173
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
МАКУЛДУК БЕРҮҮ КАТЫ
Өтүнүч кат, суроо каттарга берилүүчү оң жоопту камтыган кызмат каты.
Макулдук берүү каты негиздөөдөн же тике маалымат берүүдөн башталышы мүмкүн.
Эгер өтүнүч катта негиздөө бар болсо, макулдук кат да негиздөөнү келтирүүдөн
башталат.
1. Макулдук берүү катынын текстине мүнөздүү сүйлөм түзүлүштөрү:
шартыңыздарга макулбуз, … тууралуу макулдугубузду билдиребиз, … боюнча
каршылык пикир жоктугун билдиребиз, карап чыгууга даярбыз, сиздер менен
бирге иш алып барууга даяр экендигибизди билдиребиз, … карап чыгууга
макулбуз ж.б.
2. Сүйлөмдүн бош калтырылган бөлүктөрүн толуктап жазыңыз.
Биргелешип сүт азыктарын кайра иштетүүгө .................................. ...................
...................................................... .
Сиздер сунушуңуздарды эки жуманын ичинде ...................................................
....................................................... ...................................................... .
Аталган маселе боюнча каршылык ........................................................................
................................................................................... .
Көрсөтүлгөн суммадан ашпаган каражатка жабдык алынышына .....................
............................................................... .................................................................. .
Достарыңызбен бөлісу: