Качкыналы Сыдыгалиев, 2005. Бардык укуктар корголгон



бет5/6
Дата01.07.2016
өлшемі0.74 Mb.
#169491
1   2   3   4   5   6

АРБАК

Биздин айылдын күн батыш тарабында эски мүрзө бар, ал атамзамандан пайда болуп, жыл сайын үстүнө кошула берип азыр көп жерди ээлейт. Баш аягы тай чабым. Илгерки бейиттердин көпчүлүгү топурагы басылып, жер менен жексен болуп мүрзөнүн бары, жогу билинбей калган. Антсе да айрым бейиттердин үстүнөн араб тамгасы менен жазылган белги таштарды кездештирүүгө болот. Ал эми кийинки отуз-кырк жылдагы бейиттерде ар түрлүү кооздолуп салынган күмбөздөр толуп кеткен. Алар көрүстөндүн чет жакасынан орун алып азыркы доордун символу катары өзүнчө обочолонуп турат.

Ушул эски беиттин арасында, жолдун жээгинде эскини эскертип бышкан кызыл кирпичтен салынган күмбөз турат. Бетмаңдайындагы терезенин үстүндө темирге тартылып орнотулган сүрөт арадан кылым өтсө да өңү өчпөй ошол эле бойдон. Анткен менен убакыт үстөмдүк кылып, ура жааган жаандан күмбөздүн төбөсү урап, оюлуп калган. Ошол эски күмбөз мен кичине чакта көзгө кандайдыр жагымсыз көрүнүп жанынан өткөндөн коркчумун. Анан калса тоо жактан же кыбыла тараптан шамал соксо улуп-уңшуп жүрөктү титиреткен укмуштуу үндөр чыгып турар эле. Бир сапар атам менен күмбөздүн жанынан чогуу өтүп баратып коркконумдан колун бекем кармап алдым. Күмбөздөн бирөө чыгып кармап калчудай далдоосуна жашынып, бутуна чалынып бараттым. Атам менин коркконумду сезип:

- Коркпо балам, бул чоң атаң Ашыралынын күмбөзү. Бир кезде калк башкарып элдин камын көргөн киши экен. Көзүнүн тирүүсүндө Оруссияга барганда өзүнүн сүрөтүн өзү Питирден тарттырып келиптир. Кийин көзү жумулганда жакындары шаардан бышкан кирпич апкелип, ошол сүрөттү өзүнүн айтып кеткен керээзи боюнча күмбөзгө коюшуптур. Ал кезде мындай сүрөт кишинин түшүнө кирген эмес, эми буга окшогон сүрөттү тарттырыш оңой. Каалаган кишинин колунан келет, - деп жабышып турган мени башымдан сылап, -отур балам Ашыралынын арбагына арнап куран окуйлу, - деди.

Биз жолдун жээгине, көк майсаңга отурдук. Атам заулдатып куран окуп кирди. Менин көзүм эле күмбөздө, бир нерсе чыга калып база калчудай сезилет. Чөптүн арасы шырп этсе да, чымчык «прр» деп учса да селт этип чоочуп, жүрөгүм алкымына кептеле түшөт. Атам куран окуп бүткөнчө чыйпыйым чыгып кетти. Акыры бата кылдык. Атам батасынын аягында алла тааладан Ашыралыга жаннаттан жай берүүсүн тилеп, тирүүлөрдү арбагы менен колдоп жүрүүсүн өтүндү. Мени көрсүн, жүрөгү токтосун деп ойлоду окшойт колуман жетелеп күмбөздүн жанына токтоду. Мен эс тартканы ушул күмбөзгө бетмаңдай туруп карыянын сүрөтүн жакын жерден көргөнүм ушул болду. Ашыралы чоң ата мурду барбайган, кабагы салыңкы сүрдүү киши экен. Кара көрпө тебетейдин астындагы алгыр бүркүткө окшогон көз карашы жүрөктүн сезин алат. Буурул тарткан сакал-мурутуна караганда Питирге орто жашап калган кезде барып келсе керек. Биз бир аз туруп жолго түштүк. Бирөө кууп келаткансып артымды улам-улам кылчактап карап коём. Качан гана көрүстөндөн алыс узаганда жүрөгүм ордуна келгенсиди.
***
Мен ошол жылы мектепке бардым. Кудайдын жоктугун, арбактын болбогондугун ошол жерден уктум. Агайлар, эжелер ушул сөздү сабак өткөн сайын кайталап айта беришип жетинчи класска жеткенче жадыма сиңип, көрүстөн эмес арбагынан да коркпой калдым. Кудай куйруктап турбаган соң анын жоктугуна да ишенип, айрым учурда «кудайыңды урганым жок» деп сүйлөчү болдум. Ат минип мал тозгондо көрүстөндү аралай чаап, төбөсү түшкөн көрүстөндү тебелеп-тепсеп жашынмак ойноп жүрдүк. Улуу кишилер акыл айтса аны укпай калдык. Бир жагынан кууса экинчи жагында ойноочу болдук.

Кар кетип, жер кургап, дың көтөрүлүп көк жыттанып калган мезгилде классташ досум Касымбек чып этме мылтыгын көтөрүп келип калыптыр. Кайдан-жайдан тапканын ким билсин, жарым куту огу бар экен. Жетишинче бөлүп алып бак аралап жөнөдүк. Күнөөсүз чымчыктарды терип атып жүрсөк кошуна көрүп:

- Ай, Муталип, тиги көрүстөн жакка барып коктудагы каражыгачтан сагызган аткыла. Алар келип тооктун жумурткасын койбос болду, - деди.

Биз дароо ошол тарапка жөнөдүк. Экөөбүз эки сагызганды атып алдык. Кайра келатып баягы эски күмбөзгө туш келдик. Ашыралы адатынча жутуп жиберчүдөй тиктеп туруптур. Оюма бир нерсе кылт этип прицелди элүү метрге коюп, сыңар тизелеп отуруп мылтыкты бетиме алганда Касымбек тынчсыздана сурады:

- Ой урган, сен эмнени аткан жатасың?

Мен жайбаракат жооп айттым:

- Күмбөздөгү сүрөттү.

- Атпа!- деди Касымбек буйра сүйлөп, -күмбөздөгү сүрөт эмес, күмбөздүн өзүн атууга болбойт.

- Атса эмне экен?

- Атсаң Ашыралынын арбагы урат

- Урдум ошонун арбагын, - дедим чыйт түкүрүп, -арбак деген жок.

- Арбак бар, - деди Касымбек шаша сүйлөп, -апам да, атам да арбактын барлыгын дайыма айтышат.

Мен арбактын жоктугуна ишенчүмүн, арбактын жоктугун мектепте гана укпай айылда да укчумун. Алтымышка такап калган кишилерден арбактын бары-жогун сурасаң көпчүлүгү так айта албай «таң, ким билет» коюшчу. Мен көзүмдү кароолдон алып, досумду сынай тиктеп:

- Сен ошол арбакты көрдүң беле же көргөн кишинин барын уктуң беле? Көрсөң арбак кандай болот экен айтып берчи, - деп шылдыңдай сурадым.

- Аны мен көрбөсөм да көргөн кишилер бар экен. Ал адамга ар түрлүү болуп көрүнөт дешет.

- Калжыраптыр ошолор, - дедим сүрөттү кайра кароолго алып, -мен аларга ишенбейм.

Касымбек мылтыкты түрткүлөп аттырбай койду. Мен ордуман туруп, арыраак барып сүрөттү мээлеп туруп машаасын басып калдым. Мылтык тарс эткенде, огу темирге чап эте түштү. Аскалуу тоодон теке атып алгансып далдактап чуркап жетсем кайран өзүм чалдын оң көзүн оё атыптырмын. Мен мергенчилигиме маашыркап турсам Касымбек артыман келип:

- Ит экенсиң, - деди колуман мылтыкты жулуп алып, -эми эл укса эмне дейт? Ашыралынын арбагынан мурда атаң сазайыңды колуңа карматат, карап тур!

Мен акыйкатта сездеп калдым. Жол бою жалынып-жалбарып жатып араң дегенде досумду элге айтпаска көндүрдүм.
***
Арадан үч күн өткөндөн кийин айылда тушоо той болуп барып калдым. Эл чогулуп улуулата чай сунулуп калыптыр. Төрдө отурган Токтогон карыя:

- Колуң сынган бирөө Ашыралы аксакалдын көзүн оё атып таштаптыр, - деп капалуу сөз кылып калды. Улагада отурган мен бул сөздү укканда башым жерге кирип, ысык чайды шоркурата ууртап, »дагы ким эмне дээр экен» деп созулуп жер тиктедим.

- Аткан киши оңбойт, - деди бурчтагы киши ачулуу сүйлөп, -ким атса аны сөзсүз Ашыралынын арбагы урат.

Арбакты айтканда ага ишенбесем да денем дүр дей түштү. Далымдын ортосунда, омурткамдын жээгинде он чакты кумурска жөргөлөп жүргөндөй сезилди. Элдин көзүнө карай албай дасторкондо жайылган боорсокту кармалап жумшагын издеген киши болуп кайсактадым.

- Андай акмакты арбак урарына бөркүңдү баса кийе бер, - деди Аттокур карыя сөз учугун улап, -илгери Токсобой деген бала Ашыралынын күмбөзүнө жаба сийип туттугуп өлгөн.

Муну укканда мээме коркунучтун эпкини кылкан болуп сайыла түштү. Бир аздан кийин бул сөз башка сөзгө алмашып унут калды. Арадан бир жума өтпөй тепкичтен жыгылып колумду кокустатып алдым. Рентгенге салса сөөгүнө жарака кетиптир. Сынган колумду гипистеп мойнума асып коюшту. Мына ушундан баштап менин тынчым кете баштады. Ашыралы карыя түшүмө кирчү болду.

Бир сапар түш көрөм. Түшүмдө көрүстөндү аралап жалгыз келатыпмын. Күмбөздүн жанына жакындай бергенде Ашыралы астыман чыгат. Кийгени башынан аягына чейин капкара. Бетин ак мата менен ороп-чулгап алыптыр. Мен аны көрүп токтоп калам. Ашыралы жакын келип:

- Муталип деген сен болосуңбу?- деп сурады.

- Менмин, - дедим лепилдеп, -сизге ким керек?

- Сен керексиң, - деди Ашыралы каарду, -көптөн бери сени издеп жүрөм.

- Мына мен, астыңызда турам. Эмне айтасыз?- дедим керсейип.

- Сен эмне үчүн мени көзгө аттың?- деди Ашыралы мага жакындап, -сенин айыңдан сокур болуп калдым.

Мен анткорлонуп, ишенбеген түр көрсөттүм. Ашыралы ачуусу менен бетиндеги чүпөрөктү сыйрып алды эле бир көзү олоюп сокур болуп калыптыр. Дөөгүрсүп турган жаным коркуп калтырап кеттим.

- Кечиресиз чоң ата, мен байкабай эле… - деп актанып баратканда:

- Токтот калп сөзүңдү, - деди Ашыралы каарду, -билем кантип атканыңды. Менин арбагым баарын көрүп турат. Сен бала, арбак эмес кудайга да ишенбей Аллага сөз тийгизкениңди да билем. Кудайга ишенбеген адамдан ыйман качат. Сенден ыйман качты. Сен ыймансызсың. Балдарды уюштуруп ууру кылгансың!

- Сиз аны да билесизби?- дедим доодурап.

- Билем, - деди карыя, -мурункусун жомоктобой кийинкисин айтайын. Үчөөңөр биригип айылдагы тоокту уурдап жеп жатасыңар. Ээси силерден көрбөй жетим жүрүп жетилген Калмырзадан көрүп атышат. Айрымдар силер тараткан ушак сөзгө ишенип ошол карыпты какшата сабашты.

Ашыралы чын айтты. Бир нече кишинин тоогун уурдаганыбыз чын эле. Калмырза биз үчүн таяк жегенде каткырып күлгөнбүз. Мен жан талашып уурулугумду кызылдай тандым эле:

- Калп. Сүйлөгөнүңдүн баары калп!-Ашыралы ачулуу кыйкырып оң колун жогору көтөрдү эле килейген чокмор асмандан ызылдап учуп келип колуна түштү. Ал чокморду сабынан кармап күүлөп туруп чабарда үнүмдүн баарлыгынча бакырып жибердим. Ушул учурда:

- Ай, ай Муталип, сага эмне болду?- деген атамдын үнү кулагыма шак эте түштү. Көзүмдү ачсам төшөктө жатыпмын. Түш экенине кубанып гипистелген колумду кармалап үшкүрүп отуруп калдым. Атам эмнеден коркконумду сураганда, »жөн эле жаман түш көрдүм» дедим. Кимден коркконумду айткан жокмун. Буга окшогон түш күндө кирчү болду. Бир эмес бир нече жолу чоочуп тура качтым. Үйдөгүлөргө чындыкты айта албадым. Колум сыныктан айыкканда бутумду кокустатып алдым. Врачтар рентгенге салып «тарамышы чоюлуп калган» дешип дагы гиписке салып коюшту. Андан да жакшы болгондо ангина менен ооруп, температура болуп төшөккө жаттым. Айтор биринин артынан бири келип кырсык тооруп алды. Көрүстөндөгү жолдон жөө эмес, атчан бастырып өтө албай калдым. Ашыралынын күмбөзү сүрдүү да, сырдуу да көрүнөт. Ооруп жүрүп классыман көчпөй күзгү сыноого калдым. Апам менен атам доктурдан доктурга салып, табыбына да, молдосуна да көрсөттү». Жандуу дарт» деп кулак уккан, көз көргөн бакшыга алпарып окутушту. Биринен да жардам болгон жок. Кайра башымдын ооруганы, көңүлүмдүн ачылбаганы күчөгөндөн күчөп баратты.

Бир сапар уйку-соонун ортосунда жатып сырттан көп аттын дүбүртүн уктум. Алар бирөөнү издеп үйдү айланып бастырып жүрүшөт. Бир маалда тушума келип:

- Таптык, Муталип ушул үйдө жашайт экен. Азыр аны муунтуп өлтүрүп жанын тозокко апарып таштайбыз. Жаны кызарган чокко чыркырап күйгөндө кудайдын барына ошондо ишенет, - деп калышты.

Мен жумулган көзүмдү ачып, башымды көтөрүп тыңшап калдым. Аңгыча боз үйдүн эшиги кыйч деп ачылып беш-алты сөлөкөт кирип келгенде мен бакырып тура качтым. Жаткандарды тебелеп-тепсеп чыгдан тарапка тыгылдым. Атам ширеңкесин чакканча апам туруп келип кучактап:

- Эмне болду каралдым, бир нерседен корктуңбу?- деп сурады.

Мен боз үйдүн керегесин карыштыра кармап, денем калч-калч этет. Мени менен кошо үй солкулдап, ууктар титирейт. Ширеңкенин жарыгы жарк эткенде жылып кирген сөлөкөттөр жок болуп кетти. Мен адатымча:

- Жаман түш көрдүм, - деп койдум апама.

Мен бул сапар Ашыралынын арбагын түшүмдө эмес өңүмдө көргөнсүдүм. Атам чыракты күйгүзүп коломтонун жанына коюп койду. Мына ушундан баштап үйүбүздө үзүлбөй түнкүсүн чырак күйүп турчу болду. Чырак өчсө эле көзүмө ар нерсе көрүнө берет. Уйкудан калдым. Өңдөн азып кеттим. Арбак түнкүсүн түштөн, күндүз оюмдан кетпейт. Өңүм күзгү жалбырактай саргая баштады. Жоро-жолдош алыстап, классташ сүйгөн кызым Чынара кездешкенде жинди кишини көргөнсүп таң кала тиктеп, кайдагы шылтоону айтып сүйлөшпөй качып жөнөйт. Эл менден качкан соң мен да үй күчүк болуп сыртка чыкпайм. Атам алдастап табыптан табып издеп убараланууда. Акыры мени Чымкоргондогу жиндилердин ооруканасына алып жөнөдү. Мен да каршы болгон жокмун. Барып дарбазанын жанында узундуу-кыскалуу болуп токтоп калсак ар жактан орто бойлуу, буурул чачтуу, жүзүнөн жылдызы төгүлгөн ак халатчан киши чыгып калды. Атам экөө учурашып, сүйлөшүп, атам арыз муңун айтып:

- Балам, бул доктор менен таанышап ал, бул байкең биздин айылдык, туган болот, - деди.

Врач мени менен кол алышып учурашып, бир нече суроо берип сынап көрдү да:

- Болуптур байке, уулуңузду калтырып кетебериңиз. Муталипти ооруканага жаткызып өзүм карап турам, - деди.

Атам мени түбөлүк калтыргансып артын кылчак-кылчак карап коюп араң кетти. Мен акыры айланып келип жиндиканага жатып калдым. Ал жердеги оорулулардын кылык жоругун айтып отурсаң укмуш. Жоошу да, байлатма жиндиси да бар. Арасында өзүнүн ким экенин унутуп, »мен Напалионмун, мен генералмын» дешет. Ошолордун арасында «мен Сталинмин» дегендерди да кездештирдим. Ал эми ичкиликтен бузулуп жинди болуп кеткендер канча… Аларды көрүп жаныңдан түңүлөсүң. Алардын көпчүлүгү жаш чагынан баштап ичкен эр кулдар экен. Эми бери карап элде жок, ары карап көрдө жок болуп отурушат.

Мени тынч оорулардын арасына жаткызып койду. Мени жаткырган врач ошол бөлүмдүн башчысы экен. Өзү карап, өзү текшерип турду. Ал мага жылуу мамле кылып, айрым учурда чакырып алып кагаз жаздырып, график чийгизет. Ишке этбетим менен берилип иштеп жаткан учурда качан мектепке барганымды, кандай окуганымды, эмне чекилик иш кылганымды, турмушка көз карашымды сурай берет. Айрым учурда турмуштагы кызык окуяны айтып оозумду ачырып таштайт. Бара-бара мен ошол кишини өз агамдай жакшы көрүп кеттим. Бир иш менен кайрылсам «байке» деп кайрылам. Бир күнү оорумдун кантип башталганын айтып салдым. Ал бул сөздү укканда жазган кагазын токтотуп мени күлүңдөй бир аз тиктеп турду да:

- Муталип, сен эми айыгасың, - деп калды. Мен өз сөзүмө өзүм маани бербей кайра өзүнөн сурадым:

- Эмне үчүн?

- Сен чындыкты айткандыгың үчүн.

- Ошого эле айыгамбы?- деп таңыркадым.

- Ал мындай, - деди врач калемсабын үстөлдүн үстүнө коюп, -сен кылган күнөөңдү ушул убакка чейин жашырып келдиң. Ооруң эмнеден пайда болгонун билип туруп сырың ачкан жоксуң. Ооруң күчөсө да тилиңди тишиңдин артына каттың. Сен бүгүн чындыкты айттың. Бул дилиңдин тазара баштаганы. Дилиң таза болсо ооруң денеңден чыга качат. Буга ишене бер. Сөзсүз айыгасың. Айыгыш үчүн сен мага жардамдаш болушуң керек. Экөөбүз бириксек ооруну тез эле сүрүп чыгабыз.

Мен делдейип оозун тиктеп дагы суроо бердим:

- Кантип?

- Оңой эле, - деди врач маанилү, -мен азыркыдай эле дары берип дарылайм, сен чын пейлиң менен Ашыралыдан кечирим сурайсың.

- Өлгөндөнбү?

- Өлгөндөн.

- Өлгөн киши менин сөзүмдү укмак беле, андай тамашанын кереги эмне, байке?- дедим нааразы болуп.

Врач менин тарыныч бүрккөн көзүмө көңүл коюп карап, жек көрүүнүн ордуна жаныма келип отуруп, ийниме колун арта салып кучактап:

- Угат, - деди ишенимдүү үн менен, -укканда да сонун угат. Арбак оозуңдан чыккан сөз эмес оюңдагыны билет.

Мен врачтын сөзүнө ишене албай турдум. Бала болуп башыма жүн чыкканы врачтын да, мугалимдин да оозунан мындай сөздү уккан эмесмин. Врач менин чарбысын болгон оюду сезип:

- Эмне, сен ишенбей турасыңбы?- деди.

Мен шак эле жооп айттым:

- Ишенбей турам, байке.

- Ишене бер Муталип. Эл ишенбесе да сен ишенишиң керек. Сенин ооруң арбакка байланыштуу экенин жакшы билесиң. Аны өзүң айтып отурасың. Эгерде чын пейлиң менен кечирим сурасаң кудай күнөөңдү кечет, Ашыралынын арбагы ыраазы болот. Ооруңан айыгасың.

- Ушул айтканыңыз чынбы?

- Чын.


- Андай болсо эмне үчүн мурун бул тууралу айтышкан жок. Дайыма арбак жок дешчү элего…

Врач күнөөсүн мойнуна алгансып мостоё түштү да:

- Сөзүңдүн калети жок, - деди артылган колун ийнимен алып, -мурун камап жибереби деп арбакты айтып түшүндүрмөк түгүл атын айткандан коркчубуз. Эми кайра куруу заманы келип, динге жол берилип болгонду болгондой айтып калдык. Аны өзүң көрүп, билип турасың. Мен сага айтаарым, берер кеңешим ооруңдун өзөгүнө туура түшүн. Сен жинди эмессиң, сенин нервиң бузулган. Айыгып үйүңө барганда Ашыралынын арбагына сөзсүз куран окут. Антпесең болбойт. Ооруңдан так кезер айыкпайсың.

Ашыралынын атын укканда төбө чачымдын түптөрү ооруп чыкты. Куран окуткандан да элге шерменде болорумду ойлоп:

- Байке, Ашыралыга куран окутсам, анын көзүн чыгара атканымды эл билип калбайбы?

- Билсин, - деди врач олуттуу тиктеп, - билгени жакшы. Билет деп күнөөңдү жашырсаң эч качан айыкпайсың. Сен тартынбай калайык калктын алдында күнөөңдү мойнуңа алып кечирим сурасаң ошондо гана кудай күнөөңдү кечет. Ансыз кечпейт. Пейлиңди, жүрөгүңдү тазартмайынча күнөөңдөн арыла албайсың. Кудайга ишенгендин касиети мына ушунда. Сен күнөөңдү ачык мойнуңа алсаң, сен башкаларды да өзүңкүнө окшогон оорудан сактап каласың. Алар сени көрүп кудайдын барлык бирлигине тобо кылышат. Жаман жолдон чыгышат. Жүрөктөрүнө ыйман ойнойт. Ыймандуу адам эч качан кор болбойт

Мен врачтын кеңешинен кийин палатага барып ойлонуп жатып уктап кетипмин. Түшүмдө Ашыралы келет. Терезеден мени көрүп». Муталип балам, сен жакшы жолго түшкөн турасың, ал жолуңдан айныба» деп басып кетет. Ойгонсом түшүм экен. Куран билбегениме өкүндүм. Арбакка арнап куран окубасам да ичимден кудайга жалынып «кетирген күнөөмдү кечир» деп тобо кылдым. Мына ушундан баштап кудайдын барлыгына, бирлигине ишенип, ичимден жараткандан жардам сурап жүрдүм. Бара-бара уйкум тынчып, ичкен тамагым аш боло баштады. Атам бир күнү келип, кучактап бооруна кысып, бетимен кайра-кайра өпкүлөп:

- Кандай балам, жакшы болуп калдыңбы?- деп сурады.

- Жакшы, - дедим атамдын кучагында кубанып туруп, -кудай буюрса оңолуп калдым.

Атам жарыктык менин оозумдан «кудай» деген сөздү укканда кучагын коёберип алаканы менен жаагымдан кош колдоп басып көзүмө тигилди:

- Сен да кудайга ишенесиңби, каралдым?- деди.

- Ишенем, - дедим атамдын алп колунан бошонууга аракет кылып, -мен кудайдын барын жөн эле билбей жүрүпмүн. Башыма балээ түшкөндө ишенүүгө туура келди.

Атам «кудай» деген оозуман кайра-кайра өпкүлөп:

- Ишенгениң туура, кудай деген кур калбайт, балам, - деди. Мен жай отуруп болгон окуяны болгондой айтып бердим.

- Балам, күнөөңдү мойнуңа алганың, врачка айтып бергениң абдан жакшы болду. Кудай тааладан чын пейил менен кечирим сураса пендесинин тоодой күнөөсүн кечет. Сенин да күнөөңдү кечерине ишенем. Кудайдын кудурети күчтүү, пейли кенен, - деди атам терең канаттануу менен.

Атам алып келген тамагын калтырып, врачка жолугуп үйгө кетти. Мен сырымды атама айтканга көтөргөн жүгүмдү алып таштагансып жеңилдей түштүм. Күндөн күнгө көңүлүм көтөрүлүп, кайдагы ыр башыма келип кыңылдап ырдоочу адат таап алдым. Чынара жатсам, турсам жадыман кетпей койду. Жиндиканада жатып кат жазгандан тартындым. Антсе да бир баракка эскерип:


Чынара, аман эсен жүрөсүңбү,

Сен менин сүйгөнүмдү билесиңби?

Кат жазсам катымды алып шакылыктап,

Жинди деп сен шылдыңдап күлөсүңбү?
Сен менин элесимди эстейсиңби?

Же менин сүйгөнүмдү сезбейсиңби?

Унутуп кол алышкан убаданы,

А балким башкаларды көздөйсүңбү?
Сүйбөсөң зордоп сени сүйгүзө албайм,

Сүйгөнүмдү дагы айтам эч бир танбайм.

Сүйүүнүн акырына жете албасаң,

Арага адам салып кимди жалдайм.

Деп жазып койдум. Бул ыр жүрөктөн чыккан арман да, Чынарага айтылган ачуу тарынч да эле. Бир нече күндөн кийин «эмне болсоң ошол бол» деп ушул ырды почто менен айдап жибердим. Арадан эки күн өтпөй атам келип калды. Доктурум «балаң айыкты» деп мени атама кошуп берди. Мен тилеги жакшы врач менен коштошуп, ырахматымды айтып жолго түштүм.


***
Үйгө келдим. Кетирген кемчилигим мээме тикенек болуп сайылып сыртка чыга албадым. Жоро-жолдоштор келип-кетип турушту. Атам байлап турган иригин көтөрүп чаап Ашыралынын арбагына куран окутту. Эл келип, колго суу куярдын астында атам ордунан туруп:

- Айланайын калк, Муталип балалык кылып, арбагыңдан айланайын Ашыралынын сүрөтүнө ок атып коюп жабагер чекти. Бул балама да, башка жаштарга да сабак болду. Эми уулумдун күнөөсүн кечирип бата берип койгула, - деди.

- Жамгыр менен жер көгөрөт, бата менен эр көгөрөт, Муталип өзү бата сурасын, - деди Токтогон карыя. Мен тура калып, алакан жайып бата сурадым. Эл жакшы тилек айтып бата беришти. Менин карарган бетим агарып жүзүм жарык боло түштү. Эл тарап кетишти. Жоро-жолдоштун мамлеси да оңолду. Бирок алида болсо көрүстөндү аралай албайм. Негедир арбактан сүрдөп, Ашыралынын сүрөтүн көргөндөн уялам. Анан калса Ашыралы чоң атам анда-санда түшүмө кирип, бети-башын ак мата менен ороп алып алыстан-алыстан көрүнөт. Баягыдай ачуусу жок мага.

Мен Ашыралынын түшүмдөн эмнеге кетпей жүргөнүн сезип, бир күнү күмбөздөгү сүрөттү акырын чыгарып алып шаарга келдим. Художник оюлган көздүн чуңкурун гипс менен толтуруп, сыр менен келтире окшоштуруп берди. Быткомбинатка барып, сүрөтүн кайра тарттырып апкелип ордуна клей менен чаптап койдум». жакшылык жерге жатпайт» деген чын окшойт менин ошол алгылыктуу ишим айыл арасына чагылгандан тез тарады. Жолуккан жерден кары картаңдардан жылуу сөз уктум. Ошол учурда дагы түш көрөм. Түшүмдө Ашыралы келет. Аппак кийинип алыптыр. Карасам эки көзү аман эсен. Ал төргө малдаш токунуп отуруп:

- Ырахмат балам, убадаңа туруп ак жолго түштүң. Бактың ачылсын. Эч качан кор болбо, - деп бата кылды да көздөн кайым болду. Эртеси эртең менен чайга отурганда көргөн түшүмдү үйдөгүлөргө айтсам:

- Балам, Ашыралы чоң атаңдын арбагы сага чындап ыраазы болгон экен, эми ооруңдан какыс айыгып, ишиң оңолуп бактылуу болот экенсиң, - деп атам Ашыралынын арбагына атап куран окуду. Баарыбыз бата кылдык. Көңүлүм көтөрүлүп ошол күнү көчөгө чыгып сүйгөн кызымдын үйүнүн жанынан өтүп баратсам чакырган тааныш үн угулду. Жалт карасам Чынара. Кездеше албай жүргөн жаным шарт бурулуп кадам таштадым. Ал да күндөй күлүп астыман тосуп чыкты.

- Муке, ыр менен жазган катыңды алдым. Тарынып да, коркутуп да жазыпсың. Мен да сени өзүңдөй жакшы көрөм, деги тарынышпай жүрөлүчү, - деп колун сунду.

Менин жүрөгүмдөгү муз ошол замат эрип кетти. Чынаранын апакай манчаларын кыса кармап имерип боюма тарттым. Ал да сагынганын туйгузуп кынала түштү. Ушул сүйгөн кызымды кучактап турган мезгилде Ашыралынын акыркы жолу түшүмө киргени эсиме түшөтМен өзүмдү чексиз бактылуу сездим. Арадан канча убакыт өткөнүн ким билсин:

- Болду эми, апам көрөт, - деди Чынара. Мына ошондо гана кучагымды жая бердим. Жаркыраган күн, ачык асман менин бактыма күбө болуп, тоодон соккон сыдырым жел агарган пейлимди алып учуп ааламга таратып жатты…
Карой айлы. 1992-жыл.

ГҮЛ ӨСКӨН БЕЙИТ
Тоо этегиндеги айылдын тарыхы кыска. Совет өкмөтүнүн доорунда, колхоздоштурган мезгилде айыл ушул шар аккан суунун жээгине түшкөн.

Эл эркиндикке жетти деп айылдын атын "Эркиндик" коюшкан. Алгачкы учурда калктын саны жыйырма түтүнгө жетпесе, азыр эки жүздөн ашык. Өзүнчө колхоз болуп дүркүрөп баштарынан жыргалды да, кууралды да өткөрүштү. Бирин бири жакшы таанышат. Небере, чөбөрөлөрдүн аттарынан өйдө билишет. Мурунку муундар эл үчүн, келечек үчүн жан аябай иштешип, акыры жарык дүйнө менен кош айтышып жай жерине жатып тынышты.

Бул айылдын бейити алыс эмес. Кыбыла тараптагы дөңдө. Көрүнөө жерде. Айылдын кайжеринен карасаңда кыштан салынган эстеликтер ээсин эстетип заңкайып көрүнүп турат. Айлдын тарыхы араң эле алтымыш жылды кучагына алган менен бейиттин жашы улуу. Көптү көргөн. Канча жыл болгонун болжоп болбойт. Элдин айтуусуна караганда атамзамандан бери айылдаштар ушул жерден жай табышкан. Көпчүлүк көрүстөн жер менен жексен болуп тегизделип, жаңылары бозчаңгыл тартып кечеки өлгөн кишини жоктоп тургансышат.

Ушул бейитке Айдарбек карыянын сөөгү коюлган. Арадан бир нече жыл өтүп көрүстөндүн үстүн чым басып, ээсиз томсоруп турат. Жакыны болбогон соң ага арнап куран окумак түгүл эстеген киши жок.

Бир күнү айылга жыйырма беш чамасындагы чоочун жигит келип калды. Ал автобуздан түшүп, кантордун жанында турган эл менен учурашып четтеги карыяга кайрылып сурады:

- Ата, сиз Айдарбектин үйүн билесизби?

- Билем, - деди Сулайманкул карыя жигитке таңыркай карап, -аны бул айылда билбеген киши жок. Карысынан жашына чейин билет. Сен анын эмнеси болосуң?

- Баласы болом.

- Баласы?.. - деди Сулайманкул бүшүркөп, - түштүктө беш жашаар уулум калды деп айтып калар эле ыраматылык. Ошол сенсиңби?

- Ошол менмин, аксакал. Атым Санжар.

- Асылым Айдарбек өлбөптүр, - деди карыя сакалын сылап канаттануу менен, - аты өчпөптүр. Эми балам ачык айтканды айып көрбө, ал кишинин көзү өтүп кеткенден кийин үйү урап огоротун арким пайдаланып жүрөт.

- Мейли аксакал, айып көрбөсөңүз үйүнүн ордун көрсөтүп коюңуз.

- Болуптур, балам, - деди Сулайманкул карыя шашкалактап, - жүр көрсөтүп коеюн. Ал огород атаңкы, демек ал сага мураска калган, кааласаң көчүп келип үй салып ал.

Сулайманкул карыя атасынын журтун көрсөтүп, анан экөө ээрчишип бейитине барып куран окуп кайтышты.


***
Санжар атасынын журтунда чөп алачык жазап жашап калды. Шаарга түшүп керектүү материялды тарттырып келгени болбосо эртең менен таңсүрө көрүстөнгө кетет да, каш карайганда келет. Чарчап, колу-бутун тартканга алы келбей сулап калат. Түнү менен тыныгып эртеси эртең менен кайра жөнөйт. Тамакты да ошол жерден ичет. Талыкпай иштегени иштеген. Бул жерден жан кишини тааныбаган соң эчким менен катташпайт.

Санжар атасын билчү эмес. Таятасын ата деп, ошонун атында Нурматов болуп жазылып жүрчү. Таятасы карып төшөккө жатып калганда: "Балам, мен сенин таятаң болом, өз атаң Чүйдөн. Аты Айдарбек. Өз апаң каза болгондо сени атаңан сурап алып калгам. Ал айлына барып нечен ирет кат жазды. Мен "алып кетеби" деп жаман ойлоп, карөзгөйлүк кылып "сени чарчап калды" деп жооп жазгам. Кийинки жазган катына жооп берген эмесмин. Акыры түңүлүп кат да жазбай калды. Өлөр алдымда ыйманыма камчы чаппай ачыгын айтып коёюн дедим" деген. Андан бери көп жыл өттү. Таятасы Нурмат да көз жумду.

Инститту бүтүп айылга мугалим болуп келгенде таенеси да каза болду. Иштеп жүргөндө атасынын алдакачан каза болгонун барган аркалык кыргыздардан укту. Акча чогултуп, биринчи отпускасын алып атасын издеп атайы келип олтурат.

Күн түш болуп калган. Көрүстөндү айланта алты кыр кылып цеметтеп куйган пайдубалдын апаловкасын алып атса артынан салам айткан үн чыкты. Бурулуп караса Сулайманкул карыя экен.

- Иш илгери, балам.

- Айтканыңыз келсин, аксакал. Келиңиз.

- Келдим, балам. Кайкып учкан карлыгачтай бир көрүнүп коюп жок болуп кеттиң. Элден уксам атасына эстелик тургузуп атат деп айтышты. Көрөйүн деп атайы келдим.

- Келгениңиз жакшы, аксакал, атамдын аты өчүп кетпесин деп колдон келген аракетти кылып атам.

- Аның жакшы, балам, бирок бир ооз кеңеш салбай, жок дегенде эскертип койбой жалгыз иштегениң мага жакпай калды. Сенин атаң раматылык Айдарбек биздин жерде кадыр барктуу адам эле. Учурунда мезгилдин билимдүү инсаны болчу. Бала чагында арабча окуп, Совет өкмөтү бийликке келгенде латын тамгасын үйрөнүп, үч айлык мугалимдер курсун бүтүргөн. Окуп жүргөндө комсомолго мүчө болуп кирген. Өкмөт аны элдин сабатсыздыгын жоюга түштүкө мугалим кылып жиберген. Сен уулум бул жөнүндө кабарың бар чыгар?

- Ооба, - деди Санжар башын ийкеп, - таятам айтып берген. Атам Оштун өзүндө мугалим болуп иштеп күндүз балдарды, кечте алардын ата-энесин окутуптур. Мен бешке келгенде басмачылар кол салып апама ок жаңылып каза болуп, атам бутунан жарадар болуптур. Атам жараатынан айыгып мени алып айлына кете турган болгондо таятам жалынып-жалбарып жатып мени сурап алыптыр.

- Ырас, ырас, - деди карыя өткөндү эстеп, - атаң сол бутунан сылтып басчу. Анткен менен атаң бул жерде да эл үчүн эмгектенди. Мугалим болуп балдарды тарбиялады, башкарма, биргат болуп иштеди. Эрдиме мурут, ээгиме сакал чыккан мезгилде мен да атаңдан окуп калдым. Кийин улгайганда айылда молдо болуп элди намазга жыкты. Аялы каза болуп, башка аялга үйлөнбөй койду. Бирок бойдок эркекке шариятта молдолук туура келбей экен, ошол себептен молдолукту таштоого туура келди. Кудай тилегин берип кыйналбай - кысталбай бир күндө калк менен кош айтышып кете берди. Жакшы киши эле бейше болгур...

Санжар атасы жөнүндө көп уккусу, көп билгиси келди. Карыянын токтоп калганынан пайдаланып таятасы, таенеси билбеген сөздү сурады:

- Аксакал, айтыңызчы, атамдын уруусу ким эле?

- Жетиген болчу, балам, - деди Сулайманкул, - бул айылда он чакты үйлүү жетиген бар. Тууганың көп. Мен да жетигенмин. Ал сенин атаң куулук-шумдугу жок момун киши эле бечара...

Сулайманкул бир аз тыным алып сурады:

- Балам, эмне иш кыласың?

- Мугалим болуп иштейм. Балдарга тил жана адабияттан сабак берем.

- Үйлөндүң беле?

- Үйлөнө элекмин.

- Качан кетесиң?

- Атамдын күмбөзүн бүтсөм эле кетем. Балдар каникулда жүргөндө салып бүтөйүн деп шашып атам.

- Шашсаң жалгыз иштейсиңби, каралдым. Жардамдашалы. Ашар уюштурсак атаңдын туугандары, айылдаштары жапырт келишет. Бир күн болбосо да бир жумада бүтүрүп ташташат.

- Жардамыңызга ырахмат, ата, - деди Санжар чын пейлинен, -Ыраматылык атама тирүүсүндө кызмат кыла албадым. Эми көзү өткөндө көл-шал болуп тердеп иштеп берейин.

- Мейлиң, - деди карыя сакалын сылап, - сала бер. Өз колуң менен тургуз, бирок бир же эки бала жардамчы таап берейин. Алар ылай ташып, кирпич алып берсе кыйналбай-кысталбай эртерээк бүтөсүң.

- Чоң ырахмат, ата. Кереги жок. Жардамсыз эле бүтүрөм. Бул менин милдетим. Балалык парзым. Атам үчүн канчалык кыйналсам арбагынын астында жүзүм жарык болот.

- Аның ырас, балам. Ак ниет эмгегиң менен атаңдын атын нечен кылымга калтыра турган болдуң. Адам баласы баланы ушул үчүн тилейт тура... Ылайым эле тилегиңе жет, каралдым.

Санжар иштеп атты. Карыя келип кеткенден кийин шарт да өзгөрдү. Атасынын жердештери бири суусундук көтөрүп келсе, бири тамак жазап апкелишти. Карындын камын ойлобой калды. Ак кирпичти пайдубалдын үстүнө шашпай кынап коюп атканда гүлдүү көйнөк кийген кыз чака көтөрүп келатканын көрдү.

Келип - кеткенге көнүп калса да Санжар ишин токтотуп көзү бакыракай, мурду кырдач, жузу аппак кызды тиктеп турду. Ал жакындай берип:

- Саламатсызбы, агай. Ишиңиз илгери болсун, - деди.

Санжар башка пенделерге окшоп көп эле кыз - келиндердин үнүн уккан, бирок азыркы кыздын үнү кулаггына айрыкча назик да, жагымдуу да угулуп, жүрөгү бир нерсени сезгендей негедир алып учту.

- Саламатчылык. Ишти илгерилетмек сизден болсун, келиңиз, - деди Санжар.

Чамбылала болгон жигиттин астында бойго жеткен кыз канчалык кайратансада ыңтайсызданып, сүрдөнүп үн катты:

- Сизге чоң атам суусундукка максым берип жиберди эле.

- Чоң атаңыз ким?

- Сулайманкул.

- Билем, билем, - деди Санжар кыздын жалжылдаган карагат көзүнө кадалып, - атаңызга чоң ырахмат. Тааныбаганды тааныштырып, тамак уюштуруп, жакшылыгын аяган жок. Ушундай жакшы адам менин тууганым болгонуна сыймыктанам.

Кыз чаканы жерге койду. Ичине суу толтуруп, максым куйган челекти муздап турсун деп сууга салып коюптур. Санжар тамакты карабай эле кыздын кыймылына, келишимдүү келбетине көз чаптырат. Аппак билегиндеги күмүш билерик ээсин издеп тапкансып жарашып турат. Ажайып толкундануудан кийин Санжар чымырканып сөз катты:

- Атыңыз ким, карындаш?

- Айсулуу.

- Атыңызга жараша затыңыз бар экен, - деди жигит колун сунуп, -таанышып коёлу. Менин атым Санжар.

- Билем, - деди Айсулуу жигиттин арбаган көзүн дит багып тиктей албай, - чоң атам сиз жөнүндө айткан.

Санжар Айсулуунун колун алганда ааламдагы жылуулук ушул кыздын алаканына чогулгансып денеси ысып, чор болгон колу кыздын алаканына магниттей жабыша түштү. Бир көргөн кыздын жалжылдаган жарокер карашына мас болуп, сунган колун тарта албай туруп калды.

- Кечиресиз, агай, - деди жылдыздай жымыңдаган Айсулуу карылуу алакандан колун этият бошотуп алып, -тамактаныңыз. Курсагыңыз ачкан чыгар.

Санжар ойго келбеген олдоксун мамлесин жашыргансып жылмайды. Колун жууп келгенче Айсулу дасторкон жайып жаңы бышырып келген ысык каттама нанын, банкеге куюп келген каймагын дасторкондун үстүнө койду. Экөө отуруп тамактанышты. Санжар ар убак шаша тамактанып, шаша ишине киришчү. Бул сапар шашкан жок. Айсулуунун күлмүңдөгөн карагат көзүнө карап отуруп тамактаныш ага чексиз рахат сезилди. "Атаганат ушул кыз өмүр бою маңдайыма отуруп, ушинтип чай сунуп берсе кандай жыргал болор эле" деп пендечилик кылып ойлоп кетти. Акыйкатта Санжар аралаштырган цементинин катып баратканын унутуп бейиштин төрүндө жыргап отурду. Сүйлөшүп, сөз арасында сурап Айсулуунун Бишкек каласында аялдар институтунун акыркы курсунда окуурун билди.



Айсулуу кеткенден кийин Санжар ишине киришти, бирок оюн, санаасын жанакы келип кеткен кыздын элеси бийлеп алды. Күндө эртең менен Айсулуу келчү жолду карай берет. Кокус кечиксе, келбей калса иши колунан түшүп санааркайт. Келгенде чечекейи чеч болуп, баткан күнү чыгып, атасынын арбагы кошо аралашып жүргөндөй сезилет, бирок арадан бир нече күн өтсө да ал келгенде алгылыктуу сөз таппай, сүйүүсүн айталбай тарткынчыктайт. Бир сапар отуруп Айсулууга арнап кат жазып, суу кирбес кылып целофонго ороп, шпагат жип менен чырмап байлап максымдын бошогон челегине салып койду. Айсулуу адатынча бошогон идишти алып кетти. Үйгө келип максым куйган челекти чайкап төккөндө суу менен аралашып бир нерсе чалп этип кошо түштү. Алып айлантып карап ичин ачса кат экен. Кыскача кара сөз менен баштап келип "Айсулууга" деп тема коюп төмөнкү ырды жазыптыр:
Бирөө билер, бирөө билбес баркымды,

Айткым келбейт мен аларга дартымды.

Мен бир келген-келгин кушмун айлыңа,

Жалгыз гана сен билесиң шартымды.

***

Уккан элем маркум атам өлгөнүн,

Өз айлынын бейитине көмгөнүн.

Арбагына атакемдин сыйынып,

Бата кылып кетейин деп келгемин.

***

Көргөн кезде бейит ээсиз калганын,

Намысыма өрт таштады ардагым.

Кеч болсо да эстелигин тургузуп,

Мен ыраазы кылгым келди арбагын.

***

Өскөн жерин ыйык тутуп атанын,

Эли менен мен таанышып жатамын.

Ооруп калдым сүйүү отуна чалдыгып,

Бул сырымды кантип сенден катамын.

***

Билем өзүм бул айылда мен карып,

Сени көрсөм сөз айталбайм апкарып.

Сага арнаган махабатым гүлгө окшоп,

Кат аркылуу чыкты бүгүн жер жарып.

***

Тамак алып күндө бир маал келесиң,

Балким мени бир бечара көрөсүң.

Антсең дагы айта турган сөзүм бар,

Качан болсо эстен чыкпайт элесиң.

***

Уктап кетсем түштө көрөм өзүңдү,

Эшитемин күлүп айткан сөзүңдү.

Ачык айтсам ашык кылып адамды,

Байлап алдың, бийлеп алдың сезимди.

***

Дарак бүрдөйт болсо эгер күн жылуу,

Баарылык сөздөн "сүйөм" деген сөз улуу.

Атамды издеп таптым сени айлыңдан,

Сүйөм сени чын жүрөктөн Айсулуу.

***

Айткан сөзгө арбак болор күбөлүк,

Жаштык турбас өмүр бою тирелип.

Өмүрүмдө өксүп сүйгөн өзүңсүн,

Жарым болгун жарокерим түбөлүк.

***

Кечир мени сүйүп катты жазганга,

Дарысысың ооруп калган жаш жанга.

Сүйөм деген бир сөзүңдү угуссаң,

Тийет сөзсүз менин төбөм асманга.

***

Ата салты чын сүйүүнү барк кылуу,

Жагымдуу сөз-уккулуктуу, эң жылуу.

Келечектин шамы болуп жаркырап,

Жообун бергин көп зарлатпай Айсулуу.
Айсулуу катты окуп же кубанарын билбей, же уяларын билбей калтарып турганда агасынын аялы Батыйна келип калды. Келиндин кыраакы көзү кыздын албырган жүзүн, колундагы кагазын чалып өтүп:

- Ие, кызыке, ууруңдун үстүнөн чыккамго?- деди кыткылыктап күлүп. Жеңесинин күлкүсү Айсулууну огобетер апкартып жиберди. Демейде сырын жашырбаган жеңесине колундагы катты сунду:

- Кат келиптир, жеңе.

- Кимден?

- Окусаң билесиң. Ме, оку.

Батыйна каттагы ырды кайра-кайра окуп алып кыздын албырган жүзүнө тигилип сурады:

- Мурун сүйлөшүп жүрчү белеңер, кызыке?

- Бейитке барганда келди-кетти турмуш жөнүндө, саясат жөнүндө сүйлөшчүбүз. Башка сөз козголчуу эмес.

- Деги өзү кандай неме?

- Акылдуу, токтоо жигит.

- Сен аны сүйөсүңбү?

- Билбейм, жеңе.

- Сүйөт окшойсуң, - деди жеңеси Айсулууну кучактап, - сүйөм деп айтпасаң да көзүңдөн көрүнүп турат. Мен да аны сыртынан байкап жүрөм, жакшы жигит.

Айылдагы салпаяктар атасынын көрүстөнүнө белги кылып казык саялбай жүргөндө Оштон келип катышбаган атасына күмбөз тургузганы эмне деген керемет, эмне деген камкордук. Адамкерчилиги болбосо ушуга барат беле. Ойлон, кызыке, бактыны колдон чыгарып болбойт.

Санжар күндөкүдөн эрте турду. Каттын тагдырын ойлоп уктай алган жок. Бейитке барып ишин улантты. Эки көзү жолдо, бирок эч бир караан көрүнбөдү. Айсулуу келер мезгил да өтүп кетти. Бир маалда чака көтөрүп калдая басып келаткан Сулайманкул карыяны көрүп көңүлү кирдей түштү. Кыз келбей калганга "Айсулуу акыйкатта мени сүйбөйт экен, ошол үчүн келген жок" деп жамандыкка жоруду. Айсулуу эртеси да, кийинки күнү да келген жок. Үч күндөн кийин чака көтөрүп келаткан Батыйнаны көрүп көңүлү көтөрүлө түштү. Жакшы кабарды да, жаман кабарды да жеңеси аркылуу билерин сезди. Ал жетип - жетпей жаркылдап күлүп үн катты:

- Иш илгери болсун, кайним.

Мурун кайним деп айтпаган аялдын "кайним" деп турушун жакшылыкка жоруп жооп айтты:

- Айтканыңыз келсин, жеңе.

- Кайним, жалаң эле уста эмес, ырчы да турбайсызбы.

Санжардын жүрөгү болк этти. Айсулуу жеңесине айтканын, катты окутканын сезди.

- Каттагы ыр сизге жактыбы?- деди Санжар саал өзүн олдоксун сезип.

- Жакты.

- Айсулуугачы?

- Кызыкеге да жакты, бирок кыз балага сүйгөнүңүз жөнүндө аста айтып, четин чыгарбай эле "жар бол" деп бап дедире жазып, тарс дедире челекке уруп отуруп калыпсыз. Кызыкеге сугун арткандар көп. Бул кат айылдагы боз алдардын колуна түшсө эмне болорун билесизби?...

Санжар уялганынан кызарып чыкты. Сөз таба албай калды. Акыйкатта айтпай этпей эле маселени кабыргасынан коюп кат жазганына өзү да бушайман болуп жүргөн. Эми жеңеси өчүп бараткан отко май куюп, ичтеги илдет жалын болуп алоолонду.

- Кечиресиз, жеңе, - деди Санжар, -мен аны ойлобопмун. Жүрөктөгү сүйүү жанар тоо болуп жарылып туруп алды. Сүйгөнүмдү ачык айта албай, катка жаза албай таза кыйналдым. Акыры Айсулууга деген махабат жеңди. Жазууга аргасыз болдум. Жазарын жазып алып, же Айсулуунун караанын көрбөй, же кабарын билбей күн, түнү зарыгып жүрөм, жеңе. Деги Айсулуунун ахвалы жакшыбы? Эмне дейт?

- Эмне демек эле, - деди жеңеси Санжарды сынай тиктеп, - сүйөм деш кыз балага кыйын иш. Сүйлөшүш керек, сырдашыш керек, бойго тартыш керек. Балким анын да ою, айтар сөзү бар чыгар.

- Ал эмне сөз, жеңе?

- Учурунда угасыз. Ашыкпаңыз. Кечинде сиздикине конокко барайлы. Кыз менен кездештирейин. Сүйлөштүрөйүн. Макулсузбу?

- Макул эмей, жеңе, - деди Санжар кубанып, - кайсы убакта келесиздер?

- Каш карайганда, киши таанылбай калганда келебиз. Күтүңүз, - деп Батыйна тамагын калтырып шашып кетип калды. Ал күнү Санжар ишин эрте бүтүрдү.

Түштөн кийин жуунуп, тазаланып, дүкөндөн шампан, лимонат, шокалад апкелип колдон келген тамагын даярдап койду. Кечте Айсулуу жеңеси менен келди. Чырак менен отуруп үчөө тамактанышты. Шампан, лимонат ичишти. Тост кезеги келгенде жеңеси:илгери бир кедей байдыкына барып келип "Бай үйүнүн тардыгай, жаман алачыгымдын кеңдигай" деп айтыптыр. Ошол кедей биз болдук. Адамдын үйү тарыса да пейли тарыбасын. Кайним сизге да, кызыке сага да үйүңөр тар болсо да пейлиңердин кенен болушун каалайм. Ойлогон оюңарга, тилеген тилегиңерге жеткиле. Силердин бактылуу болушуңар үчүн алып коёлу" деди.

Акыйкатта бул отуруш Санжарга да, Айсулууга да унутулгуз, өмүрдөгү өчпөс күндүн бири болду. Адамдын бактысы жалаң эле заңгыраган үйдө болбосун аныктагансып түнкү салкын жел алачыктын бир жагынан кирип, экинчи жагынан чыгып жаштардын беттеринен аймалап эркелетти.

Мына ушундан баштап Санжар кыз менен тез - тез кездешип турду. Кийинки үчөө кездешкенде жеңеси "Санжар Айсулууга үйлөнсө ата - энеси күйөө баланын ата журтуна көчүп келүүсүн каалайт" деп кыйытып айтты эле:

- Мен макулмун, - деди Санжар шар эле, - көчүп келип алачыктын ордуна там салам. Мугалимдик иш бул жерден да табылат, бирок ЗАГСыбыз жок көңүлүм алагды болуп калат го...

- Оолдо, мытаам чечек десе, - деди Батыйна күлүп, - кызыке окуусуна барса дагы бирөө алакачып кетет деп коркуп атасың го.

- Корком жеңе, - деди Санжар ичтеги сырын жашырбай, - азыркы учурда баары болот. Айсулууга окшон сулуу кызды шайтан жолдон чыгып азгырып кетиши да мүмкүн...

Үчөөнүн ортосунда тамаша-чын сөз ойноп турду. Акыры айтылган тыянакка келишти. Эми ишти тездетиш керек. Күмбөздүн төбөсү калганда Санжар айлына кетти. Документин апкелип айылдагы мектепке РАЙОНОдон мугалимдикке буйрук чыгартып, күмбөздүн калганын бүтүрдү. Кой сатып алып союп атасына куран окутту. Арадан бир жума өтпөй Санжар менен Айсулуунун үйлөнүү тою болду. Сулайманкул карыя небересин өз колу менен узатты. Жаштар бир бөлмөдө отуруп ырдап, бийлеп тамаша курушту. Жакшы каалолор айтылды. Той башкарган Батыйна:

- Кана, күйөө бала, той аяктап баратат, тост кезеги сизде, каалоңузду айтып, артынан бир-эки куплет ыр таштап коюңуз! - деди.

Отургандар колдоп кол чабышты. Эртеден бери тымпыйган күйөө баланын сөзүн угуп сындын сыдыргысына салып текшерүүнү эңсешкен аялдарга жага бербей калды.

Тост кезеги жарына келгенде Айсулуу да өзү сүйлөй тургансып тамагын жазап тынчсыздана түштү.

Санжар ордунан туруп каало сөзүн айтып ырдап кирди. Алгачкы учурда сүрдөп, аптыгып анан барып оңолду. Коңгуроодой добушу улам көтөрүлүп, улам жогорулап теребелди терметти. Анын бийик үнү отургандарга гана эмес ар жакта, башка бөлмөдөгүлөргө да даана угулду. Эл жапырт кулак төшөп калышты. Санжар да айтайын деген оюн, ичтеги бугун төгүп жатты:


Акылдуу адам сөз багат.

Айтылса акыл-сөз жагат.

Элимди таптым айланып,

Ушуга кылам канагат.
Арбагы колдоп атамдын,

Таасири тийип батаңдын.

Айланып келип элиме,

Араңда ырдап жатамын.
Айтпаган ой бар термемде,

Жетим өстүм жергемде.

Териме батпай кубандым,

Атанын журтун көргөндө.
Тургуздум ага эстелик,

Жүрсүн деп эли эскерип.

Бактылуу болдум бул жерде,

Айсулуу кызга кез келип.
Ушул жерге келгенде "Бали, бали! Жарайсың! Кантыңа мен карыстармын, соктур!" деп сүрөгөн үндөр жаңырып, бөлмө жарылганча кол чабышты. Эртеден бери "Эмне болот?" деп санааркап отурган Айсулуу жарына суктанып тиктеген кыз, келиндерди көрүп бир чети кубанып, бир чети ичи тарый түштү. Санжар ырын улады:
Атамдын ичкем кешигин,

Жолдодум ата кесибин.

Балдарга билим берем деп,

Мектептин ачтым эшигин.
Ырахмат айтам баарыңа,

Улуу, кичүү, карыңа.

Сүйүүсүн мага арнаган,

Ыраазымын жарыма.
Түнкүсүн чыккан ай сулуу,

Энесин эмген тай сулуу.

Ушул ыр сага арналат,

Өмүрлүк жарым Айсулуу.
Келгенсип кечээ өрүштөн,

Аркардай мүчөң келишкен.

Адамды дайым суктанткан,

Ай десе айсың периштем.
Сүйөмүн сени түбөлүк,

Сүйүшүп өмүр сүрөлүк.

Сырдашым менин Айсулуу,

Сыйлашып бирге жүрөлүк.

Санжар ырдап токтогондо дүркүрөгөн кол чабуулар дагы кайталады. Сырттан Сулайманкул карыянын байбичеси келип: "Балам сага ырахмат, атаңды эстеп, ырыңа канып жыргадык. Ылайым кудай силерге ынтымак берип, бактылуу болгула" деп күйөө баласын чексинен өптү. Чоң эненин берилип өбүшү эки жаш үчүн табылбаган сыйлык болду.

Той болот, тойдун эртеси да болот демекчи сентябрь айы да кирип келди.

Айсулуу окуусуна кетип, Санжар мектепке барды. Түштөн мурун балдарды окутуп, түштөн кийин баш калкалаганга үй салат. Атасынын күмбөзүнүн астына эки роза гүлдү топурагы менен көчүрүп барып отургузуп күндө чакалап суу куюп турду. "Жетим улакка кайыр шыбак" болуп гүл күздө тигилседа жанданып тамырын жайып берди. Бара-бара бажырайып гүлүн ачты. Ал шамалга термелип айланага жытын чачты. Бейит астында гүлдү көргөн эл Айдарбекти эстеп арбагына атап куран окуп, уулуна ыраазы болуп өтүп жатышты...




Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет