109
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
Окуйлу
1. Токтомду окуп, маалым даректерин аныктаңыз.
Кыргыз
Республикасы
Бишкек шаары
Октябрь райондук мамлекеттик администрациясы
№ 43
ТОКТОМ
10.04.2010
Бишкек ш.
Кыргыз Эл акыны Алыкул Осмоновдун
90 жылдыгын өткөрүү жөнүндө
Өлкөбүздүн маданиятына жана адабиятына баа жеткис салым кошкон Кыргыз
Эл акыны Алыкул Осмоновдун 95 жылдыгын өткөрүү үчүн Октябрь райондук мам-
лекеттик администрациясы токтом кылат:
1. Республиканын Эл акыны Алыкул Осмоновдун 95 жылдыгын даярдоо жана
өткөрүү боюнча
иш-чаранын планы иштелип чыгып, бекитилсин.
2. Райондо акындын китеп көргөзмөсү уюштурулсун, мектептерде А. Осмонов-
дун чыгармачылыгына арналган ачык сабактар өткөрүлсүн. Бул иш-чаралар-
ды аткаруу райондук билим берүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Мааракеге байланыштуу салтанат, кече, диспуттар өткөрүлсүн;
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк райондук мамлекеттик админис-
трациянын башчысынын орун басары С. Салиевге жүктөлсүн.
Райондук
мамлекеттик
администрациясынын
башчысы
Д. Ш. Бүркүтбаев
Достарыңызбен бөлісу: