Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия



Pdf көрінісі
бет122/183
Дата07.05.2023
өлшемі1.8 Mb.
#473338
1   ...   118   119   120   121   122   123   124   125   ...   183
Калия Кулалиева
 Грамматика
Этиштин мамилелери
Кыймыл-аракеттин сүйлөп жаткан адамдын өзү тарабынан иштелгендигин 
же башка адамдар тарабынан аткарылгандыгын билдирген грамматикалык катего-
рия этиштин мамилелери деп аталат. Этиштин беш мамилеси бар: 1) негизги ма-
миле, 2) кош мамиле, 3) өздүк мамиле, 4) туюк мамиле, 5) аркылуу мамиле.
Негизги мамиле
Кыймыл-аракет сүйлөп жаткан адам тарабынан аткарылгандыгын билдирген 
этиштер негизги мамиле деп аталат. 
Мисалы: Рамис кол койду. Жылдыз китеп окуду.
Негизги мамиле этиштин өзүнө тиешелүү мүчөсү жок, башка мамиле этиштер-
ди түзүүгө негиз болот: ал – алдыр, тер – териш, жап – жамын ж.б.
Кош мамиле
Кыймыл-аракеттин бир канча адам тарабынан кошулуп, биргелешип аткарыл-
гандыгын көрсөтүүчү этиштер кош мамиле деп аталат.
Кош мамиле этиштерди -ыш (-иш, -үш, -уш, -ш) мүчөсү уюштурат. 
Мисалы: жардамдаш, катыш, жууш, жазыш ж.б.
1. Боштуктарга негизги жана кош мамиледеги этиштерди жазыңыз. 
Мен бул жерде иштегенимди тастыктаган тактама .............................. .
Асан менен ал сүйлөшүп отуруп ишке да ...................................................... .
Тапшырык боюнча компьютерлерди ............................................................ .
Ал жаңылыктарды радиодон ............................................................. .
Досторум менен телефон аркылуу .................................................... .
Сиз учак менен ...............................................?
Алар автобус менен ........................................?
Конокторду татыктуу ..................................... .
2. Берилген этиштерге кош мамиленин мүчөсүн улаңыз, байланыштуу текст түзүңүз.
Кел....., текшер......, бүт......., бүтүм чыгар........., чакыр........, билдир........, 
четтет....... .


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   118   119   120   121   122   123   124   125   ...   183




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет