Кыргыз республикасынын мыйзамы



бет1/8
Дата07.07.2016
өлшемі415.5 Kb.
#183635
  1   2   3   4   5   6   7   8
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаары, 2011-жылдын 14-июлу N 98

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө

(КР 2011-жылдын 12-октябрындагы N 170, 2012-жылдын 6-июлундагы N 99, 2012-жылдын 3-августундагы N 149, 2012-жылдын 12-октябрындагы N 172, 2013-жылдын 14-февралындагы N 16, 2013-жылдын 30-июлундагы N 170, 2013-жылдын 16-октябрындагы N 192, 2014-жылдын 21-ноябрындагы N 158, 2015-жылдын 17-февралындагы N 34 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

1-глава
Жалпы жоболор


1-берене. Ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу мамилелер

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын жана алардын кепилдиктерин аныктайт, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан мамилелерди жөнгө салат.



2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу түшүнүктөр

Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:



үгүт материалдары - шайлоо алдындагы үгүт белгилерин камтыган жана шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө жапырт таратуу, элге жарыялоо үчүн арналган басылма, укма-көрмө жана башка материалдар;

жарандардын активдүү шайлоо укугу - Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо укугу;

жакын туугандары - ата-энеси, балдары, асырап алуучулар, асырандылар, ата-энеси бир жана ата-энесинин бирөө өгөй ага-инилер менен эже-сиңдилер, чоң ата-таяталар, чоң энелер-таенелер, неберелер;

жарандардын шайлоо укуктарынын кепилдиктери - Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуунун уюштуруучулук, укуктук, маалыматтык жана башка каражаттары;

жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын башчысы - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын жетекчиси, шайлануучу кызмат адамы;

шайлоочулардын тобу - тиешелүү жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү болуп саналган жана тиешелүү жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн жалпы кызыкчылыктардын негизинде бириккен эки же андан көп шайлоочу;

шайлоочунун инсандыгын ырастоочу документ - Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) же аны алмаштырган документ. Паспорттун ордун басуучу документтерге Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту, офицердин (прапорщиктин) инсанынын ырастамасы, мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчысынын аскердик билети, пенсиялык ырастама, айдоочунун ырастамасы кирет;

мамлекеттик бийликтин же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызмат адамы - туруктуу, убактылуу же атайын ыйгарым укуктар боюнча бийлик өкүлүнүн иш-милдетин жүзөгө ашыруучу же болбосо мамлекеттик органдарда жана өз алдынча башкаруу органдарында уюштуруучулук-тескөөчүлүк, администрациялык-чарбалык, контролдук-көзөмөлдүк иш-милдеттерди аткаруучу адам;

бирдиктүү шайлоо округу - администрациялык-аймактык бирдиктин бүткүл аймагы кирген шайлоо округу, анда ушул Мыйзамга ылайык жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоону пропорциялык система боюнча жүргүзүүгө жол берилет;

шайлоочу - активдүү шайлоо укугуна ээ болгон жана тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин шайлоочуларынын тизмесине киргизилген жергиликтүү жамааттын мүчөсү;

шайлоо документтери - шайлоочулардын тизмелери, анык, анык эмес, пайдаланылбаган (керектен чыгарылган), бузулган (каталар менен толтурулган) бюллетендер, ошондой эле шайлоочуларга мөөнөтүнөн мурда добуш берүү үчүн жана шайлоо участогунун жайынан тышкары добуш берүү үчүн берилген бюллетендер, шайлоо комиссияларынын протоколдору, шайлоонун маселелери боюнча алардын чечимдери, талапкерлерди, саясий партияларды, шайлоочулардын топторун каттоо документтери, участкалардын схемалары жана добуш берүүнүн натыйжалары жөнүндө жыйынды таблицалар;

шайлоо комиссиялары - Кыргыз Республикасында шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштуруучу, Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашырууну жана коргоону камсыз кылуучу коллегиялуу органдар;

шайлоо мыйзамдары - Кыргыз Республикасында шайлоону өткөрүүнүн тартибин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын жыйындысы;

жарандардын шайлоо укуктары - Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоого жана шайланууга, анын ичинде талапкерлерди көрсөтүүгө, шайлоо алдындагы үгүттөөгө катышуу, шайлоонун өткөрүлүшүн, шайлоо комиссияларынын ишин, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнү жана шайлоонун натыйжаларын, ошондой эле башка шайлоо аракеттерин аныктоону кошуп алганда байкоого катышуу укугу;

шайлоону маалыматтык камсыз кылуу - жарандардын өз эрк-ниетин аң-сезимдүү билдиришине, шайлоолордун маалымдуулугуна көмөктөшүүчү шайлоочуларга маалымдоо жана шайлоо алдындагы үгүт иштери;

жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы (мэрия, айыл өкмөтү) - тиешелүүлүгүнө жараша шаардык кеңештин же айылдык кеңештин чечимдерин даярдоону жана аткарууну, ошондой эле мыйзамдар жана жергиликтүү кеңештердин чечимдери менен белгиленген башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн түзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы;

талапкер - ушул Мыйзам менен белгиленген тартипте жергиликтүү кеңештин депутатынын кызматын шайлоо аркылуу ээлөөгө талапкер катары көрсөтүлгөн адам;

эл аралык байкоочу - мыйзамда белгиленген тартипке ылайык Кыргыз Республикасында шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашыруу укугуна ээ болгон чет өлкөлүк же эл аралык уюмдун атынан өкүл болгон адам;

жергиликтүү кеңеш - тиешелүү шаардын (шаардык кеңеш), айылдык аймактын (айылдык кеңеш) жергиликтүү жамааты тарабынан түздөн-түз шайлануучу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы;

жергиликтүү жамаат - жергиликтүү маанидеги маселелерди өзүнүн жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүүгө жалпы кызыкчылыктары менен бириккен тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин (айылдык аймактын, шаардын) аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары;

көп мандаттуу шайлоо округу - бир нече депутат шайланган жана алардын ар бири үчүн шайлоочулар жеке добуш берген шайлоо округу;

байкоочу - талапкер, шайлоочулардын тобу, саясий партия жана башка коммерциялык эмес уюмдар тарабынан мыйзамдарда каралган тартипте шайлоону даярдоого, добуш берүүнү өткөрүүгө добуштарды эсептөөгө, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөгө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоого байкоо жүргүзүүгө дайындалган адам;

жарандардын пассивдүү шайлоо укугу - Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлануу укугу;

укук коргоо органдары - тышкы иштер, улуттук коопсуздук, финансы полициясы, прокуратура органдары, бажы кызматынын органдары, ошондой эле баңги заттарды контролдоо боюнча органдар;

туруктуу жашаган жери - инсандыкты ырастаган документте каттоо эсебин алуучу органдардын каттоо белгиси менен ырасталган Кыргыз Республикасынын аймагындагы жарандын жашаган жери;

шайлоо алдындагы үгүт - Кыргыз Республикасынын жарандарынын, талапкерлердин, талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана ишенимдүү адамдарынын, саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун тигил же бул талапкерлер (талапкерлердин тизмелери) үчүн же болбосо аларга каршы добуш берүүгө шайлоочуларды түртүү же түрткү берүү максаты бар шайлоо өнөктүгүнүн менчигиндеги маалымат даярдоо жана таратуу боюнча иши;

талапкердин, саясий партиянын, шайлоочулардын тобунун өкүлү - талапкерлерди көрсөткөн шайлоочулардын тобунун, саясий партиянын, ошондой эле талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын атынан чыгуучу шайлоо комиссияларындагы өкүл, ыйгарым укуктуу өкүл, ишенимдүү адам;

шайлоочулардын тизмеси - добуш берүү күнүнө карата активдүү шайлоо укугуна ээ болгон, тиешелүү шайлоо комиссиялары тарабынан түзүлүүчү Кыргыз Республикасынын жарандарынын тизмеси;

мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочулардын тизмеси - тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүү күнүнө чейин 9-2 күн калганда түзүлүүчү шайлоочулардын тизмеси, ага негиздүү жазуу түрүндөгү арыздын жана ушул Мыйзам менен белгиленген тиешелүү документтерди көрсөтүүнүн негизинде мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочулар жөнүндө маалыматтар киргизилет;

талапкерлердин тизмеси - пропорциялуу система боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн, шайлоо комиссиясы тарабынан катталган талапкерлердин бирдиктүү тизмеси;

(отуз экинчи абзац КР 2014-жылдын 21-ноябрындагы N 158 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

жергиликтүү жамааттын мүчөсү - тиешелүү айылдык аймактын, шаардын аймагында туруктуу жашаган жана жергиликтүү жамаат менен жергиликтүү маселелерди чечүүдө жалпы кызыкчылыктар менен байланышкан Кыргыз Республикасынын жараны.

(КР 2012-жылдын 3-августундагы N 149, 2014-жылдын 21-ноябрындагы N 158 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

3-берене. Жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн шайлоо укуктары

1. Шайлоо өткөрүлүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрү болуп саналган, 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандары жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо укугуна ээ.

2. Жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрү тиешелүү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын түздөн-түз шайлайт.

3. Жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого тең негизде катышат.

4. 21 жаш куракка толгон, тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөсү жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланууга укуктуу.

5. Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган же эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган жарандар шайлоого жана шайланууга укугу жок.

6. Соттуулугу алып салынбаган же мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган адамдар жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына шайланууга укугу жок.

7. Шайлоо өткөрүлүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында жайгаштырылган аскер бөлүктөрүнүн мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматчылары, өзүнүн туруктуу жашаган жеринен тышкары альтернативдүү кызмат өтөгөн адамдар, ошондой эле тиешелүү жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү болуп саналбаган, окутуунун күндүзгү формасынын студенттери жана аспиранттар иш жүзүндө жайгашкан жери (кызматы, окуусу) боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышпайт.

8. Кылмыш жасоодо шектүүлөр жана айыпталуучулар катары камакта кармоо жайларында кармалып турган Кыргыз Республикасынын жарандары, алар шайлоо өтүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында туруктуу жашаган жана алардын камакта кармоо жайлары ушул администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында жайгашкан шартта, камакта кармоо жайларында добуш берүүгө укуктуу.

4-берене. Шайлоонун милдеттүүлүгү жана мезгилдүүлүгү

1. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдар менен белгиленет.

2. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо милдеттүү болуп саналат жана ушул Мыйзам жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамдары менен белгиленген мөөнөттөрдө жана тартипте мезгилдүү өткөрүлөт.

3. Төмөндөгүдөй учурларда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүгө тыюу салынат:

1) Кыргыз Республикасынын бардык аймагында өзгөчө же согуш абалы киргизилгенде;

2) Кыргыз Республикасынын аймагынын өзүнчө бөлүгүндө - ошол аймакка өзгөчө же согуш абалы киргизилгенде.



5-берене. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону уюштуруу

1. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү төмөндөгүлөр жүзөгө ашырат:

1) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы);

2) аймактык шайлоо комиссиялары: шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Бишкек, Ош жана башка шаардык, райондук шайлоо комиссиялары - Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча (мындан ары - аймактык шайлоо комиссиялары);

3) шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча участкалык шайлоо комиссиялары (мындан ары - участкалык шайлоо комиссиялары).

2. Шайлоо комиссияларынын укуктук абалы, ишинин уюштурулушу жана тартиби, ошондой эле көз карандысыздыгынын кепилдиктери шайлоо комиссияларынын ишинин тартибин жөнгө салуучу мыйзамдар, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.



6-берене. Шайлоо процессиндеги айкындык

1. Шайлоо комиссияларынын иши айкын жана ачык жүзөгө ашырылат.

2. Тиешелүү шайлоо комиссиясынын жыйналыштарына төмөнкүлөр катышууга укуктуу:

1) жогору турган шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү;

2) талапкерлер;

3) талапкерлердин өкүлдөрү;

4) шайлоочулардын топторунун өкүлдөрү;

5) талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын өкүлдөрү;

6) байкоочулар, эл аралык байкоочулар;

7) жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү.

3. Төмөн турган шайлоо комиссияларынан жогору турган шайлоо комиссияларына протоколдордун маалыматтарын өткөрүп берүү аркылуу добуш берүүнүн жүрүшүнө жана натыйжаларына байкоо жүргүзүү үчүн маалыматтык шайлоо системасы пайдаланылат. Маалыматтык шайлоо системасы аркылуу добуш берүүнүн жүрүшү жана натыйжалары жөнүндө алынган маалыматтар юридикалык мааниге ээ болбогон алдын алма маалымат болуп саналат. Маалыматтык шайлоо системасын пайдалануунун тартиби Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат.

(КР 2014-жылдын 21-ноябрындагы N 158 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

7-берене. Байкоочу

1. Талапкер, талапкерлерди көрсөткөн саясий партия, ошондой эле талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партия, башка коммерциялык эмес уюм мыйзамдар менен белгиленген тартипте шайлоону даярдоого, добуш берүүнү жүргүзүүгө, добуштарды эсептөөгө, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөгө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоого катышуучу байкоочу дайындоого укуктуу.

2. Байкоочу аны дайындаган уюмдан жолдомо тиешелүү шайлоо комиссиясына келип түшкөндөн кийин ушул Мыйзам менен каралган байкоочунун укуктарына жана милдеттерине ээ болот. Жолдомодо байкоочунун фамилиясы, аты-жөнү, жашаган жери, ал жөнөтүлгөн шайлоо участкаларынын номерлери, шайлоо комиссияларынын аталыштары көрсөтүлөт, ошондой эле ушул берененин 3-бөлүгү менен каралган чектөөлөр анда жок экендиги жөнүндө жазуу жүргүзүлөт. Жолдомо паспортун же анын ордун басуучу документин көрсөткөндө жарактуу болот. Байкоочуну жиберүү жөнүндө алдын ала кабарлоо талап кылынбайт.

3. Активдүү шайлоо укугуна ээ болгон Кыргыз Республикасынын жараны байкоочу болууга укуктуу.

Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты, мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызмат адамдары, шайлоо комиссиясынын мүчөсү, катталган талапкердин, талапкерлерди көрсөткөн шайлоочулардын тобунун, саясий партиянын, ошондой эле талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын ишенимдүү адамдары, шайлоо комиссияларындагы алардын өкүлдөрү, судьялар, прокурорлор, башка укук коргоо жана фискалдык органдардын кызматкерлери, аскер кызматындагылар байкоочу болууга укуксуз.

4. Байкоочу төмөндөгүлөргө укуктуу:

1) кайсы гана деңгээлдеги болбосун шайлоо комиссиясынын курамын түзүү үчүн байкоону жүзөгө ашырууга;

2) шайлоочулардын тизмелерин түзүү үчүн байкоону жүзөгө ашырууга;

3) шайлоочуларды эсепке алуунун жүрүшү үчүн байкоону жүзөгө ашырууга;

4) шайлоону маалыматтык камсыз кылуу үчүн байкоону жүзөгө ашырууга;

5) шайлоо комиссиясында болгон шайлоочулардын тизмелери, добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү жөнүндө арыздардын (кайрылуулардын) реестри менен таанышууга;

6) добуш берүү күнү сутканын ар кандай убагында добуш берүү үчүн жайда болууга;

7) добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде шайлоочулар добуш бергенде катышууга;

8) шайлоону даярдоо жана өткөрүү жөнүндө көпчүлүк алдында, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу өзүнүн пикирин баяндоого, билдирүү жасоого;

9) ары-бери эркин жүрүүгө жана кайсы гана шайлоо участкалары жана шайлоо комиссиялары болбосун катышууга;

10) добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузбастан добуш берүүнү уюштуруунун жана добуш берүүнүн ушул Мыйзам менен белгиленген тартибине, анын ичинде шайлоо бюллетендерин берүүгө; шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын, шайлоочуларга берилген шайлоо бюллетендеринин, жокко чыгарылган шайлоо бюллетендеринин санын эсептөөнү байкоого; шайлоо бюллетендеринин мазмунун көрүүнү камсыз кылган аралыкта жана шарттарда шайлоочулардын добуштарын эсептөөнү байкоого; шайлоочулардын добуштарын эсептөөдө ар кандай толтурулган же толтурулбаган шайлоо бюллетени менен таанышууга; шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун жана башка шайлоо документтердин түзүшүн байкоого;

11) өзү жөнөтүлгөн участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасына, а ал жок учурда - аны алмаштырган адамга добуш берүүнү уюштуруу маселелери боюнча сын-пикирлер жана сунуштар менен кайрылууга;

12) өзү жөнөтүлгөн шайлоо комиссиясынын протоколу менен таанышууга;

13) протоколдордун жана ага тиркелген документтердин көчүрмөлөрүн шайлоо комиссиясынан алууга;

14) өзү жөнөтүлгөн шайлоо комиссиясынын чечимдерине жана (же) аракетине (аракетсиздигине) ушул Мыйзамда белгиленген тартипте даттанууга;

15) тиешелүү шайлоо комиссияларында шайлоочулардын добуштарын кайтадан саноого катышууга;

16) шайлоо алдындагы үгүттүн белгилерин камтыбаган өзүнүн статусу, фамилиясы, аты-жөнү аны шайлоо комиссиясына жөнөткөн уюмдун аталышы бар төш белгисин тагынып жүрүүгө;

17) шайлоочулардын добуш берүүсүнүн жашыруундуулугун бузбастан, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууга жолтоо болбостон фото-, көрмөтартууну, үн жазууну жүзөгө ашырууга.

5. Байкоочу төмөнкүлөргө укуксуз:

1) шайлоочуларга шайлоо бюллетендерин берүүгө;

2) шайлоо бюллетендерин алууда шайлоочунун өтүнүчү боюнча ал үчүн кол коюуга;

3) шайлоочунун өтүнүчү боюнча ал үчүн шайлоо бюллетенин толтурууга;

4) добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузуучу аракеттерди жасоого;

5) шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан жүргүзүлүп жаткан шайлоо бюллетендерин саноого түздөн-түз катышууга;

6) шайлоо комиссиясынын ишине жолтоо болгон аракеттерди жасоого;

7) шайлоочулардын арасында үгүт жүргүзүүгө;

8) тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан чечимдерди кабыл алууга катышууга.

6. Байкоочулардын иши шайлоо мыйзамдары менен жөнгө салынат.

(КР 2014-жылдын 21-ноябрындагы N 158 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

8-берене. Эл аралык байкоочулар

1. Шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин эл аралык байкоочулар Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Президент, Жогорку Кеңеш, Өкмөт), Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы жиберген чакыруу болгондо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аккредиттелет. Чакырууларды жөнөтүү жөнүндө сунуштарды шайлоо мыйзамдары жана шайлоо маселелери боюнча, ошондой эле адам укуктарын коргоо жаатында адистешкен эл аралык жана улуттук коммерциялык эмес уюмдар тарабынан берилиши мүмкүн.

2. Эл аралык байкоочунун ыйгарым укуктарынын мөөнөтү ал Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аккредиттелген күндөн тартып башталат жана шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күнү аяктайт.

3. Эл аралык байкоочулар эркин ары-бери жүрүүгө жана бардык шайлоо участкаларында жана шайлоо комиссияларынын жыйналыштарында болууга укуктуу.

4. Эл аралык байкоочулар төмөндөгүлөргө укуктуу:

1) шайлоону даярдоо жана өткөрүү жөнүндө өз пикирин көпчүлүк алдында баяндоого;

2) пресс-конференцияларды өткөрүүгө жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө кайрылууга;

3) шайлоочулардын добуштарынын жашыруундулугун бузбастан фото- жана көрмөтартууларды, үн жазууну жүзөгө ашырууга;

4) шайлоо алдындагы үгүттүн белгилерин камтыбаган, өзүнүн статусу, фамилиясы, аты-жөнү, өзү өкүл болгон уюмдун аталышы бар төш белгисин тагынып жүрүүгө;

5) кайсы гана деңгээлдеги болбосун шайлоо комиссиясынын курамын түзүү үчүн байкоо жүргүзүүгө;

6) шайлоочулардын тизмелерин түзүүнүн жүрүшүнө байкоону жүзөгө ашырууга;

7) шайлоочуларды эсепке алуунун жүрүшүнө байкоону жүзөгө ашырууга;

8) шайлоону маалыматтык камсыз кылынышына байкоо жүргүзүүгө.

5. Эл аралык байкоочулар өзүнүн статусун шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байкоо менен байланышпаган ишти жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланууга укугу жок.

6. Борбордук шайлоо комиссиясы алар ушул Мыйзамды, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган учурда эл аралык байкоочунун аккредитациясын чакыртып алууга укуктуу.

7. Эл аралык байкоочулардын иши шайлоо мыйзамдары менен жөнгө салынат.



9-берене. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү

1. Жалпыга маалымдоо каражаттары жазуу жүзүндөгү билдирме келип түшкөндөн кийин Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аккредиттелет.

2. Шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү маалыматтык чагылдырууга катышкан жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү төмөнкүлөргө укуктуу:

1) шайлоо комиссияларынын жыйналыштарына катышууга;

2) шайлоо комиссиясынын протоколу менен таанышууга;

3) шайлоо комиссиясынан протоколдорду жана аларга тиркелген документтердин көчүрмөлөрүн алууга;

4) шайлоочулардын добуш берүүсүнүн жашырындуулугун бузбастан участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы тарабынан аныкталган жерде добуш берүү күнү фото- жана көрмө тартууну жүзөгө ашырууга;

5) шайлоо алдындагы үгүттүн белгилерин камтыбаган, өзүнүн статусу, фамилиясы, аты-жөнү, өзү өкүл болгон уюмдун аталышы бар төш белгисин тагынып жүрүүгө.

3. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлүнүн талабы боюнча шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө же шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдордун көчүрмөсүн күбөлөндүрүүгө милдеттүү.

4. Борбордук шайлоо комиссиясы алар шайлоо мыйзамдарын бузган учурда жалпыга маалымдоо каражатынын аккредиттелишин чакыртып алууга укуктуу.

5. Шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилиндеги жалпыга маалымдоо каражатынын өкүлүнүн иши шайлоо мыйзамдары менен жөнгө салынат.

10-берене. Шайлоо округдарын түзүү

1. Шайлоо системасына жараша тиешелүү аймакта катталган шайлоочулардын саны жөнүндө маалыматтардын негизинде бирдиктүү шайлоо округдары жана көп мандаттуу шайлоо округдары түзүлөт.

2. Шайлоо округдарын түзүүдө төмөнкүдөй талаптар сакталууга тийиш:

1) шайлоочулардын саны боюнча шайлоочулардын өкүлчүлүгүнүн орточо ченеминен 10 пайыздан ашпаган, ал эми жетүүгө кыйын жана алыскы жерлерде 15 пайыздан ашпаган жол берилген орточо ченеминен четтөө менен шайлоочулардын саны боюнча шайлоо округдарынын болжолдуу бирдейлиги;

2) шайлоо округу бирдиктүү аймакты түзөт, бири-бири менен чектешпеген шайлоо округдарында шайлоо округун түзүүгө жол берилбейт.

Шайлоо округдарынын схемасында шайлоо округдарынын чек аралары, ар бир шайлоо округуна кирген калктуу конуштардын (көчөлөрдүн, үйлөрдүн) тизмеги, ар бир шайлоо округунун аталышы, номери жана борбору, ар бир шайлоо округундагы шайлоочулардын саны көрсөтүлүүгө тийиш.

3. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын пропорциялуу система боюнча шайлоону өткөрүүдө тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин бүткүл аймагы шайлоо округу болуп саналат.

4. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоону өткөрүү үчүн аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен, ушул Мыйзам менен белгиленген жоболорду эске алуу менен добуш берүү күнүнө чейин 50 календардык күндөн кечиктирбестен шайлоо округдарынын схемасын жана чек араларын иштеп чыгат жана аларды бекитүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына киргизет.

5. Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын сунушу боюнча шайлоо округдарынын схемасын чек араларын карайт жана бекитет.

6. Борбордук шайлоо комиссиясы алардын чек араларын жана даректерин көрсөтүү менен шайлоо округдарынын схемасын жана чек араларын алар бекитилген күндөн тартып 5 календардык күндөн кечиктирбестен жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялайт.




Достарыңызбен бөлісу:
  1   2   3   4   5   6   7   8




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет