5-класс үЧҮн тарбиялык сабактар



Pdf көрінісі
бет57/72
Дата15.05.2023
өлшемі0.82 Mb.
#473712
1   ...   53   54   55   56   57   58   59   60   ...   72
Тарбиялык сабактар, 5-класс(1)

Суроолор
1. Элдин ыйман -нарк мурасын кандайча түшүнѳсүң? 
2.Кимге кандай мамиледе болуу керек? 
3.Ачуусу келгенде адам ѳзүн кантип тыюуга болот? 
4.Кичүүлѳр сенин эгинзарың дегенди кандайча түшүнѳсүн? 
5. Эгинзарды кантип кыйратып аласың? 
Ыймандуу жана ыймансыз сапаттар 
Ыймандуу сапаттар: 
1.Уяттуулук 
2. Адилеттүүлүк 
3. Кечиримдүүлүк 
4. Токтоолук 
5. Колу ачыктык 
6. Мээнеткечтик 
7. Намыскѳйлүк 
8. Сезимталдык 
9. Сабырдуулук 
10. Мээримдүүлүк 
11. Айкѳлдүк 
12. Чечкиндүүлүк 
13. Кайрымдуулук 
14. Идиректүүлүк 
15. Ишенимдүүлүк
16. Ачык жүздүүлүк


77 
17. Билимдүүлүк
18. Оор басырыктуулук 
19. Ширин сѳздүүлүк 
20. Кичипейилдик
21. Жоомарттык 
Ыймансыз сапаттар: 
1. Кѳп сүйлѳгѳндүк 
2. Жалкоолук 
3. Ойлонбостук
4. Демилгесиздик 
5. Кѳралбастык 
6. Түркѳйлүк 
7. Ыплас сѳздүүлүк 
8. Кызганчаактык 
9. Эки жүздүүлүк 
10. Ачкѳздүк 
11. Бакылдык 
12. Жалганчылык 
13. Заарлык 
14. Ѳзүмчүлдүк 
15. Кекчилдик 
16. Оройлук
17. Ичи тардык 
18. Кѳктүк
19. Абийирсиздик
20. Чагымчылык
21. Ушакчылык 
Талкуу үчүн текст: 
Жаалдуу казы 
Бир шаарда ѳтѳ билимдүү, илимдүү бир казы бар эле. Ал кѳз жумгандан кийин 
атасынын арбагын урматтаган себептүү анын уулу казылык мансабына дайындалды. 
Бирок, ал ѳтѳ жаалдуу, наадан адам эле. Анын ачуулуу экендигине бүтүндѳй тууган-
уруктары уялып, ага илим үйрѳтүү, адептүү, тарбиялуу кылуу үчүн бир мугалимди 
дайындашты. Бир күнү тил сабагында мугалим сүйлѳм талдоодон бир мисал 
келтирип: 
-Уулум, «Ахмат Махмутту урду» деген сүйлѳмдѳ ээси менен баяндоочу кайсы
айтып бергин? - деди. 
Жаалдуу казы ачууланып: 
-Катыгүн, Ахмат Махмутту эмне үчүн урган? Эмнеге эч ким унчукпаган? Бечара 
Махмут келтек жеп кете береби? - деди. 
Мугалим ал түркѳйдүн жаалы келгенине күлүп: 
-Маселе сен ойлогондой эмес. Бул жерде урган дагы, урулган дагы киши жок. Бар 
болгону бул сүйлѳмдүн ээси менен баяндоочун табуу үчүн келтирилген гана жѳнѳкѳй 
бир мисал десе дагы ал аны кабыл албай: 


78 
-Сиз бекер айтыпсыз, азыр адам жиберип, Ахматты таптырып келип, айыбы үчүн 
жаза беремин. Ѳзүңүз: «Ахмат Махмутту урду» деп күбѳлүк берип аласыз дагы, эмне 
үчүн кайра ѳз сѳзүңүздѳн кайтасыз? – дей берди. 
Мугалим ага абдан таңданып мындай деди: 
-Сен жакшылап түшүнчү, «урду» сѳзү акыйкат эмес... 
-Эмне дейсиң, акыйкат эмес дейсинби? Сен Акматтан пара алган окшойсуң. Анын 
тарабына ѳтүп, айыбын жаап жашырмаксыңбы, мен буга кѳнбѳймүн, азыр Ахматты 
таптырып жаза беремин, - деп бечара мугалимди камакка алууга, Ахматты тезинен 
таап келүүгѳ буйруду. 
Ыксыз жаалдануу кеселине кириптер болгон бул казынын тууган-туушкандары 
окуяны угаары менен жетип келишти. Миң машакат тозок менен акыйкат абалды ага 
түшүндүрүп, мугалимди азат кылышты. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   53   54   55   56   57   58   59   60   ...   72




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет