5-класс үЧҮн тарбиялык сабактар



Pdf көрінісі
бет60/72
Дата15.05.2023
өлшемі0.82 Mb.
#473712
1   ...   56   57   58   59   60   61   62   63   ...   72
Тарбиялык сабактар, 5-класс(1)

Суроолор
1. «Ата-энеңди сыйласаң ѳз балаңдан сый кѳрѳсүң» дегенди кандай түшүнѳсүң? 
2. Куранда эмне үчүн ата-энеге «ѳх» деп үшкүрбѳгүлѳ дейт? 
3. Аңгемедеги атасын тоого таштаганы барган жигитке баласынын сѳзү 
кандай таасир берди? 
Талкуу үчүн «Ѳлүмдѳн куткарган жакшылык» тексти тыным менен окулат. 
Окуучуларга алгач тѳмѳнкү суроо берилет:
- Ѳлүмдѳн кандай жакшылык куткарат деп ойлойсуңар? Текстте ѳлүм менен 
жакшылыкка байланышкан кандай окуя баяндалат деп ойлойсуңар? 
Андан соң, чыгарманын биринчи бѳлүмү кѳрктүү окулат. 
1-бѳлүм 
Үч киши жолго чыгышты. Узак жол жүрүшүп, түнѳп калыш үчүн бир үңкүргѳ 
киришти. Таң атканда жол уламак болушту. Капысынан тоодон бир таш кулап түшүп 
үңкүрдүн оозун тосуп калды. Ал үч адам: 
-Эми сырткы дүйнѳ менен байланышыбыз жок. Бизди бул жерден ким куткарат. 
Келгиле азыр ар бирибиз жасаган кайырлуу иштерибизди эстеп жараткандан
жардам сурайлы? - дешти.
Окулган текстти окуучулар кайталап айтып беришет. Мындан кийинки окуя
кандай болоору жѳнүндѳ божомолдорду айтышат. Экинчи бѳлүм окулат. 
2-бѳлүм 
Алардын бири: 
-Эй Жараткан! Менин ѳтѳ карып калган ата-энем бар эле. Аларга жедирип-
ичиргендей, эч кимге жедирип-ичирбес элем. Бир күнү отун алуу үчүн тоого бардым. 
Келсем алар катуу уктап жатышкан экен. Келип алардын тамактарын даярдадым
бирок ойготподум. Алардын ойгонушун күттүм. Балдарымдын курсактары ачып 
тамак сурай башташты, бирок ата-энемден мурун аларды тамактандырбадым. Ошол 
убакта алар ойгонушуп, тамактанып, сүт ичишти. Эй Жараткан! Эгер ушул ишимди 
сенин ыраазычылыгың үчүн кылган болсом, бул туткундан бизди куткар. Ата-энемди 
сыйласам, кийин ѳз баламдан сый кѳрѳм дегенде үңкүрдүн оозундагы таш сүрүлүп 
жарык кѳрүндү. 
Берки эки адам да кылган жакшы иштерин эстеп Жараткандан суранды эле таш 
биротоло сүрүлүп үңкүрдүн оозу ачылды. Алар бул балакеттен кутулушту. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   56   57   58   59   60   61   62   63   ...   72




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет