5-класс үЧҮн тарбиялык сабактар



Pdf көрінісі
бет71/72
Дата15.05.2023
өлшемі0.82 Mb.
#473712
1   ...   64   65   66   67   68   69   70   71   72
Тарбиялык сабактар, 5-класс(1)

Талкуу үчүн текст: 
Эң жакшы жыргал 
Бир падыша ѳз увазири жана ѳзүнүн эң жакшы кызматчысы менен маектешип 
олтурган. Сѳздѳн сѳз чыгып увазири падышадан: 
-Эмнеден эң жакшы жыргал аласыз? - деп сурады. Падыша мындай деп жооп 
берди: 
-Мен эң жумшак кийимдерди кийдим, даамдуу тамактарды жедим. Эң тунук 
шербеттерди ичтим, бирок булардын эч бири мени жыргата албай койду. Ѳмүрүмдүн 
ушул доорунда тунук, таза абада дем алуу, бир чыны муздак жана тунук суу ичүү, бала-
чакаларымдын тегерегимде чарк-кѳлѳлѳк болуп жүрүүлѳүн кѳрүү - эң жакшы 
жыргалым. Ошондон кийин падыша дагы увазирине дал ушундай собол берди. 
Увазир айтты: 
-Мархамат кылып берген багыңызда ѳмүр кечирүү мен үчүн эң жакшы жыргал 
эмеспи! 
Увазиринин жообун уккандан кийин падыша маектешип олтурган эң жакын 
кызматчысына дагы дал ошондой собол берди. Кызматчысы мындай деди: 
-Менин ала турган жыргалым силердикинен караманча башкача. Кандай 
жыргал дебейсиздерби? Мына угуңуздар, дыкат коюп, кулак салыңыздар. Жетим-
жесирлерге, муктаждарга колдон келишинче жардам берүү, жалпысынан баарына 
жакшылык кылуу мен үчүн эң жакшы жыргал. Бул жыргал калайык кѳңүлүнѳ ыр 
тартуулаган, акындар тарабынан макталган, баарына макул жана тѳп келген эң 
жакшы жыргал. 
Падыша кызматчысынын сѳздѳрүн угаары менен, ордунан туруп Увазирине: 


94 
-Бүгүнкү маегибиз жетишет, кетели, бул кызматчым ак сѳздѳрү менен сени дагы, 
мени дагы туткун кылды, -деди. 
Ойжүгүртүү үчүн суроолор: 
1.Падышанын айткандарын эң жакшы жыргал деп айтууга болобу, эмне үчүн? 
2.Увазирдин айткан жыргалдарын кандайча түшүндүң? 
3.Кызматчынын айткандарын кайрымдуулуктун үлгүсү деп айтууга болобу, 
эмне үчүн? 
4.Эмне үчүн кызматчы ал экѳѳнү ѳз сѳздѳрү менен туткун кылды? 
5.Бул ибараттуу окуядан эмнени түшүндүң? 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   64   65   66   67   68   69   70   71   72




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет