5-класс үЧҮн тарбиялык сабактар


№27 сабак  АТА ЫРААЗЫ – КУДАЙ ЫРААЗЫ!



Pdf көрінісі
бет62/72
Дата15.05.2023
өлшемі0.82 Mb.
#473712
1   ...   58   59   60   61   62   63   64   65   ...   72
Тарбиялык сабактар, 5-класс(1)

№27 сабак 
АТА ЫРААЗЫ – КУДАЙ ЫРААЗЫ! 
Сабактын максаты:
• Ата-энени сыйлоо керек экендигин түшүнүшѳт; 
• Текстти окуп, анын мазмунун түшүнѳ алат; 
• Атанын үй бүлѳдѳгү орду кандай экендигин билишет
• Окуучулар ѳз ойлорун эркин айтууга үйрѳнүшѳт. 
Сабактын жабдылышы: 
Текст боюнча тартылган түстүү сүрѳттѳр, эки ватман, эки маркер (кызыл, кѳк), 
темага байланыштуу таркатмалар ж.б. 
Сабактын ыкмасы: Тыным менен
Сабактын жүрүшү:
Мугалим: 
Балдар, атанын перзентке деген махабаты чексиз. Ошол себептүү ал перзентин 
ѳз сүрѳтүнѳн кѳчүрүлгѳн нуска деп билет. 
Баласы: - Ата, сен мени чын эле жакшы кѳрѳсүңбү? 
Атасы: - Балам, мен сени канчалык деңгээлде жакшы кѳрѳѳрүмдү ѳзүң балалуу 
болгондон кийин гана даанараак түшүнѳсүң! Ошондон бери: «Балам балалуу 
болгондо билээрсиң!» деген лакап келатат. 
Ырасында атанын бул ою туура. Перзент атанын бир мүчѳсү сүрѳтү да, пейил – 
мүнѳзү да ага окшош. Ѳзү каалаган толук илимин перзентине берүүгѳ, аны Ѳзүнѳн 
дагы беделдүү шартка жеткирүүгѳ ата жанын үрѳйт. Ошол максат жолунда ар түрдүү 
машакатка дагы бардаш берет. Перзенти тууралуу калк ичинен: «Тарбия берген 
атасына ырахмат» деген сѳздү укса сүйүнѳт. Перзенти аркылуу кездеген максатына 
жетууну каалайт. Небере - чеберелер кѳрүп, тукумунун андан ары уланышын арзуу 
кылат. Ар бир ата уулунун ыйман - ызааттуу болуп ѳсүшү үчүн осуятын, насаат сѳзүн 
аябайт. Ошондуктан «Атанын сѳзү - акылдын кѳзү» дейт элибизде.
Ата насааты 
Оо, «Ата» деген кандай ыйык, ары улуу сѳз. Ал эми ата болуу андан да мүшкүл. 
Ата - бул эбегейсиз зор дѳѳлѳт, жоопкерчилик, чеберчилик, кылдат мамиленин ээси, 
айбаттуу желек, омоктуу таяныч, акылман кеңешчи. 
1.Уулум, калайыктын ѳзүңѳ кайрымдуу болушун кааласаң, оболу ѳзүң 
калайыкка кайрымдуу бол. 
2. Өз мээнетиң текке кетпѳѳсүн каалабасаң, калайыктын ак мээнетин бекер 
кетирбе, сая кылба. 
3. Абройлуу болууну кааласаң, элпек бол. 
4. Адамдар сени маскарлап күлбѳсүн десең жүрүм-турумуңду оңдогун. 
5. Кадыр-баркың ашсын десең, башкалардын кадыр-баркын билгин. 
6. Кѳпчүлүктүн ѳзүңѳ дос болуусун кааласаң, адамдарга колуң, тилиң менен азар 
кѳрсѳтпѳгүн. 
7.Урмат-сыйга эгедер болууну кааласаң, мүмкүн болушунча мал-мулкүндү 
муктаждардан аябагын. 


83 
8. Телегейи тегиз бир жан болууну арзуу кылсаң, ѳзүңѳ ылайык келбеген бир 
ишти бѳтѳндѳргѳ да ыраа кѳрбѳгүн. 
9.Дилиң ооруп урушууну каалабасаң, ачуулуу, акмак адамдар менен сѳз талашып 
олтурба. 
10.Бейгам болууну кааласаң, кызганчаак болбогун. 
11.Кайгы-азаптан ыраак болууну кааласаң, колундан кеткен нерсеге ѳкүнүү 
менен кайгыра бербегин. 
12.Дос-жоронун кѳбѳйүшүн кааласаң, ачык жүздүү, ширин сѳздүү бол. 
13.Эч кимге кине коюп кек сактаба. 
14.Сырындын ашкере болуусун каалабасаң, досуңа да ооз ачпа. 
Суроолор: 
1. «Балам балалуу болгондо билээрсиң» деген лакапты кандайча 
түшүнѳсүңѳр? 
2. Перзент атанын сүрѳтүнѳн кѳчүрүлгѳн нуска дегенди кандай 
түшүнѳсүңѳр? 
3.«Атанын сѳзү - акылдын кѳзү» деген нуска сѳздү чечмелеп бере аласыңбы? 
4. Атаңарга акаарат келтирген жоксуңарбы? 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   58   59   60   61   62   63   64   65   ...   72




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет