5-класс үЧҮн тарбиялык сабактар


Ой жүгүртүү үчүн суроолор



Pdf көрінісі
бет70/72
Дата15.05.2023
өлшемі0.82 Mb.
#473712
1   ...   64   65   66   67   68   69   70   71   72
Тарбиялык сабактар, 5-класс(1)

Ой жүгүртүү үчүн суроолор
1.Алтын табылаардан мурун бир туугандардын мамилеси кандай эле? 
2.Аларда ынтымактуулук бар беле? 
3. Алардын ѳлүмүнѳ ким айыптуу? 
4.Үч бир туугандын кайсынысын ыймандуу деп эсептейсиңер? 
Нуска сѳздѳр 
Биз жакшылыкты билсин деп айтпайбыз,
Жакшы адам болсун деп айтабыз. 
Аристотель 
Жамандыкты чын ниети менен жек керген адам гана жакшылыктын кадырына 
жете алат. 
Ф.Шиллер 
Күн асмандын нур чачкан кѳркү болсо,
Абийир адамдын нурданган кѳркү. 
Д.Бокаччио 
Үйгө тапшырмалар
1. «Күч бирдикте» жомогунун негизинде сүрѳт тартып, негизги маанисин 
сүйлѳп бергиле. 
2. Үй-бүлѳ жѳнүндѳ дилбаян жазып ага тема койгула. 
3. Нуска сѳздѳрдү окуп, класста талкуулагыла. 


92 
№30 сабак 
КАЙРЫМДУУЛУК 
Сабактын максаты:
• Орозо, кайрымдуулук жѳнүндѳ түшүнүк алышат; 
• Текстти окуп, анын мазмунун түшүнѳ алат; 
• Кайрымдуулуктун мааниси кандай экендигин билишет; 
• Окуучулар ѳз ойлорун эркин айтууга үйрѳнүшѳт. 
Сабактын жабдылышы: 
Текст боюнча тартылган түстүү сүрѳттѳр, эки ватман, эки маркер (кызыл, кѳк), 
темага байланыштуу таркатмалар ж.б. 
Сабактын ыкмасы: Багыттап окутуу 
Сабактын жүрүшү:
Мугалим: 
Кылым карыткан кыргыз элинин эзелтеден эле жараткандан ырайым күтүп, 
жакшылык тилеп, бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарган ынтымак, каада-салты 
калайман калкты бириктирип келген. Элдин рухий дүйнѳсүн байыта турган элден 
бата алуу, орозо айында ооз ачыруу, түлѳѳ ѳткѳрүү жана кайрымдуулук салттары 
болгон. 
Орозо жѳнүндѳ түшүнүк 
Орозо айт мединалыктардын «Ямун нируз» деген майрамынан келип чыккан. 
Анткени ал майрамды Мухаммед пайгамбар Меккеден Мединага барганда ѳз кѳзү 
менен кѳрүп күбѳ болгон. Ошондо ал Алла Тааладан аталган майрамдардан да жакшы 
бүт мусулмандардын энчисине айлана тургандай майрамды ѳткѳрүү үчүн буйрук 
алат. Ошондуктан орозо айтты мусулмандардын ыйык майрамына айландырат. 
Мусулмандар байыртадан эле бийик мунараларга, тоолорго чыгышып, айдын 
жаңырышына, кѳрүнүшүнѳ, батышына байкоолорду жүргүзүшүп, ай календарын 
пайдаланып келишкен. Ошондуктан орозо (Хижра) ай календарынын тогузунчу 
айында - 30 күн, кээ бир жылдары 29 күн кармалган. Ошону менен бирге орозо жыл 
сайын он эки күнгѳ сааттын жебесине, европалык календарга каршы жылып турат. 
Орозо тутуу ар бир мусулман адам үчүн эң бир ыйык парз болгон. Анын негизги 
максаты - соопчулук, ыйманды тазартуу, адамгерчиликке, эрктүүлүккѳ тарбиялоо, 
жаман адаттардан сактоо, денени чыңдоо, оору-сыркоолордон (денедеги ашыкча 
туздардан, муундардагы суулардан арылтууга ж.б. оорулардын) айыгышына 
багышталган. Орозону мусулмандар он эки жашынан баштап кармашкан. Орозо 
тутуудан жаш наристелер, бѳбѳктѳр, боюнда бар жана жаңыдан тѳрѳгѳн аялдар, катуу 
оорулуу адамдар бошотулган. 
Байыртадан эле элибизде «бүгүн шек, эртең тек» деген ылакап айтылат. Ал 
орозо кармаардын биринчи күнүнѳ карата айтылган. Анткени ал күндү эл шектик 
(арапа) - кулпулоо дешкен. Ошол күнү орозо тута турган адамдар сур эт кошулган аш 
бастырат. Аны кечинде намаз шамда коңшу-колоңдорду чакырып жешет. 
Орозо кармаганда ооз бекитмей, ачмай деген салттуу кеп айтылат. Орозо туткан 
адам жерге кыймыл кире электе, болжол менен айтканда сааркы тѳрттѳ турат. Оболу 
ал оозун ачаар алдында туздан даам татып, суудан үч ууртайт. Туз даам татымды 
келтирет, суу болсо ашказанды тазалап, тамактын жакшы сиңишине таасир этет. 


93 
Орозо кармаган адам ѳзүнүн эркин, күчүн сынайт. Эреже боюнча ал бирѳѳлѳр 
менен кѳңүлүн калтырып урушпоосу, акаарат кылып сѳкпѳѳсү, жаман иштерди 
жасабоосу зарыл. Орозо айында чабышкан уруулар, элдер, чатакташкан адамдар 
бири-биринен кечирим сурашып достошушкан жана бир туугандардай болушкан. 
Орозонун ыймандык, адептик күчү да ошондон кѳрүнгѳн. Орозо күндѳрүндѳ 
карыялар чогулуп таравага отурушкан. Ага аялдар да катышкан. Бирок, алар 
эркектерден тѳмѳн босого тараптан орун алышкан. 
Орозо учурунда молдолорго битир берилген. Алар элден жыйналган пулду 
(каражаттарды) тек гана багар-кѳрѳрлѳрү жок жетим-жесирлерге, балдарга 
соопчулук үчүн бѳлүп беришкен. 
Орозо айында үй-бүлѳдѳгү эркектердин санына жараша тѳрт түлүк малдан зекет 
берилген. Маселен кырк койлуу адамдан бир кой, ал эми бодо малдардын саны үй-
бүлѳдѳ жашагандардын санынан ашып кетсе, зекетке бир кара берилген. 
Орозонун тогузунчу күнү бүтүп, ай жаңырганда айтка даярдык кѳрүлѳт, үйлѳр 
акталып, короо жайлар тазаланат. Ар бир адам айт күнүнѳ кие турган сыйлуу 
кийимдерин даярдашат. Эртең айт деген күнү ар бир бүлѳѳ боорсок бышырып, 
даамдуу жакшы тамактарды камдашат. Бул күндү эл ай башы дешкен. Ошол күнү ага-
туугандар, коңшу-колоңдор бири-бирин чакырышып тамак ичишет. Баса, айтка 
карата негизинен жаш малдар союлат. 
Орозо айт соопчулук менен кайрымдуулуктун айты болгон.


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   64   65   66   67   68   69   70   71   72




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет