Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия


Сүйлөмдүн биринчи бөлүгүн толуктап жазыңыз



Pdf көрінісі
бет123/183
Дата07.05.2023
өлшемі1.8 Mb.
#473338
1   ...   119   120   121   122   123   124   125   126   ...   183
3. Сүйлөмдүн биринчи бөлүгүн толуктап жазыңыз.
1. .............................. ......................... .......................... ...................... учуп кетишет.
2. .......................... ................................ ................................ музейине барышты.
3. ...................... .......................... ......................... ...................... эрдик көрсөтүштү.
4. ........................... ................................. ................................... учурашып өтүшөт.
5. ........................... ................................. ............................... окуяларды угушту.
6. ............................. .............................. ................................ окуп чыгышты.


139
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
 Сүйлөшөлү 
1. Жаңы ишкана ачып жаткан адам: Бизге уставдын кереги жок, адегенде ишибизди жүргүзүп 
алалы. Анан кагаз-магаз менен алектенебиз.
Анын кеңешчиси:
Жок, уставсыз иш болбойт. Себеби ...
Ролдорго бөлүшүп талашты улантабыз. Ким өзүнүн тууралыгын канчалык деңгээлде далилдей 
ала турганына көңүл бурабыз. 
Акырында бул маселе боюнча ар бирибиз өз пикирибизди билдиребиз.
2. Сиз өз мекемеңиздин Уставы менен таанышсызбы? Анын мазмунун жаныңыздагыларга 
айтып бериңиз.
 Жазалы
Бир чакан ишкананын Уставын жазыңыз. Негизги бөлүктөрүнүн жазылышы, башындагы жана 
аягындагы маалым даректердин көрсөтүлүшү маанилүү.


140
Калия Кулалиева
МЫЙЗАМ
Мыйзам – бул бардыгы үчүн бирдей милдеттүү жүрүм-турумдардын эрежеси 
камтылган ченемдик-укуктук акт. Мыйзамдар адамдардын укуктарын жана мил-
деттерин өз ичине камтыйт жана көп ирет колдонууга багытталат.
Президент, өкмөт, депутаттар жана 30 миң шайлоочу мыйзам долбоорун 
сунуштоо укугуна ээ. Бул үчүн ага 30 миң жарандын колун топтоо же өкмөт аркылуу 
киргизүү керек болот. Министрлик дагы өз алдынча мыйзам кабыл алуу демилгеси 
менен чыга албайт. Ал муну адатта өкмөт аркылуу ишке ашырат.
Парламентке киргизилген мыйзам долбоору адегенде Жогорку Кеңештин 
тийиштүү комитети тарабынан каралат да, андан кийин ЖКнын бардык 
депутаттарынын кароосуна киргизилет. Эреже катары, мыйзам долбоору 
талкуулоонун биринчи баскычынан же биринчи окуу деп аталган жол-жободон 
өткөрүлөт жана жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынып, Республиканын Президенти 
тарабынан бекитилет. Жөнөкөй мыйзам кайсы бир маанилүү иштин аткарылышына 
же сакталышына арналса да, көлөм жагынан чакан болот. 
Татаал мыйзам мамлекеттин маанилүү деп эсептелген тармагы боюнча мам-
лекет менен уюмдардын, мекемелердин, коомчулуктун, жарандардын ортосунда-
гы укуктук негиздерин, милдеттерин конституциялык принципте жолго салуунун 
жол-жобосун ичине камтыйт. Анда ошол тармактын мааниси, коомго тиешеси,
тийиштүү жоболорун аткаруу шарты, мамлекет менен анын жарандарынын өз ара 
милдети глава, берене, пункттан туруп, так, кыска, түшүнүктүү жазылат.


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   119   120   121   122   123   124   125   126   ...   183




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет