88
Калия Кулалиева
БАЯНДАМА КАТ
02.02. 2011-ж.
Бишкек ш.
№ 247/6 заказын кошумча каржылоо жөнүндө
2012-жылдын экинчи жарым жылдыгында полиграфиялык кызматтар үчүн
баанын кескин түрдө көтөрүлүп кеткендигине жана сметанын өзгөрүшүнө
байланыштуу № 247/6 заказын аткаруу иштери бүтпөй калды.
Бул ишти аягына
чыгуу үчүн дагы кошумча 50 000 (элүү миң) сом акча каражатын бөлүп берүүңүздү
суранам.
Бөлүм башчысы
М.
Нуржанов
2. Сөздөрдүн маанисин түшүндүрүп бериңиз.
кошумча каржылоо:
акча каражаты:
баанын кескин көтөрүлүшү:
Көнүгүүлөр
1. Төмөнкү тексттердеги баяндама каттын текстине мүнөздүү сөз жана сөз айкаштарын анык-
таңыз.
2. Боштуктарды мааниси боюнча туура келген сөздөр менен толуктаңыз.
Кыргыз Республикасынын
Билим берүү жана ………..
министри К. Ж. Садыковго
«Балдардын жайкы эс алуусу»
долбоорунун …………………….
Ж. Тыныбековадан
БАЯНДАМА КАТ
Окуучулардын эс
алуу
лагерлеринин абалы жөнүндө
Сиздин көрсөтмөңүз жана долбоордун алкагындагы ……………………… иш-
чаралардын планы боюнча 2010-жылдын 25-………………… 30-апрелине чейин
атайы түзүлгөн топ көл кылаасында …………………… жайкы эс алуу лагерлерди
кыдырып чыгып, жатакана, ашкана, оюн-зоок үчүн каралган ………………. ал-
абалы менен тааныштык.