Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия



Pdf көрінісі
бет33/183
Дата07.05.2023
өлшемі1.8 Mb.
#473338
1   ...   29   30   31   32   33   34   35   36   ...   183
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
МҮНӨЗДӨМӨ
Мүнөздөмө жетекчилик тарабынан мекеме, уюм, ишкананын кызматкерине 
берилген расмий документ болуп саналат. Анда кызматкердин же адистин кесиптик, 
коомдук, илимий ж.б. ишмердиги, ошондой эле ишмердик жана моралдык 
сапаттары чагылдырылат. Мүнөздөмө адистин суранычы боюнча атайы окууга 
кирүү, башка ишке которулуу, кызматтык жогорулоо, сунуштоо максатында 
жазылат. 
Мүнөздөмөнүн мазмунунда ишти качан баштаганы, ишиндеги жылышуулары, 
артыкчылыктары, билимин өркүндөтүшү боюнча маалымат камтылып, 
сыйлыктарына (эгер болсо, жазаларына) түшүндүрмө берилет. Мүнөздөмөнүн 
жазылыш максаты, мүнөздөмө жөнөтүлө турган мекеменин аты жазылып
мүнөздөмөнү берген жетекчилердин колу коюлуп, мөөрү басылат. 
Мүнөздөмө-сунуш кызматкерге иштеген мекеме тарабынан атайын жазылып, 
мүнөздөмөдөгү маалыматтарды камтыйт жана жалпы чогулушта бекитилет. 
Көп учурда чет мамлекетке чыгармачыл өргүүгө же башка себептер менен 
жөнөтүү үчүн же башка тепкичтеги кызматка которулуу, сунуштоо үчүн жазылат. 
Мүнөздөмөнүн аягында чогулуштун кайда, качан, кимдердин катышуусу менен өт-
көнү, жетекчилердин кызматы, аты-жөнү, колу, даталары менен көрсөтүлөт. Эгер 
фирмалык бланкта жазылса, мөөр басылбайт. Жөнөкөй кагазда жазылса мөөр 
басылат.
1. Тааныш эмес сөз жана сөз айкаштарын дептерге көчүрүп жазыңыз. Коюу шрифт менен 
бөлүнүп жазылган сөздөрдүн маанисин түшүндүрүп бериңиз.
2. «Мүнөздөмө» деген сөздүн уңгусун табыңыз, ал кандай маанилерде колдонулат, мисалдарды 
келтириңиз. 
3. Мүнөздөмөнүн текстине мүнөздүү сөз жана сөз айкаштары: 
кабыл алын-, эмгектен-, иште-, дайындал-, которул-, жиберил-, сыйлан-, 
катыш-, жөнөтүл-, өзүн көрсөт-, сый-урмат, кадыр-барк, жоопкерчиликтүү, 
такшалган адис, токтоо, сабырдуу, ак көңүл, уюштургуч, алака түз-, жакшы 
мамиледе бол-, так аткар-, ээ бол-, татыктуу бол-.


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   29   30   31   32   33   34   35   36   ...   183




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет