Өзбекстан республикасынын элге билим берүҮ министрлиги республикалык билим берүҮ борбору



Дата19.06.2016
өлшемі216.5 Kb.
#148606


ӨЗБЕКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭЛГЕ БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТРЛИГИ
РЕСПУБЛИКАЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮ БОРБОРУ


2010-2011-окуу жылында кыргыз тили адабияты боюнча

IV, V, VI, Х класстар үчүн баскычтуу текшерүү экзамендерин, IX, XI класстар үчүн жыйынтыктоочу аттестацияны өткөрүү боюнча мугалимдерге методикалык сунуштама

Түзгөн жана даярдаган

Республикалык Билим берүү

борборунун методисти:

Гайратбек Токтобаев

Ташкент—2011



АЛГЫ СӨЗ


Бүгүнкү күн жалпы коомчулуктун, ошондой эле билим берүү тармагы кызматкерлеринин алдына көптөгөн олуттуу суроолорго жооп табуу маселесин коюуда. Күн сайын өзгөрүп, түспөлүн миң өзгөртүп жаткан бул ургаалдуу дүйнөдө адегенде өз ордубузду таба билүү, жадагалса артыбыздан ээрчиткен окуучуларыбыздын ушул замандын татыктуу инсандары болуп калыптанууларына жетишүү бардыгыбыздын милдетибиз болуп саналат. Буга кошумча, көп улуттуу (130 дан ашуун) эгемендүү Өзбекстан өлкөсүндө жашап-иштеп жаткан соң, окуучуларда улуттар аралык ынтымак, диндер аралык кең пейилдүүлүк, динге сергек көз караш, гумандуулук, достук сезимдерин өстүрүп-өнүктүрүү турмуштук зарылдык катары талап кылынат. Бул максатты ишке ашырууда жасалган иш-аракеттердин натыйжасы жалпы билим берүүчү мектептердин окучуларынын билимин, көнүккөндүгүн жана тажрыйбаларын жыйынтыктоочу аттестациядан өткөрүү, аларды класстан-класска көчүрүү боюнча баскычтуу текшерүү экзамендерин алуу аркылуу көрүнөт. Андыктан, бул иш-чарага өзгөчө көңүл буруу, андан алынган натыйжаларды иликтөө жана мындан кийинки окуу жылдарындагы окутуу мазмунун түзүүдө пайдалануу сапаттык да, кесиптик да өнүгүүгө көмөк көрсөтөт. Тактап айтканда, экзамендин натыйжалары боюнча окуучулар тиешелүү окуу материалынын кайсы бөлүктөрүн жана эмне себептен начар өздөштүргөндүктөрүн же тескерисинче, окутуудагы кандай жол тутуулар, жасалган мамиленин кайсылары эсепке алаарлык ийгиликтерге алып келгендигин ачык-айкын аныктап алууга болот.

Эми аты аталган иш-чаранын өзү боюнча түздөн-түз сөз козгосок. Жалпы билим берүүчү мекемелерде 2010-2011-окуу жылын аяктоо, окуучулардын билими, көнүккөндүгү жана тажрыйбаларын баскычтуу текшерүү экзамендеринен жана жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациядан өткөрүү боюнча Өзбекстан Республикасынын Элге билим берүү министрлигинин 2011-жылдын 23-февралындагы 27-сандуу буйругу чыкты. Бул буйруктун негизинде «Ma`rifat» газетасынын 2011-жыл 2-марттагы санында аты аталган иш-чараны өткөрүү боюнча толук маалымат берилген. Мындан ары бул иш-чара боюнча берилүүчү маалыматтар жогоруда аты аталган буйруктун негизинде болот.

Билим берүүчү мекемелерде окуу 25-майда аякталышы да белгилеп коюлган. Жалпы билим берүүчү мекемелерди бүтүрүүчү 9-, 11-класстын окуучуларынын билими, көнүккөндүгү жана тажрыйбалары оозеки, жазма же тест түрүндө жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациядан, ал эми 4-8-, 10-класстын окуучулары болсо баскычтуу текшерүү экзамендеринен өткөрүлөт.

Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациядан өткөрүү иштери 9-класстарда 2011-жылдын 26-майынан 16-июнга чейин, 11-класстарда 26-майдан 23-июнга чейинки мөөнөттө иш жүзүнө ашырылат. 4-8-, 10-класстарда баскычтуу текшерүү экзамендери 2011-жыл 26-майдан 2-июнга чейин өтөт.

Айрым предметтер тереңдетилип окутула турган мектептердин 5-8-класстарында адистештирилген окуу предметинен кошумча экзамен тапшыруу үчүн экзамендердин мөөнөтү 3 күнгө узартылышы мүмкүн.

Окуучулардын жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы жана класстан-класска көчүрүү боюнча баскычтуу текшерүү экзамендери төмөнкү предметтерден өткөрүлүү белгиленген:

4-8-жана 10-класстар үчүн баскычтуу текшерүү экзамендери эки окуу предметинен өткөрүлөт.



1 цифрасында көрсөтүлгөн окуу предметинен өткөрүлө турган экзамен милдеттүү, 2 цифрасы менен көрсөтүлгөн окуу предметтеринен бирин окуучулар экзамен өткөрүлүүсүнөн бир ай мурда тандашат. Ал жөнүндө ар бир класс үчүн тандалган окуу предметинен баскычтуу текшерүү экзамендерин өткөрүү боюнча мектептин педагогикалык кеңеши токтом кабыл алат.

а) 9-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн предметтер боюнча

жыйынтыктоочу аттестация



Кыргыз тили жана адабияты

жазма (чыгармачылык баяндама) 26-май

Математика

жазма (теореманы далилдөө менен) 30-май

Физика

жазма

Тарых

оозеки жана карта менен иштөө

Химия

жазма

Мамлекеттик (өзбек) тил (окутуу өзбек тилинде жүргүзүлбөй турган мектептерде)

оозеки, тааныш эмес текстти окуп айтып берүү, жаттаган ырын жатка айтуу

Орус тили (окутуу өзбек тилинде жүргүзүлө турган мектептерде)

оозеки, тааныш эмес текстти окуп айтып берүү, жаттаган ырын жатка айтуу

Дене тарбия

теориялык жана практикалык


б) 11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн жыйынтыктоочу аттестация


Кыргыз тили жана адабияты

жазма (дил баян) 31-май

Математика

жазма (теореманы далилдөө менен) 27-май

Физика

жазма

Тарых

оозеки жана карта менен иштөө

Өзбекстан мамлекети жана укугунун негиздери

оозеки

Химия

жазма

Чет тилдери

оозеки

Мамлекеттик (өзбек) тил (окутуу өзбек тилинде жүргүзүлбөй турган мектептерде)

оозеки, тааныш эмес текстти окуп айтып берүү, жаттаган ырын жатка айтуу

Орус тили (окутуу өзбек тилинде жүргүзүлө турган мектептерде)

оозеки, тааныш эмес текстти окуп айтып берүү, жаттаган ырын жатка айтуу

Дене тарбия

теориялык жана практикалык



в) 4-8 жана 10-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн баскычтуу текшерүү экзамендери:





4-КЛАСС

1.

Эне тили

жазма (диктант)

2.


Математика

жазма

Дене тарбия

практикалык




5-КЛАСС

1.

Математика

жазма

2.


Өзбек тили (орус тили)

оозеки, тааныш эмес текстти окуп айтып берүү, жаттаган ырын жатка айтуу

Адабият

оозеки




6-КЛАСС

1.

Кыргыз тили жана адабияты

жазма

2.

Тарых

оозеки

Ботаника

оозеки




7-КЛАСС

1.

Көркөм сүрөт өнөрү

практикалык

2.


Чет тили

оозеки

Математика

жазма

Өзбек тили (орус тили)

оозеки, тааныш эмес текстти окуп айтып берүү, жаттаган ырын жатка айтуу




8-КЛАСС

1.

Информатика

жазма (заманбап компьютер классы бар мектептерде практикалык иш)


2.

Өзбекстандын экономикалык жана социалдык географиясы

оозеки жана карта менен иштөө

Физика

оозеки жана маселе иштөө

Биология

оозеки




10-КЛАСС

1.

География

оозеки


2.

Адабият

жазма

Химия

оозеки жана маселе чыгаруу

Чет тили

оозеки

Жалпы билим берүүчү мектептерде кыргыз тили жана адабияты предметинен Х класстын окуучулары класстан-класска көчүү экзамендерин, XI класс окуучулары жыйынтыктоочу аттестацияны жазма (дил баян) түрдө тапшырышат. Дил баян окуучунун өз алдынча жана эркин, чыгармачылык менен ой жүгүртүүгө, аны жазуу түрүндө чагылдырууга үйрөтөт. Дил баяндын темалары үч бөлүмдөн: элдик оозеки чыгармачылык, кыргыз профессионалдык жазма адабияты жана эркин темалардан турат. Ар бир бөлүмдө билим берүүнүн Мамлекеттик стандартынын талаптарынын негизинде түзүлгөн 12 ден тема сунуш кылынат. Окуучулардын жылдар бою чогулткан билим, көнүккөндүк жана тажрыйбаларынын негизинде өздөрүнө жаккан теманы тандап алышат. Дил баянды жазууда кыска, так жана мазмундуу сүйлөмдөр түзүүгө, айтайын деген ойду кара сөз жана ыр түрүндөгү чыгармалардан, улуу инсандардын таамай айтылган тарбиялык сөздөрүнөн үзүндүлөр аркылуу негиздөөгө жетишүү керек. Окуучулар дил баяндын темаларын ачып берүүдө төмөнкү класстарда окуган көркөм чыгармаларына гана эмес, ошону менен бирге өздөрү өз алдынча окуган көркөм чыгармаларга да таянуу максатка ылайык болот. Буга кошумча, окуучулар өздөрүнүн жеке байкоолору, өз алдынча турмушка кандай деңгээлде даяр экендиктери, эгемендүүлүгүбүздүн 20 жылдык тою алдынан бүгүнкү күнгө чейин журтубузда болуп жаткан чоң өзгөрүүлөр, жаратуучулук иштери, коомдун өнүгүшү, жер шарында болуп жаткан чоң өзгөрүүлөргө болгон мамилелери, өздөрүнүн ой-тилектери, максаттары, Мекен алдындагы перзенттик милдеттери жана ички сезимдери боюнча ой жүгүртүшөт.

Дил баян жазуу жараянында окуучулар төмөнкүлөргө көңүл буруулары зарыл:

Дил баяндын темасын тандап, белгилеп алуусу, эмне жөнүндө жазышы керек экендигин жакшылап ойлоосу;

Дил баяндын темасы боюнча жетиштүү материалга ээ болуусу;

Дил баяндын жөнөкөй планын түзүүсү;

Пландын негизинде айтайын деген оюн анык жана так жазууга жетишүүсү;

Дил баяндын каралама нускасы даяр болгондон кийин аны кайра окуп чыгуусу;

Дил баяндын ыкмасына, грамматикасына өзгөчө көңүл буруусу;

Дил баяндын темасынын жетиштүү деңгээлде жарытылышын камсыздоосу;

Дил баянды актай баракка көчүрүүсү.

Жыйынтыктоочу аттестация ЭБМнын 2008-жылдын 4-мартындагы 56-сандуу буйругу менен бекитилген жана Өзбекстан Республикасынын Юстиция министрилигинде каттодон өткөн «Жалпы орто билим алуучулардын жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы жөнүндөгү ЖОБО»нун негизинде өткөрүлөт: Дил баян жазуу үчүн 4 астрономиялык саат ажыратылат. Сыноо башталаардан мурда сунуш кылынган темалардан элдик оозеки чыгармачылык боюнча бир, кыргыз профессионал жазма адабияты боюнча бир, жана эркин тема боюнча эки тема окуучулардын катышуусунда тандалып, Дил баяндын темалары тактап алынат. Окуучулар өздөрү тандаган бир тема боюнча ой жүгүртүп, Дил баян жазышат. Дил баян баалоонун төмөнкү критерийлеринин негизинде бааланат.

«5» деген баа теманын мазмуну кеңири ачылып, окуучунун чыгармачылыгы даана байкалганда коюлат.

«4» деген баа менен теманын мазмунун негизинен баяндаган бирок бир-эки жерде жеткиликтүү болбой калган иш бааланат.

«3» теманын мазмунун толук бере албаган, айрым маанилүү учурлар калтырылып же бүдөмүк берилген, кептин конструкциясы жеткиликтүү болбогон ишке коюлат.

«2» мазмуну ачылбай калган сүйлөм курулмалары жана сүйлөм аралык байланышы абдан начар иштерге;

«1» мазмуну такыр туура эмес берилген же берилбей калган, кеби түшүнүксүз, ою иретсиз, чаржайыт жазылган иштерге коюлат.

Дил баянда экинчи бааны окуучунун орфографиялык жана пунктуациялык сабатын эске алуу менен, жат жазуунун нормалары боюнча баалоо зарыл, атап айтканда:

«5» деген баа катасыз жазылган, бир орфографиялык же бир пунктуациялык катадан ашпаган, үчтөн ашык оңдоолор болбогон ишке коюлат.

«4» деген баа каталардын жалпы саны төрттөн ашпаган (эки орфографиялык, эки пунктуациялык же төрт орфографиялык төрт пунктуациялык) жат жазууларга коюлат.

«3» деген баа төрт орфографиялык, төрт пунктуациялык же үч орфографиялык, беш пунктуациялык, же орфографиялык катасы жок, бирок жети пунктуациялык ката жиберилген иштерге коюлат.

«2» деген баа «3» коюлуучу иштин чегинен ашкан; жети орфографиялык, жети пунктуациялык, же алты орфографиялык, сегиз пунктуациялык же сегиз орфографиялык, алты пунктуациялык ката кетирилген ишке коюлат.

2010-2011-окуу жылында кыргыз тили жана адабиятынан Х жана ХI класстар үчүн баскычтуу көзөмөл экзаменинде жана жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясында жазылуучу жазма (дил баян) иштин төмөнкү ачык темаларын сунуш кылабыз:


I. ЭЛДИК ООЗЕКИ ЧЫГАРМАЧЫЛЫК БОЮНЧА
1. Манасчылар – улуттук маданияттын уюткулары

2. «Ак калпак кыргыз журтма,

Ала-Тоодой бел болгон»...

(«Манас» эпосундагы Манастын образы)

3. «Үзүлгөндү улаган,

Чачылганды жыйнаган»...

(«Манас» үчилтигиндеги аялдардын образы)

4. «Алдыга салса—ак жолтой,

Артында жүрсө – сан колдой»...

(«Манас» эпосундагы Бакайдын образы)

5. Сөз жамгырын чубурткан, ырдын кени Жеңижок

6. Сейтек – Манас жана Семетейдин ишин улантуучу каарман

7. «Кут алчу билим»—адептүүлүк сабагы...

(Жусуп Баласагындын дидактикалык дастаны боюнча)

8. Махмуд Кашкарий—түрк элдеринин маданий дүйнөсүндөгү көрүнүктүү инсан

9. «Устаранын мизиндей,

Оодарылган замана»...

(Калыгулдун жана Арстанбектин замана жана эл темасындагы ырлары)

10. Мезгил жана акын (Молдо Нияздын доор тууралуу ой жүгүртүүлөрү)

11. Молдо Кылычтын чыгармаларында эл турмушунун көркөм чагылдырылышы

12. Жомок-руханий аруулуктун башаты

II. КЫРГЫЗ ПРОФЕССИОНАЛ ЖАЗМА АДАБИЯТЫНАН




  1. Баатырдык эрдиктер жана аялдык назиктик

(К.Тыныстановдун «Жаңыл Мырза» поэмасы)

  1. Эркиндик анын башкы максаты болгон (К.Маликовдун Балбай поэмасындагы Балбай баатырдын образы)

  2. Ыр сабындагы өмүр же Алыкулдун өмүрү жана чыгармачылык жолу Акындын поэтикалык дүйнөсүндөгү туулган жер, махабат жана аялзат темасы)

4. Жакшынын жасаганы өчпөйт (Ч.Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу менин оюм)

5. К.Тыныстановдун адабият менен илимдеги бактысы жана трагедиясы.

6. Адам акылынын алааматтуу кесири же «ажал уругу» жөнүндө

(С. Эралиевдин «Кесиринсан» поэмасынын негизинде)

7. Кыргында кырчылган кыргыздын тагдыры же «Узак жол» повести жөнүндө.

8. Жамийла, жасаган ишиң туурабы? (Ч.Айтматовдун «Жамийла» повестиндеги Жамийланын образына сын көз караш)

9. Сынган кыргыз же «Сынган кылыч» романынын негизинде эгемендүүлүк доорунан көз караш (Т.Касымбековдун «Сынган кылыч» романындагы карапайым калктын таржымалы)

10. Ыйык журттардын ыйыгы—Мекен (А.Осмоновдун өмүрү жана чыгармачылыгы, Ата Мекенге болгон сүйүүсү)

11. Молдо Ысак кантип Полот-хан болуп калды? (Ш.Абдраманов жана өткөн тарыхка сергек назар).

12. Мидин жана Райкан—кыргыз сатирасынын бийик чокулары


III. ЭРКИН ТЕМАЛАР


1. «Суу сыйлаган – зор болоор

Суу кордогон – кор болоор».

2. «Жыргап-куунап жашагандан жат жерде,

Эмне жетсин журттун суусун ичкенге»

(Ата Мекен жөнүндө ой толгоо)

3. «Карысы бардын ырысы бар»

4. «Эмгек кылсаң жашыңдан, дөөлөт кетпейт башыңдан»

(Мен журтум үчүн эмне жумуш жасадым?)

5. «Кыргыз тилим кылымдарды карыткан,

Эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан»

(өз тилиңе болгон жекече мамилең)

6. 2011-жыл «Чакан бизнес жана жеке ишкердүүлүк» жылы

7. «Эл аралык терроризм—жалпы адамзат кайгысы»

8. «Эгемендүү Өзбекстаным 20 жашта»

9. «Биз Түркий элдердин балдарыбыз»

(Улуттар аралык ынтымактыктын негизинде)

10. «Наркомания—адамзаттын тамырына урулган балта»

11. «Тарбия башаты–үй-бүлө»

12. «Эне-сени сүрөттөөгө сөз жетпейт,

Мээримиңдин чөлкөмүнө көз жетпейт».

Бул окуу жылында жалпы орто билим берүүчү мектептердин IX классын бүтүрүүчүлөр кыргыз тили жана адабият предметтеринен баяндама (изложение) жазышат.

Баштап берүү жолу менен баяндама жазууда башталышы берилген окуяны окуучулар өз алдынча жана чыгармачыл түрдө улантышып, аны толук окуя абалына келтиришет. Жогоруда белгиленгендей, кыргыз тилин окутуунун алдына коюлган социалдык буюртма окуучуну ой жүгүртүүгө, пикирлөөгө, башкалардын оюн түшүнүүгө жана ушул пикирдин натыйжасын оозеки жана жазма түрдө сабаттуу баяндай алууга, тактап айтканда, коммуникативдик сабаттуулукту өнүктүрүүгө үйрөтүүдөн турат.

Кыргыз тилин окутуунун натыйжасында окуучулар өздөштүргөн билим, көнүккөндүк жана тажрыйбалар үч параметрлүү стандарттык көрсөткүчтөрдүн негизинде текшерилет жана аныкталат.

Булардын ичинде ойду жазма түрдө баяндоо тажрыйбасы (бүткөн ой чагылдырылган текст) татаал жараян болуп, кыргыз тилин окутуунун максаты ушул параметрде чогулган. Окуучунун кыргыз тилин окуучу жараянында өздөштүргөн көнүккөндүк жана тажрыйбалары ал жараткан текстте көрүнөт. 9-класста негизги көрсөткүч ойду логикалык ырааттуулукта кыргыз тилинин кең мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдаланган түрдө бир кылка жана туура баяндай алуу тажрыйбасы, баяндалып жаткан ойго таандык болгон тармак боюнча окуучунун билимдеринин кең жана тереңдиги, түзгөн текстинин орфогра­фиялык (орфоэпиялык), стилистикалык сабаттуулук даражасы менен белгиленет. Ошондуктан IX класстын бүтүрүүчүлөрү кыргыз тили предметинен жыйынтыктоочу аттестацияда чыгармачыл баяндама жазышат.

Чыгармачыл баян билим берүүдө баяндаманын татаал түрлөрүнөн бири. Чыгармачыл баян тандалган тексттин мазмунуна окуучунун чыгармачыл мамилеси боюнча баяндаманын башка түрлөрүнөн айырмаланат. Чыгармачыл баян окуучуларды тандалган тексттин көркөмдүк жактан так жана бышык, логикалык жактан ырааттуу, коомдук турмуш жана реалдуулук менен байланышкан түрдө ачып берүүгө, өз алдынча чыгармачыл ой жүгүртүүгө, кыргыз тилинин бай түшүндүрмө каражаттарынан өнүмдүү пайдаланууга үйрөтүү, жазма кеп тажрыйбаларын калыптандыруу жана сабаттуулук даражасын арттыруу, бул жааттагы билим, көнүккөндүк жана тажрыйбаларын аныктоо максатында жазылат.

Чыгармачыл баяндамада көбүрөөк көркөм, руханий-агартуу маселелери, коомдук жана саясий турмуш, илим жана техника жаңылыктары, предметтер аралык байланыш жөнүндөгү темалар жарытылат.

Окуучулар баяндаманын төмөнкүчө түрлөрүнөн пайдаланып чыгармачыл баян жазышат.


  • Текстке көркөм сүрөттөө каражаттарын киргизүү аркылуу чыгармачыл баян жазуу

  • Баштап берилген текстти өз ой-пикирлеринин негизинде улантуу

  • Тексттеги каармандын атын өзгөртүп чыгармачыл баян жазуу

  • Грамматикалык тапшырмалуу чыгармачыл баян

Чыгармачыл баян жазуу жараянында окуучулар төмөнкүлөргө көңүл буруулары зарыл:



  • тексттин мазмун-маанисин терең түшүнүүсү, эмне жөнүндө жазуу керектигин билүүсү;

  • тексттин темасына байланыштуу маалыматтарды эстеп калуусу;

  • тексттин планын (жөнөкөй) түзүүсү;

  • пландын жардамында негизги ойду так, удаалаш баяндалуусуна жетишүү;

  • тексттеги окуя-кубулуштарды өз бетинче иликтеген абалда жарытуусу;

  • темага тиешелүү өзүнүн эркин ой-пикирлерин жазууга жетишүүсү;

  • сүйлөмдөрдү түзүүдө стилистикалык бир кылкалыкка, орфографиялык сабаттуулукка көңүл буруусу;

  • чыгармачыл баяндын каралама нускасы даяр болгондон соң, аны кайра окуп чыгуусу;

  • даяр болгон жазма ишти акка көчүрүүсү.

Баяндаманын тексттери 3 вариантта даярдалат. Ар бир вариантта бирден текст болуп, ар бир текст менен бирге чыгармачыл баян жазуунун бир түрүнүн негизинде тапшырма берилет. Бир окуучу 3 варианттан (конверттен) бирин тандап алат. Тандап алынган конверттеги тексттин темасы доскага жазып коюлат. Чыгармачыл баяндама үчүн берилген тапшырма да доскага жазып коюлат. Мугалим тарабынан чыгармачыл баяндаманын тексти бир (зарылдыгына карай эки) жолу окуп угузулат. Окуучулар уккан тексти боюнча берилген тапшырманын негизинде чыгармачыл баян жазышат. Чыгармачыл баяндын көлөмү жок дегенде 3,5 (үч жарым бет) бет болушу керек. Чыгармачыл баян жазуу үчүн 2 астрономиялык саат берилет. Чыгармачыл баяндын тексттери мугалим тарабынан тандалат жана мектеп методикалык бирикмесинде талкууланып, ажыратып алынат. Андан соң ажыратып алынган материалдар мектеп дирекциясы тарабынан бекитилет.

Жалпы билим берүүчү мектептердин IX класстарында окуучу-лардын билиминин даярдык даражасын баалоонун рейтинг системасы боюнча чыгармачыл баян төмөнкү жалпылаштырылган БКТ элементтеринин негизинде текшерилет жана бааланат:


  • Баяндын текстинин пландын негизинде толук жана ырааттуу жарытылгандыгы –1,5 балл;

  • Cөз, cүйлөм жана фразеологиялык түшүнүктөрдүн орундуу колдонулгандыгы — 1 балл;

  • тексттин кошумча идея жана пикирлер менен толукталгандыгы – 0,5 балл;

  • өз алдынча жана чыгармачыл баяндалгандыгы- 1 балл;

  • орфографиясы жана тыныш белгилеринин туура коюлгандыгы — 0,5 балл;

  • стилистикасы жана жазуусунун талап даражасында экендиги — 0,5 балл;

Баллдар жыйынтыкталып, орточо балл чыгарылат.

Чыгармачыл баян үчүн тексттерден үлгү



УРМАТ СЫЙ АЯЛГА БОЛСУН!
«Көз жарды» дешет жана бекеринен мындай дешпейт. Перзент көрүү жараянында аял караңгы көрдү көрүп кайтат, «же жашоо же өлүм» деп кооп салып турган көпүрөдөн өтөт. Төрөө учурунда аял сөөктөрүнүн кырсылдап сүрүлүп жатканын угуп, эттеринин үзүлүп жатканын билип турат. Жаны көзүнө көрүнүп турса да, врачтардан: «Эмне кылсаңар да баламды тирүү алгыла», – деп өтүнөт! Өзүм эмне болом деш жок! Айтчы, эй адам, урмат-сый ага гана болбостон, дагы кимге болсун?

Буга кошумча, ойчул, акылман бабаларыбыздын баланы ал төрөлбөсүнөн мурда тарбиялай баштоо жөнүндөгү үгүт-насааттарына амал кылуу зарыл. Көп жолу уккан уламышты дагы кайталоодон чарчабайбыз:

Бир киши жаңы төрөлгөн бөбөктү даанышман адамдын алдына алып келип: «Таксыр, баламдын тарбиясын качандан баштайын?» – дейт.

«Балаңдын төрөлгөнүнө канча күн болду?» – дейт даанышман. «Эки айча болду, таксыр», – деп жооп берет ата. «Аттиң, сен кыйла кеч калыпсың, перзент тарбиясын энесинин боюндалыгында башташың керек эле», – деген экен даанышман. (Т.Садыкова)



ТӨРТ ТАЙПАДАГЫ АДАМДАР
Акылмандардын айтканына караганда, адамдар төрт тайпага: акылдууларга, жарым акылдууларга, акылсыздарга жана акмактарга бөлүнүшөт.

Биринчи тайпа бир окуя жүз бербестен мурда андан кутулуу жолун ойлоп иш тутушат. Адамдар акырында жасай турган ишти, алар мурда кылып коюшат.

Экинчи тайпадагылар кырсык болуп калса, өздөрүн жоготуп коюшпайт, андан кутулуу жолун издешет жана ал балээден кутулушат.

Үчүнчү тайпадагылар кокустан бир окуя болуп калса, өзүн жоготуп коюшат, андан кутулуу жолун издөөнүн ордуна, пайдасыз кыйкыруудан нарыга өтпөйт.

Төртүнчү тайпадагылар балээ-каза, көңүлсүз иштер болуусу мүмкүндүгүнө акылдары да жетпейт, жетсе да аракетсиз көңүл бурбай жүрө беришет. Ага каршы чаралар колдоого да зеригишет. Же такыр эч нерсе кылууну каалашпайт. Натыйжада бакыт алардан дайыма качат, иттин акыркы аягы болуп түртүнүп-сүртүнүп жүрө беришет. Мындай адамдар акмак адамдар болуп эсептелет.

ЖАРЫМ АЛМА
Карапайым бир жаш жигит арык суусунан агып келе жаткан алманы тутуп алып, жартысын жеп коёт да, «бул алманын ээси бар чыгаар, мен алманы уруксатсыз неге жедим?» – деп ойлонуп, ээсинен кечирим сураш үчүн айланасын карай баштайт. Бак арасында жүргөн карыяга көрсөтсө, алманын ээси экен. Жаш жигиттин алманын жартысын уруксатсыз жеп койгону үчүн кечирбей: «Буту –колу жок, тили-оозу жок, бечара жалгыз кызымды никеңе алсаң гана кечирем» – деп шарт коёт. Карыя «сулуу, жаш, баатыр, буга көнбөйт» – деп ичинен ойлойт. Бирок жигит бир чети күнөөсүн кечирүүсү үчүн, экинчиден, кудай алдында бечарага жардам берүү үчүн макул борлот. Той түшүп, кызды алып келишсе, ай десе айдай, күн десе күндөй сулуу экен. Жигит «убадабыз башкача болчу, бул кызды албаймын» – деп чатак чыгарат. Анда кыздын атасы сырды мындайча чечмелеп берет:

Тили жок дегеним –

Жаман сөздү айтпайт.

Көзү жок дегеним –

Жамандыкты көрбөйт.

Аягы жок дегеним –

Жатка аягын баспайт.

Ошентип, кыз-жигит үйлөнүп, мезгил жетип уулдуу болушат. Баласы акылдуу чыгып алты жашында хан шайланат. Атасы ошондо «алманын жартысын жебей, бүтүн кайтарганымда, балам үч жашында эле хан болмок экен, аттиң ай!» – деген экен.

Чыгармачыл дил баян үчүн жогоруда берилген тексттерден сырткары төмөндө кошумча темалар сунуш кылынат:
–Өзүмдү сага арнайм, Мекеним

–Улуттук эгемендүүлүк жөнүндө

–Конституция-эгемендүүлүгүбүз тиреги

–Тамчы суу – өмүр булагы (экология проблемасы)

–Касиеттүү динибиз – Исламга сергек көз караш

–Эне – үйдүн куту

–Перзенттин ата-эне алдындагы милдети

–Тил – руханият күзгүсү

–Айылың – ата-энең

–Эң ардактуу жана улуу майрамыбыз – Нооруз жөнүндө

–Илимдүүнүн үнү дайым бийик чыгат

– Эл уулдарынын аты унутулбайт

(Мекен алдындагы ага жана аталардын жасаган эрдиктери жөнүндө).
Жалпы билим берүүчү мектептердин башталгыч баскычын (IV класс) жана VI классын бүтүрүүчү окуучулар кыргыз тили жана адабий окуу (адабият) предметинен баскычтуу текшерүү экзаменин диктант түрүндө тапшырышат. Окуучулардын жазма жумуш жазуусу алардын окуган жана уккан материалдарын кара сөзгө айландыра алуусуна (психологиялык тосмону жеңүүгө) көмөк көрсөтөт, өз алдынча жана эркин, чыгармачылык менен ой жүгүртүүгө үйрөтөт.

Окуучулар жазган тексттин мазмуну алардын төрт жыл бою өздөштүргөн билим, көнүккөндүк жана тажрыйбаларын өз ичине камтып, жалпысынан окуучулардын сабаттуулугун арттыруу менен бирге, билим деңгээлин жогорулатууга, ой жүгүртүүсүн тереңдетүүгө өбөлгө түзүүсү зарыл. Бул максатта мугалимдер 4- класстын окуучуларына жалпы көлөмү 85-95 сөздөн, 6-класстар үчүн 110-120 сөздөн ашпаган диктанттын үлгүлөрүн даярдашат жана ал мектептин методбирикмесинде талкууланып, жетекчи тарабынан бекитилет. Класстан-класска көчүрүү сыноолорун өткөрүү үчүн диктанттардын үлгүлөрү салынган конверттердин бири бир окуучу тарабынан тандап алынат жана диктанттын ошол темасы доскага жазып коюлат. Жардамчы колдонмо катары «Диктанттар жыйнагынан» (А.Юнусалиева, Ташкент, 2009) пайдаланса да болот. Диктанттын кайсы түрүнөн пайдалануу мугалимдин чыгармачыл мамилесине жараша тандалат. Диктантты баалоодо окуучулардын БКТлары 5 балл менен бааланып, алар төмөнкү талаптардын негизинде текшерилет:



  1. Орфографиялык эрежелердин жана талаптардын негизинде жазуу.

  2. Сөз, сөз айкашы жана терминдерден туура, орундуу пайдалануу.

  3. Ташымалдоо эрежелерине амал кылуу.

Мугалим диктантты жогорудагы ар бир пункт боюнча текшерүүсү зарыл. Мында окуучудан төмөнкү шарттарга амал кылуу талап кылынат:


    1. Грамматикалык каталарга жол бербөө.

    2. Тыныш белгилеринен туура пайдалануу.

    3. Стилдик жалпылыкка амал кылуу.

    4. Ташымалдоо эрежелерине амал кылуу.

    5. Таза жана сулуу жазуу.

  • эгерде диктант катасыз жазылган болсо, жогорудагы шарттарга туура келсе 5 балл коюлат;

  • эгерде диктантта 2 грамматикалык, эки пунктуациялык ката болсо, же 1 грамматикалык, 3 пунктуациялык ката же 4 пунктуациялык ката болсо 4 балл коюлат;

  • эгерде диктантта 4 грамматикалык, 4 пунктуациялык, эе 3 грамматикалык, 5 пунктуациялык же 7 пунктуациялык ката болсо 3 балл коюлат;

  • эгерде диктантта 7 грамматикалык, 7 пунктуациялык, же 6 грамматикалык, 8 пунктуациялык, же 5 грамматикалык, 9 пунктуациялык же 8 грамматикалык, 6 пунктуациялык ката болсо 2 балл коюлат;

  • эгерде диктанттын каталары жогорудагы 2 баллдык талаптардан көп болсо 1 балл коюлат.

Сунуш катары диктанттын төмөнкү үлгүлөрүн беребиз.

4-КЛАСС

Алтынайдын жазы

«Менин алгачкы беш көкүл жаштык чагымдын биринчи жазы ушул болду бекен... Жаздын көркү жылдагыдан башкачараактай туюлгансып, бөтөнчө биздин мектеп турган дөбөнүн үстүнөн теребелдин чар тарабы кең ачыла берди. Жогор жагы кырданган, көгала зоокалуу тоолордон баштап, жер кулачын кере, өйдөтөн төмөн карай токтото албай жүгүрүп бара жаткан сымал, каз чабытың канча жетсе, ошончо жибиген, көгүлтүр булоолуу талаа, учу көрүнбөгөн жылтылдаган суулар. Абаны солкулдата кишенеген жылкынын үнү алда кайдан созолоно угулуп, күмүштөнгөн булуттарды аралап, желе тарткан турналар, жүрөк чымырата опкоолжутуп, жер менен үн алышып, белгисиз алыс тарапка жол жүрүүгө чакырып жатышты...» (91 сөз)



6-КЛАСС
Конок күтүү

Уулум, эсиңде болсун, ар күнү бейтаныш адамдарды коноктой бербегин. Күндө конок чакырсаң, конокко көңүлдөгүдөй камылга көрө албайсың. Бир айда канча жолу конок күтүүнү кааласаң, адегенде ошол жөнүндө ойлон. Эгер үч жолу конок чакырууну кааласаң, бир жолу конок чакыр. Мында үч жолу конокко сарпталуучу каржыңды бир жолу сарптайсың. Муну менен дасторконуң дүйүм даамга толуп, ага кине коюучу досторуңдун тили байланып, оозу жабылат.

Коноктор сенин үйүңдүн астанасын аттаар замат бүт үй-бүлөң менен алардын алдынан жайдары тосуп, жылуу сөз менен кабыл ал. Ошондо алар сага чын ыкластан ыраазычылыгын билдиришет. Эгерде бышыкчылык маалы болсо, тамактан мурун жемиш кой. Саамга сабыр кыл, алар жыргап, ырахаттана жешсин. Андан кийин бүтүндөй адамдарды дасторконго отургузуп, өзүң отурбагын, коноктор тартынбай тамактансын.

(113 сөз)



5-КЛАСС АДАБИЯТ


Жалпы билим берүүчү мектептердин V класс окуучулары адабият предметинен класстан-класска көчүрүү боюнча баскычтуу текшерүү экзаменин оозеки тапшырышат. Мында окуучулар адабияттан жыл бою өздөштүргөн окуу материалдары жана буга чейинки чогулткан мектептик жана турмуштук тажрыйбаларына таянып билет суроолоруна жооп беришет. Экзамендин ар бир билети 2 суроодон турат жана алардын биринчиси окуучунун теориялык билимин сыноого, экинчиси негизинен адабият боюнча ээлеген тажрыйбасынын деңгээлин текшерүүгө багытталган.



Баалоонун критерийлери

Окуучулардын оозеки жооптору төмөнкү талаптардын негизинде бааланат:



  1. Берилген жооптун тууралыгы жана толуктугу;

  2. Суралган материалды окуучунун өзү түшүнгөндүгү жана пикирин мисал жана фактылар менен далилдей алуусу;

  3. Так, конкреттүү түрдө жана токтолбой баяндап бере алуусу;

  4. Чыгармагы жана анын каармандарына өзүнүн өз алдынча жана эркин пикирин билдире алуусу;

  5. Чыгарманын окуяларын түшүндүрө жана иликтей алуусу, оозеки речинин ырааттуулугу.

Жооп берүүдө жогорудагы талаптардын ар бири толук аткарылса 1 балл, аткарылбаса 0 балл коюлат.

    • эгерде окуучу берилген суроого толук жана катасыз жооп берсе, аларга мисал жана далилдер келтирсе, оозеки речи жакшы жана өз алдынча пикири болсо 5 балл коюлат;

    • эгерде окуучу эки суроодон бирине толук жана катасыз жооп берип, 2-суроого 1-суроонун деңгээлинде жооп бере албаса, бирок 2-суроого мисал жана далилдер келтире алса, өз алдынча пикири болсо 4 балл коюлат;

    • суроолорго тиешелүү түшүнүгү болсо, бирок аларга карата мисал жана далилдер келтире албаса, өз пикирин эркин билдире албаса 3 балл коюлат;

    • суроолорго тиешелүү таптакыр түшүнүгү болбосо, өз пикирин эркин билдире албаса 2 балл коюлат;

    • окуучунун жообу 2 баллдан төмөн болсо 1 балл коюлат.



Билет №1

  1. Кыргыз эл жомокторунан кайсыларды билесиң?

  2. «Жетим менен сыйкырчы» жомогунун автору ким?



Билет №2


  1. Өзбек эл жөө жомокторунан кайсыларды билесиң?

  2. «Акылдуу дыйкан» жомогун кыскача түшүндүрүп бер.


Билет №3

  1. Дидактикалык чыгармалар деген эмне?

  2. Өзүң окуган, уккан 10 макалды айтып бер.



Билет №4


  1. Макал-лакаптар жөнүндө айтып бер.

  2. «Суусамбыл» жомогуна талдоо жүргүз.


Билет №5

  1. Табышмак менен жаңылмачтын пайдасы эмнеде деп ойлойсуң?

  2. «Ийнелик менен киши» деген калпты жатка айтып бер.



Билет №6


  1. Элдик эпикалык мурастардан санап бер.

  2. ч жаңылмач айт.



Билет №7


  1. «Манас» эпосу кандай бөлүктөрдөн турат? Кенири айтып бер.

  2. «Атадан жалгыз» калпын айтып бер.



Билет №8


  1. Өткүр Хашимовдун өмүрү жана чыгармачылыгы.

Анын «Түш» аңгемеси эмне жөнүндө?

  1. Манастын бала чагынан үзүндү айт.



Билет №9


  1. Аалы Токомбаев ким болгон?

  2. «Жетим менен сыйкырчы» жомогун талдап бер.



Билет №10


  1. Чыңгыз Айтматов ким?

  2. Анын «Бугу Эне» жомогун талдап бер.


Билет №11

  1. Аалы Токомбаевдин кайсы чыгармаларын билесиң?

  2. Анын жомогунан үзүндү айтып бер.



Билет №12


  1. Темиркул мөталиев ким болгон?

  2. «Күч бирдикте» ырынан көркөм окуп бер.



Билет №13


  1. Жалил Садыков ким болгон?

  2. «Энелердин жүрөгү» ыры эмне жөнүндө? Айтып бер.



Билет №14


  1. Молдо Кылыч Шамыркан уулу ким болгон?

  2. «Зилзила» ыры эмне жөнүндө?



Билет №15


  1. Ысак Шайбеков ким болгон?

  2. Анын «Кайран эл» ырын жатка айтып бер.



Билет №16


  1. Токтогул Сатылганов ким болгон?

  2. Анын «Неге кечигет» деген ырын жатка айтып бер.



Билет №17


  1. Сооронбай Жусуев ким?

  2. «Алакан» ырынан үзүндү жаттап, көркөм айтып бер.



Билет №18


  1. Касымалы Жантөшев ким болгон? Анын кандай чыгармалары бар?

  2. «Атадан калган туяк» ангемесине талдоо жүргүз.



Билет №19


  1. Захириддин Мухаммад Бабур—биздин мекендешибиз. Анын рубаилеринен жатка айтып бер.

  2. «Карагул ботом» ырынан кандай жыйынтык чыгардын?



Билет №20


  1. Касымалы Жантөшевдин «Чолпонбай» аттуу чыгармасы эмне

жөнүндө?

  1. Алыкул Осмоновдун «Кыргыз тоолору» ырын жатка айтып бер.



Билет №21


        1. Жоомарт Бөкөнбаев ким болгон?

        2. «Жылан менен бака» ырын көркөм окуп бер.



Билет №22


          1. Алымкул деген ким? «Тоо эчки» ырын жатка айтып бер.

          2. Сенин оюң боюнча мергенчилик кандай кесип?



Билет №23


  1. Мидин Алыбаев эмне үчүн Ала-Тоону «Кереметтүү сен атасың-энесиң» деп айткан?

  2. Ушул ырды жатка айтып бер.



Билет №24


  1. Айбектин өмүрү жана чыгармачылыгы.

  2. «Телибай тентек» чыгармасынан көркөм окуп бер.



Билет №25


  1. Барпы Алыкулов ким болгон? Анын «Жакшы кыз» аттуу чыгармасын жатка айтып бер.

  2. Алишер Наваий жөнүндө айтып бер.




Достарыңызбен бөлісу:




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет