Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчету Киришүү



бет17/19
Дата23.02.2016
өлшемі1.52 Mb.
#11437
1   ...   11   12   13   14   15   16   17   18   19

Коомдук кеңештер

Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун коомчулук менен өз ара аракеттенүүсүн жана кызматташуусун өркүндөтүү, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишине коомдук мониторинг жүргүзүү үчүн механизмдерди түзүү максатында «Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-майындагы Мыйзамы кабыл алынган, ал министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун коомдук кеңештерин түзүүнүн жана ишинин максаттарын, принциптерин, укуктук жана уюштуруучулук негиздерин белгилейт.

«Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25-августундагы
№ 482 токтому менен коомдук кеңештери түзүлө турган министрликтер жана ведомстволор аныкталган.

Мыйзамга ылайык Коомдук кеңештердин мүчөлөрүн тандап алуу боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) түзүлгөн, ал Кыргыз Республикасынын Президентинин, Өкмөтүнүн, Акыйкатчысынын (Омбудсмендин), Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын Аппараттарынын 5 өкүлүнөн жана жарандык коомдун 10 өкүлүнөн турат. Мыйзамга ылайык Комиссиянын катчылыгынын функциялары Өкмөттүн Аппаратына жүктөлөт.

2014-жылы Комиссия тарабынан төмөнкүдөй мамлекеттик органдардын алдындагы коомдук кеңештер түзүлгөн:

- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинде;

- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде;

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде;

- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде;

- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде;

- Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинде;

- Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинде;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү
өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинде.


    1. Электрондук башкаруу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын


17-ноябрындагы № 651 токтому менен 2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында электрондук башкарууну («электрондук өкмөт») киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасы, ошондой эле Программаны ишке ашыруунун Иш-чаралар планы бекитилген.

Жогоруда аталган Программа Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында алардын ишинин натыйжалуулугун, ачыктыгын жогорулатуу жана көрсөтүлүүчү электрондук кызматтардын спектрин кеңейтүү, натыйжалуу жана аз чыгымдуу башкаруу, демократияны өркүндөтүү жана эл алдында бийликтин жоопкерчилигин жогорулатуу үчүн маалыматтык-коммуникациялык технологияларды пайдаланууну түп-тамырынан бери жакшыртуу максатында, 2013-2017-жылдардын мезгилине ТӨУСтүн талаптарын эске алуу менен иштелип чыккан.

Ошону менен бирге эле, Мамлекетти башкаруу системасындагы коррупциялык факторлорду жоюу, жарандарга тоскоолдуксуз жана
өз убагындагы сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле буга зарыл болгон маалыматтарды алуусуна шарттарды түзүү Программанын маанилүү милдети болуп саналат.

Тактап айтканда, маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын каражаттарынын жардамы менен мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жарандардын барууларын азайтуунун эсебинен коррупциянын деңгээли төмөндөйт.




    1. Мамлекеттик кызмат чөйрөсүн жакшыртуу

Мамлекеттик кызматкерлерди кесиптик жактан өнүктүрүү үчүн 2014-жылга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутууга Мамлекеттик тапшырык бекитилген. 2014-жылы мамлекеттик тапшырыктын алкагында бардык пландаштырылган


277 квалификацияны жогорулатуу курстары өткөрүлдү, 4701 адам окуудан өттү, анын ичинен 2435 мамлекеттик кызматкерлер жана 2266 адам муниципалдык кызматкерлер. Республика боюнча катышуу жылдын жыйынтыгы боюнча 74 %ды түздү.

Мамлекеттик башкарууну жана мамлекеттик кызматты андан ары өркүндөтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

2013-жылдын 26-июнундагы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына Кыргыз Республикасынын Президентинин төмөнкү жарлыктары менен өзгөртүүлөр киргизилди:

- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы түзүлгөнүнө байланыштуу 2014-жылдын 24-июнундагы № 124 Жарлыгы;

­ Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы түзүлгөнүнө байланыштуу 2014-жылдын 24-июнундагы № 125 Жарлыгы;

­ «Улук сот аткаруучунун» «С-Б» категориясынан


«С-А» категориясына которулганына байланыштуу 2014-жылдын 29-октябрында № 196 Жарлыгы.

Өкмөттүн бир катар чечимдери кабыл алынган:



  • 2014-жылдын 13-февралындагы № 90 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарындагы таламдардын кагылышын чечүү боюнча убактылуу колдонмону бекитүү жөнүндө» токтому;

  • 2014-жылдын 2-июлундагы № 366 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 741 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын өтөөнүн маселелери жөнүндө» токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому;

  • 2014-жылдын 31-июлундагы № 428 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 741 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын өтөөнүн маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому;

  • 2014-жылдын 11-августундагы № 462 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутуу маселелери жөнүндө» токтому;

  • 2014-жылдын 21-августундагы № 472 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-апрелиндеги № 150 «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге эмгек акы эсептөөдө эселенген коэффициентти колдонуу тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;

  • 2014-жылдын 12-сентябрындагы № 529 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-январындагы № 30 «Бюджеттик каржылоодогу мекемелерде, уюмдарда жана ишканаларда окуу сабактарын өткөрүүгө тартылган кызматкерлердин эмгек акысын төлөөнүн шарттарын жана эмгек акыны саатына төлөөнүн ставкаларын бекитүү жөнүндө» токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому;

  • 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 631 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын донорлордун каражаттарынын эсебинен окутууну координациялоо жөнүндө» токтому;

  • 2014-жылдын 16-декабрындагы № 708 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 436 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому;

  • 2014-жылдын 19-сентябрындагы № 539 «Саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери менен мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому;

  • 2014-жылдын 18-декабрындагы № 712 «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому;

  • 2014-жылдын 29-декабрындагы № 747 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-августундагы № 462 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутуу маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому;

  • 2014-жылдын 31-декабрындагы № 761 «Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому.

2014-жылы мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө 277 конкурс өткөрүлдү, 1377 конкурсант конкурс аркылуу дайындалды.

«Мамлекеттик кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык саясий мамлекеттик кызматчылардын кеңешчилери, жардамчылары жана консультанттары


107 мамлекеттик кызматчынын ордуна конкурстан тышкары дайындалды.

Отчеттук мезгилде 52 мамлекеттик органда мамлекеттик кызматкерлерди аттестациялоо өткөрүлүп, 2169 кызматкер аттестациядан өттү. Аттестациялоонун жыйынтыгы боюнча 1224 мамлекеттик кызматчыга биринчи жана кезектеги чендер берилди.

2014-жылы 10881 орунга (мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орунга) 16355 адам тестирлөөгө катышты, 50 %дык босогону 7567 адам өттү, 2971 адам тестирлөөгө келген жок.

2014-жылы 29 126 декларация тапшырылды, анын ичинен:

­ 2121 саясый, атайын жана административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматкерлердин декларациясы;

­ 99 муниципалдык кызматкерлердин декларациясы;

­ 16856 административдик кызматкерлердин декларациясы;

­ 10050 Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматчыларынын декларациясы.

2014-жылдын январында ээлеген кызмат ордуна ылайык келиши боюнча 8 мамлекеттик органдын статс-катчыларына аттестациялоо жүргүзүлдү, анын жыйынтыгында мамлекеттик органдардын статс-катчыларына «ээлеген ордуна ылайык келет» деген баа берилди.

2013-жылга статс-катчылардын рейтингин аныктоо үчүн


21 мамлекеттик органдын статс-катчыларынын ишине мониторинг жүргүзүлдү.

2014-жылы статс-катчыларды окутууга, анын ичинде мамлекеттик башкаруу, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн кабыл алынган актыларын ишке ашыруу боюнча, Мамлекеттик кызмат орундарынын реестрине, эмгек акы төлөө жана кадрлардын квалификациясын жогорулатуу системасына жаңылыктарды киргизүү ж.б. маселелер боюнча окутууга көбүрөөк көңүл бурулду.




    1. Этностор аралык мамилелер

Өкмөттүн этностор аралык мамилелерди чыңдоо боюнча жүргүзгөн иштери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын


30-октябрындагы № 430-б буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясын ишке ашыруу боюнча 2013-2017-жылдардын мезгилине биринчи кезектеги иш-чаралар планын ишке ашырууга багытталган.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын


10-апрелиндеги № 74 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди бекемдөө концепциясын ишке ашыруу боюнча 2013-2017-жылдардын мезгилине биринчи кезектеги иш-чаралар планын ишке ашыруу максатында Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй облустарында жана Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында этностор аралык мамилелердин маселелери боюнча 20 коомдук кабылдама ачылды жана иштеп жатат, аларда этностор аралык кагылыштарды алдын алуу жана жоюу боюнча иштерди жүргүзүп жаткан 20 коомдук-консультативдик этностор аралык кеңештер түзүлдү.

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын макулдашуусу менен коомдук кабылдамалардын жооптуу катчылары тандалып алынган, келишим боюнча алардын эмгек акысы төлөнүп берилүүдө. Иштер коомдук-консультативдик этностор аралык кеңештердин мүчөлөрү менен бирдикте жүргүзүлүүдө, алардын курамына ар кайсы этностор коомдоштугунун сый-урматтуу жана абройлуу өкүлдөрү киришкен. 2014-жылы коомдук кабылдамаларга 2500 адам кайрылган. Жооптуу катчылар тарабынан жер-жерлерде этностор аралык кагылышууларды алдын алуу боюнча багытталган 3000ден ашуун ар кандай иш-чаралар өткөрүлгөн, анын ичинде региондордо жашаган этносторду жакындатуу боюнча иш чаралар өткөрүлүп турат.

2014-жылдын 20-мартында Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, жарандык коом жана райондун улуттук азчылыктарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда иш-чара өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө улуттук маданий борборлордун көргөзмөлөрү, этностук топтордун өкүлдөрүнүн концерттик программалары уюштурулду. Бул иш-чарага Кыргыз Республикасындагы ПРООНдун өкүлү М.Аванесов, Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы Б.Мурзаибраимов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү С.Жээнбеков, республикадагы өзбектердин улуттук маданий борборунун төрагасы Б.Фаттахов катышты.

2014-жылдын 25-апрелинде Ош облусунун Араван районунун Араван айылында «Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылынын» алкагында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди бекемдөөгө арналган иш-чара өткөрүлдү.

2014-жылдын 27-майында Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарында «Фергана-достуктун өрөөнү» аталышындагы иш-чара өткөрүлдү. Аталган иш-чараны уюштуруп, өткөрүү Фергана өрөөнүндө жашап жаткан элдин ортосунда достукту жана жакшы коңшулукту түзүүгө мүмкүндүк берди.

2014-жылдын май айында Кыргызстандагы этностор аралык кырдаалга үзгүлтүксүз мониторинг жана талдоо жүргүзүү максатында мониторинг борбору түзүлгөн. Мониторинг борбору тарабынан бийлик органдарына этностук топторду сунуштоо боюнча иликтөөлөр жүргүзүлүп, Ош окуяларынын базасында кризисти башкаруу боюнча долбоор иштелүүдө, Кыргызстандын жаштары арасында этностор аралык абалды өркүндөтүү боюнча сурамжылоо жүргүзүлүп жатат. Ош жана Жалал-Абад облустарындагы жана Ош шаарындагы кагылышуу чөлкөмдөрүн аныктоо жана терең изилдөө үчүн иш-сапарлар уюштурулуп, учурдагы этностор аралык абал изилденди.

Мониторинг борбору тарабынан 64 айыл аймагында этностор аралык абалга дайыма талдоо жүргүзүлүп турат. Мониторинг борборунун аналитиктери тарабынан республикадагы этностор аралык кырдаал тууралуу 35 аналитикалык кат жана отчет даярдалган.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын


18-декабрындагы № 232 «Кыргызстан элинин Ассамблеясынын макамы жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында Кыргызстан элинин Ассамблеясынын курамына кирген коомдук бирикмелер менен иш алып баруу боюнча бөлүм түзүлгөн.

Элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди бекемдөө концепциясын ишке ашыруу боюнча биринчи кезектеги иш-чаралар планына ылайык чакан гранттар жөнүндө жобо иштелип чыгып, элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди бекемдөө тууралуу демилгелерди колдоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктар, улуттук маданий борборлор, ЖМК арасында конкурс жарыяланды. 15 долбоор жактырылып, 6,9 млн сом суммасында грант берилген.

2014-жылдын 10-ноябрында Ош мамлекеттик университетинин базасында эксперт-конфликтологдордун, жаштар уюмдарынын, Ош шаарынын жана Баткен, Жалал-Абад облустарынын жождорунун студенттери, магистранттары жана аспиранттарынын катышуусу менен «Кыргызстанда тынчтыкты жана туруктуулукту бекемдөөдө жаштардын ролу» аталышындагы илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Конференциянын жыйынтыгы менен резолюция кабыл алынып, конференциянын катышуучуларынын баяндамаларын, макалаларды камтыган брошюра - жыйнак республикабыздын бардык жогорку окуу жайларына таркатылып берилген.

Жергиликтүү калкты Кыргызстанда жашаган этностордун маданияты, каада-салттары менен тааныштыруу максатында 2014-жылдын 5 жана 8-ноябрында Талас жана Нарын облустарында Кыргызстандын этностук коомдоштугунун күнү өткөрүлүп, этностук ансамблдердин «Ырдайлы кыргыз ырларын» аттуу концерттик оюн-зоок программалары уюштурулду.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелердин маселелери боюнча маалыматтарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана калкка ыкчам жеткирүү үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча агенттигинин иши жөнүндө маалымат берүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча агенттигинин сайты иштелип чыкты жана ишке берилди.

ПРООНдун жардамы менен тиражы 2000 нусканы түзгөн «Регион-пресс» ведомстволук гезити чыкты. Гезит бардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жайылтылат жана ошондой эле окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арналат.




  1. Стратегиялык документтерди иштеп чыгуу жана ишке ашыруу

ТӨУСтү ишке ашыруу үчүн жакынкы беш жылга реалдуу башкаруу каражаты керек экендигин эске алуу менен Өкмөт тарабынан


2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча программа жана план иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 18-декабрындагы
№ 3694-V токтому менен бекитилген.

Ушул мезгилге пландалган милдеттерди чечүүнү Өкмөттүн ар жылдык пландары аркылуу ишке ашыруу белгиленген, бул


ТӨУСтө белгиленген максаттуу багыттарга жетүү жана артыкчылыктарды алдыга жылдыруу үчүн узак мөөнөттүү уланмалуулукту сактоого мүмкүндүк берет.

Туруктуу өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын ишке ашырууну комплекстүү жана балансталган мамлекеттик башкаруу жана камсыздоо максатында Өкмөт тарабынан 2014-жылга иш-чаралардын дыкат планы бекитилген.

Өкмөттүн 2014-жылдын 28-февралындагы № 110 токтому бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын ишке ашыруу боюнча 2014-жылга иш-чаралар планынын алкагында 514 иш-чара өткөрүү каралган.

2014-жылга Пландын аткарылышына мониторинг жүргүзүү


2014-жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдар тарабынан
388 иш-чаранын аткарылышы камсыз кылынганын көрсөттү, бул
2014-жылга пландаштырылган иш-чаралардын 75,5 %ын түзөт. 97 иш-чара аткарылган эмес, бул 18,9 %ды түзөт.

16 иш-чаранын (13 %) аткарылышы төмөнкү аткаруу статусу менен белгиленди:



  • 2 иш-чаранын аткаруу мөөнөтү узартылды;

  • 5 иш-чара жокко чыгарылды;

  • 9 иш-чара контролдон алып салынды.

ТӨУСтө 77 ири инвестициялык долбоордун негизги артыкчылыктары жана ишке киргизүү белгиленген. Азыркы учурда:

  • жалпы наркы 7 212,1 млн АКШ долларында 35 улуттук долбоорду ишке ашыруу улантылууда;

  • жалпы наркы 2 453,2 млн АКШ доллар болгон 12 долбоор боюнча даярдоо иштери жүргүзүлүп жатат;

  • жалпы суммасы 335,0 млн АКШ долларында 15 долбоор аяктады;

  • жалпы суммасы 1922,6 млн АКШ долларында 15 долбоор баштала элек.

2014-жылы 15 долбоор ишке ашырылды, анын ичинен агроөнөр жай комплексинде 7 долбоор, энергетика секторунда 4 долбоор, транспорт жана коммуникация чөйрөсүндө 4 долбоор.

Агроөнөр жай комплексинде тышкы булактардын эсебинен жалпы суммасы 41,4 млн АКШ долларында 7 долбоор аяктады:



  1. минералдык жер семирткичтерди чыгаруу боюнча заводдун курулушу аяктады, долбоордук наркы - 2,0 млн АКШ долл.;

  2. 14 үрөн чарбасы түзүлдү, долбоордук наркы - 7,4 млн АКШ долл.;

  3. тандалган айыл чарба кооперативдеринин суроо-талабын толугу менен камсыздоо үчүн өлкөнүн ар бир облусуна бирден асыл тукум чарбасынын түйүндөрүн уюштуруу аяктады, долбоордук наркы - 8,5 млн АКШ долл.;

  4. бодо малды жасалма уруктандыруу пункттары үчүн жабдууларды сатып алуу аяктады, долбоордук наркы - 0,5 млн АКШ долл.;

  5. 225 бирдикте айыл чарба техникаларын лизинг боюнча алууну каржылоо аяктады, долбоордук наркы - 5,0 млн АКШ долл.;

  6. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментин курулуш техникалары менен жабдуу аяктады, долбоордук наркы - 10,0 млн АКШ долл.;

  7. Аксы районундагы Ренжит өрөөнүн суу менен камсыздоону жакшыртуу үчүн Беш-Батман каналынын аяккы бөлүгүн реабилитациялоо боюнча иштер аяктады.

Энергетика чөйрөсүндө тышкы булактардын эсебинен жалпы наркы 233,0 млн АКШ долларында 4 долбоор ишке ашырылды:

  1. «Датка» көмөк чордонунун жана жалпы узундугу 248,6 км электр берүү линиясынын курулушу аяктады, долбоордук наркы - 208,0 млн АКШ долл.;

  2. Камбар-Ата ГЭС-1ди куруунун ТЭНин иштеп чыгуу аяктады, долбоордук наркы - 15,0 млн АКШ долл.;

  3. Кара-Кече жылуулук электр станцияларын куруунун ТЭНин иштеп чыгуу аяктады, долбоордук наркы - 5,0 млн АКШ долл.;

  4. Бишкек шаарынын «Ак-Ордо» турак-жай конушунда эки баскычтуу ЖЧны куруу аяктады, долбоордук наркы - 5,0 млн АКШ долл.

Транспорт жана коммуникация чөйрөсүндө жалпы наркы 60,6 млн АКШ долларында 4 долбоор ишке ашырылды.

  1. автожол техникаларын жана жабдууларды сатып алуу аяктады, долбоордук наркы - 9,6 млн АКШ долл.;

  2. аба кыймылын уюштуруунун (АКУ) улуттук системасын жаңылоо боюнча долбоор жүзөгө ашырылды, долбоордук наркы - 28,5 млн АКШ долл.;

  3. «Кытай-Кыргызстан» темир жол магистралын куруу боюнча ТЭН иштелип чыкты, долбоордук наркы - 3,5 млн АКШ долл.

  4. була-оптикалык магистралдык байланыш тармагын курууну камсыздоо жумуштары аяктады.

ТӨУСтү ишке ашыруу боюнча маселелерди чечүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын
21-майындагы № 4055-V «Жеткиликтүү турак жай куруунун жалпы мамлекеттик программасын даярдоо жөнүндө» токтомун аткаруу максатында «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» Мамлекеттик программанын долбоору иштелип чыкты. Азыркы учурда Программанын долбоору министрликтер менен ведомстволордун макулдашуу стадиясында турат. Программанын негизги максаты болуп Кыргыз Республикасынында көпчүлүк жарандарга менчик турак жай сатып алуусуна шарттарды түзүп берүү саналат, анын ичинде ипотекалык кредиттерди колдонуу менен.


  1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен болгон өз ара аракеттенүү

2014-жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Өкүлчүлүгүнүн иш-аракети коюлган милдеттерге жана иш планына карата, Өкмөттүн мыйзамдык демилгелерин алдыга жылдыруу боюнча парламент, анын фракциялары, комитеттери жана депутаттары менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүнө, каралып жаткан маселелер боюнча Өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин позициясын макулдашууга жана жакындаштырууга, ошондой эле «Өкмөттүк күндөрдү (сааттарды)» өткөрүүгө жана аткаруу бийлигинин отчетторун парламентте уюштурууга багытталды. Өкүлчүлүк мыйзам долбоорлорун жылдыруу, фракциялардын, комитеттердин жана депутаттардын токтомдорун, чечимдерин жана суроо-талаптарын аткаруу маселелери боюнча аткаруу бийлигинин органдарынын, Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн ишин координациялады.

Төмөнкү багыттар боюнча иш жүргүзүлдү:

Өкмөттүн мыйзамдык демилге укуктарын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен өз ара аракетенүүсүн камсыздоо. Жогорку Кеңешке акыркы 3 жылда жиберилген мыйзам долбоорлоруна толук инвентаризация жүргүзүлдү, актуалдуулугун жоготкон мыйзам долбоорлору аныкталды, каралуудагы мыйзам актыларынын долбоорлорунун редакциялары жаңыланды. Министрликтерге жана ведомстволорго мыйзам долбоорлору боюнча пландагы позицияларын кайра карап чыгуу жана мыйзам долбоорлорун актуалдаштыруу боюнча тапшырма берилди. Натыйжада азыркы мезгилде парламентте 81 мыйзам долбоору катталды, анын ичинен 9 токтоосуз карала турган деп аныкталды.

2014-жылы Өкмөт тарабынан 144 мыйзам долбоору демилгеленди (анын ичинен токтоосуз карала турганы 31). 62 мыйзам кабыл алынды, Президент 59 мыйзамга кол койду, 1 мыйзамга Президенттен каршы пикир келди.

Отчеттук мезгилде Өкмөт тарабынан демилгеленген эл аралык келишимдерди ратификациялоо боюнча 38 мыйзам кабыл алынды.

Өкмөт тарабынан демилгеленген маанилүү жана актуалдуу мыйзамдарды жана башка ченемдик актылар катарында төмөнкүлөрдү белгилеп кетүү зарыл:

- «Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүгүү ассоциациясынын ортосунда 2014-жылдын 16-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Каржылоо жөнүндөгү макулдашууну (өнүгүү саясатын колдоо боюнча Экинчи операция) ратификациялоо жөнүндө» (бюджетти колдоого 25 млн АКШ доллары);

- «Инвестициялык климатты жакшыртуу программасы боюнча 2014-жылдын 19-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүгүү банкынын ортосундагы Гранттык келишимди ратификациялоо жөнүндө - Подпрограмма 3» (бюджетти колдоого 22 млн АКШ долл.);

- «Кыргыз Республикасы менен Евразиялык өнүгүү банкынын ортосунда Бишкек шаарында 2014-жылдын 20-мартында кол коюлган Евразия экономикалык союзунун Кризиске каршы фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндөгү Келишимди ратификациялоо жөнүндө» (20 млн АКШ доллары);



Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   11   12   13   14   15   16   17   18   19




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет