18-берене. Талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун ишенимдүү адамдары
1. Талапкер, саясий партиялар, шайлоочулардын топтору өзүлөрүнүн өкүлдөрүн дайындоого укуктуу.
2. Ишенимдүү адамдарды каттоо талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттаган шайлоо комиссиясы тарабынан талапкердин арызынын, саясий партиянын же шайлоочулар тобунун жазуу жүзүндөгү сунуштамасынын жана ишенимдүү адам болууга макулдугу жөнүндө жарандын өзүнүн арызынын негизинде жүзөгө ашырылат. Шайлоо комиссиясы ишенимдүү адамга Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берет.
3. Депутаттар, Өкмөттүн мүчөлөрү, Президенттин, Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн аппараттарынын кызматкерлери, мамлекеттик бийликтин органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, судьялар, укук коргоо жана фискалдык органдардын кызматкерлери, аскер кызматчылары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар ыйгарым укуктуу өкүлдөр боло алышпайт.
4. Ишенимдүү адамдар өздөрүнө талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулар тобу тарабынан берилген ыйгарым укуктардын чектеринде аракеттенет.
5. Ишенимдүү адамдар төмөнкүлөргө укуктуу:
1) талапкерди, талапкерлердин тизмесин шайлоого көмөктөшүүчү үгүт жана башка иштин ар кандай мыйзам менен жол берилген түрлөрүндө жана мыйзамдуу усулдары менен жүзөгө ашырууга, алардын шайлоо алдындагы программаларын сунуштоого;
2) шайлоо алдындагы чогулуштарда, шайлоочулар менен жолугушууларда чыгып сүйлөөдө, шайлоо алдындагы дебаттар менен дискуссияларга катышууга;
3) шайлоо алдындагы чогулуштарды жана шайлоочулар менен чогулуштарды өткөрүүдө мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан зарыл жардам алууга;
4) шайлоо комиссияларынын жыйналыштарына катышууга;
5) добуш берүүнү өткөрүүдө, шайлоочулардын добуштарын эсептөөдө жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөдө, шайлоо участкаларында болууга;
6) шайлоо комиссияларынын документтери, ошондой эле добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө, шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор менен таанышууга;
7) шайлоо комиссияларынын чечимдерине жана аракеттерине (аракетсиздигине) даттанууга жана даттануулар менен арыздарды кароого катышууга.
6. Ишенимдүү адамдар төмөнкүлөргө укуксуз:
1) шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишүүгө;
2) добуш берилүүчү жайда шайлоо бюллетендерин алгандагы үчүн шайлоочунун өтүнүчү боюнча ал үчүн кол коюуга, ошондой эле кабинада, атайын жабдылган жерде же жашыруун добуш берилүүчү бөлмөдө ал үчүн шайлоо бюллетенин толтурууга;
3) эгерде алар мындай жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакцияларынын журналисттери, чыгармачыл кызматкерлери же болбосо кызмат адамдары болуп саналса, маалыматтык теле- жана радиопрограммаларды (берүүлөрдү) жүргүзүүгө, шайлоону жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу чагылдырууга катышууга.
7. Администрация (иш берүүчү) ишенимдүү адамдарга алардын өтүнүчү боюнча ишенимдүү адамдын ыйгарым укуктары токтотулганга чейин эмгек акысын сактабастан өргүү берүүгө милдеттүү.
8. Ишенимдүү адамдарды дайындаган талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулар тобу бул жөнүндө шайлоо комиссиясына кабарлоо менен аларды ар кандай убакта чакыртып алууга укуктуу, ал ишенимдүү адамдарга берилген күбөлүктөрдү жокко чыгарып ишенимдүү адам тиешелүү шайлоо комиссиясына өзүнө берилген ырастаманы кайтарып берип, бул жөнүндө өзүн дайындаган талапкерге, саясий партияга, шайлоочулардын тобуна маалымдоо менен ар кандай убакта өз демилгеси боюнча өзүнүн ыйгарым укуктарын алып салууга укуктуу.
9. Ишенимдүү адамдардын ыйгарым укуктары ушул берененин 8-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жагдайлар боюнча же болбосо аларды катталган талапкер деп ыйгарым укук берген талапкерлерди көрсөткөн шайлоочулардын тобу, саясий партия, ошондой эле талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партия статусунан ажырашы менен бирге токтотулат.
(КР 2014-жылдын 21-ноябрындагы N 158 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
19-берене. Талапкердин, саясий партиянын, шайлоочулардын тобунун шайлоо комиссияларындагы өкүлүнүн статусу
1. Талапкер, саясий партия, шайлоочулардын тобу катталгандан кийин анын инсандыгын ырастаган документтерди, анын негизги иш орду (ишинин түрү), туруктуу жашаган жеринин толук дареги жана контакттык маалыматтары жөнүндө маалыматтарды берүү менен тиешелүү аймактык жана участкалык шайлоо комиссиясына өзүнүн өкүлүн (мындан ары - шайлоо комиссияларындагы өкүл) дайындоого укуктуу.
2. Өкүлдүн шайлоо комиссияларындагы ыйгарым укуктары ал тиешелүү шайлоо комиссиясында катталган учурдан тартып башталат.
3. 21 жаш куракка чыккан, активдүү шайлоо укугуна ээ болгон жана Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жараны шайлоо комиссияларындагы өкүл болууга укуктуу.
4. Депутаттар, Өкмөттүн мүчөлөрү, Президенттин, Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн аппараттарынын кызматкерлери, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, соттор, аскер кызматчылары, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар шайлоо комиссияларында өкүл болууга укуксуз.
5. Бир шайлоо комиссиясына дайындалган шайлоо комиссияларындагы өкүл бир эле мезгилде башка шайлоо комиссиясынын өкүлү боло албайт.
6. Шайлоо комиссияларындагы өкүлгө Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген ырастама тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан берилет.
7. Мамлекеттик же муниципалдык кызматты айкалыштыруучу шайлоо комиссияларындагы өкүл өзүнүн кызматтык милдеттеринин же кызматтык абалынын артыкчылыктарын пайдаланууга укуксуз.
20-берене. Шайлоо комиссияларындагы өкүлдүн ыйгарым укуктары
1. Шайлоо комиссияларындагы өкүл төмөнкүлөргө укуктуу:
1) шайлоо комиссиясынын жыйналышында каралуучу документтер жана материалдар менен таанышууга;
2) шайлоо комиссиясынын жыйналыштарынын күн тартибине анын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштарды киргизүүгө жана алар боюнча добуш берүү өткөрүүнү талап кылууга;
3) шайлоо комиссияларынын бардык жыйналыштарына катышууга жана жарыш сөздөргө чыгууга;
4) шайлоо комиссиясынын жыйналыштарынын башка катышуучуларына күн тартибине ылайык суроолорду берүүгө жана аларга маңызы боюнча жооп алууга;
5) шайлоо комиссиясынын шайлоого түздөн-түз байланыштуу документтери жана материалдары менен таанышууга жана ал документтер менен материалдардын (мыйзам менен белгиленген тартипте андайга таандык кылынган купуя маалыматты камтыган документтер менен материалдарды кошпогондо) көчүрмөлөрүн алууга;
6) шайлоочунун инсандыгын ырастоочу документтин анын инсандыгына шайкеш келишин жана ага бюллетендин берилишин текшерүүгө;
7) шайлоо комиссиясынын аракеттери (аракетсиздиги) жөнүндө жогору турган шайлоо комиссиясына же сотко даттанууга.
2. Шайлоо комиссияларындагы өкүл төмөнкүлөргө укуксуз:
1) шайлоо комиссиясы тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөргө катышууга;
2) түшүндүрмөлөрдү жана көрсөтмөлөрдү берүүгө, шайлоо комиссиясынын атынан билдирүү жасоого;
3) добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду түзүүгө;
4) шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктарына таандык кылынган чечимдерди кабыл алууда добуш берүүгө катышууга;
5) шайлоо комиссиясынын чечимдерине жана протоколдоруна кол коюуга.
3. Шайлоо комиссияларындагы өкүлдүн ыйгарым укуктары аларды дайындаган субъекттердин чечими боюнча ар кандай убакта токтолушу жана башка адамга өткөрүп берилиши мүмкүн.
4. Шайлоо комиссияларындагы өкүлдүн ыйгарым укуктары аларды дайындаган субъекттерди каттоо жокко чыгарылган учурда да токтотулушу мүмкүн.
5. Шайлоо комиссияларындагы өкүлдүн ыйгарым укуктары шайлоонун натыйжалары расмий жарыялангандан кийин токтотулат.
6. Катталган талапкер, талапкерлердин тизмесин каттаган саясий партия, шайлоочулардын тобу тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыктарына, шайлоонун натыйжаларына даттанылган учурда шайлоо комиссияларындагы өкүлдүн ыйгарым укуктары даттануунун маңызы боюнча сот тарабынан биротоло чечим чыгарылгандан кийин токтотулат.
21-берене. Талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү
1. Талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулардын топтору ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү дайындайт, алар шайлоого катышууга байланышкан бардык маселелер, анын ичинде каржылык маселелер боюнча тиешелүү талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулар тобуна өкүл болот.
Депутаттар, Өкмөттүн мүчөлөрү, Президенттин, Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн аппараттарынын кызматкерлери, мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, соттор, укук коргоо жана фискалдык органдардын кызматкерлери, аскер кызматчылары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар ыйгарым укуктуу өкүл боло алышпайт.
2. Талапкердин, саясий партиянын, шайлоочулардын тобунун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн тизмеси ар бир ыйгарым укуктуу өкүлдүн ыйгарым укуктарын, фамилиясын, аты-жөнүн, туулган датасын, паспортунун же анын ордун басуучу документинин сериясы менен номерин жана ал берилген датаны, жашаган жеринин дарегин, негизги ишинин же кызматынын ордун, ээлеген кызматын (негизги иштеген же кызмат кылган жери жок болгон учурда - ишинин түрүн), телефон номерин, ал эми талапкердин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл үчүн - каржы документтерине кол коюу укугун көрсөтүү менен тиешелүү шайлоо комиссиясына тапшырылат. Шайлоо комиссиясына тапшырылган көрсөтүлгөн тизмеде саналган ар бир адамдын көрсөтүлгөн иштерди жүзөгө ашырууга ошондой эле жазуу жүзүндөгү макулдугу тиркелет.
3. Тиешелүү шайлоо комиссиясы зарыл документтер келип түшкөн күндөн тартып 2 календардык күндүн ичинде ушул Мыйзамга ылайык ыйгарым укуктуу өкүлдөргө каттоо күбөлүктөрүн берет же болбосо каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөөлүү чечимди кабыл алат. Талапкердин, саясий партиянын, шайлоочулардын тобунун ыйгарым укуктуу өкүлү шайлоо комиссиясы ыйгарым укуктуу өкүлдөргө каттоо күбөлүктөрүн бергенден кийин дайындалды деп эсептелинет, ыйгарым укуктуу өкүлдүн укуктарына жана милдеттерине ээ болот.
4. Ыйгарым укуктуу өкүл:
1) талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн документтерди тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берет;
2) каттоого документтерди кабыл алуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү ырастоону (маалымкатты) шайлоо комиссиясынан алат;
3) шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзөт, үгүт материалдарын таратат;
4) талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулардын топторуна обо убактысын берүүнүн тартибин аныктоодо шайлоо комиссиялары тарабынан жүргүзүлүүчү чүчү кулактарга катышууга укуктуу;
5) ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү дайындаган талапкерге, саясий партияга, шайлоочулардын тобуна тиешеси бар маселелер боюнча шайлоо комиссияларынын жыйналыштарына катышууга укуктуу;
6) талапкердин, саясий партиянын, шайлоочулардын тобунун тапшыруусу боюнча башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
5. Талапкер, саясий партия, шайлоочулардын тобу тиешелүү ыйгарым укуктуу өкүлдү каттаган шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө билдирип, мыйзам укуктуу өкүлдүн ыйгарым укуктарын ар кандай убакта токтотууга укуктуу.
6. Талапкердин, саясий партиянын, шайлоочулардын тобунун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү шайлоо комиссиясы аларды каттаган күндөн тартып башталат жана депутаттыкка талапкердин, бирдиктүү шайлоо округу боюнча саясий партиянын, шайлоочулардын тобунун талапкерлеринин тизмесинде көрсөтүлгөн бардык талапкерлер талапкердин статусун жоготкон учурдан тартып, бирок шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күндөн кечиктирилбестен аяктайт. Талапкердин, саясий партиянын, шайлоочулардын тобунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү шайлоонун натыйжалары аныкталган күндөн тартып 20 календардык күндөн кийин аяктайт.
22-берене. Шайлоочуларга маалымдоо жана шайлоо алдында үгүт жүргүзүү
1. Шайлоочуларды маалымдоо, шайлоо алдындагы үгүт шайлоону маалымат жагынан камсыздоого кирет жана жарандардын эрк-ниетин аң-сезимдүү билдириши менен шайлоонун айкындуулугуна көмөктөшөт.
2. Шайлоочуларга маалымдоону мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, шайлоо комиссиялары, жалпыга маалымдоо каражаттары, юридикалык жана жеке жактар ушул Мыйзамга жана колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырат. Мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, шайлоо комиссиялары жарандарга өз убагында жана анык маалымдоо үчүн жоопкерчилик тартат.
3. Жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштырылуучу же башка ыкма менен таратылуучу маалымат материалдарынын мазмуну калыс, анык болууга тийиш, талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун теңдигин бузууга тийиш эмес, аларда кандайдыр-бир талапкерге, саясий партияга, шайлоочулардын тобуна артыкчылык берилүүгө тийиш эмес.
4. Шайлоо менен байланышкан коомдук пикирди сурап-билүүнүн натыйжаларын жарыялоо (чагылдыруу) шайлоочуларга маалымдоонун бир түрү болуп саналат.
5. Шайлоо менен байланышкан коомдук пикирди сурап-билүүнүн натыйжаларын жарыялоо (чагылдыруу) учурунда көрсөтүлгөн жарыялоону (чагылдырууну) жүзөгө ашырып жаткан жалпыга маалымдоо каражаттары, жарандар жана уюмдар пикир сурап-билүүнү жүргүзгөн уюмду же жеке жакты, аны жүргүзүү убактысын, пикири суралгандардын санын (тандамалуу), маалыматты чогултуу усулун, сурап-билүү жүргүзүлгөн регионду, суроонун так баяндалышын, мүмкүн болгон өксүктөргө статистикалык баа берүүнү, пикир сурап-билүүнү жүргүзүүнү табыштаган (табышташкан) жана аны жарыялоого акы төлөгөн (төлөшкөн) жакты (жактарды) көрсөтүүгө милдеттүү.
6. Добуш берүү күнүнө чейинки акыркы 5 календардык күндө, ошондой эле добуш берүү күнү коомдук пикирди сурап-билүүнүн натыйжаларын, шайлоонун натыйжаларынын божомолдорун, шайлоого байланышкан башка изилдөөлөрдү жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоого (чагылдырууга) жол берилбейт.
7. Коомдук пикирди сурап-билүүнүн натыйжаларын жарыялоо (чагылдыруу) учурунда ушул берененин 5 жана 6-бөлүктөрүнүн талаптарын сактабагандык мындай маалыматтарды камтыган материалдарды үгүттөөчү деп таанууга жана колдонуудагы мыйзамдарда каралган жоопкерчиликке алып келет.
8. Кыргыз Республикасынын жарандарына, талапкерлерге, саясий партияларга шайлоо өткөрүүдө ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык үгүттү эркин жүргүзүү мамлекет тарабынан камсыз кылынат.
9. Кыргыз Республикасынын жарандары, талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулардын топтору шайлоого катышуу үчүн ар кандай талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин жактап же аларга каршы үгүт жүргүзүүгө талапкерлердин, саясий партиялардын же шайлоочулардын топторунун шайлоо алдындагы программаларын эркин жана ар тараптуу талкуулоого укуктуу.
Үгүт чогулуштарда, митингдерде жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн. Үгүт жүргүзүүнүн түрлөрү жана усулдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келүүгө тийиш. Шайлоо комиссиялары үгүт жүргүзүүнү жана шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүүнү камсыз кылууга тийиш.
Үгүт жүргүзүү үчүн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жолугушууларды өткөрүүнүн бардык талаптарына ылайык кеңеш жайларды, үгүт материалдарын илүү үчүн орундарды же аянттарды берүүгө тийиш.
10. Төмөнкүлөр шайлоо алдындагы үгүт деп таанылат:
1) тигил же бул талапкер, талапкерлердин тизмеси үчүн добуш берүүгө же болбосо аларга каршы добуш берүүгө үндөөлөр;
2) талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун бирине артыкчылык берүүнү билдирүү;
3) талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин шайлоонун же шайлабоонун мүмкүн болуучу кесепеттерин баяндоо;
4) алардын кесипкөйлүк иши же алардын өзүлөрүнүн кызматтык (кызмат ордунун) милдеттери менен байланышпаган талапкерлердин ини жөнүндө маалыматтарды таратуу.
11. Шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде Кыргыз Республикасынын жарандары, шайлоого катышпаган саясий партиялар, шайлоочулардын топтору каржылоону талап кылган шайлоо алдындагы үгүттү талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулардын топтору менен макулдашуу боюнча гана жана алардын шайлоо фонддору аркылуу жүргүзүүгө укуктуу.
12. Талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулардын топторуна жалпыга маалымдоо каражаттарына жетүүнүн тең шарттарына кепилдик берилет.
13. Шайлоо өткөрүүдө үгүт төмөнкүдөй жүзөгө ашырылышы мүмкүн:
1) жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу;
2) жалпы иш-чараларды (чогулуштар жана жарандар менен жолугушуулар, көпчүлүк алдындагы дебаттар жана пикир алышуулар, митингдер, демонстрациялар, жүрүштөр) өткөрүү жолу менен;
3) басылма, көрмө-укма жана башка үгүт материалдарын чыгаруу жана таркатуу жолу менен;
4) мыйзам менен тыюу салынбаган башка түрлөрдө.
14. Талапкер, саясий партиялар, шайлоочулардын топтору жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу өзүнүн үгүт иштеринин түрүн жана мүнөзүн өз алдынча аныктоого укуктуу.
15. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кошпогондо, Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, байкоочулар, эл аралык байкоочулар, судьялар, диний, кайрымдуулук уюмдарынын мүчөлөрү жана өкүлдөрү, 18 жашка толо элек адамдар, чет өлкөлүк жарандар жана уюмдар, жарандыгы жок адамдар үгүт жүргүзүүгө, ар кандай үгүт материалдарын чыгарууга жана таратууга укуксуз.
16. Кыргыз Республикасынын аймагында таратылуучу чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарында шайлоо алдында үгүт жүргүзүүгө тыюу салынат. Шайлоо өткөрүү мезгилинде чет өлкөлүк теле- жана радио программалар жазуу түрүндө көрсөтүлөт жана уктурулат. Чет өлкөлүк теле -жана радио программаларга талапкерлердин ар намысын, кадыр-баркын жана иш беделин жаманатты кылган маалыматтарды үчүн таратууга тыюу салынат. Мындай учурларда ушул сыяктуу маалыматтарды тараткандыгы үчүн жоопкерчиликти жалпыга маалымдоо каражаттарын тараткандар жооп беришет.
17. Эгерде көрсөтүлгөн жактар ушул жалпыга маалымдоо каражаттарынын уюштуруучулары, талапкерлери же алардын өкүлдөрү болуп саналса, ушул Мыйзамга ылайык жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакцияларынын журналисттерине, башка чыгармачыл кызматкерлерине, ошондой эле кызмат адамдарына маалыматтык теле- жана радио программаларды алып барууга, шайлоону ошол жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу чагылдырууга катышууга тыюу салынат. Бул эреже ушул Мыйзамдын 24-беренеси менен каралган тартипте мамлекеттик жана жергиликтүү телерадио уюмдарынын каналдарында талапкерлер тарабынан акысыз обо убактысын пайдалануу учурунда үгүттүк чыгып сүйлөөлөрүнө тиешелүү болбойт.
18. Уюштуруучулары (кошумча уюштуруучулары) мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же аларга ведомстволук караштуулуктагы мекемелер жана ишканалар болуп саналган, алар толугу менен же жарым-жартылай республикалык же жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланган жалпыга маалымдоо каражаттары, ошондой эле салык төлөөдө жана милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдө башка жалпыга маалымдоо каражаттарына салыштырганда жеңилдиктери бар жалпыга маалымдоо каражаттары талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулардын топторуна шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга милдеттүү.
19. Ушул берененин 18-бөлүгүнүн колдонулушуна туура келбеген жалпыга маалымдоо каражаттары талапкерлерге, саясий партияларга шайлоочулардын топторуна телерадио уюмдардын каналдарында обо убактысын, мезгилдүү басылмаларда басма аянтын берүү тартиби жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген нускамаларга ылайык талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулардын топторуна обо убактысын, басма аянтын келишимдик негизде берүүгө укуктуу.
Обо убактысы, мезгилдүү басма сөздө жарыялоо үчүн акы төлөөнүн өлчөмү бардык талапкерлер, саясий партиялар жана шайлоочулардын топтору үчүн бирдей болууга тийиш.
20. Шайлоо өткөрүүдө обо убактысына жана басма сөз аянтына акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтар тиешелүү телерадиоберүү уюму, мезгилдүү басылманын редакциясы тарабынан шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин 10 календардык күндөн кечиктирилбестен жарыяланууга жана Борбордук шайлоо комиссиясына берилүүгө тийиш.
(КР 2013-жылдын 30-июлундагы N 170 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
23-берене. Шайлоо алдында үгүт жүргүзүүнүн мөөнөттөрү
1. Шайлоо алдында үгүт бардык талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда токтотулат.
2. Кайра добуш берүүнү өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт иштери кайра добуш берүүнү дайындоо жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан тартып кайрадан башталат жана кайра добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда токтотулат.
3. Мурда шайлоо комиссияларынын имараттарынан жана жайларынан тышкары жайгаштырылган басылма үгүт материалдары (баракчалар, плакаттар, билборддор жана башка материалдар) добуш берүү күнү мурдагы орундарында сакталат.
24-берене. Телекөрсөтүү жана радио боюнча шайлоо алдында үгүт жүргүзүү
1. Талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулардын топтору ушул Мыйзамдын 22-беренесинин 18-бөлүгүнүн колдонулушуна туш келген жана шайлоо өткөрүлүп жаткан аймактарда телекөрсөтүүлөрдү, радио уктурууларды жүзөгө ашыруучу телерадио уюмдарынын каналдарында аларга акысыз берилген обо убактысын пайдаланууга укуктуу. Көрсөтүлгөн обо убактысы тележана радио программалары аудиториянын көпчүлүгүн чогулткан мезгилге - саат 20дан саат 24кө чейинкиге туура келүүгө тийиш.
2. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо үгүт жүргүзүү үчүн мамлекеттик телерадио уюму бөлүп берген акысыз обо убактысынын жалпы көлөмү жумуш күндөрү бир сааттан кем болбоого тийиш. Көрсөтүлгөн акысыз обо убактысы катталган жана берүүгө келген талапкерлердин, талапкерлерди көрсөткөн шайлоочулардын топторунун, саясий партиялардын, ошондой эле талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын ортосунда тең негизде бөлүштүрүлөт.
3. Акысыз бөлүнгөн эфирдик убакыттын жалпы көлөмүнүн кеминде үчтөн бири талапкерлерге, талапкерлерди көрсөткөн шайлоочулардын топторуна, саясий партияларга, ошондой эле талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партияларга дискуссияларды, "тегерек столдорду" жана буларга окшогон үгүт иш-чараларын биргелешип өткөрүү үчүн гана каралат. Эфирдик акысыз убакыттын ушул үлүшүн пайдаланууга бардык талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулардын топторуна тең негиздерде жол берилүүгө тийиш.
Телерадио берүү уюмдарынын каналдарындагы биргелешкен үгүт иш чараларына катталган талапкерлер жеке өздөрү гана, саясий партиялар жана шайлоочулардын топтору - ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ишенимдүү адамдары аркылуу катыша атат. Биргелешкен үгүт иш чараларына катышуудан баш тартуу биргелешкен үгүт иш чараларга катышуудан баш тарткан катталган талапкер, саясий партия же шайлоочулардын топтору үчүн берилген акысыз обо убактысынын өлчөмүн көбөйтүүгө алып келбейт.
Эгерде талапкер, саясий партиянын өкүлү, шайлоочулардын топторунун өкүлү жүйөөлүү себептер боюнча биргелешкен үгүт иш чараларына катыша албай калса, анда алар биргелешкен үгүт иш чараларына катышпай калган башка талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулардын топтору менен катар өзүнүн обо убактысын пайдаланууну өтүнүүгө укуктуу.
4. Ушул Мыйзамдын 22-беренесинин 18-бөлүгүнүн колдонулушуна туш келген телерадио уюмдары шайлоонун деңгээлине жараша талапкерлердин, саясий партиялардын жана шайлоочулардын топторунун үгүт жүргүзүү үчүн акы төлөнүүчү обо убактысын резервге калтырууга милдеттүү. Көрсөтүлгөн обо убактысы келишимдин шартында тиешелүү талапкердин, саясий партиянын, шайлоочулардын топторунун талабы боюнча акыга берилүүгө тийиш. Резервге калтырылган акы төлөнүүчү обо убактысынын жалпы көлөмү акысыз обо убактысынын жалпы көлөмүнөн кем болбоого, ал эми акы төлөөнүн өлчөмү бардык талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулардын топтору үчүн бирдей болууга тийиш. Мында ар бир талапкер, саясий партия, шайлоочулардын топтору резервде калтырылган обо убактысынын жалпы көлөмүнөн ал көлөмдү талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун жалпы санына бөлүүдө алынган үлүшүнүн чегинде убакыт алууга укуктуу.
Талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулардын топторуна акы төлөнүүчү обо убактысынын наркы шайлоону дайындаган күнгө чейинки 6 ай мурда алынып жүргөн нарктан ашпоосу керек.
5. Талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун өкүлдөрүнүн сүйлөгөн сөзүн үзгүлтүккө учуратууга, ошондой эле аларды кандайдыр бир комментарийлер менен коштоого тыюу салынат.
6. Ушул Мыйзамдын 22-беренесинин 19-бөлүгүнүн колдонулушуна туш келген телерадио уюмдарынын каналдарында талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулардын топторуна обо убактысын берүүнүн тартибин жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.
7. Талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулардын топторуна обо убактысын берген телерадио уюмдары менчигинин түрүнө карабастан башка талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулардын топторуна обо убактысын ошондой эле шартта (баанын, обого чыгуу убактысынын, убакыттын көлөмүнүн бирдейлиги жана башка шарттар) берүүгө милдеттүү.
8. Шайлоо алдындагы үгүткө арналган теле- жана радио берүүлөрдүн тартиби, көлөмү жана убактысы шайлоо комиссиялары тарабынан телерадио уюмдарынын жетекчилиги менен макулдашуу боюнча белгиленет жана талапкерлердин, саясий партиялардын жана шайлоочулардын топторунун ортосунда теңдештик принцибин сактоо менен бөлүштүрүлөт.
(КР 2014-жылдын 21-ноябрындагы N 158 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Достарыңызбен бөлісу: |