Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчету Киришүү


-жылга мамлекеттин кепилденген юридикалык жардамын көрсөтүү боюнча сапат көрсөткүчтөрү



бет16/19
Дата23.02.2016
өлшемі1.52 Mb.
#11437
1   ...   11   12   13   14   15   16   17   18   19

2014-жылга мамлекеттин кепилденген юридикалык жардамын көрсөтүү боюнча сапат көрсөткүчтөрү


Региондор

Акысыз юридикалык жардам алган адамдардын саны

Тергөө учурунда

Кармоо учурунда

Сот процессинин жүрүшүндө

Бишкек шаары жана Чүй облусу

1437

528

248

661

Ысык-Көл облусу

495

106

317

72

Нарын облусу

153

5

116

32

Талас облусу

173

158

-

15

Ош шаары жана Ош облусу

753

320

340

93

Баткен облусу

44

24

16

4

Жалал-Абад облусу

299

42

186

71

Бардыгы:

3354

1183

1223

948

Акысыз юридикалык жардам берген адвокаттарга республикалык бюджеттен 10,6 млн сом төлөп берилген.

Региондордун юстиция башкармалыктары алдындагы акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борборлору тарабынан 15190 жаранга юридикалык жардам берилген.

2014-жылы адвокатуранын, адвокаттык иштин укуктук негиздерин, ошондой эле адвокаттардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчиликтерин белгилеген «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган.

Аталган Мыйзамдын жоболоруна ылайык, Адвокатура жарандык коомдун институту катары мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын системасына кирбейт жана өз ишин Мыйзамга жана Адвокатуранын уставына ылайык жүзөгө ашырат. Адвокатуранын башкаруу органдары болуп Адвокаттардын съезди жана Адвокаттардын кеңеши саналат.

Кыргыз Республикасынын адвокаттарынын Уюштуруучу съездин уюштуруу максатында, аны уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлгөн. Аталган комитет 8 кеңешме даярдап өткөргөн, алардын ичинен Адвокатуранын уставын жана Адвокаттардын кесиптик этикасынын кодексин талкуулоо боюнча адвокаттарга тегерек стол өткөрүү менен республиканын региондорунда 6 көчмө кеңешме уюштурулган.

2014-жылдын 26-октябрында Кыргыз Республикасынын адвокаттарынын Уюштуруучу съезди даярдалып өткөрүлгөн, ал съездде Адвокатуранын уставы жана Адвокаттардын кесиптик этикасынын кодекси кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын уюштуруу документтерин каттоого жардам көрсөтүү боюнча иштер жүргүзүлгөн. 2014-жылдын 26-декабрында Устав Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгында каттоодон өткөн.




  1. Мамлекеттик башкарууну өркүндөтүү жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү




    1. Мамлекеттик башкарууну өркүндөтүү

Мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-февралындагы № 41 токтому менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссиянын (мындан ары - Комиссия) ишинин алкагында камсыздалган.

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин төрагалыгы алдында белгиленген комиссия тарабынан мамлекеттик башкаруу системасынын ишинин натыйжалуулугун, мамлекеттик органдардын максаттарын, маселелерин жана милдеттерин талдоонун негизинде, аны оптималдаштыруу жана өркүндөтүү боюнча сунуштар иштелип чыккан.

Көз карандысыз эксперттик коомчулуктун, илимий чөйрөнүн жана бизнес-чөйрөнүн өкүлдөрүнүн активдүү катышуусу менен аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын системасын функционалдык талдоо боюнча жүргүзүлгөн иштин негизинде сунуштар киргизилген, Өкмөттүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтому иштелип чыккан жана кабыл алынган, бул Өкмөттү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратын укук ченемдерин камтыбаган жана тар ведомстволук жана техникалык мүнөздөгү актыларды кароодон, экспертиза жүргүзүүдөн, макулдашуудан жана кабыл алуудан бошотууга жана өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн стратегиялык маанилүү маселелерин чечүүгө жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасынын аткарылышына көңүл бурууга, ошондой эле ченемдик укуктук актыларды кабыл алуунун ыкчамдыгын, министрликтердин жана ведомстволордун ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга, коомдук-укуктук мамилелерди өркүндөтүүгө жана аткаруу бийлигинин органдарына жарандардын ишенимин жогорулатууга көмөктөшүү үчүн мүмкүндүк түзөт.

Ошондой эле, Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуунун натыйжалуулугун камсыздоо тууралуу комиссиянын чечими чоң мааниге ээ, ага ылайык, Өкмөттүн 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 650 токтому кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик түзүлгөн, анын негизги милдети электр, жылуулук энергиясына жана жаратылыш газына экономикалык негизделген, социалдык алгылыктуу жана басмырлабоочу бааларды белгилөө аркылуу электр, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын керектөөчүлөрдүн жана өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыктарынын балансын камсыз кылуу жана ОЭКте лицензиялык шарттардын сакталышын, бааларды (тарифтерди) туура түзүүнү жана колдонууну контролдоо болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын ишин оптималдаштыруу максатында Комиссия чечим кабыл алган, ага ылайык Өкмөттүн 2014-жылдын 5-декабрындагы № 691 токтому кабыл алынган, аталган токтом менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматын башкаруунун эки деңгээлдүү системасына өтөт, кайталанган иш милдеттер жокко чыгарылат жана башкаруунун ашыкча түзүмдөрү катары региондор аралык башкармалыктардын жоюлушу каралган.

Жалпыга маалымдоо каражаттарын, полиграфия ишканаларын өнүктүрүү жана басма продукциясын таркатуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, улуттук аудиовизуалдык продуктту өндүрүү үчүн шарттарды камсыздоо, телеканалдардын социалдык пакетин түзүү үчүн Өкмөттүн 2014-жылдын 17-июнундагы № 340 токтому менен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти түзүлгөн.

Кыргыз Республикасына чет элдик инвестицияларды тартуу процессин жандандырууну камсыз кылуу, аларды колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-мартындагы № 158 токтому менен Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттик түзүлгөн.

Мамлекеттик сатып алуулардын максимум үнөмдүүлүгүн, натыйжалуулугун жана ачыктыгын камсыздоо, мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруу процессине жеткирүүчүлөрдүн (подрядчылардын) катышуусун кеңейтүү жана алардын ортосунда атаандаштыкты өнүктүрүү, бардык жеткирүүчүлөргө (подрядчыларга) адилеттүү, бирдей жана калыс мамилени камсыздоо, сатып алуучу уюмдарга методологиялык жана консультациялык жардамды көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын
3-февралындагы № 68 токтому менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаменти түзүлгөн.


    1. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өркүндөтүү

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын бекемдөө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы карама-каршылыктарды жоюу жана Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын жоболорун ишке ашыруу максатында төмөнкүлөр даярдалды жана кабыл алынды:

Өкмөттүн токтомдору:

- «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам чыгаруу актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» 2014-жылдын 27-августундагы № 487 токтому (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде экинчи окулушта кабыл алынган). Бул долбоор жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларынын этностор аралык мамилелер жана элдин биримдигин бекемдөө боюнча ишиндеги жоопкерчиликтерди күчөтүүгө багытталган.

- «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын
19-августундагы № 467 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» 2014-жылдын
27-августундагы № 488 токтому. Бул токтом менен «айыл округу», «облустук администрация», «шаар тибиндеги поселоктор» түшүнүктөрү жоюлуп, «айыл аймагы», «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү» деген түшүнүктөр киргизилди.

- «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын


10-сентябрындагы № 566 «Шаарлардын мэрияларына караштуу айылдардын (поселоктордун) аймактык башкармалыктарын түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу 2014-жылдын 24-июлундагы № 418 токтому. Аталган токтом менен шаарлардын мэрияларына караштуу айылдардын аймактык башкармалыктарынын тизмесине Балыкчы шаарын киргизүү жана Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүш боюнча түшүнүктөрдү жана терминдерди бирдиктүү колдонууну камсыз кылуу каралган.

- «Электрондук айыл» бирдиктүү автоматташтырылган маалымат системасы жөнүндө» 2014-жылдын 8-сентябрындагы № 526 токтому. «Электрондук айыл» БАМТ ишке киргизүү менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) органдарынын борборлошкон маалымат банкы түзүлүп, жаңы технологияларды колдонууда ведомстволор аралык электрондук аракеттенүүлөр уюштурулуп, электрондук мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын жеткиликтүү болушуна шарттар түзүлөт жана ар кандай институттар ар мезгилде ишке киргизген колдонуудагы мамлекеттик маалымат системаларын оптималдаштырат.

Калкка сапаттуу кызмат көрсөтүү боюнча айыл өкмөтүнүн активдүү ишин аныктоо жана сыйлоо үчүн, айылдын инфратүзүмүн жакшыртуу, ошондой эле айыл өкмөтүнүн алдыңкы иш тажрыйбаларын жайылтууну үгүттөө үчүн «Эң мыкты айыл өкмөтү» наамына жалпы мамлекеттик сынак өткөрүлдү. Сынактын жүрүшүндө региондордон түшкөн материалдар чогултулуп, жалпылоо иши жүргүзүлдү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бардык региондордо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери менен жолугушуулар өткөрүлдү, 67 жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу жана өкүлчүлүктүү органдарына практикалык жана консультациялык жардамдар көрсөтүлдү.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүлөрүн жакшыртуу, калкка муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн алдыңкы тажрыйбаларын жайылтуу жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо максатында 2014-жылдын 28-августунда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун «Ырыс» айыл өкмөтүнүн базасында Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары үчүн, 2014-жылдын 5-октябрында - Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы «Липенка» айыл өкмөтүнүн базасында Нарын жана Ысык-Көл облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары үчүн, 2014-жылдын 27-ноябрында Чүй облусунун Аламүдүн районунун «Лебединовка» айыл өкмөтүнүн базасында Чүй жана Талас облустарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары үчүн «Ак ниет башкаруу-Кыргызстан элинин биримдигинин негизи» темадагы 3 региондук семинар-кеңешмелер өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүнүн Концепциясын ишке ашыруу максатында Өкмөткө караштуу Координациялык кеңеш тарабынан Иш-чаралар планы иштелип чыгып, бекитилген. Райондордо жана облустарда айыл аймактарын ирилештирүү боюнча жумушчу топтор түзүлгөн.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көмөк көрсөтүү, алардын донорлор, жарандык коомчулук менен өз ара байланышын бекемдөө максатында Этностор агенттигинде донорлордун жана эл аралык уюмдардын Координациялык Кеңеши түзүлүп иштеп жатат. 2014-жылы анын 4 отуруму өткөрүлдү.

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы №145 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө» токтомун ишке ашыруу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү механизмдерин иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн. Бул маселе ведомстволор аралык комиссиянын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында каралган. Ведомстволор аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча 4 министрлик жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жалпы суммасы 190 млн сомду түзгөн ыйгарым укуктарды беришти. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы № 715 токтому менен «Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасы» бекитилди.

Азыркы учурда мамлекеттик органдардын укуктарын талдоо жана кээ бир укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилиши боюнча иш жүрүп жатат. Этностор агенттиги «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү караштырган мыйзамдын долбоорун иштеп чыкты, аны менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарга берген ыйгарым укуктарды Өкмөттүн токтому менен бекитүү, аталган мыйзамдын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен коргоо жана аскердик эсепке тургузуу маселелерин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жаатындагы коллизияларды алып салуу каралат.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары муниципалдык кызмат көрсөтүү системасын өнүктүрүү максатында Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик органдар менен «бирдиктүү терезе» принциби боюнча кызмат көрсөтүү маселелеринде биргелешип аракеттенүү тартиби жөнүндө жобонун долбоору, калкка кызмат көрсөтүү маселелеринде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик органдар менен биргелешип аракеттенүү тартиби жөнүндө макулдашуунун Типтүү формасы, айыл өкмөттөрүндөгү Кызмат көрсөтүү борбору жөнүндө болжолдуу жобонун долбоорлору иштелип чыкты.

Региондордо 46 Кызмат көрсөтүү борборлору (ККБ) ачылды жана иштеп жатат. Айыл өкмөттөрдүн башчылары менен өткөн семинар-кеңешмеде көрсөтүлгөн «Липенка» пилоттук айыл өкмөтүнүн мисалы Ысык-Көл облусундагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан жактырылып, жалпы облус боюнча жайылтылды.

Базалык реестрге кирген муниципалдык кызматтардын стандарттарынын долбоорлору иштелип чыкты жана Этностор агенттигинин сайтында коомдук талкуу үчүн илинди. Муниципалдык кызматтардын Базалык реестрин түзүү муниципалдык кызматтарды системалаштыруу маселесин мыйзамдуу бекитүүгө, алардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга багытталган, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын негизги коомдук муктаждыктарын канааттандыруу боюнча маанилүү багыттарды аныктоого жардам берет.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кирүүгө бирдей мүмкүндүк берүү негизги артыкчылыктуу багыттардан болуп эсептелет. Аттестациядан 1077 муниципалдык кызматкер өткөн, анын ичинен райондук аттестациялык комиссия тарабынан 790 муниципалдык кызматкерге биринчи жана кезексиз класстык чен наамын ыйгаруу сунушталды. 2014-жылдын 1-июлуна карата штаттык ырааттамага ылайык 9217 муниципалдык кызмат орду бар, иш жүзүндө 8465 кызмат орду бар, анын ичинен 517 саясий кызмат, мунун ичинен 19 аял жана 7948 административдик муниципалдык кызматкерлер, анын ичинен 3086 аялдар.


    1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу

2014-жылдын июлунда кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү реформалардын кайталанбастыгы үчүн мыйзамдуу негизди калыптандырган, негиз салуучу ченемдик укуктук акт - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2012-жылы демилгеленген, «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (мындан ары - Мыйзам) кабыл алынган.

Ушул Мыйзам менен мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн негизги принциптери белгиленген, бул чөйрөдөгү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдө аткаруучулар менен керектөөчүлөрдүн ортосундагы укуктук мамилелер жөнгө салынат, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрин, аларды көрсөтүүнүн стандарттарын түзүүнүн тартиби аныкталат.

Негизги милдеттердин бири кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууну көздөгөн 2013-2017-жылдардын мезгилине Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегияны ишке ашыруу максатында министрликтер жана ведомстволор тарабынан Мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестрине киргизилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча масштабдуу иш жүргүзүлгөн.

2014-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 «Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтому менен Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздоо фонду тарабынан көрсөтүлүүчү, Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссия тарабынан жактырылган, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн 27 стандарттары бекитилген.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ички жол-жоболорун оптималдаштыруу үчүн негиз түзүүчү база иштелип чыккан - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-июлундагы № 287-б буйругу менен Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү администрациялык регламенти жана Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн администрациялык регламенттерин иштеп чыгуунун жана бекитүүнүн тартиби жөнүндө жобо иштелип чыккан.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө байланыштуу ички ведомстволук жана ведомстволор аралык процесстерин регламенттөө жана оптималдаштыруу бул аракеттерди тартипке келтирүүгө, ашыкча жол-жоболорду жокко чыгарууга, талаптарды аныктоого жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү процессинде ведомстволор аралык жана ички ведомстволук өз ара аракеттенүүсүн жөнгө салууга, ошондой эле кызматчылардын жеке жоопкерчилигин жогорулатууга мүмкүндүк түзөт.

Ошондой эле, 2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында электрондук башкарууну («электрондук өкмөт») киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын ишке ашыруу алкагында 5 мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү (Кыргыз Республикасынын жарандарын электрондук идентификациялык карта формасындагы паспорттор менен документтештирүү, жарандык абалдын актыларын каттоо, социалдык камсыздандыруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр, соттолгондугу жөнүндө маалымдамаларды берүү, архивдик документтерден көчүрмөлөрдү жана көчүрмө бөлүктөрдү берүү) жана


12 муниципалдык кызмат көрсөтүүнү автоматташтыруу жана электрондук форматка которуу боюнча иштерди жүргүзүү каралган.

Бул иш-чара кызматтардан пайдалануучу жарандардын убактысын үнөмдөөгө гана эмес, аларды көрсөтүүнүн сапатын дагы жогорулатууга, өздөрүнүн функцияларын аткарууга мамлекеттик органдардын чыгымдарын жана коррупциялык тобокелдиктерди төмөндөтүүгө мүмкүндүк түзөт.




    1. Ченем жаратуу ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү

Ченемдик укуктук актыларды кабыл алуунун ыкчамдуулугун жогорулатуу жана коомдук-укуктук мамилелерди өркүндөтүү максатында, ишкердикти жөнгө салуу чөйрөсүнөн тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтому кабыл алынган.

Айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктары 11 министрликтер менен ведомстволорго: Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине, Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруунун мамлекеттик кызматына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго өткөрүп берилген.

Жалпысынан, белгиленген токтом менен Өкмөт чечимдерди, анын ичинде ведомствонун ички жана көпчүлүк учурларда техникалык мүнөзгө ээ болгон чечимдерди кабыл алууда децентрализацияны азайтуу, министрликтердин жана ведомстволордун ролун жана жоопкерчилигин жогорулатуу, ченемдик укуктук актыларды даярдоого убакыттын сарпталышын кыскартуу, ошондой эле коомдун муктаждыктарына ыкчам таасирденүү боюнча ишти баштаган, бул өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн стратегиялык маанилүү маселелерин чечүүгө, Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген Өкмөттүн Программасын ишке ашырууга Өкмөттүн болгон аракетин жана көңүлүн бурууга мүмкүндүк берет.




    1. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин баалоо

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынтыктар боюнча башкарууга өтүшү жаңы башкаруу технологияларын өздөштүрүүнү талап кылат. Бул багыттагы өзгөчө маанилүү кадам - мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоо системасын киргизүү, ал азыркы учурда Өкмөттүн 2012-жылдын 17-февралындагы № 105 токтому жана Өкмөттүн 2012-жылдын 18-майындагы № 201-б буйругуна ылайык ишке ашырылууда.

2012 жана 2013-жылдары мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугуна баалоо жүргүзүү тажрыйбасы органдарды баалоо системасына айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгын аныктады:

1. Базалык көрсөткүчтөрдүн (Өкмөт тарабынан ишке ашырылуучу улуттук жана жалпы мамлекеттик программаларды ишке ашырууда мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун салымдарын чагылдыруучу) багытын тагыраак негиздөө жана алардын сандык маанилерин Өкмөттүн Программасынын жана 2014-жылга аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын максаттарына жана милдеттерине шайкеш келтирүү керек;

2. Реалдуу баалоо системасында эл аралык рейтингдерди колдонууга карата мамилелерди өркүндөтүү, анткени азыркы форматтагы Кыргызстандын эл аралык рейтингдерин эсепке алуу анча натыйжалуу эмес, анткени өлкөнүн көрсөткүчүн жакшыртууга кошкон өз салымы үчүн ар бир мамлекеттин жоопкерчилиги теңдештирилген.

Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана ЖӨБОнун ишинин натыйжалуулугун баалоо критерийлерин өркүндөтүү максатында Өкмөттүн 2014-жылдын 28-ноябрындагы № 680 токтому кабыл алынган, аны менен мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоонун жаңы базалык көрсөткүчтөрүнүн тизмеги бекитилген, ошондой эле «калктын ишеним индекси» усулу жана баалоо системасында эл аралык рейтингдерди колдонууга карата мамилелер өркүндөтүлгөн.





    1. Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   11   12   13   14   15   16   17   18   19




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет