Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчету Киришүү


Акча-кредиттик саясаттын негизги көрсөткүчтөрү



бет3/19
Дата23.02.2016
өлшемі1.52 Mb.
#11437
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   19

Акча-кредиттик саясаттын негизги көрсөткүчтөрү

(мезгилдин аягына карата)




Көрсөткүчтөрдүн аталыштары

Өлчөө бирдиги

2014-жылдын көрсөткүч-төрү

2013-жылдын көрсөткүч-төрү

Абсолют-тук өзгөрүү

(+, -)

Мезгил ичиндеги өсүш темпи (+/-) %

Акча базасы

млн сом

64471,9

73139,4

-8667,5

-11,9

Жүгүртүүдөгү акчалар

млн сом

57074,6

66954,2

-9879,6

-14,8

Банктардан тышкары акчалар (М0)

млн сом

51904,1

61907,2

-10003,1

-16,2

Акча массасы (М2)

млн сом

82386,4

90962,7

-8576,3

-9,4

Акча массасы (М2Х)

млн сом

124544,4

120903,4

3641,0

3,0

М2Х камтылган депозиттер

млн сом

72640,20

58996,2

13644,0

23,1

Экономикага кредит

млн сом

82148,3

57191,1

24957,2

43,6

Алмашуу курсу

сом/АКШ доллары

58,8865

49,2470

9,6395

19,6

Эл аралык резервдер. 2014-жылдын 31-декабрына карата эл аралык резервдердин көлөмү 1957,6 млн АКШ долларын түздү, 2014-жылдын башынан бери 280,8 млн АКШ долларына, же 12,5 %га кыскарды.

Эл аралык резервдин курамына төмөнкүлөр кирет: алтындагы активдер, карыз алуунун атайын укуктары жана чет өлкөлүк валютанын портфели. Эл аралык резервдердин валюталык портфели төмөнкүлөрдү ичине камтыйт: АКШ долларын, еврону, швейцария франктарын, англис фунттарын, австралия жана канада долларларын, япон йенин, россия рублин, кытай юанын, сингапур долларын, ошондой эле норвегиялык жана швециялык крондор.

2014-жылдын башынан берки аралыкта дүң эл аралык резервдердин көлөмүнө төмөнкүлөр таасирин тийгизди: Улуттук банктын өлкөнүн ички рыногунда жүргүзгөн валюталык операциялары; эл аралык резервдерди башкаруудан алынган кирешелер; эл аралык резервдердин курамына кирген валюта курстарынын өзгөрүүсү; баалуу металлдарга баанын өзгөрүүсү; Кыргыз Республикасынын ички рыногунда алтынды сатып алуу боюнча операциялар; Кыргыз Республикасынын тышкы милдеттенмелери боюнча төлөмдөр; Кыргыз Республикасынын пайдасына валюта каражаттарынын келип түшүүсү.

10-таблица

Эл аралык резервдер

(млн АКШ долл.)



Көрсөткүчтүн аталышы

2013-жыл

2014-жыл

2014-жыл өзгөрүүлөр

АКШ долл.

%

Дүң эл аралык резервдер

2238,4

1957,6

-280,8

-12,5

2014-жылы жеке адамдардын акча которууларынын таза агымы 1811,9 млн АКШ долларын түздү, 2013-жыл менен салыштырганда 5,1 %га азайган (2013-жылы 1908,2 млн АКШ долларын түзгөн). Мында, мурункудай эле келип түшкөн которуулардын негизги салыштырма салмагы Россия Федерациясына тиешелүү (96,7 %).


1.1.4 Банк системасынын өнүгүү тенденциялары
2014-жылдын 31-декабрына карата Кыргыз Республикасынын аймагында (Пакистандын Улуттук банкынын Бишкектеги филиалын кошо алганда) 24 коммерциялык банк жана коммерциялык банктардын 293 филиалы иштеп турган.

Банк секторунун суммалык активдери жыл башынан тартып 23,9 %га көбөйүп, 137,6 млрд сомду түздү.

Банк секторунун жалпы депозиттик базасы (банктарга депозиттерин жана башка финансы-кредиттик мекемелерге берилген кредиттерди эсепке албаганда) 77,9 млрд сомду түзүп, жыл башынан бери 22,1 %га жогорулады, анын ичинен:

- юридикалык жактардын депозити 33 млрд сомду түзүп, жыл башынан бери 23,7 %га өстү;

- жеке жактардын депозити 34,6 млрд сомду түзүп, жыл башынан бери 22,1 %га өстү;

- бийлик органдарынын депозиттери 6,2 млрд сомду түзүп, жыл башынан бери 3,6 %га өстү;

- резидент эместердин депозити 4,0 млрд сомду түзүп, жыл башынан бери 48,7 %га жогорулады.

2014-жылдын 31-декабрына карата банк секторлорунун кредиттик портфелинин көлөмү (банктарга жана башка финансы-кредиттик мекемелерге берилген кредиттерди эсепке албаганда) 78,6 млрд сомду түзүп, жыл башынан бери 45,9 %га жогорулады (2013-жылдын аягында 54,0 млрд сомду түзгөн).

2014-жылдын 31-декабрына карата банк секторлорунун таза суммалык капиталынын көрсөткүчтөрү 21,8 млрд сомду түзүп, жыл башынан бери 17 %га жогорулады (2013-жылдын аягында 18,7 млрд сомду түзгөн).

2014-жылдын 31-декабрына карата банк секторунун капиталына чет өлкөлүк катышуулардын үлүшү 35,8 %ды, же банк секторунун уставдык капиталына төлөнгөндөрдүн 4,0 млрд сомун түздү.

Банк секторунун активдеринин кирешелүүлүгү (RОА) 2,6 %ды (2013-жылдын 31-декабрында 2,8 %ды), ал эми салынган капиталдын кирешелүүлүгү (RОЕ) 18,7 %ды (2013-жылдын 31-декабрында 18,0 %ды) түздү.

Финансылык ортомчулуктун жалпы деңгээли (активдер/ИДП) 34,6 %ды (2013-жылдын аягында - 31,7 %ды) түздү.

2014-жылдын 31-декабрына карата банк сектору жалпысынан
3,2 млрд сом өлчөмүндө таза пайда алган.
1.2 Реалдуу сектордун өнүгүүсү
1.2.1 Агрардык сектор жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу
Агрардык сектор өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун жана элди иш менен камсыздоодо негизги сектор боюнча калууда (жумуштуулуктун үлүшү 31,7 %). Экономиканын бул тармагында ИДПнын дээрлик 15 %ы түзүлөт (2014-жылдын жыйынтыгы боюнча), бул кайра иштетүү ишканаларын чийки зат ресурстары менен, ал эми калкты тамак-аш азыктары менен камсыздап турууга мүмкүндүк берет.

2014-жыл республиканын бардык категориядагы чарбаларында айыл чарбасынын, токой чарбасынын жана балык чарбасынын дүң продукциялары 194,4 млрд сомго өндүрүлгөн жана реалдуу түрдө алганда 0,6 %га төмөндөгөн.

ИДПны түзүүдө айыл чарбасынын терс салымы 0,09 пайыздык пункттун деңгээлинде бааланат, анын ИДПнын өндүрүштүк түзүмүндөгү салыштырма салмагы 2013-жылга салыштырганда 0,2 пайыздык пунктка көбөйүп, 14,8 %ды түздү.

2014-жылы айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүүнүн көлөмүнүн 2013-жылга салыштырганда төмөндөшү өсүмдүк продукцияларын өстүрүүнүн 4,6 %га олуттуу кыскарышы менен байланыштуу (терс салымы (-) 2,3 п.п. деңгээлинде бааланууда), ошол эле учурда мал чарбачылыгында өсүш темпи 3,5 %га жогорулады (айыл чарбасын өнүктүрүүдө оң салым


1,7 п.п. түзүлдү).

Айыл чарба өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндө мал чарбачылыгындагы продукциянын үлүшү 47,5 %ды (92,2 млрд сомду), өсүмдүк өстүрүү - 50,6 %ды (98,4 млрд сомду), токой чарбасы - 0,1 %ды, балык уулоо - 0,1 %ды жана кызмат көрсөтүү - 1,7 %ды түздү.



12-таблица

2013-2014 -жылдарда айыл чарба, токой чарба жана балык уулоо

продукцияларын өндүрүү


Көрсөткүчтүн аталышы

2013-жыл

иш жүзүндө

2014-жыл

баштапкы иш жүзүндө

2014-жыл 2013-жылдан

четтөөсү

(+,-)

2014-ж.

күтүүлөр

(№469 токтом)

2014-жыл 2014-жылга күтүүлөр-дөн четтөөсү

(+,-)

Айыл чарбасы, токой чарбасы жана балык уулоо, млн сом

171695,6

194394,6

22699,0

188084,3

6310,3

Өсүш темпи, %

102,7

99,4

-3,3

100,8

-1,4

анын ичинен:
















өсүмдүктөрдү өстүрүү, млн сом

86 221,6

98354,4

12132,752

96932,7

1421,7

өсүш темпи, %

104,8

95,4

-9,4

100,3

-4,9

мал чарбасы, млн сом

81 676,2

92264,7

10 588,5

87542,3

4722,4

өсүш темпи, %

101,1

103,5

2,4

101,6

1,9

кызмат көрсөтүүлөр, млн сом

3 467,5

3445,3

-22,2

3307,5

137,8

аңчылык, млн сом

8,8

8,8

0,0

8,2

0,6

токой чарбасы, млн сом

256,4

256,4

0,0

229,7

26,7

балык уулоо, млн сом

65,0

65,0

0,0

63,9

1,1


Маалымат үчүн: айрым өлкөлөрдө айыл чарба өндүрүшүндөгү өсүү темпи: Россияда 3,7 %га, Казакстанда 0,8 %га, Кытайда 2,1 %га, Белоруссияда 3,1 %га.

2014-жылы айыл чарбасындагы, токой чарбасындагы жана балык уулоодо өндүрүштүн күтүлгөн деңгээли 100,8 %га жеткен жок жана иш жүзүндө 1,4 пайыздык пунктта аз болду.

Айыл чарбасын өнүктүрүүгө оң да, терс да таасирлерин тийгизген негизги факторлор төмөнкүлөр болду:

- айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн жагымсыз жаратылыштык-климаттык шарттар (жаздын кеч келиши, буга байланыштуу жазгы талаа иштери бир айга кеч башталды; кургакчылык жана сугаттын жоктугу, суунун аз болушу, бул түшүмдүүлүктүн азайышына себеп болуп, дыйканчылыкта өсүш темпин азайтты (2013-жылга салыштырганда бул көрсөткүч 9,4 пайыздык пунктка аз болду);

- фермерлерге жеңилдетилген кредиттерди берүүнүн улантылышы (алты банк тарабынан жалпы суммасы 5,3 млрд сом кредит берилди), дыйкандарга лизинг менен айыл чарба техникалары берилди (Европалык өнүктүрүү банкынын эсебинен жалпы суммасы 20 млн АКШ доллары турган 243 трактор, анын ичинде 9 трактор КЭР гранты боюнча, 84 трактор Түркиянын кредити боюнча, 55 трактор «Айыл Банк» ААКнын Кытай мамлекеттик өнүгүү банкы менен коммерциялык долбоорунун негизинде жана 21 трактор Евразия экономикалык союзунун кредити боюнча) жана материалдык резервдин эсебинен КММ, минералдык жер семирткичтер бөлүнгөн;

- дыйкандар өз каражаттарына ар кандай маркадагы 350дөн ашык айыл чарба машиналарын алышты.



Дыйканчылык. 2014-жылы түзүлгөн жагымсыз жаратылыштык-климаттык шарттар кылкандуу дан эгиндеринин түшүмдүүлүгүнө жана алардын бышуусуна олуттуу таасирин тийгизди. Узакка созулган кургакчыл күз айдоо алдындагы сугатты толук көлөмдө жүргүзүүгө жана айдоо жерлерин даярдоого мүмкүндүк берген жок, натыйжасында күзгү себүү мөөнөтүнөн кеч жүргүзүлүп, бул өсүмдүктөрдүн көпчүлүк бөлүгү өнө элегинде кар алдында калып, ал эми кышында кардын аз жаашы күзгү айдоолордун азайышына алып келди.

Негизги терс фактор жазгы жана күзгү кургакчылык болду, айрыкча Чүй жана Ысык-Көл облустарында, ошондой эле республиканын башка облустарында дан жана май өсүмдүктөрүнүн кайрак айдоолоруна таасир этти. Кургакчылык суунун тартыштыгы менен коштолду, себеби тоолордогу башаттарда мөңгүлөрдүн жай эришинен сугатка суунун толушу долбоордук кубаттуулуктун 40 %ын гана түздү. Натыйжада данды жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүн вегетациялык сугаруу, айрыкча Чүй облусунда сугаруу нормасы толук эмес жана мөөнөттөрүн бузуу менен өткөрүлдү.

2014-жылы айыл чарба өсүмдүктөрү ээлеген айдоо аянттар 1181,2 миң га түздү, бул 2013-жылга салыштырганда 10,8 миң га (0,9 %га) көп болду.

Мурунку жыл менен салыштырганда 2014-жылы айдалбай калган жерлердин аянты 5,9 миң га аз болду жана 94,5 миң га түздү. Айдалбай калуунун негизги себеби кайрак (50,0 миң га), алыскы жана таштак (16,7 миң га) айдоо жерлер, сугаттын жоктугу жана сугат тармактарынын оң эместиги (5,3 миң га), калктуу конуштардын кеңейиши (3,6 миң га), ошондой эле акча каражаттын жетишсиздиги (2,3 миң га) болду.

Жагымсыз жаратылыштык-климаттык шарттардын натыйжасында 620 га буудайдын, 238 га арпанын, 60 га күрүчтүн, 16 га төө буурчактын жана 4 га көп жылдык жана башка чөптүн айдоолору жараксыз болуп калды жана эсептен чыгарылды.

2014-жылы баардык дан эгиндери 656,8 миң га аянтта жыйналды, же 2013-жылга караганда 1,9 миң га көп болду. Орточо түшүмдүүлүк 21,9 ц/га болду, бул мурунку жылдын түшүмдүүлүгүнө салыштырганда 6,1 ц/га аз, алгачкы иштетүүнү эске алуу менен эгиндерди дүң жыйноо 1445,9 миң тоннаны түздү, же 367,1 миң тоннага аз болду.

Негизги азык-түлүк өсүмдүк - буудай 339,0 миң га аянттан жыйналды, орточо түшүмдүүлүгү 16,9 ц/га, же мурунку жылдан 6,8 ц/га төмөн, эгиндерди дүң жыйноо 572,7 миң тоннаны түздү, же мурунку жылга караганда 246,7 миң тоннага аз болду.

Арпаны жыйноо аянты 155,4 миң га түздү, мында дүң жыйноо иштетилгенден кийинки салмагы 197,1 миң га, же 112,8 миң тоннага аз, түшүмдүүлүк 12,7 ц/га жетти, же 8,4 ц/га аз болду.

Дандык жүгөрү 92,0 миң га аянттан жыйналды, өндүрүлгөн эгиндин көлөмү 59,7 ц/га түшүмдүүлүгү менен 556,1 миң тонна болду, бул 2013-жылга караганда 1,1 ц/га аз.

Чанактуу дан өсүмдүктөр 61,1 миң га аянттан жыйналды, же


2013-жылга салыштырмалуу 11,2 миң га көп, дүң түшүм 90,1 миң тоннаны түздү, түшүмдүүлүгү 59,7 ц/га, же 2013-жылдан 1,1 ц/га төмөн.

Пахта 23,3 миң га аянттан жыйналды, орточо түшүмдүүлүгү 29,6 ц/га түздү, же мурунку жылдын деңгээлинен 0,2ц/га жогору, бул пахта-сырьесун 69,0 миң тонна көлөмдө, же 2013-жылга салыштырганда 0,4 миң тоннага көп өндүрүүгө мүмкүн болду.

Картошка 1320,7 миң тонна казып алынды, бул мурунку жылдын көрсөткүчүнө салыштырганда 11,3 миң тоннага аз, жашылчалар 919,7 миң тонна, же 38,2 миң тоннага көп жыйналды, бакча өсүмдүктөрү 200,2 миң тонна, же 4,4 миң тоннага көп, мөмө-жемиштер 237,0 миң тонна, же 3,5 миң тоннага көп жыйналды.

Кант кызылчасы 7,3 миң га аянттан жыйналды, былтыркы жылдын деңгээлинен 0,6 миң га көп, орточо түшүмдүүлүк республика боюнча 238,7 ц/га түздү, же мурунку жылдын деңгээлинен 54,7 ц/га төмөн. Кызылча чийки затын дүң жыйноо 173,6 миң тоннага жетип, былтыркы жылдын деңгээлинен 21,8 миң тоннага аз.



Күздүк себүү. Күздүк себүүнү жүргүзүү үчүн 42,6 миң тонна күздүк буудайдын жана 1,8 миң тонна арпанын үрөнү керек болду. Республиканын дыйкандары жана фермерлери иш жүзүндө 40,1 миң тонна буудайдын айдоо материалдарын же 94 %ын жана арпанын 1,8 миң тонна - 100 %ын айдашты. Айылдык товар өндүрүүчүлөр баардыгы болуп 2015-жылдын түшүмүнө буудайдын 60,2 % жана арпанын 65,9 % сертификатташтырылган үрөнүн күздүк себишти. Мында дыйкандарга жана фермерлерге республикалык үрөн фондусунан пайызсыз товардык кредит катары 0,9 миң тонна тастыкталган үрөндөр жана ушул эле көлөмдө коомдук үрөн фондусунан да тастыкталган үрөндөр таратылган.

Мындан тышкары Американын ЮСАИД агенттигинин долбоору аркылуу 0,4 миң тонна тастыкталган күздүк буудайдын элита жана биринчи репродукциядагы үрөндөрү сатып алынып, үрөн өстүрүүчү жана башка чарбаларга товардык кредит катары бөлүнүп берилди.

Айылдык товар өндүрүүчүлөрдү мамлекеттик колдоо боюнча иштерди аткаруу максатында Өкмөт Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду аркылуу Өзбекстан Республикасынан 56,7 миң тонна минералдык жер семирткичтерди алып келди.

Мындан тышкары республикага макро-микроэлементтерди камтыган комплекстүү жана органоминералдык жер семирткичтер (ОЖС) алынып келди. 2014-жылы 361,1 тонна ар түрдүү ОЖС жана сууга эритилүүчү семирткичтер алынды, бул 2013-жылга караганда 63,6 тоннага, же 17,6 %га көп.

2014-жылы кыртышты себүүгө даярдоо программасы аткарылып, күздүк себүү үчүн 192,7 миң га аянттын 183,8 миң га айдалды же 95 % аткарылды. Белгиленген программага ылайык, күздүк кылкандуу дан өсүмдүктөрдүн үрөндөрүн күйүк баш оорусуна каршы дарылоо күзгү буудайдын жана күзгү арпанын 42,6 миң тоннасын камтышы керек болсо, иш жүзүндө 32,2 миң тоннасы, же 76 %ы дарыланды.

Республика боюнча күздүк себүү программасы 192,7 миң га аянтта 93,8 %га аткарылды, же 180,9 миң га себилди, анын ичинде күздүк буудай 168,5 миң га, же кабыл алынган программага карата 92,2 %га жана арпа 12,0 миң га, же 121,2 %га.

Ысык-Көл облусунда күздүк буудайдын үрөнүнүн өтмө фондусунун жоктугунан пландалган 8,7 миң гектардын ордуна 7,2 миң га, же 82,8 %ы айдалды, анткени өткөн жылдын түшүмүнүн үрөнүнүн көпчүлүк бөлүгү себүүнүн агротехникалык мөөнөтү өткөндөн кийин даярдалган.

Талас облусунда күздүк себүү боюнча кабыл алынган программанын 80,6 %ы аткарылды, же пландалган 6,2 миң гектардын ордуна 5,1 миң гектар себилди.

Ошол эле учурда күзгү себүүнүн белгиленген программасы Баткен облусунда 100 %га аткарылып, планда 7,9 миң гектар болсо, 7,9 миң гектарга себилди. Ошондой эле Жалал-Абад облусунда 16,3 миң гектар себилип, 102,0 %га аткарылды. Ноябрь айындагы жана декабрь айынын биринчи декадасындагы жагымсыз жаратылыштык-климаттык шарттар Ош жана Чүй облустарынын чарбакер субъекттерине күздүк себүү боюнча программаларын аткарууга мүмкүндүк берген жок. Ош облусунда пландалган 34,4 миң га ордуна 32,1 миң га, же 92,7 %ы себилди, ал эми Чүй облусунда пландалган 119,5 миң га ордуна 112,0 миң га, же 93,7 %ы себилди.

2014-жылы 801 гидротехникалык курулма, 749 гидрометрикалык пост, 104 насостук станция оңдолду жана узундугу 190,3 км болгон каналдарды механикалык тазалоо иштери жүргүзүлдү. 382,1 км узундуктагы чоң каналдарга капиталдык оңдоолор жүргүзүлдү. 28 тике дренаж скважиналары оңдолду, 170,6 км коллектордук коллектордук-дренаждык тармак тазаланды.



Мал чарбасы. 2014-жылы республикадагы баардык категориядагы чарбалар тарабынан 369,0 миң тонна тирүү салмактагы эт өндүрүлдү, бул 2013-жылга караганда 13,9 миң тоннага, же 3,9 %га көп.

Эттин өндүрүү көлөмүнүн көбөйүшү чочкодон башка айыл чарба жаныбарларынын саны көбөйүшүнөн, ошондой эле мал чарбасына


2014-жылы 4177,18 млн сомго жеңилдетилген кредиттерди берүүдөн улам болду, бул баардык берилген жеңилдиктүү кредиттердин көлөмүнүн 78,0 %ын түздү.

Республикада сүт өндүрүү 1445,5 миң тоннаны түзүп, 2013-жылга салыштырмалуу 37,3 миң тоннага, же 2,7 %га көп болду. Республиканын баардык облустарында сүт өндүрүүнүн көлөмү көбөйдү, бул уйдун саны көбөйгөнүнө байланыштуу.

445,7 млн жумуртка өндүрүлдү, бул 2013-жылдын деңгээлине карата 23,4 млн көп болуп, 5,6 %га өстү. 11,8 миң тонна жүн өндүрүлдү, бул
2013-жылга салыштырганда 221 тоннага, же 1,9 %га көп. Республиканын баардык облустарында жүн өндүрүүнүн көлөмү көбөйүүдө. 2014-жылы 11,8 миң тонна жүн алынды. Орто эсеп менен бир койдон 2,4 кг жүн алынды.

Тоют даярдоо. 2014-жылы республика боюнча 3054,8 миң тонна тоют даярдалды, бул 1 шарттуу малга 6,57 ц тоют бирдигин түздү. Тоюттандыруунун зоотехникалык нормалары боюнча азыраак камсыз болгон облустар Баткен жана Нарын облустары болду (3,58 ц 5,27 ц чейин).

Балык чарбасы. 2014-жылы республиканын көлмө-сууларында балык кармоонун жалпы көлөмү 806,4 тоннаны түздү.

Төмөнкүдөй балык коргоо иш-чаралары өткөрүлдү: 160 рейд,


90 акты жазылды, 2942 балык кармоо куралдары алынды, 1,87 млн сомго доо коюлду.

Асыл тукум иштери. Түркия Республикасынын 480,0 миң АКШ доллары өлчөмдөгү кредитинин эсебинен жасалма уруктандыруу пункттары үчүн 300 комплект жабдуулар сатып алынды. ЮСАИД линиясы боюнча 4986,0 миң АКШ доллары бөлүндү, 9 асыл тукум чарба жана айыл чарба жаныбарларын жасалма уруктандыруу боюнча «Элита» Республикалык асыл-тукум станциясы түзүлдү.

Малдын кыштан жакшы чыгышын камсыздоо жана баалардын кескин кымбаттоосун болтурбоо үчүн Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалары менен бирдикте 2014-жылдын 15-августунан баштап жума сайын тоютту даярдоону, тоютка жана айыл чарба жаныбарларына болгон бааларды мониторинг кылды, бул чөпкө жана саманга бааларды стабилдештирди.



Азык-түлүк менен камсыздоо. 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча республиканын ички базарларынын негизги тамак-аш азыктары менен камсыздыгы өткөн жылдын калдыктарын эсепке албаганда, керектөөнүн бекитилген ченемдерине ылайык төмөнкүдөй болду:

- дан азыктары боюнча экспорт-импортту эске алганда - 147,9 %, картөшкө - 182,8 %, сүт - 135,1 %, эт - 87,4 %, жашылча - 171,1 %, мөмө-жемиштер - 33,0 %, жумуртка - 56,9 %, өсүмдүк майы - 140,2 %, кумшекер - 73,7 %;

- дан азыктары боюнча өздүк өндүрүштүн эсебинен - 72,2 %, картөшкө - 182,5 %, сүт - 135,1 %, эт - 68,7 %, жашылча - 172,2 %, мөмө-жемиштер - 28,5 %, жумуртка - 49,7 %, өсүмдүк майы - 31,6 %, кант - 16,3 %.

Тамак аш продуктыларынын импортунун ички рыноктогу салыштырма салмагы төмөнкүдөй болду: нан азыктары дан менен эсептегенде - 51,2 %, эт - 21,4 %, кант - 77,9 % жана өсүмдүк майы -


77,5 %.
1.2.2 Өнөр жайы6
2014-жылдын жыйынтыгы боюнча өнөр жай ишканалары тарабынан 167,6 млрд сом суммасында продукция өндүрүлдү, же 2013-жылга салыштырганда өндүрүштүн көлөмү 1,6 пайыздык пунктка төмөндөдү. Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда 90,4 млрд сом, же реалдуу өсүш темпи 103,4 %ды түздү. ИДПнын өсүү темпин түзүүдө өнөр жай өндүрүшү тарабынан терс салымы Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды (терс салым 0,62 п.п.) кошо алганда,
0,31 пайыздык пункттун деңгээлинде бааланат. ИДПнын өндүрүш түзүмүндө өнөр жайдын салыштырма салмагы 15,6 %ды түзүп,
2013-жылга салыштырганда 2,9 пайыздык пунктка азайды.

2014-жылы өнөр жай продукцияларынын көлөмүнүн реалдуу өсүшү Нарын (6,4 %га), Ош (4,6 %га), Талас (13,2 %га), Чүй (6,2 %га) облустарынын жана Ош шаарынын (9,7 %га), Баткен (88,4 %), Жалал-Абад (98,4 %), Ысык-Көл (94,6 %) облустарынан жана Бишкек шаарынан


(95,9 %) башка чарбалык субъекттери тарабынан камсыздалган.

2014-жылы өнөр жайдын негизги секторлорунда кырдаал төмөнкүдөй болду:



13-таблица


Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   19




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет