5-класс үЧҮн тарбиялык сабактар


№26 сабак  АТА-ЭНЕҢДИ СЫЙЛАСАҢ



Pdf көрінісі
бет59/72
Дата15.05.2023
өлшемі0.82 Mb.
#473712
1   ...   55   56   57   58   59   60   61   62   ...   72
Тарбиялык сабактар, 5-класс(1)

№26 сабак 
АТА-ЭНЕҢДИ СЫЙЛАСАҢ,
ѲЗ БАЛАҢДАН СЫЙ КѲРѲСҮҢ 
Сабактын максаты:
• Ата-энени сыйлоо керек экендигин түшүнүшѳт; 
• Текстти окуп, анын мазмунун түшүнѳ алат; 
• Тексттеги каармандар жѳнүндѳ айтып бере алат
• Окуучулар ѳз ойлорун эркин айтууга үйрѳнүшѳт. 
Сабактын жабдылышы: 
Текст боюнча тартылган түстүү сүрѳттѳр, эки ватман, эки маркер (кызыл, кѳк), 
таркатмалар (темага байланыштуу залкар ойлор), ж.б. 
Сабактын ыкмасы: Тыным менен окутуу 
Сабактын жүрүшү: 
Мугалим: 
«Ата - аскалуу тоо, эне - анын боорундагы булак, бала - экѳѳнѳ тең жанып турган 
шам чырак» бул ар бир инсандын жүрѳгүнѳн түнѳк тапкан нарктуу нуска. Окуучум, 
бул нуска сенин да жүрѳгүңдѳн түнѳк табышын каалайм. Эй, сүйүктүү уул 
кыздарыбыз! Силердин бул жарык дүйнѳгѳ келишиңерге себепкер болгон
тарбиялап ѳстүргѳн ата-энелердин сүт акысын эч бир кемчиликсиз актагыла. 
Мээримдүү бѳпѳлѳѳсүнүн акыбетин кайтаргыла, ѳмүр бою аларга ак кызмат кылып, 
алардын ыраазылыгын алгыла. Ачык айтып, ак сүйлѳп, алардын дилин оорутуудан 
сактангыла. Аларга болгон урматтоолорду ширин тил менен, таза эмгегиңер менен 
кѳрсѳткүлѳ. Алардын силерге айткан нускалуу насааттарын ак дилден кабыл алып, 
ѳз ишиңерге туура пайдалангыла. Алардын турмушунан ар дайым кабардар болуп, 
ырахаттуу ѳмүр кечирүүңѳрдү арзуу кылат. Ошон үчүн алардын айтканына ыкрар 
койгула. Силер ата-энеңерге кандай мамиле кылсаңар, кийинчерээк бала-чакаңардан 
дал ошондой мамилени кѳрѳсүңѳр. Дегеним, алар силерден ѳрнѳк алат. Дал ушуну 
эсиңерден чыгарбагыла. Айрым учурларда ата-энеңер силерге катуу сүйлѳп коюшу 
мүмкүн. Мындай учурда акырындык, кичипейилдик менен мамиле жасагыла. Катаал 
мамиле жасап алардын мээримге толгон дилин оорутпагыла. Ата-энеңердин 
нускалуу кеңештерин дилге тутпай туруп, алардын ыраазылыгын албай туруп эч бир 
ишке киришпегиле. 
Окуучум, ата-эненин тилин албай, аларды нааразы кылуу ыймансыздык иш. 
Кудай таала андай балдарга аябай ачууланат. Куранда да «Ата-эненин буйругуна «ѳх» 
деп үшкүрбѳгүлѳ», - деген аят бар. 
Бир жигиттин аялы аябай начар болуп, жигитти күнүгѳ уруша берип, акыры 
карыган атасын тоого алып барып таштоого мажбур кылат. Жигит атасын арабага 
салып алып барып тоого таштап, кайтып келатса, кичинекей баласы андан: «Ата эмне 
үчүн сиз чоң атамды таштап кеттиңиз?» - дейт. Атасы: «Балам, ал картайып эч нерсеге 
жарабай калды. Эми анын кереги жок» - дейт. Анда баласы: «Ата, сиз да ушундай 
картайып, керегиңиз жок болуп калганда, мен сизди ушул жакка таштап кетемби?» - 
деп сурайт. Ошондо жигит туура эмес иш кылганын билип, атасын кайра алып келген 
экен. 


80 
Окуучум, эл оозунда айтылып жүргѳн «Ата-энеңе кандай мамиле кылсаң, кийин 
ѳз балаңдан да ошону кѳрѳсүң» деген сѳздүн канчалык деңгээлде чындык экендигин 
жогорудагы аңгемеден байкоого болот. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   55   56   57   58   59   60   61   62   ...   72




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет