(Төкмө поэзиянын мотиви менен)
Коргоол Ата жарыктык
Ата дебей не дейин.
Арбагынды көтөрүп,
Алты сан элден өтөйүн
Улар таңшык ырчысың,
Таржыма кылган Мекеним.
Жүз жашка чыгып жашарып,
Өзгөчө элден карыдың,
Коюлбаса да музейге,
Коке, эски чапан, чарыгың.
Өмүргө күйөт шам болуп,
Өчпөс жылдыз жарыгың...
Өзүңдү баалап туу чоку,
Өргө чыгам кежеңдей,
Өмүрүң тактап жазганга,
Өзүмдү сезем бечелдей.
Же мен эрте туулуп,
Же сиз,
Коргоол Ата, кеч өлбөй?!
Комуздун кылын толгодум,
Коке, сиз менен бирге болбодум.
Жүрөктүн кылын толгодум,
Жүрүп базар-учарда,
Жүздөшүп бирге болбодум.
Жанда жок акын экенсиң,
Жарыктык, Ата Коргоолум!
Эшек минген жаман чал
Эргитип элет жергесин.
Сакадай бою сары алтын,
Сабалап төккөн термесин.
Ыраматылык журтуңа
Ырлардын тиктиң өргөөсүн.
Ала Тоонун уюлу,
Акындардын уюгу. —
Ак карлуу Кетмен-Төбөн бул,
Ак таңдайлар ыйыгы.
Карасаң, даана чалкаят,
Кара соо көздүн кыйыгы...
Чарпая, эгин сары жайда,
Чайхана, базар, ар жайда,
Эмгекчил элге дем берип,
Эс алтчу күүң андайда.
Казканак журтту тамшантып,
Кант чайчу белең таңдайга?!
Сөз гүлүн шимип аарыдай,
Жана
Шумпайдын чагып баарын ай.
Көйгөйдүн уусун бал кылып,
Көзгө сүртөт дарыдай,
Калкыңа каруу бергенсиз,
Калпып ыр каймак, таруудай.
Карт заман өттү жарыбай,
Кат дагы жүрдүң тааныбай.
Карайлаткан көзүндү
Каман байды капан чаап,
Ок жеген манап аюудай.
Казыркы жыргал турмушта,
«Бир эки жыл турсам» деп,
Ажалды алдап кетипсиз,
Армандуу акын карым, ай?!
Тарыхың болуп кечээ күн,
Жер силкинип чеченим,
Жергеңди кезип жүрсөң да,
Желпинип ырдап күлсөң да,
Жезитти жерип күйсөң да,
Жетимиш миң ааламды,
Жеңижоктой билсең да,
Жупуну жаман чал элең.
Жупуну боз чым мүрзөң да?!
«Токтогул өттү эл калды.
Эшмамбет кетти төр калды.
Алардан кийин өлбөстөн,
Окшуйган Коргоол көр калды».
Ырас, сиз күлүп айткандай,
Ыйыңды ичке каткандай.
Ыры өлбөс сиздей шер барбы?
Калың кыргыз эл күтөт,
Кана кел, Коке, көрөлүк.
Куйкум тилдүү курч акын,
Куудул, шайыр ырчы акын
Калп эле жатпа сен өлүп.
Пейлин кең салып ырдасаң,
Пенсияң деле берелик.
Атпай журтуң бал сөздү,
Төккөнүндү сагынды.
Гүлдөй сулуу Ак Бакай,
Өпкөнүндү сагынды.
Тузу жок койдой молдолор,
Сөккөнүндү сагынды.
Эл жомокчу, жөө чечен,
Шумдугуңду сагынды.
Кара кылды как жарган,
Чындыгыңды сагынды.
Чайкоочулар секиде,
Шылдыңынды сагынды.
Тамашакөй кеп укпай,
Балдар сизди сагынды.
Көлөштөрүн жоготкон,
Чалдар сизди сагынды.
Жуушап уккан жайлоодо,
Малдар сизди сагынды.
Кыргыз ак калпак, тон кийип,
Кылым жашка толдуңуз.
Жаратканга тик карап,
Жанардай жанып, оргуңуз.
Чал болуп калды дешпесе,
«Чалканда» болмок ордуңуз.
Кыргыз сатирасынын
Башаты мүрөк — Коргоолдо.
Ыраак жол баскан суу ичип,
Райкан, Мидин чоң жорго.
Тастактап чыккан Байдылда,
Тайларын баштап оң жолго.
Чебер куучу ак тандай,
Ченемсиз койбос баркталбай,
Сызылган ыргак сыздатар,
Сырга кенч дейсиң, бах, кандай?!
Балкыткан коңур күүлөрүң,
Бааң, бар моцарт, Бахтардай.
Шаркыратма аксакал,
Шар сүргөн өмүр тарыхын,
Суу аккан жерден суу агат,
Соолбос тарткан арыгың,
Балпайып төргө өтүнүз,
Бакайдай эле карыдың.
Кадимки Коргоол жөнүндө,
Кайрадан угам түркүн кеп.
Касирет — кайгы, жоругуң.
Кан-жанымды дүргүтөт.
Калкынан жыйнап мурасын,
Калемин кайрап эл жазар,
Карызбыз Сизге бир томдук,
Карызмын Сизге бир китеп!
1979-жыл, ноябрь
Портрет
Бүт дүйнөнү ырга салып кээде бир,
Бүтпөс дастан жаратсам дейм негедир.
Турмуш өзү — классика, байкасам:
Жашоо даяр жаткан эле — шедевр?
Адамзатка зор чыгарма бул аалам,
Жазар затым — бир Күн, бир Жер, бир Адам.
Турмуш деген кырк миллиард сап поэма,
Жашоо деген кырк миң томдук роман!
Түтөйм, түтөм, түйшүктүү жан — убанта,
Кудурет кош, жараткан шык, ой Алла!
Кыйын окшойт сүрөт болуп илинүү,
Жазуу үстөлдөн чыгып барып дубалга.
Атак бербе, абийир, эс бер, күрөш бер,
Аалам жандуу, ай-күн көздүү жүрөк — Жер,
Түп ордуңан кайра куруп жаратчу —
Түбөлүктүү адам жалгыз сүрөткер.
Жан-шык эрки көркүн кандай келтирет,
Жарык дүйнө бүт сыйгыдай чоң сүрөт, —
Ата-Журтум — жазып бүткүс зор баян,
Ата-Журтум — тартып бүткүс портрет.
Кыялга баткан кыштактар
Сары, жашыл, көк, кызгылт ыраң иңир жак,
Кыргыз жерим кыялданган кечкурун.
Бакалар ай, уккулуктуу чурулдап,
Тыңшап турам бейпил кечтин шыңгырын.
Күүгүмүңдөн жарык талааң ачылып,
Эгин жайдан демиң искейм кумардуу,
Жатат оттуу кыштактарың чачылып,
Жалбыз жыттуу өзөн бойлоп тумаздуу.
Теңир берген жер соорусун кыргызга,
Айтымында кеткен дешет көккө өзү.
Суктаньш көз чачыратат жылдыз да,
О, сулуулук, кенч, дастандар өлкөсү!
Дербиш болуп чачым кетсин агарып,
Элдин сөзүн, ырын канып уккум бар.
Не деген бир кубулжуган аралык,
Кыргыз жерин жөө кыдырып чыккым бар.
Айылдарың ойго чөккөн кечкурун,
Эски мукам аван жаның эриткен.
Ата Журтум, кут кылсын, бул тынчтыгың,
Чырылдасын саратан жай, чегирткең.
АЙЫЛ ИРЕГЕСИНДЕ
Алтын баштан нээлер гана өтпөдү,
Тагдыр, мейли, тартсын жанды көкбөрү.
Көңүлүмдү турат бирок, көтөрүп,
Көпөлөгүн учуп жүргөн чөптөгү.
Жазмыш, мейли, жазаласын бейкүнөө,
Туулган жерим, кезге не бир сүйкүм ээ?!
Кубанычына чек жок экен кудундап,
Кумурскандын дан ташыган ийнине.
Турмуштар бар биз көрөлек жактагы,
Туулган журттун көгүш кечи, ак таңы...
Бук чер жазып тыңшоом экен, ырахат,
Булбул кушуң. сайрап жатса бактагы.
Келген жокмун чарк айланып дүйнөнү,
Энем сындуу эч ким аяп күйбөдү...
Санаа басып карап турам жөн гана,
Сары аарыны бал шимиген гүлдөгү.
Сабыркаба, дагы алыека узатсаң,
Эркелейби ээрчип өзөн суу аккан.
Саман кепе салып койбой «ат-та» дейм,
Сарчымчык жөргөлөсө шыбактан.
О, Кыргыз журт!
Мен да пендең. жолдогу,
Безеленем боз кушуңдай тордогу.
Көпөлөккө, кумурскаң, куш багыңа,
Көзүм сүйүп тиктей алса болгону...
***
Миң гүл турмуш,
Ширең ачуу, таттуу эмес.
А бул турмуш -
Күйүт да эмес,бакты эмес.
Оргусам да кайнап турган жериңден,
30 жашта жалгыз калган жакшы эмес.
Ырас, тирлик -
Жаман да эмес, жакшы эмес.
Көздөрүндөн өчпөй күйүп жатчу элес,
Отуң жагып, чыгарсам да күлүңдү,
30 жашта жалгыз жүргөн жакшы эмес.
Максат жалаң:
Арак, аял, акча эмес,
Мансап, бийлик
Байлык, атак, башка эмес,
Оолак жүрүп, оомат, абийир тапсам да,
30 жашта жалгыз калган жакшы эмес.
Турмуш деген
Бөлөк-бөлөк жакта эмес, -
Туулган журтта!
Туш-туш келген жакшы элес.
Ойдогудай жашайын деп турсам да,
Олдо кургур, жалгыз жүргөн жакшы эмес.
Алик Акималиев
Ай-ааламга күйүп чыккан ыр
ЧЫРАК (1988-2000)
Бишкек, “Бийиктик”, 2004, 2005-жыл
КЫРГЫЗ ЖУРТ
Баладай эне жытың куса кылган,
Жыттасам жыпар мончок тулаңындан,
Ичкенсийм замзамдагы мүрөк суусун,
Кыргыз журт, ууртап койсом булагындан.
Кыргыз журт!
Мазарым сен дуба кылган,
Нанындан, суу, тузундан ыбаа кылгам.
Алгансыйм кырк баатырдын күчүн бойго,
Бир жолу искеп койсом шыбагындан.
Кыргыз журт!
Сен деп эргийм жабыркасам,
Жүрөгүм тээп согуп кабыргадан.
Супсулуу - заар тилдүү жыланың да,
Көзүмө татынакай чаар бакаң.
Кыргыз журт!
Жанга жарык кубатыңдан,
Тамчыңдан чоктой ысык жаратылгам.
Тер болуп маңдайындан чыбырчыктап,
Ыр болуп агып турам жараатындан...
кыргыз өлкөм
Кыял, түйшүк, санаа баскан сен өлкөм,
Мен алдыңда ойноп жүргөн бала экем.
Кыргыз жерим, күкүм нан таап жесин деп,
Кумурсканын бутунан өөп жөнөтөм.
Азыр жашооң кендириңди жок кескен,
Ай чапчыган тулпар жолун ок кескен.
Бирок, журтум, жыйбай эсиң, баш-аяк,
Күйүп чыгып баратасың кайсы өрттөн?!
Кежигеңди мыкчып турган мансап го,
Керек, ырас, камдуу тирлик, жан сактоо.
Бирок, өлкөм, тукум курут болчудай,
Жалбырт этип арак-бензин чачса отко.
Азат дешет Кыргыз өлкөм эгемен,
Түтүн булайт түндүк, бекем керегең.
Ар кылбайбыз не арыган Атадан,
Уялбайбыз ун сураган Энеден.
Азаматың акмактарга кор болду,
Дөөлөтүн пас, дөдөйлөрүң зор болду.
Чаңыргыдай чатак учур келатат,
О, бир Кудай, кайрымдуу кыл чоңдорду?!
Байдыкеңдер кирсе чыккыс ташкоргон,
Аталар мае, балдар үшүп, ач тоңгон.
Эски почтамт, кассаларын сагалап,
Энең жүрөт көздөрүнө жаш толгон...
Опузадан кол куушурган жорголоп,
Океңдин да патирине корголоп.
Кездер өттү, жерим качан жем болбой,
Элим качан, эптуу, күчтүү эл болот?!
Абайлачы кышың ызгаар, түнүң суук,
Керек саган ысык болор биримдик.
Кубаттанса кыргыз аяп кыргызды,
Кумурскандай көтөрүшөск жүгүн бүт!
Поэпрометей
Жүрөктөргө көөрүк баскан акындай,
Жан мешиме китептер күй отундай.
Мен турмушта нак бейиштин төрүмүн,
Чыгармада дал тозоктун отундай.
О, кеч келген акыл менен чеберлик,
Ырлар жазгам бир өмүргө жетерлик.
Катаал чындык жана ажайып калп күйгөн,
Карайм Улуу Салгылашка жан эргип.
Изден, изден илхам "дүрт" жан жалындап,
Жарк деп күйүп өчүп кете жаздадым.
О, мен көрдүм кайнап кара турмушта,
Кадыресе ырлар кенчтей жатканын.
Аны шилтейм бир чырм этип уктабай,
Аалымдарга зор шык берчү нускадай.
Жалбырттаган өрт ырларым чачырайт,
Тозок отко көөрүк бассам устадай.
Калсам дагы суз жашоодон жатыркап,
Бейиш кылсам бул жер жүзүн бүт ырдап,
Каары күч Кудайлардын олунан,
Качып келем Прометейдей от уурдап...
МЕНИН ҮЙҮМ
Менин үйүм чала бүткөн, жармы бар…
Тагдырымдай күлкү аралаш кайгы бар.
Төгөрөктүн төрт бурчундай ой камтып,
Төрт сап ырдай төштү мыкчыйт төрт дубал.
Бу турмуштун уу, терс тили маңгытып,
Алдым окшойт жонго түйшүк арбытып,
Аңырайып жатат үйүм чатырсыз,
Аалам жутуп, асман жутуп, ай жутуп...
Өмүр сүрсөм өнөр күтүп, ар күтүп,
Өлүп-талбайм мансап, байлык, мал күтүп.
Жыгылчудай турат үйүм шыбы жок,
Жылдыз жутуп, жыргал жутуп, ыр жутуп...
Көкүрөгүм ачышса да муң жутуп,
Көйгөй мени койсо дагын мүргүтүп,
Кучакташат дүйнө менен жер кепем.
Куса жутуп, кумар жутуп, түн жутуп...
Айдагым бар жылдыздарды дүргүтүп,
Борсолоңдойт кызым менен бир күчүк.
Чытырап чок... чылым келет оозума,
Чындык күтүп, Сүйүү күтүп, Пир күтүп...
Көр пенделер көр оокат деп түртүшүп,
Чачырашты жылдыздардай үркүшүп...
Ала-Тоом, Кыргыз өлкөм - өз үйүм,
Кудуреттүү Кудайдан кут, нур түшүп.
Жан ачынса жаткан кезде түн түшүп,
Жадырайлы жакшылыктуу журт күтүп.
Күн көкүлдүү тоого карайт эшигим,
Күлкү күтүп, күдөр күтүп, күн күтүп?!
Мен жашаймын машакаттуу жылдарда,
Миң туш болуп мээнет, мээрим, жыргалга.
«Арчабешик» айылындагы үйүмдү,
Аилантсам дейм Тютчевдик гулзарга.
Калсын, мейли, сары барик жаап, боз түшүп,
Менин үйүм, чырак жаксам түндө суук.
Терезеси бүт дүйнөлүк жол карап,
Келебидеп Вийон, Басе, Рубцов,
Чай бералсам жолоочуга калса үшүп...
Өзүм эмес үйүм бүтүп калганда,
Сүйүнүчүм, сүйүүм кулач жайганда.
Баардык жакыр генийлерди, досторду,
Чакырамын бүт дүйнөнү мейманга.
Ушул үйдө кыз узатып, уул үйлөп,
Жылдыздарга көз жиберсем дирилдеп.
Калың бактын шуудурашын тыңшасам,
Чылым чегип, иңир чөгүп, күүгүмдөп...
Анан туруп ырахаттуу чайды ичем,
Жаркылдаган Күлүмайым, - байбичем.
Дал ошондо үй-бүлөдөй бакыт жок,
Не жубайлар сүйүүсүндөй бар бекен?!
МЕМУАР
Атаандашкан Алыкул, Есенинге,
Айбаттуу жаш болчумун кезегинде.
Жан жалбырттайт! Ыр күйдү отто туулуп.
Тушоом кескен-устатым Токтогулов.
2-курс. Чыгардым тунгуч китеп.
Аны ойлосом денем бүт дүргүп кетет.
Тагдыр, мейли, ташка-жарга уруп-соксун,
Таржымалап ырларын Рубцовдун.
Чабалактап дем баспай күйүккөнгө,
Чабак урдум зор мухит - Уитменде.
Басёнун жат билдим ырын эске,
Акыл жактан байытты Рюноске.
Аяз мезгил аралап бороондорун,
Жолун бастым Поль Верлен, Рембонун.
Даамын таттым шор менен ачуу тердин,
30 жашка чейин мен катуу келдим.
Мени чыгаан, чоң акын болот дешчү,
Болбосом да Вийондой ууру - кески,
Боздоп жаным сел менен өрттү кечти.
Жыгылсам да, мансаптан бутка тургам,
Ак кызматты Токтогул журтка кылгам.
Отуз беште Коргоолду жылоолодум,
Эми, Кудай жакшылык ыроологун.
Чардай берсин жашоонун салтанаты
Поэзиянын мен бир жаш лейтенанты.
Бирок, билбейм,
Жарк этип чыгам качан,
Адабиятта экинчи фронт ачам.
Мен Сиздерди майып да, өксөө кылбайм,
Сүйүү деген кумарлуу өрткө чулгайм.
Канахгуу ракетадан канаттуу ырлар
Бийик учат!
Кырсыксыз өтөт жылдар.
Саясатсыз журт калаар гүлдөп жашап,
Алды жакта бир улуу доор келатат.
Өмүрүмдүн бар.али үч чейреги,
Кандай жылдар зарыгып күткөн мени?!
Илхам, талант ичке күч, сырын катса,
Поэзияда болбойт эч «отставка».
УБАЙЛУУ ЖОЛ
Тынчып калбайм ашкан сайын ар кырдан,
Курчуйм, кайнайм, кубат жыйнайм айылымдан
Агайын-журт,
Туягынмын мен да бир,
Туйлап келдим турмуш чапкан камчындан.
Баш көтөрүп,
Жара тиштейм ооздугум,
Арданамын калган жок эч жаштыгым:
Туу байгеңе тулпар чуркайт үч жолу,
Туйлап үнүм - кишенеген жаш кулун.
Көз чачырайт!...
Көйгөйүн, баш катырды.
Жол чарчаткан Акынды да, Баатырды.
Жолго чыксам ар сапарым качан да,
Сезилет-ов, сыяктанып акыркы...
Акыркы эмес,
Үмүт чачып күй, жарык!..
Жакшылыкты жүргөн жокпуз сыйга алып.
Ташыркатат бөтөн жолдун таманы,
Ачууркантат тапкан жолуң кыйналып.
Бул жол менен,
Сен да өтөсүң, мен да өтөм,
Жол боюнда өмүр бөтөн, эл бөтөн.
Кайгы - шаңың кайра жууруп жанымдан,
Каректерден көз жашындай мөлт этем.
Билбейм, ырым, -
Дем-күч болот канчага.
Бирок далил айтар сөзүм бар сага:
Эгер жолуң катуу болсо - камыкпа,
Эгер жолуң узак болсо – чарчаба!..
Мен өзүмчө жалгыз ойлоп олтурсам
Жашыралбайм, болгон жакшы, жаман кез,
Кайтпаса да каар-жаалым, анан да өч.
Мен өзүмчө жалгыз ойлоп олтурсам:
Бир жамандык кылбаптырмын адамга эч.
Кетсе менден акмакчылык, итчилик,
Жалгыз күнөөм болбосо ичкилик.
А бирок ойлоп көрсөм: башкага
Көралбастык кылбаптырмын ич күйүп.
Тагдыр далай туш кылган-ов шор күнгө,
Көйгөй мыжып, калгам турмуш өртүндө.
Мен езумчо, бирок жалгыз ойлосом:
Кыянаттык кылбаптырмын эч кимге.
Бирөөлөрдү жамансың деп жактырбай,
Жакшылардын көңүлүн эч кайт кылбай,
Жүрөм,бирок, башты сырдуу ой чулгайт:
Жүрөгүмдө жашайт окшойт от кудай.
Буйрук кылса таазим этет Ханың да,
Булбул үндөн эргип чуркайт каның да,
Чындыгында эл баш иет бир гана,
Падышага, Колбашчыга, Акынга.
Өкүмдардай, бирок бийлик кылбадым,
Аяп, багып азган журтту жыйбадым.
Куш тариздүү сайрап жаткан жөн эле:
Купуялуу айыбы жок ырларым...
* * *
Алды жакта
Жол көрсөтчү из барбы?
Карайладым кечтим чаң жол, гүлзарды.
Кыйын жолдо мен узатып баратам,
Кылымдарга кетип жаткан ырларды.
Акыр заман!..
жакшылыкка өзгөрдү,
Ак-караны айра билип көз көрдү,
Уусун жутуп, бергим келет бал кылып,
урпактарга кетип жаткан сөздөрдү.
Оозумдан же
төгүлчүдөй от барбы?
Жылыталсам жылуу сөзгө жат жанды.
Күйүт менен жүзүм купкуу, узатам,
Күүгүм ченде күйүп жаткан саптарды.
Каапыр чындык,
Ачууркантып койгонбу?
Качанкы бир каткырыктар ый болду.
Кереметтүү сөзгө айлантып жазсам дейм,
Келечекке кетип жаткан ойлорду.
Жазыш кыйың-
Жан ачынбай, тытынбай,
Болсо кана, боорон - аптап, кышың - жай.
Анда деле көз жаш, сүйүү, каар бар,
Анда деле турмуш болот ушундай.
Кыйын чакта
Кыкең турат,
Карап кыял - чокудан,
Кылча пайда жок нерсени окуган.
Келечекте не болмоксун., Кыргыз журт?!
Кенебес эл - тагдырыңдан чочулайм.
Кыялыңа карайм чыңдык сотунан,
Кылым бою кечтиң тозок отунан.
Жок заманда не болмоксуң Кыргыз журт?!
Жоош элим, тагдырыңан чочулайм.
Аман чыктың кыйроолордун өртүнөн,
Алда Кудай өзү сактап келди бейм.
Жаңжал чакта жан тилинткен, Кыргыз журт?!
Жакыр элге боорум ачыйт пейли кең.
Жалооруба, сен көзүңдү жаш кылып,
Таштап кетти заман жок да, ач кылып.
Бийик, ыйык болоруң чың, Кыргыз журт?!
Бири - бирине кыргыз кылса жакшылык.
Запкы жейсиң так талашкан чоңдордон,
Дөөлөрү пас, дөдөйлөрү маң болгон.
Эрк көксөгөн о, кулдардын өлкөсү,
Эс-акыл кир, алаканы чор болгон.
Көрдөйлөрүн көсөмдөрүн тебелеп,
Көңдөй, арсыз, кандай жаман эл элек?!
О, жалкоолук, көралбастык, түркөйлүк,
Шондон жаңы гений өсүп чыга элек.
Ыйынды жут, өйдө кылчы башыңды,
Ырым менен таттуу кылсам ачуунду.
Ач бороондо үшүп турсан., Кыргыз журт?!
Жылыталсам демим менен акыркы...
Көкүрөктөн жалын бүркүп, чачылам...
Көйгөй, кордук көп нерсе өттү башыңан.
Кыйын чакта не болмоксуң, Кыргыз журт,
Кыйбас элим, тагдырыңан чочулайм.
«Арчабешиктеги» жер кепе
Эргүүнү адат кылдың капыс жерден,
Тагдырга ыраазымын бакыт берген,
Сен кандай байсың, жарык таалайлуусуң,
О, менин ыр учурган жапыс бөлмөм.
Жайдары туз-даам татчу ынак жардан,
Жайылтып мейман, доско кулач жайган.
Чачылган кенч турмуштан ойлор жыйнап,
Ачылган кең дүйнөгө жыгач каалгаң.
Устунуң токой болгон мурда кандай,
Уяц көп, булбул таңшып, гүлдөгөн Май.
Дале шол көркүң жайнап мөмөлүүсүң,
Чыйпылдайт ымыркайым балапандай.
Жем ташып таң-кеч... жарык түн өткөрдүм,
Дубалың шып тирелткен китептер миң –
Жынч байлык. Көзүм күйүп көр-жер дебей,
Эл-жер деп жан ачынып түтөп келдим...
Айнекке гүлүн төккөн өрүк сыңар,
Жаштыкты мезгил тоноп, өчүп кумар.
Сулк түшүп керебетте Некрасовдой.
Ыр чыкпай кээде жатчум өлүк сымал.
Тирилгем бир сап ырдан эргип нечен,
Эрме чөл, кыял кезип өжөр чечен,
Түнөтүп кербен ойду жөнөтөбүз,
Келишкен хан сарайдай о, жер кепем!
Эзсе да көкүрөктү азап, арман,
Көрөңгөм, кайнар шык, ой тазаланган.
Шон үчүн кабат-кабат үйдөн бийик,
Кымбатсың кунун жеген дачалардан!
***
Жоготуум, табылгам кенч чалгыңдаттың,
Жок издеп, алтын эмес, тагдыр таптым,
Кыялым жер жүзүн бүт ээлик кылып,
Кул болуш бул ырларга кандай бактым!?
Бул ырлар айыгалгыс жаратым эч,
Жазмыштан, кыйчалыштан, жан ачыйт, эх!
Акындык-кыйын чакта кишичилик.
Бир гана жакшы ырларды жаратуу эмес,
Жүрөктөн кайнап-бышкан чын ырлар чык!
Ымыркай ой кез жарып чыңыргансыйт.
Жашоонун карт акылы, наристе үнү,
Жанымды жарып чыгат чьнымды айтып.
Чыркырап чыңдык үчүн күйүп жетип,
Жылдызың бийик жандыр күлүңдөтүп,
Адамдык бирден - миңге жарык чачуу
Турмуштун кыйын жолун жеңилдетип.
Жол бастым. Көрдүм жайын турмуш калктын.
Жок издеп, мад-пул эмес, тагдыр таптым.
Кыялым бул дүйнөгө бийлик кылып,
Кул болуш бул ырларга кандай бактым!?
ЭСТАФЕТА
Алтын башка бакыт кушу конгондой,
Албарс сөздөн кылыч шилтеп ойрондой,
Кайнап окуп кайран чоктуу ырларым,
Менден кийин акын туулат Байрондой.
Ал мага окшоп көөдөн мыкчып үшкүрбөй,
Адал жашайт. Аван созот эски үндөй.
Бир улуу журт ачкан рух, ажатын,
Менден кийин гений келет Пушкиндей.
Ал жек көрөт дөөпайларды митедей,
«Дүрт» деп күйөт, ал бизге окшоп түтөбөй.
Билерманы болуп баардык илимдин,
Бизден кийин залкар чыгат Гётедей.
Канча сырдуу кенчтер жатат казылбай,
Канча нагыз ырлар жатат жазылбай.
Аалам чапчып көк деңиздей түрүлгөн,
Акыры бир дөө-шаа туулат Назымдай.
Тынчыйт кымгуут, тос-тополоң, заман каар.
Жүрөт ысык дартка шыпаа шамалдар.
Биздин бейиш, тозоктордон от алчу,
Күтөм, күтөм кеменгер жаш адамды ал.
Ал белгисиз. Ачыла элек жылдыздай.
А биз калдык акыл-эстен дың бузбай.
Бирок, улап улуу жолдор у чугун,
Урпак туулат Олжас, Расул, Чыңгыздай.
А биз кулдар –
Зор тепкичтүү көпүрө,
Ийнибизден басып гений өтүүгө.
Бирок биздин уяң, сейрек жылдыздар,
Эч, эч качан тийиш эмес өчүүгө.
Мен шол чакта тирүү болсом экен-ээ
Ыр жазыштан ойноп чыксам жекеге.
Мен башыңа таажы тагып лаврдан,
О, жаш гений, жылдыз кадайм.чекеңе!...
Шерт
Арак менен адам туулат кас чыгып,
Шарап чыгат көздөн ачуу жаш сыгып.
Жалыны бар жакшы иш жасайм ичпестен,
Мейли, ич өрттөйт, ойлор, ыйлар мас кылып.
Ийле, тагдыр! Кирдет көңүл уу жайгын;
«Таткын дейсиң, - бал маңызын буудайдын.
Жубар-танда чайкагандай кыз жүзүн,
Жууйт жүрөк сарсанаасын убайдын.
Азгырдың бой жүрсөм кээде ачкараак,
Арманым күч, маанайым түнт, баш чатак.
Мээ сергитип, бой эритип суусунга,
Мен пивону жуткум келген «бочкалап».
«Буу мончодон-чыккан өндүү тазалан»,
Арыл, - дейт бу жазмыш, - күнөө, жазадан».
Жок! Эргүүнүн кереги жок жасалма,
Ыр жаратат тунук акыл, адал жан!
Мен жоопкер эл үмүтүн сеземин,
Ой гүлдөтөт айыл... шаар... өзөнүм.
Чың ден соолук, тынчтык каалап дүйнөгө,
Кел ичелик, Хайём, Мидин, Есенин!
Журттун акын жылдыздары көрк чыгаан!
Түтөбөйүн түйшүктө бер, - эрк, чыдам.
Бирден миңге жарык сүйүү жакшылык,
Бир сиздерге туздаамдаш шерт кылам:
«Тагдыр жеке кайгы берсин чөкпөймүн,
Мен эч качан арак ичип кетпеймин.
Кыжылдак сөз, майдачылык, пастыкты,
Кызыл жалын ьгрлар жазып өрттөймүн».
Гүлдүү жээк
Курсташым Бубукан Досалиевага
1-курс. Оюнкараак кыз элең,
Бир сыр каткан бийкеч сындуу бойтоюп.
Ыр кат жазып жооп алалбай ыза жейм,
Ылдый карап качсаң бетиң от болуп.
Балык десем, бакыраңдап, күлүңдөп,
Жан туйлатып бураң мүчөн, көркөмүң.
Кайда гана сүзүп кеттиң иримдеп,
Кайрымакка илинбедиң, кантейин?
Азар салып көңүлүнө тоорубай,
Бекер дуулап, жаңылыштык кетиргем.
Эми, сергек үмүт үзбөс оорудай
Үнүң тыңшайм дарылагап эфирден.
Көзгө илбей кыйындарды, кызды да,
Көкүл серпип, мен жер баспай жүрчүмүн.
Кечир, эми?! Жаным жалын муз мына,
Кебиңди укпай, наристедей көрчүмүн.
Азил-чыным ушул. Капа болбосоң,
Каректе жаш, сага сыймык, муң турат.
Ыр кор кылган тагдырымды ойлосоң,
Ыйлап кете бергиң келер буркурап...
Кемем кыйрап, куу-шаа түшкөн деңизде,
Аман чыктым. Көрдүм жээк, гүл, жазын.
Наристедей экенсиң бир периште.
Таалайлуу бол, татынакай курсташым!
Гүлгүн кезден ыр тестелейм бир тутам,
Гүлдүү жээкте күйөөң менен бактың тап.
Ыр букетим толкунуңа ыргытам,
Агат өмүр. Арман сүйүүм ташкындайт.
Жан эргиткен жакшынакай кыз элең,
Жалт карашың жалын чачкан шоктонуп.
Мен бир акын болдум окшойт түтөгөн,
Сен жайдары келин болдуң ак жоолук.
Достарыңызбен бөлісу: |