Казакбай Абдышев Ыр дүйнө



бет12/16
Дата04.07.2016
өлшемі1.47 Mb.
#177386
1   ...   8   9   10   11   12   13   14   15   16

САТЫБАЛДИЕВ ЖАНТӨРӨГӨ
Эс-акылы ченелүү айрымдарга,

Эшектин кыбырындай тирлик берет.

Эр жигитке билимдүү өзүңө окшош,

Эскертпестен бир күнү бийлик келет.


Бийлик бул керт башыңдын жыргалы эмес,

Акыл-эс аракети мол түйшүктүү.

Бийлик бул каамыт илген өгүз сымак—

Арабаны сүйрөгөн оор жүктүү.


Азабы али алдыда бийлигиңдин,

Азырынча ыргыштап турган чагың.

Арабанын каамытын мойнуңа илип,

Азыр сен узак жолго “старт” алдың.


Акырындап чаалыкпай баса бергин,

Ашууларды бир-бирден аша бергин.

Жаныңа Кудай Таалам кубат бер деп,

Жантөрөгө ак тилек бата бердим.


2.06.1997
Ыр жазылып, он беш жыл мындан мурда,

Ыр-сүрөт китебиме кирген элең.

Келечеги кең жигит экениңди,

Кезинде эле жаңылбай билген белем?


Азамат экениңди ачып бердиң.

Ар кандай кызмат белин ашып келдиң.

Арада алдым-жуттум толуп жатыр,

А өзүң ал “оорудан” качып келдиң.


Ар кандай ушактарга таарынбагын,

Андайды кадыресе кабылдагын.

Алар менен соттошуп жаңжал салба,

Антсең эле, Жантөрө, жаңылганың.


Кээ бир иттер жөн эле үрө берет,

Кержегейлер кергиштеп күлө берет.

Кебелбей узак жаткан жолу менен,

Кербен деген токтобой жүрө берет.


4.01.2012

СУЛАЙМАНОВ ТҮЛӨКУЛГА

(70 жашта)
Болсо дагы бөлөк ата-энебиз,

Бир туугандан артык жашап келебиз.

Көңүл калбай, ушул бойдон жашайлы,

Көр түбүнө көмүлгөнчө денебиз.


Тагдырыңа Чүйдүн кызы туш болду,

Рысбүбү акыл-эстүү, билимдүү.

Абийирдүү өкмөт ишин аткарып,

Анан болду үй-бүлөгө күйүмдүү.


Бир уулдуу, эки кыздуу болдуңар,

Бардыгына высший билим бердиңер.

Желдей сызып, мезгил тыным токтобой,

Жетелешип жетимишке келдиңер.


Эми дагы канча жылдык өмүр бар,

Эч ким билбейт тирүүлүктүн мөөнөтүн.

Оору-кесел, кырсыктардан сак болуп,

Көрө бергин карылыктын дөөлөтүн.


Карыдым деп жалкоолонуп жатпагын,

Гүлдөй берсин огородуң, бак-шагың.

Сезим мокоп, колдон-буттан күч кетпей,

Сексен жаштын босогосун аттагын.


Карап турсам карыганга окшобойт,

Жетимиште азыр сенин турушуң.

Сексен жылдык тоюңдагы шарапка,

Малынса дейм менин дагы мурутум.


8.11. 2007

СУЛТАНОВ ТАЛАНТКА
Таланттар чууруп төрөлгөн,

Талас деген жерденсиң.

Жети атаң калган артыңда,

Кушчу деген элденсиң.

Мындан элүү жыл мурда,

Бул дүйнөгө келгенсиң.

Эчтеме менен ишиң жок,

Энекеңдин сүтү кем,

Эмчегин кактап эмгенсиң.

Бак-таалайсыз турмушту,

Бала чактан көргөнсүң.

Тойо ичкенге аш жетпей,

Топурак жеп көнгөнсүң.

Үңкүйүп бекер отурбай,

Үйүңө жардам бергенсиң.

Токойдон жыйнап куу жыгач,

Талаадан тезек тергенсиң.

Агызып териң мойнуңдан,

Аркалап үйгө келгенсиң.

Апаң менен кошулуп,

Аңыздан машак тергенсиң.

Айлыңды таштап акыры,

Ак ордого келгенсиң.

Азгырылып аракка,

Ажырай албай бир топ жыл,

Ал «итти» ичип көнгөнсүң.

Ар кимдер менен мушташып,

«Атаман» болуп көргөнсүң.

Каршылашкан балдардын,

Катыгын далай бергенсиң.


Кай биринен таяк жеп,

Кашка тиштен айрылдың.

Оңурайтып оозуңду,

Ордуна алтын салдырдың.

Былчылдаша мушташып,

Бычакка ичиң сайдырдың.

Балта чаап, эт кесип,

Бармагыңды май кылдың.

Андан түшкөн акчага,

«Ак молдодон» алдырдың.

Сузуп ичип чөмүчтөп,

«Суусунуңду» кандырдың.

Көлөчүң басып майрыйтып,

Көчөнү таптап сай кылдың.

Көбүнчө кайтпай үйүңө,

Көчөнү турак-жай кылдың.

Пайдасы тийбей керекке,

Баралы жеткен «айгырдын».

Басыгы катуу жоргону,

Басалбас кибир тай кылдың.


Биринчи алган аялың,

Билими тайкы неме эле.

Арак ичип койдуң деп,

Ала берчү жемеге.

Итиреңдеп коркутчу,

Ичкенсип жалгыз сен эле.

Алдап коюу ордуна,

Аркырай берчү жөн эле.

Урушкан заар сөзүнөн,

Уу чачылчу денеңе.

Бирок,

Ченеп ичпей аракты,



Чекилик сенде бар эле.
«Эр жигит» деп коюшат,

Түз жол менен басканды.

«Эрдин эри» деп койот,

Адашып жүрүп акыры,

Оң жолун кайра тапканды.

Кайрадан түз жол табалбай,

Канчалар болду таштанды.

Арактын тийип зыяны,

Пайдасын көрбөй кезинде,

Акылдуу канча баш калды.

Аракты ичип алган соң,

Алкымы такыр кыл кыркпай,

Алынбай канча аш калды.

Көпчүлүк арак ичкендер,

Көрдүн түбүн жазданды.

Коюндашып жатканга,

Катындын жаны бош калды.

Каралашар киши жок,

Канча балдар жаш калды.

Көрдүк далай эненин,

Көл болуп жашы акканды.

Досум, сенин эрдигиң,

Талкалап туруп ыргыттың,

Такымдай чапкан капканды.


Андан бери далай жыл,

Ак жол менен түз кеттиң.

Арак ичип айныбай,

Акылыңды иштеттиң.

Аял алып экинчи,

«Такымыңды» иштеттиң.

Бир уул, бир кыз төрөтүп,

Жатынын да иштеттиң.

Колоттордон чөп чаап,

Колдоруңду иштеттиң.

Койлор менен толтуруп,

Коргонуңду иштеттиң.

Эл кызматы деп чуркап,

Эки бутуң иштеттиң.

Көмүскө жолго түшпөстөн,

Көбүрөөк пайда издепсиң…

Мээрман тосуп алдыңар,

Меймандарын Бишкектин.

Арагын берип «Горбачтын»,

Артынан ысылыгына,

Ак куйрук майдан тиштеттиң.
Ат чабым жерди ээлеген,

Ак сарай үйдү салыпсың.

Алдыңа айдап төрт түлүк,

Ак мээнет менен байыпсың.

Ак пейли менен чай берген,

Ак маңдай аял алыпсың.

Алладан сурап турганым:

Ажыратпай жаныңдан,

Алганың менен карытсын.
21.09.1992
СЫЙДАНОВ КУБАНЫЧБЕККЕ
Бак ичинде бирге басып калабыз,

Бакылдашып ортого ой салабыз.

Жашоодогу тажрыйбаң мол экен,

Жан сергиткен маалыматтар алабыз.


Айрымдар бар жан-дүйнөңдү бүлдүргөн,

Ар кимдерге айып тагып үлгүргөн.

А сен болсо жөнү келип калганда,

Адамдарды тамаша айтып күлдүргөн.


Ишке быштың, жалкоо болбой жашыңдан,

Иш жылбаса адатың жок басынган.

Колдон келбес кыйынчылык турса да,

Көк беттенип иш жүзүнө ашырган.


Элиң үчүн эмгектенип келесиң,

Элдин баарын бирдей тегиз көрөсүң.

Жегенине токочуңдан бөлүшүп,

Жетим менен жесирлерге бересиң.


Кыргыз уулу Сары-Өзөндүк Сыйданов,

Кыйындыкта кыл аркандай чыйралып.

Эл-журтуңдун жүгүн артып жонуңа,

Эмгегинден келатасын сыйланып.


Колун шилтеп, кыйынсынып сүйлөшөт,

Кай бирөөлөр иштин билбей маңызын.

Өзүң болсо оор жүктү сүйрөгөн,

Өгүз сымак жай да, узак арышың.


Жаш өйдөлөп, бошоң болбой бекем бол,

Жаш муунга жол көрсөткөн көсөм бол.

Ушул турган жүрүшүңдөн жазылбай,

Узак жашап, эл алдында эсен бол.


21.04.2008
ТАБЫШОВ РЫСКЕЛДИГЕ
Кандай турмуш башыңдан кечирбегин,

Кайгынын изи түшпөй кабагыңа.

Кыйчалыш жол кезиксе, ишенемин,

Кыйгап өтөр жол нугун табарыңа.


Кыжырыңды келтирер ачуу сөздү,

Кыпындай алып койбой көңүлүңө.

Кылчайбастан акырын алыстайсың,

Кымындай зыян кылбай өмүрүнө.


Жаш кезде анча-мынча жакын жүрдүк,

Жаштыктан кеп-сөз козгоп, жаркын күлдүк.

Жаныңды жай алдырып, дем-күч берген,

Жакшы дос, жолдоштуктун баркын билдик.


Кадимкидей күч алам, кайрат алам,

Калдайган карааныңды көргөнүмдө.

Ээрчишип келаткансыйт кайран Аман1,

Эмнегедир ишенбейм өлгөнүнө.


Аз болор, Рыскелди, сендей жигит,

Ар убак суу кечирип, ажат ачкан.

Алга баскан алыска көзүн тигип,

Артына бир кылчайып карабастан.


Башынан жакын болдум сени менен,

Болбостур өткөн тарых сырын ачпай.

Бөлүшкөн бүт кайгысын эли менен,

Болуштун тукумусуң Кызылбаштай2.


Таластык Табыш уулу Рыскелди,

Тагдырыңа дамамат жылыш келди.

Таалайыңа жазылып калган экен,

Табагыңа толура ырыс берди.


Бакыйып, бак-таалайдын төрүндөсүң,

Табактагы ырыскың төгүлбөсүн.

Акырын жетимишке келип калдың,

Ажалың алыс жүрсүн көрүнбөсүн.


2011-жыл
ТЕНТИЕВ ЖЕҢИШБЕККЕ

(«Илбирс» АКсынын гендиректору)
Тентинин уулу Жеңишбек,

Турганда турмуш эңиштеп,

Азыраак «кайыр» суранып,

Атайын келдим сени издеп.

Калемгер акын дегендер,

Калган кез азыр жем издеп.


Таланттар чууруп төрөлгөн,

Талас деген жерденмин.

Билим-илим алууга,

Бишкекке эбак келгенмин.

Автотранспорт ишине,

Аябай кызмат бергенмин.


Жаш элүүдөн арылап,

Жазма ишине өткөмүн.

Ар кыл-ар кыл ыр жазып,

Акын болуп кеткемин.

Ырларга толду ар түркүн,

Ыр жазылган дептерим.


Жазылган ырлар кор болуп,

Жайнаган сайдын ташындай.

Аны угаар киши жок,

Алардын багы ачылбай.

Кол жазма жатат текчеде,

Кагаз жок болуп басылбай.


Жаратылыш арнаган,

Бир топ бар менин өнөрүм.

Күү чалып, домбура, комузга,

Ырларымдан төгөмүн.

Талыкпай эки-үч саатка,

Тамаша куруп беремин.


Ырыскысы дыйкандын,

Түшүмүн берген жерден дейт.

Ырыскысы ырчынын,

Ырын уккан элден дейт.

Ат мингизип, тон кийип,

Айдап малын келген дейт.


Топоюп кийсе жарашкан,

Тор кийимдер токулсун.

Ишиңер жылып алдыга,

Ийгиликтер кошулсун.

Иш, ашты гана ойлобой,

Мээнет менен жазылган,

Менин да ырым окулсун!
1993-жыл__ТОЙБАЕВ_МЫРЗАБЕККЕ'>1993-жыл

ТОЙБАЕВ МЫРЗАБЕККЕ

(60 жашта)
Ар тараптан келишти,

Алтымыш жылдык тоюңа.

Аныңа чоң рахмат—

Алыпсың мени оюңа.

Келген жокмун бул жерге,

Керилтип курсак чоюуга.

Анча-мынча убак бер,

Ак тилек айтып коюуга.


Барып калдың жакындап,

Байгамбардын жашына.

Агарган чачың окшошот,

Ак карлуу тоонун башына.

Кыл калем сүртүп ак бойок,

Кирпик менен кашыңа.

Айран таңмын мынчалык,

Агарган неге шашыла.


Агара берсин чачтарың,

Агар берсин каштарың.

Өрнөктүү кылып өткөзгүн,

Өмүрүңдүн ар жагын.

Ээн өскөн куландай,

Элпек болсун басканың.

Жалакай болбой тең көтөр,

Жашоонун аяз, аптабын.

Ак эмгек менен байый бер,

Арбытып санын акчанын.

Карыптарга кайыр бер,

Капчыкка батпай ашканын.

Өңгөчүңө тыгылсын,

Өзгөнү алдап тапканың.

Түгөл кыргыз калкынын,

Түйшүгүнөн качпагын.

Көтөрбөйлү жөнү жок,

Көрүнгөндүн чачпагын.

Кандыргын жеңе кумарын,

Карылыкка шашпагын.

Тик сунулган найзадай,

Тирелип турсун «аспабың».

Талашып элиң окуган,

Таланттуу чыксын жазганың.

Алтымыш жашка токтотуп,

Аябай сага окшотуп,

Сүрөтүңдү тарткамын.

24.08.2005
60 жылдык мааракеде өзүм тарткан бейне сүрөтүн тартуулап, «Не пайда?» деген ырымды домбуранын коштоосунда ырдап бергем).


ТОКТОГУЛОВ АМАНГА
Алды менен сын жазды,

Андан кийин ыр жазды.

Сынын дагы ырын да,

Сынбагандай тың жазды.


Орусчадан кыргызга,

Которсо Аман которсо.

Табылар бекен ким билет,

«Дагстандай» котормо.


Сөөгүңдү агартып,

Сөздөрү кандай бал каймак.

Кыргызча билип окуса,

Гамзатов өзү таң калмак.


Көр тирлик деп көп жылы,

КыГыБыда өттү да.

Андагы болгон чоң талант,

Ачылбастан кетти да.
Турушунда бул жигит,

Тунук эле акылы.

Көз жуумп жетпей элүүгө,

Көр түбүндө жатыры.


Каракол, Кумбел жайлоого,

Жайкысын малы жайылган.

Айдаралиев тиктирген,

Токою бар кайыңдан.

Аман болот таластык—

Көпүрө-Базар айылдан.


1993-жыл

ТОКТОМУШЕВ АЛЫМГА

(50 жашта)
Айтып турам саламды,

Алым иним аманбы?

Абалтан бери билесиң,

Акын мендей агаңды.

Арбайып басып жүрсүңбү,

Акырын таштап кадамды.

Айтып өтсөм сөз кылып,

Азыркы биздин заманды.

Акын элең башында,

Азыр бурдуң башкага,

Ак ыр жазган каламды.

Жакшы ырларды жараткан,

Жашыңдан билем чамаңды.

Идирек акын Алымды,

Издесем азыр табамбы?

Айтып өтсөм чечмелеп,

Азыркы биздин абалды.

Ансыз да күнүм түн болду,

Айсыз көөдөй караңгы.

Ачыштырып туз куйду,

Айыга элек жарамды.

Табалбай жүрөм көп болду,

Талаалап кеткен баламды.

Капилет күнгө туш келип,

Капкара чачым агарды.

Чедирейген милийса,

Чекеме такап наганды.

Эптеп тапкан оокатым,

Рэкетке таланды.

Тике сүйлөп койгондун,

Тилине тикен кадалды.

Түз сөз айтып койгондор,

Түрмөлөргө камалды.

Көтөрөм болуп туралбай,

Көк ташка көчүк кадалды.

Көтөнгө куюп муздак суу,

Көрсөтүп жатат дадаңды.

Эбин тапкан чоңдорго,

Эл байлыгы таланды.

Оолжуп басып жүрүшөт,

Ойлобой элди багарды.

Калың катмар шордуу эл,

Кабаарган эрдин жаланды.

Айылдан четке чыкканга,

Анча-мынча тыйын жок,

Айлында элим камалды.


Эки сөз айтып куттуктайм,

Элүүгө чыккан Алымды.

Ал «байкуштун» күнү өтпөй,

«Асабага» жамынды.

«Көтөрөм» болуп жүрчү элең,

Көрсөтүп чыктың алыңды.

Башында ырлар жазчу элең,

Башыңды катып бул жерге,

Башкача үнүң жаңырды.

Ыр жазганды токтотуп,

Ыстатыя жаздың жалындуу.

Ырга коштум азыраак,

Ыргайдай болгон Алымды.

«Жазат экен бул ит» деп,

Чыркыратып жүрбөсүн,

Чымындай болгон жаныңды.

Бир күнү «союп» койбосун,

Билип жүргүн алыңды.


Башка сөзгө өтөйүн,

Баяндап ушак-айыңды.

Улуп-уңшуп ыйлаган,

Угабы азыр зарыңды.

Уурулар күчөп күн сайын,

Уурдап жатат малыңды.

Кайрылып көчүк «батпаган»,

Каухар таш менен каптаган,

Кабаттуу үйлөр салынды.

Үшүбөй жылуу жатканга,

Үстүнө макмал жамынды.

Ак сарайлар салганга,

Акчалар кайдан табылды?

«Барондор» чыгып арадан,

Байлыгын элдин талаган,

Башына чейин малынды.

Мээнети жок акчага,

«Мерседестер» алынды.

Бой жетпеген кыздарың,

«Постель» болуп салынды.

«Осторожно агай» деп,

Онтошуп алар жалынды.

Акыйкат жазган кезиттер,

Акырындап жабылды.

Каргадай болгон Алыке,

Кармап жүр ысык жаныңды.

Экономдоп жеп жүргүн,

Эптеп тапкан наныңды.

Бел-караан болуп элиңе,

Бек карма калем-сабыңды.


Жашоого өмүр бир келээр,

Жакшы-жаман иргелээр.

Жакшырып турмуш бир кезде,

Жашы жок көздөр ирмелээр.

Ыйлактабай койо тур,

Ырыңды жазар күн келер.

Казыркыдай катылбай,

Каткырып чыккан үн берер.

Алганың менен бир жаткан,

Айкалышып жыргашкан,

(Азыр болсо чырдашкан),

Ажайып сонун түн келер.

А бирок ошол жыргалды,

Атаңдын көрү, ким берер?


1996-ж
ТОКТОНАЛИЕВ КЕҢЕШБЕККЕ
Акыйкаттан таразалап баа берсек,

Аппак таңдай жүрөгүңдүн актыгы.

Алла Таалам сендейлерге кош колдоп,

Аянбастан чачат таалай-бактыны.


Кең пейилсиң кең Таластын ичиндей,

Кеңешбегим, Токтоналы баласы.

Ишке бышып, эмгектенип жашынан,

Ичинде жок, кылдай дагы карасы.


Түмөн түйшүк басса дагы желкелеп,

Түк чөгөрбөй алып жүрөт көңүлүн.

Кесел, кырсык андайларга жолобойт,

Кеңешбегим, узак болот өмүрүң.


Минтип азыр ак байбиче болуптур,

Бир кездеги солкулдаган колуктуң.

Тагдырыңа, таалайыңа ортоктош,

Кантип мындай аялзатка жолуктуң?


Кичи балаң конокторго «пай» берип,

Келинчеги памил кызыл чай берип,

Конок болдук Бүргө баатыр тоюнда,

Кеңеш, өзүң бир байгеге тай берип.


Бечаралар, жетим балдар тоюнган,

Берешендик үзүлбөсүн колуңдан.

Бергендерге Кудай өзү берет дейт,

Берекесин чачып турсун жолуңдан.


Сен экөөбүз жетимишти желкелеп,

Баратабыз карылыктын жолунда.

Өмүр берсе дагы жашап турарбыз,

Ал дегениң Алла Таала колунда.


28.10.2008
ТУРДУМАЛИЕВ САЗЫКБАЙГА

бизнесмен, коомдук ишмер
Айбатың ай чапчыган арстандай,

Муштумуң кадимки эле барскандай.

Эл-журтуңдан бөлүнүп алыс калбай,

Түптүз басып келесиң чалыштанбай.


Тамактын майлуу жерин бармак билет,

Жамандар эл байлыгын жалмап кирет.

Санаалаш эли менен Сазыкбайлар,

Замандын кан тамырын кармап билет.


Кай бирөө шапар тээп, тойлоп жүрөт,

Катынпостор калп күлүп, ойноп жүрөт.

Кай жерин жара тартып кетсемби деп,

Кай бирөө карышкырча жойлоп жүрөт.


Кай бирөөлөр жылаанча сойлоп жүрөт,

Кай бирөө катын албай бойдок жүрөт.

Санаа менен көңүлдөн чыгарбастан,

Сазыкбайлар эл-журтун ойлоп жүрөт.


Кайрымдуулук жардамын берип келдиң,

Сүйүнбайдын1 музейин салып бердиң.

Көз салып жетим-жесир, карыптарга,

Элиңдин бата-сыйын алып келдиң.


Башты иштеткен элинин байы болот,

Жайытында төрт түлүк малы толот.

Ырыскысын сактаган Сазыкбайдын,

Ырыс аттуу жароокер жары болот.


Калем сап, алтын учту кармап жүрдүм,

Калкыма чыгармалар арнап жүрдүм.

Казакбайдай агаңды өнөрү көп,

Канатыңа калкалап кармап жүргүн.


Отундун жалын чачкан куусу болсун,

Жер кыртышын кандырган суусу болсун.

Кушчу элин жеңиштерге жетектеген,

Көк асаба көөнөрбөс туусу болсун!



ТУРСУНАЛИЕВ САГЫНГА
Көңүлүмдө Турарды багып жүрдүм,

Көмүскө көз кырымды салып жүрдүм.

Эки эсе эрегишип бул кыз менен,

«Эң жакшы» деген баалар алып жүрдүм.


Онду бүттү, окутпай алып кеттиң,

Ойдо жок, ойго бүлүк салып кеттиң.

Турар да ара жолдон эстен чыгып,

Турмуштун шары менен агып кеттим.


Жамырап улам жылдар ага берди,

Жар кылып көлдүк кызды мага берди.

Жүзү жаркын Турардын бүт элеси,

Жүрөгүмдө сакталып кала берди.


Таарынбаймын Турардын качканына,

Таарынбайм сени менен басканына.

Санаамда жүрсө дагы ыраазымын,

Сага окшогон түгөйүн тапканына.



19.07.1999
(Бул ыр балалык назик сүйүүмдү арнаган классташым Нурматова Турардын баш кошкон өмүрлүк жубайы Турсуналиев Сагынга арналды).

ТҮНКАТАРОВ ЖУМАБЕККЕ
Онду бүтүп, элүү жети1 жылында,

Сен экөөбүз дос болууну чечкенбиз.

Колубузду ийне менен сайгылап,

Атыбыздын баш тамгасын чеккенбиз.

Адамдардын тагдыр жолу ар кандай,

Андан кийин ар тарапка кеткенбиз.


Окуймун деп баш оорутуп жүрбөстөн,

Онду бүтүп, кой артынан сен кеттиң.

Айылымда үч жыл айдап трактир,

Андан ары Фрунзеге мен кеттим.

Акыреттик дос болдук деп шерттешип,

Ар жолуна түшүп кеттик эмгектин.


Колумдагы «Ж» тамгасын көргөндө,

Көзгө түшөт жаш кездеги элесиң.

Үй-бүлөнү салып алып экөөбүз,

Айдап келдик жашоо-турмуш кемесин.

Айлар-жылдар артта калды закымдап,

Ашкан калдык жетимиштин белесин.


Жөөлөбөгөн, көөлөбөгөн башканы,

Жөкөн досум, жөпжөнөкөй мүнөзүң.


Арсалактап, калп каткырык салбаган,

Арамы жок, куулугу жок күлөсүң.

Сендейлерди жаратканым жактырат,

Сен буйруса жүз жыл өмүр сүрөсүң,


Жашаптырбыз жарым кылым көрүшпөй,

Достук деген бир күн эмес түбүлүк.

Артыбыздан келе турган өмүрдө,

Достук жолун кайра улантып жүрөлүк.

Эл ичинде сый-урматка бөлөнүп,

Эсен-аман өмүрлөрдү сүрөлүк.


Желди-Сууну, андан ары Жаргартты,

Жөкөн досум, малың батпай жайласын.

Накта кымыз чертип турса сабаны,

Казаныңда казы-чучук кайнасын.

Айыл жерин, айыл пейлин сагындым,

Айтчы деги, Жөкөн досум, кайдасың?


30.06.2008

УЗАКБАЕВ КАМЧЫБЕККЕ
Таза аба, таптаза суу Таласымдын,

Талды-Булак айылында туулгансың.

Тартынып, ичиркенип бүжүрөбөй,

Таң эрте муздак сууга жуунгансың.


Өтмөктүн кан какшаткан суугуна,

Өз жаныңды чынында кыйнап өстүң.

Канткен менен чындыкты моюнга алсак,

Камчыке, бала кезден чыйрак өстүң.


Ээлептир ата-бабаң суунун башын,

Эли-журтуң бакубат жашай берсин.

Катырбай карындагы ички майын,

Казы-карта, чучугун ашай берсин.


Өтмөктүн бороон-чапкын кар-шамалы,

Өчү бардай, ызылдап ура берсин.

Таланттуу сага окшогон бала берген,

Талды-Булак түбөлүк тура берсин.


Отуну жок бирөөгө көмүр кымбат,

Ойго чөккөн бирөөгө көңүл кымбат.

Акча эмес, алтын эмес, күмүш эмес,

Адамга эң биринчи өмүр кымбат.


Оорулуу бечарага жардам керек,

Ошону бала кезден көрүп-билдиң.


Ойлонуп баш оорутуп отурбастан,

Окуусуна догдурдун келип кирдиң.


Жыл сайын өсө берип тажрыйбаң,

Жигитсиң манжасындай ортоң колдун.

Окууңду улантып андан ары,

Ошо илимден кандидат, доктор болдуң.


Эмчилигин улантып Камчыбектер,

Элинин ден-соолугун чыңдай берсин.

Калкынын кыз-жигитин даңазалап,

Казакбай карыганча ырдай берсин.


Кабинетке жашынып жатып албай,

Коомдук иштерден да куру калбай,

Канча жыл борбор шаар депутаты,

Келатат көчүк басып тыным албай.


Талды-Булак айлыңдын жалпы элине,

Таза аба, таза суусу дары болсун.

Жаа тартып, кылыч шилтеп, найза сайып,

Жигиттин Жаңыл Мырза жары болсун.


Айлыңдын жайыт толо малы болсун,

Айран-сүтү, кымызы... баары болсун.

Баатыр мүнөз кыздары, жигиттери,

Бардыгы жүзгө чыгар кары болсун!


1.01.2011

ЧОКМОРОВ СҮЙМӨНКУЛГА
Чүкө ойноп, чикит чаап,

Чүй боорунда өскөн жигит.

Кылчак өзүн караттырып,

Кыз жүрөгүн эзген жигит.

Туш келиптир тагдырына,

Дунган кызын өпкөн жигит.

Өнүктүрүп күндөн күнгө,

Өнөрлөрүн төккөн жигит.

Тоголоткон тоодой ташты,

Тоо суусундай өктөм жигит.

Тайгак кечүү, тар ашуудан,

Тартынбастан өткөн жигит.

Убадасын берген болсо,

Мүдүрүлбөй аң-дөңдөрдөн,

Мүдөөсүнө жеткен жигит.

Билдирбестен оору жайын,

Бир топ азап чеккен жигит.

Акырында көтөрө албай,

Айласыздан чөккөн жигит.

Орто жаштан өтө берип,

О дүйнөгө кеткен жигит.
Тубаса эле кайран жигит,

Турушу эле майрам жигит.

Кеп кылышып убагында,

Келин-кызга арман жигит.

Кең пейилдүү адамдарга,

Кенен кулач жайган жигит.

Кишилерге бей-бечара,

Киймин чечкен барбаң жигит.

Өжөрлөнө эмгектенген,

Өнөрлөргө багбан жигит.

Барган эле жерлеринен,

Байгелерди алган жигит.

Туусун түркүн жеңиштердин,

Туу чокуга сайган жигит.

Урпактарга артта келер,

Үлгү болуп калган жигит.

Орто жашта кете бердиң,

О, Сүймөнкул, кайран жигит!


Ичтен түшүп эки көзүн,

Чүй боорунда ачкан жигит.

Эгер барсаң конок болуп,

Эшигин кең ачкан жигит.

Алган жары тамак-ашын,

Апкелгенче шашкан жигит.

Опурулуп-жапырылбай,

Оор-салмак баскан жигит.

Роль ойноп, сүрөт тартып,

Өнөрлөрү ашкан жигит.

Атка минген үзөнгүсүз,

Ал аябай чапчаң жигит.

Арыштатып күн-түн дебей,

Аргымакты чапкан жигит.

Туура кетип түз жол менен,

Турмушта ордун тапкан жигит.

Сунуп коюп бараң мылтык,

Зулум байды аткан жигит.

«Караш-Караш» ашуусунда,

Кара ат минип качкан жигит.

Аркыраган тоо суусуна,

Аты менен аккан жигит.

Өзү калып, аты кетип,

Көзүнөн жаш аккан жигит.

Оору басып акырында,

Өң-түсүнөн азган жигит.

Көтөрө албай оор дартты,

Көр түбүндө жаткан жигит.

Алыкулдай жара тээп,

Өз мүрзөсүн ачкан жигит.

Кыргыз атын кылымдардын,

Кырларына жазган жигит.

Өнөр болуп экинчи өмүр,

Өлбөстүктү тапкан жигит!


1993-жыл




Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   8   9   10   11   12   13   14   15   16




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет