Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия



Pdf көрінісі
бет90/183
Дата07.05.2023
өлшемі1.8 Mb.
#473338
1   ...   86   87   88   89   90   91   92   93   ...   183
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
эмес, е тамгасы аркылуу гана берилет: кий – киет, чий – чиет, кеңей – кеңеет
Булардын чийет, кеңейет ж.б. болуп жазылышына жол берилбейт.
2. Ё тамгасы төмөнкү учурларда колдонулат:
1. ё тамгасы уңгу сөздөрдө үндүүлөрдөн, көбүнчө о тамгасынан кийин жазылып, 
татаал йо (й+о) тыбышынын ордуна жүрөт: боё, боёк, коён, оён ж.б.
2. Кой, сой, той, чой сыяктуу сөздөргө о тыбышы менен келген мүчөлөр 
уланганда ё тамгасы менен жазылат: коёт, соёт, тоёт, чоёт ж.б.
3. Орус тили аркылуу кирген сөздөрдө ё тамгасы колдонулат: ёлка, актёр, 
суфлёр, Фёдор, дирижёр, стажёр, щётка, щёлочь, счётчик ж.б
4. Төмөнкү сөздөр ё тамгасы менен эмес, йо тамгалары менен жазылат: йод, 
майор, район, Нью-Йорк.
 Көнүгүүлөр
1. Эреже боюнча туура келген тамгаларды жазыңыз.
Чоңо.....т деген ушул, балам. Бул кийимдеримдин баары мага кичир..........п 
калыптыр го. Фирмабыздын аянты 80 кв/мге кең.......т. Депутаттардын бир кан-
часы расмий иш сапары менен .....гипетке барып келишти. Эки республика-
нын Президенттери макулдашууга кол ко......т. Тамакты мүнөздөп жейсиңби, 
бул ко.....ндун эти, коркпой жей бер. Ра.......ндон кат келиптир, бул кишинин 
арызын карап чыгышыбыз керек. «Түндүкэлектронун» кызматкерлери жаңы 
сч.....тчиктерди коюп жетише албай жаткандыктарын билдирүүдө. Атактуу 
дириж....рлордон кимдерди билесиз? Акт....рлордончу?
2. Тамганы жазып, берилген сөздү катыштырып, сүйлөмдөрдү түзүңүз.
бо....к
о.....н:
то....т: 
чи....т:
ре.....стр:
 Грамматика
Байламталар
Бир ыңгай сөздөрдү, сөз айкаштарын, татаал сүйлөмдүн составындагы бөлүк-
төрдү өз ара тутумдаштырган кызматчы сөздөр байламталар деп аталат.
Байламталар түзүлүшүнө карай жөнөкөй (бир сөздөн: жана, да, себеби, менен 
ж.б.) жана татаал (эки же андан көп сөздөрдүн тизмегинен: анткени менен, ошол 
себептен, ошону менен бирге ж.б.) болуп экиге бөлүнөт.


102


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   86   87   88   89   90   91   92   93   ...   183




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет