5-класс үЧҮн тарбиялык сабактар


Ой жүгүртүү үчүн суроолор



Pdf көрінісі
бет65/72
Дата15.05.2023
өлшемі0.82 Mb.
#473712
1   ...   61   62   63   64   65   66   67   68   ...   72
Тарбиялык сабактар, 5-класс(1)

Ой жүгүртүү үчүн суроолор
1.Ашымкан байдын жалгыз уулу кандай бала деп ойлойсуңар? 
2. Эмне үчүн баласына жети осуят калтырды? 
3. Бала жети осуятты эмне үчүн сынап кѳрдү? 
4. Жети осуяттын кайсынысы сага ѳзгѳчѳ таасир этти? 
5. Бала хандын аялынын айтканын кылганда эмне болмок? 
6. Жомок эмне себептен «Ата сѳзү» деп аталды, дагы кандайча атаса болот эле? 
7. Калыстык балага кандай таасирин тийгизди? 
Хадис 
Үч кишинин дубасы кайрылбай түз тиет: 
1. Атанын баласына берген дубасы
2. Жапа чеккен адамдын залимге берген каргышы
3. Мусапырдын (сапардагы адамдын) батасы. 
 
 
 
Нуска сѳздѳр 
Ата ыраазы - Алла ыраазы.
Атанын сынына тол. 
Ата - балага сынчы. 
Атанын нааразылыгынан, каргышынан корк. 
Атанын каргышы-ок. 
Адамзаттын жүгү - атанын мойнунда. 
Элден 
Үйгө тапшырмалар: 
1. Хадистин маанисин чечмелегиле. 
2. Нуска сѳздѳрдү окуп, класста талкуу жүргүзгүлѳ. 
3. Атанын улуулугун даңазалаган элдик уламыштарды таап, класста 
талкуулагыла. 


86 
№28 сабак 
ЭНЕ СҮТҮН КАНТИП АКТАЙБЫЗ? 
Сабактын максаты:
• Ата-энени сыйлоо керек экендигин түшүнүшѳт; 
• Текстти окуп, анын мазмунун түшүнѳ алат; 
• Эненин үй бүлѳдѳгү орду кандай экендигин билишет
• Окуучулар ѳз ойлорун эркин айтууга үйрѳнүшѳт. 
Сабактын жабдылышы: 
Текст боюнча тартылган түстүү сүрѳттѳр, эки ватман, эки маркер (кызыл, кѳк), 
темага байланыштуу таркатмалар ж.б. 
Сабактын ыкмасы: Багыттап окутуу 
Сабактын жүрүшү:
Муз жаргыч 
Мугалим: 
Окуучум, сенин ыймандуулугуң ата-энеңдин сыймыгы. Ата-энеңден алган 
мыкты тарбияңды коомго кѳрсѳтүң, сабакты мыкты окушуң, элпектигиң, эл оозуна 
алынгандыгың, акылы тетик чыгаан эл инсаны болгондугуң эне сүтүн актоого 
кошкон зор үлүшүң. 
Кандай учурда уул-кыз эне сүтүн актай алат? - деген суроого тѳмѳндѳгү 
окуялардан жооп издеп кѳрѳлү. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   61   62   63   64   65   66   67   68   ...   72




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет