2013-2014-жылдардагы негизги капиталга инвестициялардын жана курулуштун дүң продукциясынын көлөмү
Көрсөткүчтөр
|
2013-жыл
|
2014-жыл
|
иш жүзүндө
|
алдын ала иш жүзүндө
|
2013-жылга иш жүзүндөгүдөн четтөө (+/-)
|
күтүлүү
|
2014-жылдагы күтүлгөндөн четтөө (+/-)
|
Курулуштун дүң продукциясы,
млн сом
|
73911,5
|
96911,4
|
22999,9
|
89754,3
|
7157,1
|
Өсүш темпи, %
|
116,4
|
124,9
|
8,5
|
117,5
|
7,4
|
Негизги капиталга инвестициялар, млн сом
|
82874,5
|
105821,8
|
22947,3
|
99645,8
|
6176,0
|
Өсүш темпи, %
|
107,6
|
121,6
|
14,0
|
118,0
|
3,6
|
Ички инвестициялар, млн сом
|
52622,6
|
62908,0
|
10285,4
|
59102,6
|
3805,4
|
Тышкы инвестициялар, млн сом
|
30251,9
|
42913,8
|
12661,9
|
40543,2
|
2370,6
|
Негизги капиталга инвестициялардын өсүшү иштетүү өндүрүшүнүн объектилеринин курулуш көлөмүнүн 0,3 %га көбөйүү, электр энергиясы, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо 2,1 эсеге, дүң жана чекене соода - 34,4 %га, транспорттук иш-аракеттер - 2,8 %га, мейманкана жана ресторан - 3,1 эсеге, кыймылсыз мүлктөр менен операциялар - 3,2 эсеге, билим берүү чөйрөсү 1,5 эсеге, искусство, көңүл ачуу жана эс алуу - 2,5 эсеге, башка кызмат көрсөтүү иш-аракеттери - 2 эсеге жана турак жай курулуштары 1,4 эсеге өсүүсүнүн эсебинен камсыздалды. Булар менен катар эле негизги капиталга инвестициянын көлөмүнүн айыл чарба, токой чарба жана балык улоо объекттерин куруу - 412,3 %га, пайдалуу кендерди казуу - 10,6 %га, суу менен камсыздоо, тазалоо жана калдыктарды кайра иштетүү - 24,0 %га, маалымат жана байланыш - 25,6 %га, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу - 7,4 %га, ошондой эле саламаттык сактоо - 30 %га төмөндөгөндүгү байкалды.
Ички инвестициялык каражаттардын суммалык үлүшү өздөштүрүлгөн капиталдык салымдын жалпы көлөмүнөн 59,4 %ды (капиталдык салымдын өсүшүнө оң салым болду жана 8,70 пайыздык пунктту түздү) жана тышкы - 40,6 %ды (салым +12,98 пайыздык пунктту) түздү.
Негизги капиталга ички инвестициянын көлөмү 2013-жыл менен салыштырганда 13,7 %га жогорулады, ал ишканалардын жана уюмдардын каражатынын 15,0 %га (салым +8,4 пп.), калктын - 15,2 %га (салым +5,4 п.п.), республикалык бюджеттин каражаттары - 7,9 %га (салым +0,4 п.п.) өсүш эсебинен камсыздалды. Мында инвестиция жергиликтүү бюджеттин жана банктардын кредиттеринин эсебинен 9,9 жана 27,3 %га төмөндөдү (-) 0,6 пайыздык пунктта суммалык терс салым болду).
Негизги капиталга тышкы булактардан инвестициянын көлөмү 1,4 эсеге көбөйдү, ал чет өлкөлүк кредиттердин 2,5 эсеге (салым +63,4 п.п.), чет өлкөлүк гранттардын жана гуманитардык жардамдардын 0,2 %га (салым +0,02 п.п.) өсүш эсебинен камсыздалды, ошол эле учурда чет өлкөлүк түз инвестициялардын эсебинен тескерисинче 53,2 %га кыскарды (терс салымы (-) 27,5 п.п.).
2014-жылы инвестициялык түзүмдө бюджеттик салымдын үлүшү төмөндөп, 2013-жылдагы 4,5 % ордуна 3,8 %ды, ишканалардын жана уюмдардын каражаттары 35,5 %дын ордуна 33,7 %ды, банктардын кредиттери 0,8 %дын ордуна 0,6 %ды, калктын каражаттары Кыргыз Республикасынын резиденттеринин кайрымдуулук жардамын кошо алганда 22,6 %дын ордуна 21,4 %ды, чет өлкөлүк түз инвестиция 18,9 %дын ордуна 7,2 %га чейин, чет өлкөлүк гранттар жана гуманитардык жардамдар 2,7 %дын ордуна 2,2 %га чейин түздү.
Мында чет өлкөлүк кредиттердин үлүшүнүн көбөйгөндүгү байкалууда, ал 14,9 %дын ордуна 31,1 %ды түздү.
2014-жылы 30900,6 млн сом суммасындагы негизги фонддор колдонууга берилген, мында өздөштүрүлгөн инвестициялардын бир сомуна негизги фонддун 2013-жылдагы 0,38 сомдун ордуна 0,29 сом туура келди.
Аяктаган отчеттук мезгилде төмөнкүлөр курулду жана ишке киргизилди:
- 21,24 км узундуктагы жээк бекемдетүүчү курулмалар, 3,10 км узундуктагы селге каршы курулмалар, 23,60 км узундуктагы сугат каналдары, 5,80 км созулган дренажга эрозияга каршы иш-чаралар жүргүзүлдү;
- силикат кышын, асфальт-бетонун, тигүү буюмдарын, сыра жана алкоголсуз ичимдиктерди чыгаруу боюнча цехтер;
- 10/4 кВ чыңалуудагы 153 комплекттүү трансформатордук подстанция, чыңалуусу 0,4 кВ - 82,48 км, 6-20 кВ - 225,84 км, 35 кВ жана андан жогору - 3,64 км электр берүү линиялары;
- 38,4 миң кв. м. соода аянтындагы соода ишканасы, 100 отуруучу оруну менен коомдук тамактануу ишканасы, 7 май куюучу станция;
- 94 орундук мейманкана;
- 19 көпүрө, 4,90 км созулган облустук жана жергиликтүү маанидеги катуу төшөлмө төшөлгөн автомобиль жолдору, ошондой эле айыл чарбасын иштетүү үчүн 61 км узундуктагы ички чарбалык жолдор;
- 10 административдик мекеме, 27,65 км узундуктагы суу өткөрүү түтүктөрү, 0,20 км узундуктагы канализация тармагы, 4,2 км узундуктагы жылуулук менен камсыздоо объекттери;
- 250 орундуу клубдар, ошондой эле 14 спорттук-ден соолукту чыңдоо мекемелери (стадиондор, аянттар, корттор).
Өздөштүрүлгөн инвестициялардын негизги үлүшү кен казуучу өнөр жай объекттерин курууга (инвестициялардын жалпы көлөмүнүн 21,3 %, инвестициялардын өсүшүн түзүүгө салым терс болду жана (-)3,10 пайыздык пунктту түздү), электр энергиясы, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу) объекттерин курууга - 17,2 % (инвестициялардын өсүшүн түзүүгө салым оң болду жана 11,23 пайыздык пунктту түздү), кайра иштетүү өнөр жай объекттерин курууга - 10,0 % (инвестициялардын өсүшүн түзүүгө салым оң болду жана 0,03 пайыздык пунктту түздү), транспорттук иш-аракеттер объекттерин курууга - 9,4 % (салым оң болду жана +0,32 пайыздык пунктту түздү), ошондой эле турак-жай курулуштарына - 25,4 % (салымы оң, 8,61-п.п.) жумшалды.
2014-жылы жалпы аянты 1001,2 миң кв.м. 9340 батир пайдаланууга берилди, бул 2013-жылга караганда 6,9 %га көп. Отчеттук мезгилде турак-жай курууда негизги капиталга 26901,4 млн сом инвестиция пайдаланылды (баалоо боюнча), бул 2013-жылга караганда 1,4 эсеге көп. 2013-жылга салыштырганда өздөштүрүлгөн инвестициялардын жалпы көлөмүндө турак-жай курулушуна өздөштүрүлгөн каражаттын үлүшү 3,1 пайыздык пунктта жогорулап, 25,4 %ды түздү.
Айыл жергесинде 473,2 миң квадрат метр турак-жайларга берилди же жалпы берүүлөрдүн 47,3 %ын түздү. 2013-жыл менен салыштырганда турак-жай курулушунун жалпы көлөмүндө 83,9 %ды түзүп, жеке турак-жай курулушунун үлүшү 2,7 пайыздык пунктта өстү. Өткөн жылы жалпы аянты 839,9 миң кв. м. түзгөн 7183 жеке турак үйлөр курулду, бул 2013-жылга караганда 10,4 %га көп болду, ал эми алардын наркы (баалоо боюнча) 11986,2 млн сомду түздү. 2014-жылы республикада жеке турак үйлөрдүн жалпы аянтында бир квадрат метр курулуштун иш жүзүндөгү орточо наркы (баалоо боюнча) 12,6 миң сомду түздү, анын ичинде шаарларда - 15,0 миң сом, айыл жергесинде - 10,5 миң сом.
Жалпы билим берүү мектептерин курууга өздөштүрүлгөн инвестициянын көлөмү жогорулап, 2115,8 млн сомду түздү, бул 2013-жылга караганда 1,5 эсеге көп болду. 2296 окуучу орунуна эсептелген жалпы билим берүү мектептери пайдаланууга берилди, анын ичинде Ош облусунда - 970 окуучу оруну, Баткен облусунда - 851, Талас облусунда - 250 жана Нарын облусунда - 225 окуучу оруну.
2014-жылы мектепке чейинки мекемелерди курууга негизги капиталдагы инвестициянын 212,2 млн сому шартталды же 2013-жылдын деңгээлине карата 93,5 % түздү. 301 орундуу бала бакчалар пайдаланууга берилди, анын ичинен Жалал-Абад облусуна - 220 орун, Талас облусуна - 36 орун, Чүй облусуна - 25 орун жана Баткен облусуна - 20 орун.
Амбулатордук-бейтапканалык мекемелерди курууга негизги капиталдагы инвестициянын 128,8 млн сому жумшалды же 2013-жылга караганда 42,4 %ды түздү. Бир сменада 527 оорулууну кабыл алуучу амбулатордук-бейтапканалык мекеме пайдаланууга берилди. Ал эми ооруканаларды курууга негизги капиталдагы инвестициянын 227,8 млн сому сарпталды, бул 2013-жылга салыштырганда 20,5 %га көп.
2014-жылы курулуштун дүң продукциясынын жалпы көлөмү 96,9 млрд сомду түзүп, 24,9 %га жогорулады (2013-жылы өсүш 16,4 % болгон), бул 2014-жылы күтүлгөн деңгээлден (117,5 %) 7,4 пайыздык пунктка көп болду.
2014-жылы күтүлгөн натыйжалардын жогору болушунун негизги факторлору болуп төмөнкүлөр саналат:
- республикалык бюджеттен 2,8 млрд сом суммасындагы капиталдык салымдын иш жүзүндө өздөштүрүлүшү (алгачкы план 2,5 млрд сом суммасында түзүлгөн);
- чет өлкөлүк кредиттердин эсебинен каржылануучу инвестицияларды өздөштүрүү 2,5 эсеге жогорулаган.
16-таблица
«Капиталдык салымдар» беренеси боюнча республикалык бюджеттен каражаттардын категориялар боюнча бөлүштүрүлүшү
миң сом
№
|
Категориялардын аталышы
|
Объекттердин саны
|
2014-жылдын 31-декабрына каржылоо ачылган
|
2014-жылдагы капиталдык салымдардын салыштырма салмагы
( %)
|
|
Бардыгы
|
254
|
2 799 882,4
|
100
|
1
|
Билим берүү объектилери
|
140
|
1 105 625,9
|
39,5
|
2
|
Саламаттык сактоо объектилери
|
26
|
222 822,9
|
7,9
|
3
|
Маданият жана спорт объектилери
|
9
|
73 803,0
|
2,6
|
4
|
Турак жай жана коммуналдык чарба объектилери
|
24
|
470 477,6
|
16,9
|
5
|
Автожолдор жана көпүрөлөр
|
34
|
372 851,2
|
13,3
|
6
|
Ирригация объектилери
|
6
|
170 000,0
|
6,1
|
7
|
Коргоо жана укук тартиби
|
15
|
384 301,8
|
13,7
|
Экономикалык өсүштүн темпине курулуш секторунун оң таасири 1,6 пайыздык пункттун деңгээлинде бааланат, анын ИДПнын өндүрүш түзүмүндөгү салыштырма салмагы - 7,4 %ды түздү, 2013-жылга салыштырганда 1,1 пайыздык пунктка жогорулады.
Курулуштагы дүң продукциянын көбөйүшү аткарылган курулуш подряддык жана башка иштердин, сарптоолордун көлөмүнүн, ошондой эле имараттарды жана курулмаларды капиталдык жана кезектеги оңдоолордун көбөйүшү менен шартталды.
2014-жылы объекттерди капиталдык жана кезектеги оңдоолор 2995 млн сом суммасына жүргүзүлдү, негизинен ишканалардын жана уюмдардын (45,2 %), республикалык жана жергиликтүү бюджеттин (17,3 % жана 23,0 %) каражаттарынын эсебинен каржыланды.
2014-жылы табигый кырсыктардан жабыркаган үй-бүлөлөргө Өкмөт тарабынан 465,8 млн сомдук жардам көрсөтүлдү, анын ичинен:
- узак мөөнөттүү жеңилдетилген ссуда менен камсыз кылуу үчүн 1850 үй-бүлөгө 390 млн сом бөлүнгөн;
- 1118 үй-бүлөгө 66,8 млн сом суммасында, анын ичинен Ош облусунун Кара-Суу районундагы Барак айылынын 106 үй-бүлөсүнө 6,8 млн сом суммасында акысыз бир жолку жардам бөлүнгөн.
Отчеттук мезгилде курулуштагы мамлекеттик экспертиза чөйрөсүндө экспертизага 1737 долбоордук документтер келип түшкөн, бул 2013-жылга салыштырмалуу 96га көп. Жалпы санынын ичинен 1447 объект боюнча эксперттик корутундулар берилген, 173 долбоор жеткире иштөөгө кайтарылган, 117 долбоордук документ иштелип жатат.
Отчеттук жыл гидроэлектрстанциялардын Жогорку-Нарын каскады, Камбарата ГЭС-1, Талды-Булак Сол жээк, Кумтөр, Бозымчак, Кичи-Чаарат алтын кени, Токмок шаарынын мунай иштетүү заводу, өлкөнүн бардык региондору менен байланыштыруучу борбор шаардын оптикалык булалык байланыш линиялары, Датка-Кемин электр берүү подстанциялары жана линиялары, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин багыты боюнча өзгөчө кырдаалдардан коргоо объекттери, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин багыты боюнча сугат аянттарын көбөйтүү долбоорлору, калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу, «Түндүк-Түштүк» альтернативдүү жолу, жеке инвестициялардын жана мамлекеттик бюджеттин эсебинен турак жай-жарандык курулушунун көптөгөн объекттери сыяктуу маанилүү объекттерде долбоордук-курулуш иштерин активдештирүүнүн жылы болду.
Бардык долбоордук документтерге бекемдиги, жер титирөөгө туруктуулугу, узакка чейин туруусу, жер көчкү жана сел коопсуздугу, энергиялык натыйжалуулугу, калктын аз камсыздалган тобунун укугун камсыз кылуу боюнча долбоорлоонун ченемдерине, ошондой эле кабыл алынган долбоордук чечимдердин экономикалык максаттуулугуна ылайык келишине экспертизалар жүргүзүлдү. Жыйынтыгында, мисалы, гидроэлектрстанциялардын Жогорку-Нарын каскады боюнча деривациялык каналдын курулушунда долбоорго казып алынган кыртышты жыюу методу киргизилген, бул каналдын курулушун үч эсеге кымбаттатып жиберген. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине (мындан ары - Курулуш агенттиги) караштуу Мамлекеттик экспертиза департаменти тарабынан кыртышты жыюу методуна жана курулушта колдонулуучу машиналардын жана механизмдердин тизмесине өзгөртүү киргизүү сунушталган.
2014-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында курулуш ишин жүргүзүүгө 624 лицензия таризделген, анын ичинен 605 лицензия юридикалык жактарга берилген, 19 лицензия жеке жактарга берилген.
Курулуш секторунун жандангандыгына байланыштуу 2014-жылы «Курулушсертификация» республикалык борборунун курулуш багытындагы ташылып келген продукцияны сертификаттоо боюнча жумуштардын көлөмү өскөн. 2014-жылга карата курулуш багытындагы продукцияга 1869 шайкештик сертификаты берилген, бул 2013-жылга салыштырмалуу 24 %, ташылып келген продукция боюнча - 36 % көбөйгөн.
2014-жылы 270тен ашык объектте курулуш багытындагы продукцияга 7081 сыноо жүргүзүлгөн, бул 2013-жылга карата 13,8 %га көп.
Бажы биримдигине кирүү боюнча Жол картасын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык биримдигине кошулуусу жөнүндө эл аралык келишимге кол коюлгандыгына байланыштуу «Курулушсертификация» республикалык борбору лабораториялардын жабдыктарын модернизациялоо боюнча иштерди жүргүзүп жатат. 2014-жылы «Курулушсертификация» республикалык борбору жана анын курамына кирген лабораториялар (Бишкек жана Ош шаарлары) компетенттүү деп табылган жана эл аралык «Катышуучу-мамлекеттердин Темир жол транспорту боюнча кеңеши тарабынан таанылган шайкештикти баалоо боюнча иштерди жүргүзүү укугуна аккредиттелген уюмдардын Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин реестрине» киргизилген (2014-жылдын 22-октябрындагы № 60 жана № 61 күбөлүктөрү алынган), бул «Курулушсертификация» республикалык борбору тарабынан берилген шайкештик сертификаттары Шериктештикке катышуучу-мамлекеттерде таанылат дегенди билдирет.
Бизнес коомчулуктун Кыргыз Республикасында колдонуудагы ченемдик техникалык документтер жөнүндө маалымат алуусун жогорулатуу максатында «Курулушсертификация» республикалык борборунун www.Stroysertif.jimdo.com сайтында колдонуудагы тармактык ченемдик техникалык документтердин каталогу жайгаштырылган.
Дүйнөлүк банктын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын коомчулуктарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги менен бирдикте Курулуш агенттигине караштуу Калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти тарабынан 145 маселеден турган калктуу конуштарды суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу секторунун маалымат базасы түзүлгөн. Маалымат базасынын бетачары 2014-жылдын 1-ноябрында болуп өткөн жана 2014-жылдын 25-ноябрында ишке киргизилген Департаменттин сайтында жайгаштырылган.
Курулуш тармагында ишке ашырылган инвестициялык долбоорлор:
транспорт чөйрөсүндө:
Бишкек-Нарын-Торугарт автожолу:
- 9-272 км аралыктагы участогу (Кытайдын Экспорт-Импорттук банкы тарабынан 200 млн АКШ доллары): отчеттук мезгилде 200,560 млн АКШ доллары өздөштүрүлгөн же контракттын наркынын 100,3 %ын түзөт. Долбоор толугу менен аяктаган;
- 147-172 км аралыктагы участогу (Кытайдын Экспорт-Импорттук банкы тарабынан 38,37 млн АКШ доллары): 2014-жылдын ичинде долбоор боюнча 24,86 млн АКШ долларынын өлчөмүндө өздөштүрүлгөн же контракттын наркынын 64,8 %ын түзөт.
- 365-400 км жана 439-479 км аралыктагы участогу (Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) 50 млн АКШ доллары). Бул участоктогу курулуш иштери 2014-жылы толугу менен аткарылган. Долбоорду ишке ашыруунун алкагында кошумча үнөмдөлгөн каражаттар Ат-Башы айылынын узундугу 10,3 км болгон борбордук жолун калыбына келтирүү иштерине багытталган;
- 479-539 км аралыктагы участогу (АӨБ, 55 млн АКШ доллары). 2014-жылы долбоор боюнча 34,9 млн АКШ доллары же контракттын наркынын 64,33 %ы өздөштүрүлгөн. Учурда узундугу 22 км болгон 479-501 км аралыктагы участокто эки катмарлуу асфальт бетон төшөлдү.
Ош-Баткен-Исфана автожолу:
- 108-123 км аралыктагы участогу (Европа Кызматташтыгы, 8,6 млн евро өлчөмүндөгү грант). 2014-жылы 6,88 млн евро же контракттын наркынын 97 %ы аткарылган.
Долбоорду толук бүтүрүү үчүн республикалык бюджеттин эсебинен 3 млн АКШ доллары кошумча бөлүнгөн. Бул каражаттар асфальт- бетондун үстүнкү катмарын төшөөгө жана жасалгалоо иштерине жумшалган. Отчеттук мезгилде бул суммадан 2,57 млн АКШ доллары же контракттын наркынын 85,4 % өздөштүрүлгөн.
Бишкек-Ош автожолу, 4-фаза:
- Бишкек - Кара-Балта участогу, узундугу 52,5 км (АӨБ, 65 млн АКШ доллары - кредит, 35 млн АКШ доллары - грант). Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 13-июнундагы № 88 Мыйзамы менен Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Макулдашуу ратификацияланган.
ЕврАзЭСтин Кризиске каршы фондунун (ККФ) кеңеши тарабынан Бишкек-Ош автожолунун Маданият айылынан Жалал-Абад шаарына чейинки (67 км) калган аралыгын 60 млн АКШ долларынын өлчөмүндө каржылоо маселеси жактырылган. Бул Макулдашуу Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 1-июлундагы № 105 Мыйзамы менен ратификацияланган.
2014-жылдын курулуш сезонунда «Түндүк-Түштүк» багытындагы альтернативдик жолдун курулушу» долбоорунун биринчи фазасынын алкагында курулуш иши башталып, 180 бирдиктен ашуун негизги техника жана 470ке жакын жумушчу тартылган. Отчеттук мезгилде долбоор боюнча аткарылган иштер 47,02 млн АКШ долларын же контракттын наркынын 11,76 %ын түзгөн.
Ош-Баткен-Исфана автожолунун 75-108 км аралыктагы участогун реконструкциялоо үчүн Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан 2013-жылдын 24-декабрындагы № CTY/CD2/14/3535 менен 13,90 млн ИД (21,32 млн АКШ долларынын эквивалентинде) өлчөмүндө кредит берүү жактырылган.
Өкмөт кошо каржылай турган үлүш 2,44 млн АКШ долларын түзөт. Долбоордун жалпы наркы - 23,76 млн АКШ доллары.
2014-жылдын 29-декабрындагы Кыргыз Республикасынын № 168 Мыйзамы менен ратификацияланган Кредиттик макулдашуунун долбоору Өкмөттүн 2014-жылдын 12-июнундагы № 215-б буйругу менен жактырылган.
Энергетика чөйрөсүндө. Пекин шаарында 2012-жылдын 5-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги өкүлчүлүк кылган Өкмөт менен Кытай Эл Республикасынын Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы «Датка-Кемин» 500 кВ электр берүү линиясын жана «Кемин» 500 кВ кичи станциясын куруу» долбоорун каржылоо боюнча жеңилдетилген кредиттик макулдашуу Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 19-июнундагы № 86 Мыйзамы менен ратификацияланган.
КЭРдин Экспорттук-импорттук банкы тарабынан каржылана турган долбоордун наркы 389,795 млн АКШ долларын түзөт (кредит). Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү - 2012-2015-жылдар.
Долбоордун алкагында узундугу 405 км болгон ЖЛ 500 кВ «Датка-Кемин» жана 3х167 МВА автотрансформаторунун кубаттуулугундагы 500 кВ «Кемин» подстанциясын куруу, иштеп жаткан 42 км узундуктагы ЖЛ 220 кВ кайрадан ишке киргизүү, «Ала-Арча» подстанциясын үчүн 200 МВА автотрансформаторун берүү, 500 кВ «Датка» подстанциясынын 2-кезегин куруу, Кыргызстандын түндүгүндөгү диспетчердик жана технологиялык байланыш системасын, релелик коргоо жана аварияга каршы автоматиканы реконструкциялоо каралган.
Отчеттук мезгилде 500/220/35 кВ «Датка» көмөк чордонунун экинчи кезектеги курулушу аяктады жана 2014-жылдын 7-июлунда чыңалууга коюлду. Экинчи кезектеги электр жабдууларына кепилдик берүү эксплуатациясы жүргүзүлүүдө.
500 кВ «Кемин» көмөк чордонунун курулушу аяктады жана 220 кВ тарабындагы автотрансформатор 2014-жылдын ноябрь айында ишке берилди. «Кыргызстан УЭТ» ААК жумушчу комиссиясы 2014-жылдын 12-декабрында аталган объектинин аяктагандыгы жана аны ишке киргизүү жөнүндөгү актты түзгөн. 500 кВ ОРУга жана автотрансформаторлорго электр чыңалууну берүү 500 кВ «Датка-Кемин» ЖЛ ишке киргизгенден кийин 2015-жылдын августунда ишке ашырылат.
Эки чынжырлуу 220 кВ ЖЛ (узундугу 42 км, 119 таянычы менен) 220 кВ ОРУ 2014-жылдын 21-октябрында чыңалууга коюлган жана «Кемин» ПС ЖЛ 220 кВ «Ысык-Көл», «Ак-Кыя» жана «Быстровка» ПС аркылуу кошулган.
Бир чынжырлуу 500 кВ «Датка-Кемин» ЖЛ (узундугу 405 км, 929 таянычы менен) куруу боюнча 929 таянычка (100 %) баруучу жолдор даярдалды, таянычтарга 922 чуңкур казылды (99,3 %), 920 таянычтын пайдубалына бетон куюлду (99,0 %), 870 таяныч даярдалды
(93,7 %), 694 таяныч (74,7 %) жердетилди, 218 км түтүк (53,8 %), БОБЛ (OPWG) 218 км (53,8 %) жана 445 комплект чиркелүүчү арматура жана изоляторлор (47,9 %) куралды.
Бишкек шаарында 2012-жылдын 20-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Гидроэлектрстанциялардын Жогорку-Нарын каскадын куруу жана пайдаланууга берүү жөнүндөгү макулдашуу Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 25-февралындагы № 31 Мыйзамы менен ратификацияланган.
Долбоордун наркы 727,65 млн АКШ долларды түзөт (кредит), Россия Федерациясы тарабынан каржыланат. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү - 2013-2019-жылдар.
2014-жылдын 29-сентябрында «Электр станциялары» ААКсы «Жогорку-Нарын гидроэлектр станциялары» ЖАКга Ак-Булуң жана Нарын ГЭС-1 куруу үчүн жалпы аянты 312 га жер тилкелерин берген. Жогорку-Нарын ГЭС каскадын куруу чөлкөмүнө кирүүчү жер тилкелерин бөлүп берүүнүн 3-этабы боюнча маселе чечилүүдө.
2014-жылдын 16-октябрында Ак-Булуң ГЭСинин жана Нарын ГЭС-1дин негизги объектилеринин курулушун баштоо аземи болуп өттү.
Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Баткен областынын Лейлек районундагы Арка массивинин электр жабдуусун жакшыртуу» долбоору боюнча кредиттик макулдашууга 2014-жылдын 25-июнунда Жидда шаарында кол коюлган.
Долбоордун наркы 18 млн АКШ долларын түзөт, анын 16,25 млн АКШ доллары (кредит), Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланат жана 1,75 млн АКШ доллар КР Өкмөтү тарабынан каржыланат (кошо каржылоо). Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 2014-2016-жылдар.
Долбоордо АЛ 110 кВ «Айгүлташ-Саматтан» «Арка» подстанциясына чейин узундугу 51 км болгон 110 кВ АЛ 110/35/10 кВ «Раззаков» подстанциясын куруу жана «Арка» подстанциясын реконструкциялоо каралган.
Долбоордун максаты Баткен областынын Лейлек районунун Тажикстандын энергосистемасына көз карандысыздыгын камсыздоо болуп саналат.
Өкмөттүн 2014-жылдын 22-июлундагы № 286-б буйругу менен Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашуу жактырылган (Борбордук жана Түштүк Азияда электр энергиясын берүү жана соодалоо «САSА-1000» долбоору). Долбоордун жалпы наркы 1 млрд АКШ долларды, ал эми Кыргыз Республикасынын үлүшү 200 млн АКШ долларын түзөт. Каржылоо: Дүйнөлүк банк - 45 млн АКШ доллары (38,25 млн АКШ доллары - кредит жана 6,75 млн АКШ доллары - грант), Ислам өнүктүрүү банкы - 50 млн АКШ доллары. Ишке ашыруу мөөнөтү 5 жыл.
Долбоордо узундугу 1342 км болгон 500 кВ электр берүү линиясын куруу каралган. «Датка» ПСтен «Худжанд» ПСна чейин 477 км түзөт, Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу 457 км.
Гидро жана атомдук энергия боюнча Корея корпорациясы (ГАЭКК) тарабынан ГЭС куруу же реконструкциялоо долбоорун ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү иштелип чыгууда, тактап айтканда, Токтогул каскадында ГЭСти курууга 60-70млн АКШ долларын инвестициялоо пландалууда. ГАЭККнын адистеринин Кыргызстанга сапары 2014-жылдын
8-14-октябрында болгон.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында феррокошунду куюучу заводун куруу келишимине ылайык Таш-Көмүр шаарындагы феррокошунду куюучу заводун куруу долбоорун ишке ашыруунун активдүү фазасы июнда башталган. 2014-жылдын 5-июнунда «POSCO» (Түштүк Корея) инвестор-компаниясы феррокошунду куюучу заводун куруу долбоорун ишке ашыруунун активдүү фазасынын башталышына керектүү сумманы которгондугу тууралуу маалымат алынган. 11-июнда Бишкек жана Таш-Көмүр шаарларында куруунун активдүү фазасынын башталышынын расмий аземи өттү.
Отчеттук мезгилде 2012-жылдын 22-августунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында мектепти куруу тууралуу Макулдашуунун жана анын Протоколунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон юридикалык жол-жоболору чечилген. 30-апрелде «Самрук-Казына» Фонду Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине мектептерди курууга зарыл болгон сумманы толук которгон. 24-декабрда Эксплуатацияга кабыл алуу боюнча мамлекеттик комиссия курулуштун алгачкы комплексин кабыл алган. Кошумча жыйын залын курууну 2015-жылы март айынын экинчи декадасында бүтүрүү пландалууда
(II кезек).
Калкты ичүүчү суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу системасынын жана санитариянын абалын жакшыртуу максатында Өкмөттүн 2014-жылдын 24-сентябрындагы № 548 токтому менен Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүүнүн 2014-2024-жылдарга карата мамлекеттик программасы жактырылган.
Узак мөөнөттүү ипотекалык кредиттөө механизмдерин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү максатында Өкмөттүн 2014-жылдын 6-майындагы
№ 145-б буйругу кабыл алынды.
Өкмөттүн 2014-жылдын 25-июлундагы № 423 токтому менен Мамлекеттик жана муниципалдык турак жай фондунун үйлөрүндөгү турак жайды мүлктүк жалдоонун типтүү келишими бекитилген.
Өкмөттүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 557 токтому менен Менчиктештирилүүчү турак жайдын наркын аныктоо тартиби бекитилген.
2010-жылдын 6-8-апрелинде болуп өткөн окуялардын учурунда курман болгондордун үй-бүлөлөрүн жана жабыр тарткандарды турак жай менен камсыз кылуу максатында «Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине объекттерди өткөрүп берүү жөнүндө» Өкмөттүн 2014-жылдын 5-декабрындагы № 692 токтому кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Нарын шаарын суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо» жана «Токмок шаарын суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо» долбоорлору боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында, Өкмөттүн 2014-жылдын 22-сентябрындагы № 411-б буйругу менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгынын протоколдоруна кол коюу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын курамы түзүлдү.
Талас шаарында суу менен жабдуунун сапатын жана канализацияларын жакшыртуу үчүн «Бишкек шаарында 2014-жылдын
25-январында кол коюлган, «Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Талас шаарында суу менен жабдууну жана канализацияны реабилитациялоо» долбоорун каржылоо жөнүндө кредиттик макулдашууну жана «Талас шаарында суу менен жабдууну жана канализацияны реабилитациялоо» долбооруна финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө Борбордук Азия боюнча Европа Союзунун Инвестициялык фондунун (IFCA) жана Глобалдык экологиялык фонддун Климаттын өзгөрүшү боюнча атайын фондусунун (SCCF) инвестициялык грантына карата Кыргыз Республикасынын жана Талас шаарынын мэриясынын жана «Таза-Суу» муниципалдык ишканасынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» Өкмөттүн 2014-жылдын 21-октябрындагы № 605 токтому кабыл алынды.
Калктын коопсуз ичүүчү суу менен камсыздалышын жогорулатуу, ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу секторун өнүктүрүү үчүн инвестицияларды тартуу, ошондой эле экономиканын ушул тармагындагы министрликтерди жана ведомстволорду координациялоону күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-сентябрындагы № 389-б буйругу менен Ичүүчү суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу жана санитария чөйрөсүндөгү инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча координациялык комиссиянын курамы түзүлдү.
1.2.4. Кызмат көрсөтүү чөйрөсү
2014-жылы кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн дүң чыгаруусунун көлөмү 333,2 млрд сом болуп, реалдуу өсүш 104,1 %ды түздү, 2013-жылы бул көрсөткүч 105,5 %ды түзгөн. Кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн өсүшүнө салымды камсыздаган соода тараптан, мында өсүш 8,3 %ды (салым
2,6 пайыздык пунктта); маалымат жана байланыш 4,9 %га (салым
0,5 пайыздык пунктта), мейманкана жана ресторандык кызмат көрсөтүүнү 9,6 %га (салым 0,5 пайыздык пунктта) түздү. Алдын ала маалыматтар боюнча кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн өсүшү 2014-жылы күтүлгөн өсүш темпин 0,3 пайыздык пунктта ашты, ал дүң жана чекене сооданын; автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо күтүлгөн деңгээлден
3,4 пайыздык пунктка динамикалуу өсүштүн эсебинен камсыздалды.
Кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө таасир берген негизги факторлор болуп төмөнкүлөр саналат:
-
Бажы биримдигиндеги өлкөлөр тарабынан бажылык контролдоонун күчөтүлүшү;
-
реэкспорттун көлөмүнүн кыскартылышы;
-
валютанын алмашуу курсунун өзгөрүп турушу;
-
реалдуу эмгек акынын өсүшүнүн төмөндүгү;
-
Транспорттук ташуу борборунун жабылышына жана 2014-жылдын биринчи жарымында өлкөнүн түштүгүнө газ берүү токтогондуктан улам өткөргүч түтүк транспортунда жүк ташуу көлөмүнүн кыскарышы;
-
бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн планынын аткарылбай калышы, анын натыйжасында керектөө суроо-талаптары азайышы;
-
коммуникация рыногунун толтурулушу, бул байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнүн өсүш темпин басаңдатууга алып келди;
-
мурунку жылдын биринчи жарымында геологиялык чалгындоо иштерин лицензиялоо боюнча маселелерди чечүүнүн узакка созулушунун натыйжасында кыймылсыз мүлктөр операциялары кыскарган.
2014-жылы дүң жана чекене соода жүгүртүүнүн жалпы көлөмү, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо 384,7 млрд сом өлчөмүндө болду, мында өсүш темпи мурунку жылга салыштырганда басаңдады жана 107,2 %ды түздү (2013-жылы өсүш 108,8 %ды түзгөн). Бул тармактагы өсүш автоунааларды жана мотоциклдерди сатуудан башка, негизинен чекене соода жүгүртүүнүн 9,4 %га жогорулашынын эсебинен камсыздалды (салымы 4,8 пайыздык пунктта бааланды), бул эмгек акынын 1,2 %га, керектөө кредиттеринин 36,7 %га өсүшүнө байланыштуу болду.
ИДПнын түзүлүшүндө кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн салымы оң болуп, 1,93 пайыздык пункт деңгээлинде бааланды.
17-таблица
Достарыңызбен бөлісу: |