көргөзмөгө республиканын
7 миңден ашык фермери катышты. Көргөзмөнүн жыйынтыгында «Айыл Банк» ААК айыл чарба техникасын жана жабдууларын сатып алууга 358 табыштама келип түштү, алар бүгүнкү күндө аткарылып жатат. Алардын ичинен тракторлор - 79, комбайндар - 24, илинүүчү жабдуулар - 160, кайра иштетүү үчүн жабдуулар - 95.

Бул жөнүндө маалымат Өкмөттүн өкүлү Жогорку Кеңештин депутаттарына маалымат иретинде кабардар кылды.

Депутаттар бир канча жолу чек арага жакын жайгашкан калктуу конуштардын турмуш-тиричилиги боюнча өтө курч маселелерди көтөрүштү. Алар чек араны бекемдөө көйгөйлөрү, Барак жана Сох анклавдарында жер участкаларын трансформациялоо жана бөлүп берүү, чек арага жакын жайгашкан райондордун калкына паспортторду берүүнү жөнөкөйлөштүрүү, «Ак-Жол», «Каркыра» жана «Чалдовар» бажы посторунда жүк ташуу мезгилинде бажы көзөмөлүнөн өтүүнүн татаалдыгы ж.б. маселелер тууралуу кайрылышты.

2014-жылы өзгөчө статуска ээ болгон чек арага жакын жайгашкан кээ бир аймактардын коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык өнүгүү мамлекеттик программасын аткарууга республикалык бюджеттен «Капиталдык салым» беренесинен каржылоого 107,4 млн сом каралган болсо, анын ичинен 101,2 млн сому өздөштүрүлдү.

Жалпысынан Баткен облусунун инфратүзүмүн өнүктүрүүгө республикалык бюджеттин капиталдык салымдарынын эсебинен
2014-жылы 388,0 млн сом каралган, анын ичинен өзгөчө статуска ээ болгон чек арага жакын жайгашкан кээ бир аймактардын коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын аткарууга 115,5 млн сом. Анын ичинен:

1. Чарбак айылында ФАП курууга (8 млн сом);

2. Таш-Тумшук айылында суу түтүктөр тармагына (3,1 млн сом);

3. Бел-Согот - Божой жолун курууга (50 млн сом);

4. Баткен районунун 4 айылында электр линияларын курууга;

5. Сары-Талаа айылында мобилдик байланыш үчүн базалык станцияны орнотууга.

Мындан тышкары баасы 275 млн сом болгон 8 социалдык объекттин курулушу бүткөрүлдү: Баткен шаарында №3 мектеп 68,5 млн сом суммасында, Баткен районунун Чарбак, Таян айылдарын суу менен камсыз кылуу - 37,8 млн сом, Баткен районунун Сай, Чарбак, айылын суу менен камсыз кылуу - 17,5 млн сом, Таян айылындагы чек ара посту- 9,6 млн сом, Лейлек районунун Даркум айылындагы Ташполотов атындагы орто мектептин курулушу - 46,5 млн сом, Кайрагач-Кулунду-Арка автожолунун 24 кмдеги Эскикоочу айылындагы көпүрө курулушу - 21,3 млн сом, Сүлүктү шаарынын Кольцо айылындагы А.Кайымкулов атындагы мектептин курулушу- 44,4 млн сом, Исфана шаарында чек арачыларга
16-батирлүү турак жай курулушу- 29,1 млн сом. Ошондой эле Туркиянын кредитинин эсебинен 2 билим берүү объектиси - Лейлек районунун Көк-Таш айылындагы Боронбаев атындагы мектептин спорт залы менен курулушуна 46,2 млн сом, Лейлек районунун Андарак айылындагы «Манас» мектебинен спорт залы менен курулушуна 31,5 млн сом жумшалган.

Бардык көтөрүлгөн маселелер боюнча Өкмөттүн Аппараты менен мамлекеттик органдар өз убагында жана негизделген маалыматты берип турушат.

Депутаттар Т.З. Зулпукаров, Р.К. Акназарова, К. С. Бокоевдин жана башкалардын суроо-талаптарына ылайык КРӨ Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү жума сайын Өкмөттүн 2014-жылдын 27-августундагы «Кыргыз Республикасында биометриялык каттоонун тартибин бекитүү жөнүндө» токтомун аткаруунун жүрүшү тууралуу депутаттарга маалымат берип турат. Республика боюнча 15 министрликте, 2 комитетте,
12 мамлекеттик кызматта, 4 фонддо, 4 агенттикте, 7 облуста, 14 шаарда
жана 453 айыл округунда штабдар түзүлдү. 185 стационардык жана 722 мобилдик жарандарды биометрикалык каттоо боюнча борборлорду жайгаштыруу боюнча жалпы таблица түзүлдү. Базарларда жана окуу жайларда ММК, уюлдук операторлорду колдонуу менен кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Борбордо маалымат 200 автобустун,
90 троллейбустун салонуна жайгаштырылды. Долбоорду ишке ашыруу боюнча 2045 адам, анын ичинен МКК 243 кызматчысы, 1000 - билим берүү мекемелеринен, 500 - профтех билим берүү тармагынан жана
100 - өз алдынча башкаруу органдарынан тартылды. 28-августта калктын арасында биометрикалык маалыматтарды топтоо кампаниясы башталды. 2014-жылдын 31-декабрына 1800 миң адамдан биометрикалык маалымат алынды.

Депутаттардын көпчүлүк кайрылуулары боюнча конкреттүү иштер жасалды жана жыйынтыктар алынды. Төмөнкү депутаттардын суроо-талаптары боюнча:

- Бекешев Д.Д. - Ош шаарында көзү начар көргөн балдардын мектеп-интернатында ашкана курууга каражат бөлүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан «капиталдык салымдар» беренесинен 12 млн сом бөлүнүп берилди, анын ичинен
2014-жылы 8,0 млн сом;

- Исаков Э.Б. - Чүй дарыясынын жээгин бекемдөө жөнүндө демилгеси боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан


4 участокто 64 млн сомдук курулуш иштери аткарылды. Отчеттук жылда
8 объект боюнча жээкти бекемдөө боюнча жумуштарды улантууга 10 млн сом бөлүндү;

- Джумабеков Д.А. - Талас облусунун ирригациялык тармагын даярдоо жөнүндө демилге көтөргөн Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги 2014-жылы 7 млн сомдук жумуш аткарды, алсак 89 гидротехникалык жабдуулар, 58 суу бөлүштүрүүчү посттор,


4 насостук станция, 84 км сугат каналдары оңдолду;

- Узакбаев Т. М., Нышанов С. К., Кочкорбаев А. К. -Өкмөткө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын ишинин кемчилдиктери жөнүндө, өзгөчө малга жаздагы вакцинация жасоо маселеси боюнча кайрылышкан. Бул маселе биринчи вице-премьер-министр Т.Д.Сарпашевдеги атайын жумушчу кеңешмеде жана Өкмөттүн жыйынында талкууланып, Маминспекциянын директору А.Шакировго сөгүш жарыяланып, кийин ээлеген кызматынан бошотулду;

- Исаев Ж.К. - Баткен облусунун Лейлек районунун саламаттыкты сактоо мекемелерине тез жардам автомашинасын бөлүп берүү жөнүндө. Өкмөткө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду райондун Сумбула, Жаңы-Жер, Кулунду, Лейлек үй-бүлөлүк 4 борборго толук жабдуусу менен «УАЗ» үлгүсүндөгү 4 тез жардам машинасын бөлүп берди;

- Калматов А. Б. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдындагы «Нуска» кыргыз китеп Борбору» Мамлекеттик мекемеге имаратты ижарага алууда жеңилдик берүү жөнүндө. Өкмөт тарабынан 2014-жылдын 29-майында № 196-б буйругу кабыл алынып, ага ылайык ушул Борборго Эркиндик бульвары 56 дареги боюнча жайгашкан мамлекеттик административдик имараттан аянты 54 кв м түзгөн бөлмө акысыз пайдалануууга берилди;

- Жоошбеков З.С. - Т.Сатылганов атындагы музейин оңдоо жөнүндө. Республикалык бюджеттин эсебинен 5,0 млн сом бөлүнүп берилип жана
2014-жылдын 1-октябрына карата оңдоо иштери аяктады. Премьер-министрдин фондунан музейдин территориясын көрктөндүрүүгө 200,0 миң сом бөлүнүп берилди;



Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   11   12   13   14   15   16   17   18   19




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет