5-класс үЧҮн тарбиялык сабактар


Ой жүгүртүү үчүн суроолор



Pdf көрінісі
бет69/72
Дата15.05.2023
өлшемі0.82 Mb.
#473712
1   ...   64   65   66   67   68   69   70   71   72
Тарбиялык сабактар, 5-класс(1)

Ой жүгүртүү үчүн суроолор
1. Жолоочу эмне үчүн ѳзүн мусаапыр деп ойлойт? 
2. Эмне үчүн жолоочунун биринчи кирген үйдѳгү эркек жакшы кабыл албады 
деп ойлойсуңар? 
3. Мусаапыр биринчи эле үйдѳн кетпей койсо эмне болмок? 
4.Үй-бүлѳдѳгү бир туугандардын тарбиясы кийин турмушта ѳз таасирин 
тийгизет деген ойго кандай карайсыцар? 
5.Жолоочу экинчи үйгѳ конгондо эмне үчүн жылмайды деп ойлойсуңар? 
6. Үй ээсинин жолоочуга берген жообунан эмнени түшүндүңѳр? 
Талкуу текст: 
Ачкѳздүк – душмандык 
Үч ага-ини сапарга чыгышты. Биябандуу чѳлдѳ бара жатышып жолдон бир 
кѳзѳнү таап алышты. Кѳзѳнүн ичи алтынга толо экен. Күтүлбѳгѳн жерден колго 
кирген бул байлык бир туугандарды курсант кылды. Бул казынаны тепе-тең, үчкѳ 
бѳлѳлү, ар ким ѳз үлүшүнѳ ыраазы болсун деп бир чечимге келишти. 
Алтындарды бѳлүштүрүүдѳн мурда, тамактанып бир азыраак дем алмакчы 
болушту. Алардын кенжеси тамак алып келүү үчүн ошол жерге жакын бир кыштакка 
беттеп кетти. Тамак күтүп олтурган агаларынын ниети бузулду. Улуу агасы ортончу 
инисине мындай деди: 
-Кенжебизди эмнеге алтынга шерик кылабыз. Аны ѳлтүрүп, алтындарды ѳзүбүз 
бѳлүп алсак болбойбу? 
Иниси анын сѳзүн макул кѳрдү. Кенже иниси келери менен аны ѳлтүрүүнү 
чечишти. 
Тамак алып келүүгѳ кеткен кенже инисинин да ниети бузулду. Ал дагы эки 
агасын ѳлтүрүп, бардык алтындарды ѳзүнѳ алып калмакчы болду. Ошол максатта ал 
тамакка уу аралаштырды. Аны күтүп олтурган агаларынын алдына тамакты алып 
келип койду. 
Агалары тезинен аны басып жыгылышып муунтуп коюшту. Кенже инисин 
жайлап кѳңүлдѳрү жай болгон соң, экѳѳ олтуруп тамакты жакшы ырахат менен 


91 
жешти. Кѳп убакыт ѳтпѳй эле курч уу ѳз таасирин кѳрсѳттү, экѳѳ эки тарапка сулап 
жан беришти. 
Ошентип, ачкѳздүк, дүнүйѳ-мүлккѳ кѳз артуу үч бир тууган ага-инини тындым 
кылды. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   64   65   66   67   68   69   70   71   72




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет