Тышкы соода
2014-жылы Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсү алдын ала маалыматтар боюнча 7612,3 млн АКШ долларын түздү жана 2013-жылга салыштырмалуу 4,8 %га кыскарды. Товар жүгүртүү структурасында экспортун үлүшү 24,7 %ды, импорт - 75,3 %ды түздү. 2014-жылы соода балансынын тартыштыгы 3852,5 млн АКШ долларын түздү жана 2013-жылга салыштырганда 3,2 %га азайды.
21-таблица
2013-2014-жылдагы тышкы товар жүгүртүүнүн негизги көрсөткүчтөрү
Көрсөткүчтөр
|
2013-жыл
|
2014 -жыл
|
2014 -жыл
четтөө. (+,-)
|
|
|
иш жүзүндө
|
алдын ала иш жүзүндө
|
2013-ж.
|
Тышкы товар жүгүртүү, млн АКШ долл
|
7993,8
|
7612,3
|
-381,5
|
Өсүш темпи, %
|
106,5
|
95,2
|
-11,3
|
Экспорт, млн АКШ доллары
|
2006,8
|
1879,9
|
-126,9
|
Өсүш темпи, %
|
104,1
|
93,7
|
-10,4
|
Импорт, млн АКШ доллары
|
5987,0
|
5732,4
|
-254,6
|
Өсүш темпи, %
|
107,4
|
95,7
|
-11,7
|
Сальдо, млн АКШ доллары
|
-3980,2
|
-3852,5
|
127,7
|
Өсүш темпи, %
|
109,1
|
96,8
|
-12,3
|
2014-жылы Кыргыз Республикасы дүйнөнүн 149 өлкөсү менен өз ара соода алакасын жүргүздү. Товарлар 87 өлкөгө чыгарылды, ал эми 143 өлкөдөн импорттолду.
КМШ өлкөлөрү менен тышкы соода жүгүртүү 7,2 %га кыскарды жана 3669,5 млн АКШ долларын түздү, ал эми алыскы чет мамлекеттер менен 2,4 %га кыскарды (3942,8 млн АКШ доллары). Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигиндеги өлкөлөр менен товар жүгүртүүсү 6 %га азайды жана 3015,5 млн АКШ долларын түздү, анын ичинде экспорт 497,6 млн АКШ доллар түздү жана 8,3 %га кыскарды, импорт 2517,9 млн АКШ доллар түздү жана 5,5 %га кыскарды.
2014-жылы товарларды экспорттоо 1879,9 млн АКШ долларын түздү жана 2013-жылдын январь-декабрына салыштырганда 6,3 %га кыскарган. Алтынды эсепке албаганда Кыргыз Республикасынан товарларды экспорттоо 2014-жылы 8,4 %га кыскарды, бул авиа каттамдардын кыскарышына байланыштуу керосиндин экспорттук беримдери 21,8 %га, шиналар - 23,1 %га, электр чыңалуу лампалары - 17,5 %га, курулуш материалдардын: цемент - 24,8 %га, айнек - 11,0 %га соода өнөктөш өлкөлөрдөн продукцияга суроо-талаптын азайышынан улам, текстиль, тигүү өндүрүштөрүнүн көлөмүнүн азайышынын кесепетинен, кийим-кечек жана кийимге керектүү буюм-тайымдардын 4,6 %га азайышы менен шартталат.
Экспорттук беримдер боюнча чоң үлүштү Швейцария ээлейт - экспорттун көлөмүнүн 30,6 %, Казакстан 19,6 %, Бириккен Араб Эмираты 7,5 %, Россия 6,5 %, Өзбекстан - 6,2 % жана Түркия - 4,6 %.
-
Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономика мейкиндигине Кыргыз Республикасынын кошулуу алкагындагы учурдагы кырдаал тууралуу
Отчеттук мезгилде Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине кошулуусу боюнча бир катар иш-чаралар өткөрүлдү.
2014-жылдын 29-майында Астана шаарында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (мындан ары - ЖЕЭК) жыйынында Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине (мындан ары - ББ) кошулуусу боюнча Жол картасы бекитилген, ал Өкмөттүн 2014-жылдын 5-августундагы № 445 токтому кабыл алынган.
Евразиялык экономикалык интеграциянын шарттарында экономикалык кызматташууну өнүктүрүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда макулдашууга кол коюлду. Бул Макулдашууну ишке ашыруу үчүн эл аралык уюм формасында Кыргыз - Россия өнүктүрүү фонду (мындан ары - фонд) түзүлүүдө. Россия Федерациясы ББга жана ЕАЭСке интеграциялоого көмөктөшөт. Россиянын Кыргызстанга берип жаткан финансылык каражатынын жалпы суммасы 1,0 млрд АКШ долларын түзөт.
Мындан тышкары Россия тарабы Жол картасындагы сыноо лабораторияларын, бажы өткөрүү пункттарын, ББ жана ЕЭМ өлкөлөрүнүн бажы жана салык органдары менен өз ара аракеттенүүнүн маалыматтык системаларын жабдууну камтыган иш-чараларды жүзөгө ашыруу үчүн 200 млн АКШ доллары өлчөмүндө кайтарымсыз негизде каражат берүүдө. Бул инфратүзүмдүк иш-чаралар ББнын мүчө өлкөлөрүндө жана алыскы чет өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын экспорттук потенциалын өстүрүүгө жагымдуу шарттарды түзүү үчүн зарыл болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын ББга кошулуусу боюнча Жол картасын ишке ашыруу максатында 112 ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү каралууда (38 мыйзам, 74 - башка ченемдик укуктук актылар).
2014-жылдын аягына карата 18 мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин үчүнчү окуусунан өттү. Экинчи этапта 12 мыйзамдын долбоору киргизилет.
2014-жылдын 10-октябрында Минск шаарында ЖЕЭКтин жыйыны болуп өттү, анда Кыргыз Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын мамлекет башчылары Евразиялык экономикалык союзду түзүүнү жана Кыргыз Республикасынын ЕАЭСтин толук укуктуу мүчөсү болуу ниетин эске алуу менен Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын бирдиктүү экономикалык мейкиндигине Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча Иш-чаралар планы («жол картасы») жөнүндө билдирүүгө кол коюшту.
Бул жыйында Евразиялык экономикалык союзун түзүүнү эске алуу менен Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бирдиктүү экономикалык мейкиндигине Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча Иш-чаралар планы («жол картасы») бекитилген.
БЭМге Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча Жол картасын ишке ашыруунун алкагында 2014-жылдын 24-ноябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 5 мыйзамдын долбоору жактырылып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлгөн.
Кийинки этап болуп Евразиялык экономикалык союзуна кошулуу саналат.
Жумушчу топ тарабынан 2014-жылдын 29-майындагы Евразиялык экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишимдин долбоору даярдалып, негизинен БЭМ жана ББ өлкөлөрү менен макулдашылган.
Келишимге 2014-жылдын 23-декабрында Москва шаарындагы Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин мамлекет башчылары деңгээлиндеги жыйынында кол коюлган.
2015-жылдын апрелинин аягына чейин ушул Келишимдин протоколдоруна кол коюлат, алар Келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана өзүнө ЕАЭСке Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча шарттар, өтмө жоболору жана жеңилдиктер камтылат. Келишим 2015-жылдын 1-майынан кечиктирбестен күчүнө кириши керек жана 2015-жылдын 8-майынан кечиктирбестен кыргыз - казак чек арасында бажы посттору алынат. Ошол убакка чейин бажы өткөрүү пункттарын жабдуу жана санитардык, ветеринардык, фитосанитардык талаптарынын системасын ЕАЭСтин талаптарына шайкеш келтирүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү зарыл.
2014-жылдын 29-майындагы ЕАЭС жөнүндө келишимге кошулуу Кыргыз Республикасынын эгемен укуктарын козгобойт. Интеграциялык биригүүнүн келишимдик - укуктук базасы мүчө - мамлекеттердин саясий түзүлүштөрүнүн өзгөчөлүктөрүн сыйлоону, ошондой эле өз ара пайдалуу кызматташууну, тең укуктуулукту жана Тараптардын улуттук кызыкчылыктарын эске алууну камсыз кылат.
Кыргыз Республикасы - ДСУ мүчөсү жана ДСУ алдында милдеттерин аткарууну уланта берет. Региондук биримдиктерге катышуу ДСУ макулдашуусунда каралган. ЕАЭСтин келишимдик-укуктук базасы ДСУнун ченемдерин жана эрежелерин эске алуу менен түзүлгөн.
1.5 Ишкердик чөйрөнү жакшыртуу
1.5.1 Инвестициялык саясат
Инвестициялык саясаттын негизги максаты Кыргыз Республикасынын инвестициялык климатынын жагымдуулугун арттыруу жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу болуп саналат.
Инвестициялык саясат лицензиялардын, текшерүүчү органдардын, мамлекет тарабынан кызмат көрсөтүүлөрдүн санын кыскартуу менен бизнестин ишине мамлекеттин кийлигишүүсүн минималдаштыруу аркылуу өлкөнүн экономикасынын артыкчылыктуу тармактарына инвестицияларды тартууга жана өлкөгө инвестицияларды тартуу процессин өркүндөтүүгө багытталган.
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (мындан ары - МЖӨ) долбоорлорун сапаттуу даярдоо үчүн финансылык аспапты түзүү максатында МЖӨ долбоорлорун даярдоону каржылоо фонду түзүлдү (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 147 токтому).
МЖӨ долбоорлору боюнча тийиштүү маалыматтарды толтуруунун бирдиктүү форматын камсыз кылуу максатында МЖӨ долбоорлорунун реестрин жүргүзүү эрежелери иштелип чыкты жана бекитилди (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июнундагы № 307 токтому).
ТӨУСту ишке ашыруу, республикага чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу процессин активдештирүүнү камсыздоо жана аларды колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдында Инвестицияны илгерилетүү боюнча агенттик түзүлдү (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын
18-мартындагы № 158 токтому).
Инвесторлор үчүн турукташтыруу режимин камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы
№ 168 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому кабыл алынды.
Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кошулуу процессинде, ата мекендик экономиканы колдоо, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы экономикалык кызматташууга көмөктөшүү, Кыргыз Республикасынын экономикасын модернизациялоо жана өнүктүрүү, мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдалануу максатында Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондун (мындан ары - Фонд) түзүү тууралуу макулдашууга кол коюлган (Бишкек шаары, 2014-жылдын 24-ноябры) жана Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 30-декабрындагы № 174 Мыйзамы менен ратификацияланган.
Фонддун каражаттары агро өнөр жай комплекси, тигүү, текстиль, кайра иштетүү, кен казуу жана металлургия өнөр жайы, транспорт, турак-жай курулушу, соода, ишкердикти жана инфраструктураны өнүктүрүү сыяктуу чөйрөлөрдө инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга жумшалат.
Фонддун уставдык капиталы 500 млн АКШ долларын түзөт. Ал Россия Федерациясынын эсебинен түзүлөт. Бул каражаттар эки транш менен бөлүнөт, жылына 250 млн АКШ доллары. Мындан тышкары Россия Федерациясы фонддун кредит берүү мүмкүнчүлүктөрүн 1 млрд АКШ долларына чейин кеңейтүү үчүн жеңилдетилген шарттарда дагы 500 млн АКШ долларын тартуу милдеттенмесин өзүнө алды.
2014-жылы тараптар бардык тийиштүү мамлекеттик ички жол-жоболорду аткарышкан.
Инвестициялык климатты жакшыртуу программасын - 3-подпрограмманы ишке ашыруу аяктады. Программа жөнгө салуучу органдардын талаптарын сактоонун жогорку чыгымдары, чектелген каржылоо, кадрлардын начар даярдыгы жана МЖӨ сыяктуу тармактардагы мыйзамдык базанын кемчиликтери сыяктуу көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган.
Эл аралык финансылык корпорация (IFC) менен бирдикте инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча реформаларды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон инвестициялык өбөлгөлөр боюнча колдонмо иштелип чыкты. Колдонмо мамлекеттик башкаруунун эки деңгээлин камтыйт: бийликтин республикалык жана жергиликтүү деңгээлдери. Бийликтин ар бир деңгээлинде өзүнүн максаттары, укуктук негиздери жана инвестициялык өбөлгөлөрдү берүү тажрыйбасы бар.
2014-жылдын 31-октябрында жана 1-ноябрында «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Араб Координациялык тобунун (АКТ) катышуусу менен «II Тегерек стол» өткөрүлдү, анын жыйынтыгында делегациянын башчылары тарабынан КР Өкмөтү менен АКТнын ортосундагы андан аркы кызматташуу жөнүндө протоколго кол коюлган. Тегерек столдун ишинин жүрүшүндө жалпы суммасы 1,131 млрд АКШ долларынын тегерегинде өз ара кызыкчылыктарга ээ болгон долбоорлорго АКТ катышуу маселеси талкууланды.
2014-жылдын 17-июлунда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда техникалык - экономикалык кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду, ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 273-б буйругу менен жактырылды. Бул Макулдашууга ылайык КЭР Өкмөтү Кыргызстанга 300 млн кытай юаны өлчөмүндө гранттык жардам бөлүп берет.
Ошондой эле, социалдык - экономикалык көйгөйлөрдү чечүү үчүн гранттык каражаттарды тартуу максатында КЭР Өкмөтүнүн кайтарымсыз негизде берилген жардамынын эсебинен Бишкек шаарынын автомобилдик жолдорун реконструкциялоо жана реабилитациялоо долбоорлорун ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен КЭРнын Коммерция министрлигинин ортосунда меморандумга кол коюлган. Инвестицияларды тартуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги тарабынан POSCO корея компаниясы менен жана Таш-Көмүр шаарында феррокошунду куюучу заводун куруу боюнча «Казакстан Республикасынын минералдык сырьесун комплектүү иштетүү боюнча улуттук борбор» республикалык мамлекеттик ишканасынын (РМИ) ортосундагы меморандумга кол коюлган.
УСКнын алдын ала маалыматтары боюнча 2014-жылы чет өлкөлүк тике инвестициялардын (мындан ары - ЧТИ)8 келип түшүшү 608,5 млн АКШ долларын түздү жана 2013-жылга салыштырганда 36,9 %га төмөндөдү, анын сальдосу 187,0 млн АКШ долларын түздү.
22-таблица
2013-2014-жылдары чет өлкөлүк тике инвестициялардын түшүүсүнүн динамикасы
-
Көрсөткүчтөр
|
2013-жыл
|
2014-жыл
|
иш жүзүндө
|
алдын ала иш жүзүндө
|
Түшүшү, млн АКШ долл.
|
964,5
|
608,5
|
Өсүү темпи, %
|
163,3
|
63,1
|
Кетүүсү, млн АКШ долл.
|
338,4
|
421,5
|
Өсүү темпи, %
|
113,5
|
124,6
|
Сальдосу, млн АКШ долл.
|
626,1
|
187,0
|
ЧТИнин түзүмүндө 2013-жылга салыштырмалуу кайра инвестицияланган пайданын көлөмүнүн 1,4 %га көбөйүшүнөн башка бардык түзүмдөрдүн кыскарышы белгиленген.
2014-жылы негизги инвестициянын түшүүсүнүн көлөмү кесиптик, илимий жана техникалык ишмердик чөйрөсүндө болду, ЧТИнин жалпы көлөмүндө анын салыштырма салмагы 35,0 %ды, кайра иштетүү өнөр жайы - 27,2 %ды, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу - 14,8 %ды түздү.Ошол эле учурда 2013-жылга салыштырмалуу кесиптик, илимий жана техникалык ишмердик тармагында чет өлкөлүк тике инвестициялардын түшүүсү 47,2 %га, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүндө - 10,0 %га, кайра иштетүү өнөр жайында - 48,0 %га азайган.
2014-жылы КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн чет өлкөлүк тике инвестициялардын агымы 2013-жылга салыштырганда 35,7 %га азайды (келип түшкөн ЧТИнин жалпы көлөмүнүн 88,7 %ы), мында негизги инвестор-өлкөлөр Кытай - ЧТИнин жалпы көлөмүнүн 33,2 %ы (201,9 млн АКШ доллары, өсүүнүн темпи былтыркы жылдын деңгээлине салыштырганда - 43,1 %), Канада - 13,5 % (82,3 млн АКШ доллары, темптин өсүшү - 78,5 %), Улуу Британия - 9,2 % (56,2 млн АКШ доллары, темптин өсүшү - 68,7 %) болду.
КМШ өлкөлөрүнөн ЧТИнин келип түшүүлөрүнүн көлөмү 2013-жылга салыштырганда 44,9 %га азайып, жалпы инвестициялардын көлөмүнүн 11,3 %ын түздү. Казакстандын инвесторлору салган көлөмү 10,7 %га төмөндөдү (жалпы түшкөн ЧТИнин көлөмүнүн 7,7 %ы же
46,7 млн АКШ долларын түздү), Россиядан - 68,7 %га (жалпы түшкөн ЧТИнин көлөмүнүн 3,6 % же 21,8 млн АКШ долларын түзөт).
2014-жылы ЧТИнин тышка чыгышынын көлөмү 421,5 млн АКШ долларды түзгөн, бул келген ЧТИнин көлөмүнүн 69,3 %ын түзөт. ЧТИнин тышка чыгышы чет өлкөлүк ишканалардын жана соода кредиттеринин ээлеринен алынган кредиттердин көпчүлүк бөлүгүн Кыргыз Республикасы тарабынан кайтарып берилгендиги менен түшүндүрүлөт (жалпы чыгыштын 96,0 %ын түзөт). Инвестициялардын чет өлкөгө чыгуусу экономиканын бардык тармактарында байкалып жаткандыгын белгилөө зарыл, бирок эң көбү - кайра иштетүү өндүрүшүнөн - 38,2 %, кесиптик, илимий жана техникалык ишмердик чөйрөсүнөн - 32,2 %, ошондой эле пайдалуу кендерди казуу чөйрөсүнөн - 16,3 %. Өздөрүнүн капиталдарын алып чыгып кеткен негизги өлкөлөргө Кытай (жалпы чыгыштын 41,2 %ы), Швейцария (10,9 %) жана Австралия (8,4 %) кирет.
2014-жылы инвестициялык долбоорлор боюнча чыгашалардын көлөмү (МИП) 25 392,5 млн сомду түздү. Инвестициялык долбоорду тышкы каржылоонун салыштырма салмагы инвестициялык чыгашалардын жалпы көлөмүндө 96,5 %ын (24 492,5 млн сом) түзөт, инвестициялык долбоорлорду тең каржылоого республикалык бюджеттен 900,0 млн сом бөлүнгөн (чыгашалардын жалпы суммасынан 3,5 %). Гранттарды эске алуу менен тышкы каржылоо боюнча өнүктүрүү бюджетин аткаруу 90,6 %ды түзөт, ички каржылоону аткаруу 100,0 %ды түздү.
Кыргыз Республикасына чет элдик ивестицияларды тартуу максатында отчеттук мезгилде Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелери тарабынан инвестиция тартуу жана барган өлкөдө сооданы илгерилетүү боюнча 77 иш-чара, 27 ишкердик-форум, көргөзмө/жарманкелер өткөзүлгөн. Кыргыз Республикасы менен чет өлкөлөрдүн ортосунда инвестицияны тартуу жана соода-экономикалык мамиле маселелери боюнча 77 интервью уюштурулуп, чет элдик ЖМКга макалалар жарыяланган.
Кыргыз Республикасынын Сауд Аравиясы Королдугу, БАЭ жана Катар сыяктуу алдыңкы араб өлкөлөрү менен кызматташуусу кыйла активдешкен. Мамлекеттердин ортосунда 19 келишимге жана меморандумдарга кол коюлган, ошондой эле Абу-Даби жана Доха шаарларында Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелеринин ачылышы жарыяланды.
2014-жылдын июлунда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцариянын Өкмөтүнүн ортосундагы Бишкек шаарын суу менен камсыз кылуу жана канализация системасын реабилитациялоо долбоору боюнча 7,45 млн евро суммасындагы финансылык жардамын берүү жөнүндө гранттык макулдашууга кол коюлган. Долбоордун жалпы суммасы 16,95 млн еврону түзөт.
2014-жылы Польша менен болгон экономикалык кызматташууну өнүктүрүү алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Польшанын Өкмөтүнүн ортосундагы июнь айында Бишкек шарында кол коюлган республиканын айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө 40 млн евро суммасындагы көрсөтүлгөн жардамдын алкагында жеңилдетилген кредит берүү тууралуу макулдашууга кол коюу негизги окуялардын бири болду.
Корея Республикасынын Экспорттук-импорттук банкынын линиясы боюнча Кыргыз Республикасына 100 млн АКШ долларын бөлүп берүү чечими кабыл алынган.
Эл аралык рейтингдерде Кыргызстандын позициясын жакшыртуу.
«Экономикалык эркиндик - 2014» жыл сайын өткөрүлө турган рейтингде Кыргыз Республикасы 13 пункт боюнча өзүнүн позициясын жакшыртып, 151 өлкөнүн ичинен 90-орунду алды. Баалоонун жалпы жогорулашы инвестициялык эркиндик, акча-кредиттик эркиндик жана мамлекеттик чыгымдарды контролдоо тармагындагы олуттуу жетишкендиктерин чагылдырат.
Жыл сайын Дүйнөлүк экономикалык форум түзүүчү Глобалдык атаандашуу жөндөмдүүлүгүнүн индекси боюнча 2014-жылы Кыргыз Республикасы 13 позицияга көтөрүлүп, 121-ден 108-позиция ээ болгон.
Отчеттун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасы жаңы ыкма менен түзүлгөн Doing Business 2015 эл аралык рейтингде дүйнөнүн
189 өлкөсүнүн ичинен 102-орунду ээледи. Кыргыз Республикасы жаңы ыкма боюнча эсептелген Doing Business 2014 эл аралык рейтингинде
99-орунду (эски ыкма боюнча - 68 орунду) ээлеген. Ушундан улам рейтингдеги 3 позиция начарлоо тарапка өзгөрдү. Кыргыз Республикасы кирешеси ортодон төмөн деңгээлдеги өлкөлөр тобуна кирет жана алардын ичинен Индия, Египет, Индонезия сыяктуу өлкөлөрдөн жогорку позицияны ээлейт (50 мамлекеттин ичинен 17). Мындан тышкары, Кыргыз Республикасы рейтингде кирешеси ортодон жогору деңгээлдеги Бразилия, Аргентина, Иран жана башка өлкөлөрдөн жогорку позицияны ээлейт. КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргыз Республикасы Өзбекстан жана Таджикистан өлкөлөрүнүн рейтингинен жогору турат (141 жана
166-орундар тиешелүү түрдө).
Кыргыз Республикасынын позициясына рейтинг түзүү ыкмасына киргизилген өзгөртүүлөр таасирин тийгизген. Ошондой эле эсептөөдө макроэкономикалык саясат, жумушчу күчтөрүнүн квалификациясы, инфраструктуранын сапаты, валюта курсунун өзгөрүүсү, инвесторлордун ой-пикири, коопсуздук жана коррупциянын деңгээли сыяктуу өзгөрүүлөр эсепке алынбайт.
Эң жакшы көрсөткүчтөрдүн бири «Жеке менчикти каттоо», мында Кыргыз Республикасы 6-орунду ээледи. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын оң көрсөткүчтөрү «Ишканаларды каттоо» рейтингинде көрүндү, мында 9-орунду ээледи.
-
Фискалдык саясат
Жүргүзүлүп жаткан фискалдык саясаттын алкагында, салык саясатын, салык жана бажы системасын башкарууну өркүндөтүү үчүн Өкмөт тарабынан бир катар ченемдик укуктук актылар кабыл алынды. Фискалдык жөнгө салуу боюнча ченемдик укуктук актылар бизнес жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, салык салууну башкарууну жакшыртууга, чакан жана орто ишкердикти колдоого жана өнүктүрүүгө, салыктык отчётторду берүү жана салык төлөө мөөнөтүн кыскартууга, бюджетке келип түшүүчү кирешени көбөйтүүгө жана мыйзамдык ченемдерди ББ менен ЕАЭСтин талаптарына шайкеш келтирүүгө багытталган.
Кыргыз Республикасынын кабыл алынган мыйзамдары:
- салык төлөө мөөнөтүн синхрондоштуруу жана салыктык башкарууну өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын
2014-жылдын 18-январындагы № 13 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 57 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Мыйзамы, анын максаты болуп 2012-жылдын 31-декабры боюнча бардык өткөн отчеттук мезгилдер үчүн акча каражаттарын, кыймылсыз мүлктөрүн, баалуу кагаздарын, ишканада болгон капиталдын үлүшүн, кыймылдуу мүлктөрдүн башка түрүн ыктыярдуу декларациялоо аркылуу жарандарга (мамлекеттик кызматкерлерди кошкондо) өздөрүнүн кирешелерин мыйзамдаштырууга мүмкүнчүлүк берүү боюнча мамлекеттин бир жолку акциясынын натыйжалуулугун жогорулатуу саналат;
- Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 17-майындагы № 71 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы, ага ылайык Троя унциясы үчүн алтындын баасы 1300 АКШ долларынан төмөн болгондо алтын казуучу компаниялар үчүн кирешелерге салыктын коюму белгиленген;
- республиканын атмосферасына булгоочу заттарды чыгарууну чектөө жана бюджеттин киреше бөлүмүн жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 17-майындагы № 72 «Кыргыз Республикасынын «Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө» Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу» Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарына бажылык укуктук мамилелерди жөнгө салуучу ББнын бажы мыйзамдарынын талаптарын имплементациялоо максатында Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 29-декабрындагы № 170 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Мыйзамы кабыл алынды. Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө» Мыйзамына ББнын бажы мыйзамдарында колдонулуучу улуттук мыйзамдардагы түшүнүктөрдү жана маанилерди шайкеш келтирүүнү караган толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилди;
- Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 25-декабрында № 162 «Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу» Мыйзамы кабыл алынды. Бул Мыйзам терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү улуттук мыйзамдарды ЕЭБнин келишимдик - укуктук базасына ылайык келтирүү максатында кабыл алынды. Мыйзам Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 31-июлундагы № 135 «Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамынын ченемдерин тактайт.
- «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» 2014-жылдын 31-декабрындагы № 182 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (зоналдык коэффициенттин маанилерин Кз Бишкек шаары үчүн 0,6 дан 3кө чейин, Ош шаары үчүн 0,3төн 3кө чейин көбөйтүү боюнча).
Өкмөттүн кабыл алынган токтомдору:
- республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында арак жана алкоголу аз ичимдиктер акциз салыгынын ставкалары 60 сомго чейин жогорулашы 2014-жылдын 23-январындагы № 49 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»;
- курулуш материалдарына салык салууну оптималдаштыруу максатында 2014-жылдын 14-февралындагы № 94 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 733 «Ишкердиктин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу»;
- республикадагы мектептерди окуу китептери менен камсыз кылуу максатында, 2014-жылдын 28-февралындагы № 109 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-февралындагы
№ 90 токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө»;
- айыл чарба багытындагы жерлер, калктуу конуштардын жерлери жана айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн жер салыгынын суммасын эсептөө тартибин регламенттөө максатында 2014-жылдын 31-мартындагы №189 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 341-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө»;
- социалдык төлөмдөрдү каржылоону көбөйтүү, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек араларын кармоо жана чыңдоо максатында 2014-жылдын 8-апрелиндеги № 203 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»;
- жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташууда патенттин негизинде салыктын жыйналышын жакшыртуу максатында, 2014-жылдын 8-апрелиндеги № 204 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору» жөнүндө;
- 2014-жылдын 2-майындагы № 244 «Бирдиктүү салык декларациясынын формаларын жана аларды толтуруунун тартибин бекитүү жөнүндө»;
- эркин экономикалык зоналарында товарларды бажылык контролдоо тартибин аныктоо максатында 2014-жылдын 16-июнундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 332 «Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналарынын аймактарын ыңгайлаштырууга карата коюлуучу талаптар жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу»;
- Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зона жөнүндө» Мыйзамы менен аныкталуучу бажылык контролдоонун ченемдерин мыйзамдуулугун камсыз кылуу жана бир түргө келтирүү маселелеринен келип чыккан чараларды ишке ашыруу максатында 2014-жылдын 17-июлундагы № 400 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-июнундагы № 453 «Жүктүн бажы декларациясын толтуруу тартиби жөнүндө нускаманы жана Транзиттик декларацияны толтуруу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө»;
- ата мекендик айыл чарба продукциясын кайра иштетүү менен байланышпаган, алкоголсуз суусундуктарды чыгаруучу ишканалардын киреше салыгын жана КНС төлөө боюнча жеңилдиктерди жок кылуу максатында 2014-жылдын 22-июлундагы № 406 «Кыргыз Республикасынын «Экономикалык иштин түрлөрү» мамлекеттик классификаторун бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-январындагы № 9 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»;
- жергиликтүү салыкты, ошондой эле ыктыярдуу патентти башкаруу ыйгарым укугун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органга өткөрүп берүү маселесин чечүүгө көмөктөшүү максатында, 2014-жылдын 23-июлундагы № 413 «Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу боюнча чаралар жөнүндө»;
- баалуу металлдардан жасалган зергер буюмдарын импорттоодо бажы төлөмдөрүн түшүүсүн көбөйтүү үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин киреше бөлүгүн аткаруу жана ишкердиктин субъекттерин колдоо максатында 2014-жылдын 11-августундагы № 461 «Кыргыз Республикасына импорттолуучу баалуу металлдардан жасалган зергердик буюмдарды апробациялоо жана эн салуу жол-жобосунан ишкердик субъекттерди бошотуу жөнүндө»;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин киреше бөлүгүн толтуруу максатында, 2014-жылдын 2-сентябрындагы № 519 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 31-декабрындагы № 976 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу жеке адамдар тарабынан товарларды жана автотранспортту алып өтүү жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө». Бул токтом менен жеңилдетилген формадагы бажылык кириштөө ордерди (ЖФ-БКО) колдонуу аркылуу салмагы боюнча (кг) өлчөмдү 2 сомго чейин көбөйтүп, таризделүүчү товарларга карата бажы төлөмдөрүнүн жана салыктардын бирдей ченин ыңгайлаштыруу сунуш кылынат;
- эркин экономикалык чөлкөмдөрдө товарлардын бажы контролунун тартибин аныктоо максатында 2014-жылдын 4-сентябрындагы № 524 «Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык чөлкөмдөрүндө товарлардын бажы контролу боюнча нускаманы бекитүү тууралуу»;
- эркин экономикалык зоналарда товарлардын бажы контролунун тартибин аныктоо максатында, 2014-жылдын 9-октябрындагы № 589 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу»;
- салык салууну башкарууну жакшыртуу, чакан жана орто ишкердикти колдоо жана өнүктүрүү, ошондой эле салыктык отчеттуулукту 12ден 4кө чейин санын кыскартуу максатында 2014-жылдын 16-октябрындагы № 602 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө»;
- улуттук мыйзамдарды ЕАБнин келишимдик-укуктук базасына ылайык келтирүү максатында 2014-жылдын 8-декабрындагы № 697 «Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуучу бажы документтеринин формаларын киргизүү жөнүндө».
Өкмөттүн кабыл алынган буйруктары:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен аныкталуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу функциясын которуу боюнча укуктук ченемдерди белгилөөгө багытталган, 2014-жылдын 7-майындагы № 149-б 2014-2015-жылдарга Мамлекеттик социалдык камсыздандырууга карата камсыздандыруу төгүмдөрүн башкарууну өркүндөтүү боюнча иш-чаралар планын бекитүү тууралуу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Оман Султанатынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салуудан качуу, киреше салыктарына жана капиталга карата салык салууну болтурбоо жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу 2014-жылдын 17-июнундагы № 224-б;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Киреше салыгына карата кош салык салууну болтурбоо жөнүндө макулдашуунун долбоорун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун долбооруна протоколдун долбоорун бекитүү тууралуу 2014-жылдын 23-июлундагы № 289-б.
2014-жылдын 1-июнунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Киреше салыгына карата кош салык салууну болтурбоо жөнүндө макулдашууга кол коюлду.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 96-б буйругуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2014-жылдын 20-майындагы № 167-б буйругуна ылайык республикалык бюджеттен каржылануучу бардык министрликтер жана ведомстволор 2015-2017-жылдарга бюджетти салттуу форматта да, ошондой эле программалык негизде да түзүштү.
2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын бюджетинин орто мөөнөттүү болжолунун алкагында 20 тармактык министрликтердин жана ведомстволордун орточо мөөнөттүү стратегиялары берилген (2013-жылы - 15).
Орто мөөнөттүү тармактык стратегияларды иштеп чыгуу процессине тартылган министрликтердин жана ведомстволордун саны республикалык бюджеттен каржылануучу мекемелерди максималдуу камтуу максатында жыл сайын көбөйүүдө. Анын негизги максаты болуп мекемелердин ишинин натыйжалуулугун жана тийиштүү түрдө алардын чыгашаларынын натыйжалуулугун жана айкындуулугун жогорулатуу болуп саналат.
Бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу үчүн шайман катары мамлекеттик финансыны башкаруунун программалык негиздеги бюджеттөөнү киргизүүнү илгерилетүү максатында Өкмөт тарабынан төмөнкүдөй системалык иштер жүргүзүлгөн:
-
2015-2017-жылдарга Бюджеттик циркуляр: (i) программалык классификацияны киргизүү боюнча жаңы методологиялык талаптарды; (ii) орточо мөөнөттүү мезгилдин ичинде аларды негизсиз өзгөртүүнү чектөө аркылуу үч жылдык бюджеттик долбоорлоонун туруктуулугун камсыздоо талаптарын эске алуу менен жаңыланган;
-
стратегиялык артыкчылыктар менен бюджеттин өз ара байланышын күчөтүү максатында программалык форматтагы бюджетти берген министрликтердин жана ведомстволордун тизмеси жыл сайын кеңейүүдө. Алсак, 2014-жылы 2015-2017-жылдарга бюджеттин долбоорун даярдоодо тизме бюджетти программалык форматта берген бюджеттик каражаттардын 77 башкы бөлүштүрүүчүлөрүнүн бардык министрликтерин жана ведомстволорун камтыды.
-
Атаандаштык саясат жана монополияга каршы жөнгө салуу
2014-жылы Монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндө Өкмөттүн иш-аракеттери монополисттердин бааларды жана тарифтерди негизсиз жогорулатуусун тизгиндөөгө, социалдык маанилүү азык-түлүк бааларынын мониторингине, алардын негизсиз өсүш учурунда тез сунуш киргизүүгө, ошондой эле керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого багытталды.
Кыргыз Республикасы 2014-жылы ЕАЭСке киргендигине байланыштуу атаандаштык (монополияга каршы) саясат чөйрөсүндө ЕАЭС мүчө-өлкөлөрдүн монополияга каршы мыйзамдарына, тактап айтканда «Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө» жана «Атаандаштык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарын шайкеш келтирүү боюнча иштер өткөрүлдү.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ЕАЭС жөнүндө келишимдин жоболоруна шайкештөөнүн алкагында монополияларды жөнгө салуу ыкмалары бүтүндөй өзгөргөн, бул «Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө» жана «Атаандаштык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү гана талап кылбастан, бүтүндөй мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыларды (эрежелер, тартиптер, методикалар ж.б.) иштеп чыгууга алып келди. Отчеттук мезгилде мыйзам алдындагы ченемдик актылардын 7 долбоору иштелип чыккан.
Аткаруу бийлик органдары тарабынан монополияга каршы мыйзамдардын бузулушунун алдын алуу максатында 160 ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна экспертиза өткөрүлгөн (39 долбоор боюнча терс корутундулар берилген).
Рыноктордо монополдук абалды ээлеген чарбакер субъекттердин ишине мамлекеттик контролду жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын табигый жана уруксат берилген монополиялар субъекттеринин Мамлекеттик республикалык жана региондук реестрлерин жүргүзүү боюнча иштер өткөрүлдү.
Керектөөчүлөрдү баалардын негизсиз жогорулашынан коргоо максатында отчеттук мезгил ичинде 199 эсептөө материалдары каралган жана табигый жана уруксат берилген монополиялардын субъекттеринин товарларына жана кызматтарына 547 баалар жана тарифтер макулдашылган. Монополияга каршы мыйзамдарга ылайык кызматтарды көрсөтүүнүн эрежелерин жана товарларды (кызматтарды) жеткирүүгө (алууга) контракттардын 38 формасы макулдашылган.
Табигый жана уруксат берилген монополия субъекттерин жөнгө салуу процессинде монополияга каршы мыйзамдарды бузгандыгы үчүн 18 жазма буйрук берилген, андан 16 аткарылган.
Монополисттик ишкердикке жол бербөө жана жоюу максатында субъект монополисттердин ишин жөнгө салуу боюнча иш-чаралар экономиканын төмөнкү чөйрөлөрүндө өткөрүлгөн:
- электр жана жылуулук энергиясы чөйрөсүндө: энергетикалык компаниялар жана жылуулук менен камсыздоочу ишканалар үчүн электр энергиясын өткөрүп берүү боюнча өткөрүү баасын жана кызматтарды белгилөөдө жана жылуулук энергиясына бааны белгилөөдө 2,5 млрд сом суммасындагы өздүк наркка киргизилген негизсиз чыгымдар табылган жана алынган;
- байланыш чөйрөсүндө: телефонду кайра каттоонун жогорку наркын эске алып, «Кыргызтелеком» ААКсы көрсөткөн «Жергиликтүү телефон байланышынын кызматтары» менен толуктоо тууралуу чечим кабыл алынган - «телефонду кайра каттоо». «Кыргызтелеком» ААКсы көрсөткөн «радио берүү жана телекөрсөтүү кызматтары» «Санариптик форматтагы телекөрсөтүү (социалдык пакет)» кызматы менен толукталган жана санариптик эфир телеберүүлөрү кызматтарына тарифтер (социалдык пакет) белгиленген. Муну менен катар, «Республикалык телекөрсөтүү жана радиоберүүнүн радиорелейлик магистралдар бирикмеси» ААКсы аныктаган кызматтардын долбоордук наркы 1 каналга саатына 3115 сом өлчөмүндө болгон болсо, кийин кайра каралып, 1 канал/саатына 2496 сомго чейин түшүрүлгөн. Бул чечим бюджеттик каражаттарды 70 млн сомдон ашык үнөмдөөнү камсыздоого мүмкүндүк түзөт;
- отун-май куюу кызматтары рыногунда: «Отун-май куюу комплекси» ЖАКсы монополист субъекти үчүн ички авиаташууларга авиациялык майды сатуудагы рентабелдүүлүктүн чектүү деңгээли
12 %дан 8 %га чейин төмөндөгөн;
- цемент рыногунда: «Кант цемент заводу» ААКсынын цементине дүң-өткөрүү баасы республика ичиндеги керектөөчүлөр үчүн кайра каралган жана тоннасына 250,0 сом болуп төмөндөтүлгөн. Мындан тышкары, «Кант цемент заводу» ААКсына жана «Түштүк- Кыргыз Цемент» ЖАКсына жөнгө салуунун кошумча ыкмасы колдонулган - милдеттүү тейлөөгө тиешелүү болгон керектөөчүлөрдүн тизмесин аныктоо, ага социалдык объекттерди куруу менен алектенген чарбакер субъекттер, ошондой эле ири курулуш компаниялары киргизилген;
- Күйүүчү-майлоочу материалдар рыногунда: «Газпром нефть Азия» ЖЧКсын жөнгө салуунун алкагында КММга баанын кескин өсүшүнө жол бербөө боюнча иштер өткөрүлгөн, КММга чекене баанын жогорулашы этап менен өткөрүлгөн. Бул чара бир топ маанилүү баанын өйдө-төмөн болуусуна бөгөт коюуга карата колдонулган, себеби КММ наркы түздөн-түз социалдык-маанилүү товарлардын жана кызматтардын акыркы баасына таасирин тийгизүүдө;
- көмүр рыногунда: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-ноябрындагы № 628 «Кыргыз Республикасынын аймагында көмүрдүн баасына мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө» токтомун ишке ашыруу максатында республиканын бардык аймактарында менчигинин түрүнө карабастан көмүр казуучу ишканалардын кызматкерлери үчүн көмүргө дүң-өткөрүү баасы жана көмүрдүн товардык рыногундагы абал бекитилген. Талас жана Чүй областтарында, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында көмүр казуучу ишканалардын жоктугунан улам, дүң-өткөрүү үстөгүн эске алуу менен ортомчулар аркылуу жеткирилген көмүргө чекене баа аныкталган.
Ошону менен катар, аны сатуу, кампаларда сактоо, таңгактоо жана таңгактоо идиши ж.б. ордуна чейин жеткирүүнү эске алууну эсепке алган көмүргө чекене бааны аныктоо боюнча иштер өткөрүлгөн. Бааны жөнгө салууну киргизүү жылытуу мезгилинде көмүргө баанын кескин өсүшүнө жол бербөөгө мүмкүндүк түздү, бул жыл сайын жылытуу мезгилинде байкалат.
-
кумшекер рыногунда: монополисттик ишкердиктин болушуна жол бербөө максатында «Белорусская сахарная компания» ЖЧКсы үчүн кумшекерге дүң-өткөрүү баасынын чектүү деңгээли белгиленген. Ченемдүү рынок механизмдеринин иштөөсү үчүн жасалма тоскоолдуктарды түзүүгө жана шекерге баанын жогорулашына жол бербөө максатында «Кыргыз Республикасынын бажы аймагына алып келинген кумшекерге сезондук алымдын ченемин белгилөө жөнүндө» токтом долбоору четке кагылган.
Товардык рыноктордогу атаандаштык чөйрөсүнүн абалын баалоо максатында товардык рыноктордо 52 талдоо өткөрүлгөн. Рынокторду талдоолордун жыйынтыктары боюнча тиешелүү товардык рынокто атаандаштыктын болушу жана өнүктүрүү деңгээли жана атаандаш чөйрөнү түзүү процессине монополияга каршы органдын кийлигишүү зарылдыгы аныкталган.
Дан, ун жана нан ички рынокторундагы кырдаалды турукташтыруу боюнча чараларды иштеп чыгуу максатында төмөнкүдөй иш-чаралар өткөрүлгөн:
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги бекиткен квота боюнча Мамлекеттик материалдык резервдер фонду сатып алган 2014-жылга түшүмдөн 20,0 миң тонна көлөмдөгү азык-түлүк буудайынын данына сатып алуу баасы белгиленген;
- мамлекеттик резервден брондон чыгарылган буудай данын кайра иштетүүдөн алынган унду сатууга минималдуу дүң-өткөрүү баасы ички рынокто түзүлгөн рыноктун дүң баасынан төмөн деңгээлде белгиленген.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын
1-февралындагы № 63 «2014-жылы айыл чарба талаа иштерин өз убагында жана уюшкандыкта өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө» токтомун ички рынокто түзүлгөн бааны эске алуу менен айыл чарба өндүрүүчүсүнө мамлекеттик колдонуу көрсөтүү үчүн 2014-жылдын жаздык жана
2015-жылдын күздүк себүүсү үчүн буудайдын (жаздык, күздүк), арпанын (жаздык, күздүк), люцерна жана эспарцеттин, биринчи алынган жүгөрүнүн жана картошканын үрөнүнө сертификатталган үрөнгө сатып алуу баасы белгиленген (2014-жылдын 28-февралындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин № 26 буйругу).
Административдик тоскоолдуктарды алсыздандыруу жана атаандаштыкты өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында аткаруу бийлигинин органдарынын жана алардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн акы төлөнүүчү кызматтарын жөнгө салуу боюнча иштер өткөрүлгөн. Иштер жөнгө салуу - уруксат берүү системасын алсыздандырууга жана мамлекеттик кызматтарга тарифтерди негизсиз жогорулатууга жол бербөөгө багытталган.
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөткөн мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында Өкмөттүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 «Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтому кабыл алынган.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды алууга жарандардын конституциялык укуктарын камсыздоо боюнча социалдык мамлекеттин принциптерин ишке ашыруу, аларды көрсөтүү сапатын жана жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын
2014-жылдын 17-июлундагы № 139 Мыйзамы кабыл алынган, анда мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн негизги принциптери белгиленген, аткаруучу менен керектөөчүнүн ортосундагы бул чөйрөдөгү укуктук мамилелерин жөнгө салат жана Мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестрин жана муниципалдык кызматтарынын жана аларды көрсөтүүнүн стандарттарынын жергиликтүү реестрлерин түзүү тартибин аныктайт.
-
Ишкердик
УСКнын расмий маалыматы боюнча 2014-жылдын 9 айынын жыйынтыгында Кыргыз Республикасында 11142 чакан жана орто ишканалар (мындан ары - ЧОИ) түзүлдү (2013-жылдын тийиштүү мезгилдери менен салыштырганда 827 бирдикке азайган). Жеке ишкердик иш-аракеттер менен 346,8 миң адам алектенет (өсүш 22,9 миң адамды түздү).
Отчеттук мезгилде ишкердик чөйрөдө (дыйкан жана фермер чарбаларын эсепке албаганда) иштегендердин жалпы саны 432,2 миң адамды түздү (өсүш 25,5 миң адамды түздү).
ИДПнын жалпы көлөмүндө чакан жана орто бизнестин салыштырма салмагы 40,3 %ды, же 108,1 млрд сомду (2013-жылдын 9 айында -
40,7 %ды, же 99,2 млрд сом) түздү.
23-таблица
Достарыңызбен бөлісу: |