Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчету Киришүү



бет7/19
Дата23.02.2016
өлшемі1.52 Mb.
#11437
1   2   3   4   5   6   7   8   9   10   ...   19

Социалдык чөйрөнүн чыгашалары

(млн сом)



Көрсөткүчтөр

2013-ж.,

иш жүзүндө

2014-ж.,

алдын ала иш жүзүндө

Салыш.

салмагы,

%

2014-жыл 2013-жылдан четтөөсү

(+,-)

Бардыгы

41 914,2

53 363,4

57,8

11 449,2

Социалдык коргоо

20183,2

23041,0

25,0

2857,8

Билим берүү

10008,9

17708,6

19,2

7699,7

Саламаттык сактоо

9698,6

10237,7

11,1

539,1

Эс алуу, маданият жана дин

2023,5

2376,1

2,6

352,6

2014-жылы мамлекеттик бюджеттин тартыштыгы 1 865,8 млн сомду, 2013-жылдагы 0,7 %га каршы ИДПга карата 0,5 %ды түздү (Мамлекеттик финансы статистикасы боюнча (МФСК) колдонмого жараша. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан кайрадан кредиттөө бөлүгүндө ТМИ эсептөөдө өзгөртүүлөр киргизилип, 2013-жылдын сентябрь айынан баштап финансылык активдер катары саналып бюджеттин тартыштыгын жабуу булагында көрсөтүлө баштады).




      1. Мамлекеттик карыз: тышкы жана ички карызды тейлөө

2014-жылдын 31-декабрына карата абал боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызынын өлчөмү 3,6 млрд АКШ доллар (214,8 млрд сом) түздү, анын ичинен:



  • мамлекеттик тышкы карыз 94 %ды түзөт: 3,4 млрд АКШ доллар (202,4 млрд сом);

  • мамлекеттик ички карыз 6 %ды түзөт: 210 млн АКШ доллар (12,4 млрд сом).

2014-жылы мамлекеттик карызды башкаруу саясаты жана Өкмөттүн аракети тышкы карыздын деңгээлин белгиленген параметрде сактап калууга багытталган ТӨУСка ылайык мамлекеттик тышкы карыз ИДПга карата 60 % деңгээлинен ашпоого тийиш. 2014-жылы мамлекеттик тышкы карыздын ИДПга карата катышы 50,9 %ды түздү (2013-жылы 43,8 %).

2014-жылы республикалык бюджеттен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын тейлөөгө иш жүзүндө 13713,457 млн сом суммасында каражат багытталган, анын ичинен: мамлекеттик тышкы карыз боюнча 5 149,773 млн сом; мамлекеттик ички карыз боюнча


8 563,684 млн сом.

Өкмөт болгон мамлекеттик карызды азайтууга кредит берген өлкөлөр менен эки тараптуу форматта сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп карызды кайра түзүмдөштүрүү суроосун, своп-операцияларды өткөрүү (карызды активдерге, өнүктүрүүгө ж.б. алмаштыруу), ошондой эле карызды кечүү, же грантка өзгөртүү боюнча иштерди алып барды.

2014-жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши төмөнкү багыттарда жүргүзүлдү:

- экономикалык өсүшкө жана жакырчылыкты азайтууга көмөк берүүчү эң эле артыкчылыктуу программалар менен долбоорлорго гана жаңы тышкы карыздар тартылды;

- жаңы мамлекеттик тышкы карыздарды тартылышы жана кепилдениши жалаң гана жеңилдетилген карыздардын минималдуу 35 % деңгээли (грант-элемент) сакталганда гана жүзөгө ашырылды;

- ички рыноктун мындан ары өнүгүү үчүн рыноктук мамлекеттик баалуу кагаздар гана чыгарылды;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын тейлөө төлөмдөрү учурунда жана толук көлөмдө ишке ашырылды.

2014-жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруудан Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине 7723,893 млн сом суммасында каражат түшкөн, анын ичинен:



  1. Мамлекеттик казыналык векселдерди (МКВ) жайгаштыруунун эсебинен - 3 142,334 млн сом, анын ичинен:

- 3 айлык МКВ - 14,806 млн сом;

- 6 айлык МКВ - 590,559 млн сом;

- 12 айлык МКВ - 2 536,969 млн сом;

б) Мамлекеттик казыналык облигацияларды (МКО) жайгаштыруунун эсебинен - 4 581,559 млн сом, анын ичинен:

- 2 жылдык МКО - 4197,860 млн сом;

- 3 жылдык МКО - 47,301 млн сом;

- 5 жылдык МКО - 336,398 млн сом.


    1. Тышкы экономикалык иш




      1. Тышкы экономикалык саясат жана тышкы экономикалык иш

Өкмөттүн ишинин негизги багыттарынын бири тышкы экономикалык саясатты өнүктүрүү жана жакынкы жана алыскы чет өлкөлөр менен соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү, өлкөнүн экономикалык коопсуздук режимин түзүү, эл аралык эмгекти бөлүштүрүү жана кооперциялоого өлкөнүн катышуусун оптималдаштыруу, өлкөнүн көп тараптуу экономикалык кызматташтык уюмдарындагы катышуусунун натыйжалуулугун жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын экономикасына тикелей чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу маселелери болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөр менен кызматташуусун активдештирүү максатында бүгүнкү күндүн талаптарына жооп берген эл аралык келишимдик-укуктук базаны түзүү боюнча иштер жүргүзүлдү, соода-экономикалык кызыкчылыктарды илгерилетүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, интеграциялык кызматташуу чөйрөсүндөгү республиканын ченемдик-укуктук базасын өнүктүрүү боюнча алыскы жана жакынкы чет өлкөлөр менен Кыргыз Республикасынын кызматташуусу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны өткөрүлдү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө чет өлкөлүк мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын, институттардын жана интеграциялык бирикмелердин өкүлчүлүктөрүнө тааныштыруу жана маалымат берүү максатында эл аралык иш чараларга катышуулар өткөрүлдү.



2014-жылы төмөнкү Өкмөттөр аралык комиссиялар ийгиликтүү өткөрүлдү:

  • 2014-жылдын 29-майында Улан-Батор (Монголия) шаарында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташуу боюнча кыргыз-монгол өкмөттөр аралык комиссиянын 2-жыйыны болуп өттү. Соода, инвестиция, энергетика, өнөр жай, айыл чарбасы, ишкердүүлүк, транспорт, кен казуу тармагындагы транспорт, курулуш, туризм, ошондой эле социалдык чөйрөдө кызматташуу маселеси талкууланды. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен Монголиянын Улуттук Соода-Өнөр жай палатасынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду жана эки өлкөнүн палаталарынын алдында Кыргыз Республикасы менен Монголиянын Биргелешкен Ишкердик кеңеши (БИК) түзүлдү;

- 2014-жылдын 10-июлунда СУАР Үрүмчү шаарында (Кытай Эл Республикасы) Соода-экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-кытай комиссиясынын алдындагы «Кыргызстан - СУАР КЭР» Координациялык топтун 7-жыйыны болуп өттү. Координациялык топтун жыйынынын күн тартибине ылайык соода, транспорт, айыл чарбасы, саламаттык сактоо, туризм, финансылык жана банктык кызматташуу сыяктуу чөйрөлөрдө мындан ары кызматташууну өнүктүрүү боюнча макулдашууларга жетишилди. Тараптар Улуу Жибек жолунун экономикалык алкагынын стратегиясын демилгеледи, жыйындын жыйынтыгы боюнча кызматташууну өнүктүрүүнүн жаңы жана кыйла интенсивдүү деңгээлине өтүүнү жана Координациялык топтун жыйынын жыл сайын өткөрүп турууну чечишти. Мындан тышкары, тараптар экономикалык кызматташууну жакшыртуу боюнча, СУАР товарларынын жарманке-көргөзмөсү, экономикалык форум, эл аралык Кыргызстан - Кашгар авиа багыттарын жана эл аралык автоунаа «Бишкек - Эркеч-Там - Үрүмчү» жана «Ош - Эркеч-Там - Үрүмчү» каттамдарын ачуу сыяктуу бир катар иш-чараларды өткөрүүнү макулдашты;

  • 2014-жылдын 9-10-июлунда Екатеринбург шаарында (Россия Федерациясы) Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын Свердлов облусунун ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык жактан кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын 2-жыйыны өткөрүлдү. Жыйындын жүрүшүндө өнөр жай, курулуш, айыл чарбасы, эмгек, жумуштуулук жана миграция саясаты, саламаттык сактоо, маданият, туризм, спорт, билим берүү, илим, теле-радио берүү жана маалымат саясаты чөйрөсүндө кызматташуу маселелери каралды;

  • 2014-жылдын 17-июлунда Бишкек шаарында Соода-экономикалык кызматташуу боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-кытай комиссиясынын
    10-жыйыны өткөрүлдү. Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну мындан ары активдештирүү, Кыргыз Республикасына Кытай Эл Республикасы тарабынан энергетика, өнөр жай, транспорт, айыл чарбасы, банк чөйрөсүнө гранттарды жана кредиттерди берүү боюнча кызматташуу маселелери талкууланды;

  • 2014-жылдын 27-28-августунда Бишкек шаарында эки тараптык маселелерди комплекстүү карап чыгуу боюнча кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиянын 13-жыйыны болуп өттү. Соода-экономикалык кызматташуунун келечеги, өнөр жай, энергетика, транспорт, айыл чарбасы, суу ресурстарын үнөмдүү пайдалануу, илим жана билим берүү, социалдык жана башка чөйрөдөгү өз ара кызыкчылыктар каралды;

  • 2014-жылдын 9-10-сентябрында Баку шаарында (Азербайжан Республикасы) Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы экономикалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын экинчи жыйыны болуп өттү;

  • 2014-жылдын 13-октябрында Астана шаарында кыргыз - казак өкмөттөр аралык кеңештин 5-жыйыны болду, мында соода жана инвестиция, энергетика, өнөр жай, айыл чарбасы, чек ара жана бажы контролу, транспорт, коммуникация, ошондой эле эки тараптык кызматташууда маанилүү болгон башка кызматташуулар талкууланды жана аларды өнүктүрүү боюнча макулдашууларга жетишилди;

  • 2014-жылдын 7-ноябрында Астана шаарында (Казакстан) Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын Өкмөттөр аралык Кеңешинин төртүнчү жыйыны өттү. 2014-2015-жылдарга күзгү-кышкы мөөнөткө кыргыз энергосистемасынын кубаттуулугун жөнгө салуу, Кыргыз Республикасына Казастан Республикасынан 400 млн кВтс көлөмүндөгү электр энергияны товар алмашуу шартында берүү тууралуу келишими түзүлүп жана башка бир топ маселелер чечилди;

  • 2014-жылдын 2-декабрында Москва шаарында (Россия Федерациясы) соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 17-жыйыны болуп өттү, анда отун-энергетика комплекси, мунайгаз, минералдык-сырьё жана кен казуу тармактарында, өнөр жай, транспорт, бажы, каржы, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жок кылуу, айлана-чөйрөнү коргоо, саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү, билим берүү жана илим, миграция, маданият, маалымат жана туризм, агроөнөр жай комплекси жаатында кызматташуу маселелери каралды;

  • 2014-жылдын 11-декабрында Бишкек шаарында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданияттык кызматташуу боюнча кыргыз-санкт-петербург өкмөттөр аралык комиссиясынын
    6-жыйыны болуп өттү, анда эмгек, жумуштуулук, миграция, саламаттык сактоо, социалдык саясат, айлана-чөйрөнү коргоо, улуттар аралык жана конфессионалдык мамилелер, билим берүү жана илим, курулуш, маданият жана маалымат, айыл чарба продукцияларын берүү жаатында кызматташуу маселелери каралды;

  • 2014-жылдын 24-26-декабрында Бишкек шаарында соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 8-жыйыны болуп өттү. Мында соода, стандартташтыруу, метрология, техникалык жөнгө салуу жана аккредитация, ишкердүүлүк, өнөр жай, айыл чарбасы, транспорт, коммуникация, энергетика, бажы иштери, билим берүү, маданият жана туризм, статистика, саламаттык сактоо, айлана-чөйрө, токой чарбасы жана метрология, техникалык кызматташуу, ошондой эле укуктук база сыяктуу тармактардагы кызматташууну өнүктүрүү маселелери каралды.

КМШ, ЕврАзЭК, ШКУ жана Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин алкагында кызматташуу:

  • 2014-жылдын 29-30-апрелинде Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.Оторбаевдин Россия Федерациясынын Москва шаарына иш сапары болуп өткөн, анын жүрүшүндө Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Д.Медведев менен болгон жолугушууда кыргыз-россиялык кызматташуунун кеңири спектри талкууланган, ошондой эле Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын Биринчи орун басары И.Шувалов менен активдүү диалог болуп өткөн. Кыргыз-россиялык кызматташуу маселелерин талкуулоонун жүрүшүндө Бажы биримдигине Кыргызстандын кошулуу процессине өзгөчө көңүл бурулган, ББга КРдин кошулуусу боюнча Жол картасында каралган иш-чараларды каржылоо маселелери талкууланган.

- бул визиттин алкагында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.Оторбаевдин «Газпром» ААК башкармалыгынын төрагасы А.Миллер менен жумушчу жолугушуусу болуп өткөн, анын жүрүшүндө тараптар энергетика чөйрөсүндөгү кызматташуунун жүрүшүн жана келечегин талкуулашкан, Кыргыз Республикасында газды сатып алуу, ташуу жана бөлүштүрүү менен алектенген «КыргызгазПром» ЖЧКнын «Газпром» тобуна кирүүгө өзгөчө көңүл бурулган.

- 2014-жылдын 3-4-майында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Дж.Оторбаевдин Казакстан Республикасынын Астана шаарына иш сапары болуп, анын алкагында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Казакстан Республикасынын Премьер-министри К.Масимов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн, Астана шаарында Азия өнүктүрүү банкынын 47-жыйынынын ишине катышкан, АӨБдүн, Дүйнөлүк банктын, Кытай өнүктүрүү банкынын, ошондой эле Эл аралык кызматташуунун Япония агенттигинин (JICA) жетекчилери менен жолугушууларды жүргүздү;

Кыргызстан жана Казакстан өкмөттөрүнүн башчылары эки тараптык кызматташуунун абалын жана келечегин, интеграциялык кошулуунун жана эл аралык уюмдардын алкагында тараптардын өз ара аракеттеринин негизги аспектилерин карап чыгышты. Эки мамлекеттин соода-экономикалык жана финансылык-инвестициялык чөйрөдөгү, энергетика секторундагы, агро өнөр жай комплексиндеги, транспорт, өнөр жай тармагындагы, ошондой эле чек ара байланышындагы кызматташуу маселелерин талкуулашкан. Жолугушууда Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке Кыргыз Республикасынын кошулуу процессине өзгөчө көңүл бурулган.

- 2014-жылдын 15-майында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.Оторбаевдин Түркия Республикасына визити болуп өткөн. Визиттин алкагында Премьер-министр Түркиянын Президенти жана Премьер-министри менен жолугушкан. Түркиянын Премьер-министри


Р.Т.Эрдоган менен жолугушууда эки тараптык кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды. Атап айтканда, тараптар соода-экономикалык кызматташуунун позитивдүү динамикасын белгилешкен. Кыргыз тарап гидроэнергетика, транспорт жана коммуникация, туризм сыяктуу тармактарда биргелешкен ири долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча аракеттерди активдештирүүнү сунуштаган.

  • 2014-жылдын 16-майында Астана шаарында (Казакстан Республикасы) Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кошулуу, ошондой эле эки тараптык кызматташуу маселелери боюнча кыргыз - казак сүйлөшүүлөрү жүргүзүлдү. Сүйлөшүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине кошулуусу тууралуу бир катар маселелер талкууланды. Казакстан тарап Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине кошулуунун Жол картасынын алкагындагы иш-чараларды ишке ашыруу үчүн кайтарымсыз негизде акча каражатын бөлүп берүү аркылуу көмөктөшүүсү тууралуу өтүнүчүн карап чыгууга макул болду. Казакстандын Кыргыз Республикасына айрым товарларды, мунайды жана мунай продуктуларын берүү мүмкүнчүлүктөрү, Кыргыз Республикасынын өзгөчөлөнгөн чакан жана орто бизнестерин инвестициялоо принциптеринин Фонду менен түз инвестициялардын Кыргыз- Казакстан фондунун ишкердүүлүгүн активдештирүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маселелер талкууланды. Мындан тышкары, Тараптар бажы постторун түзүү, айыл чарба, суу ресурстары чөйрөсүндөгү кызматташуу маселелерин сүйлөштү. Тараптар кыргыз-казакстан өкмөттөр аралык кеңештин кийинки жыйында кыргыз жарандарын Казакстанда 90 суткага чейин милдеттүү түрдө катталуунун мөөнөтүн узартуу жөнүндө маселени карап чыгуу боюнча макулдашууга жетишишти;

  • 2014-жылдын 22-24-майында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.Оторбаев Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаевдин тапшырмасына ылайык, XVIII Петербург эл аралык экономикалык форумдун ишине катышкан, ошондой эле Форумдун алкагында Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын биринчи орун басары И. Шувалов менен Бажы биримдигине кошулуунун алкагында Кыргыз Республикасынын экономикасын адаптациялоо маселеси боюнча эки тараптык сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн;

  • Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.Оторбаев
    2014-жылдын 30-майында Минск шаарында КМШ Өкмөт Башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышкан, анын жүрүшүндө документтердин жыйырмадан ашык долбоору каралып чыккан, атап айтканда экономика чөйрөсүнө тийиштүү маселелер, транспорттук коопсуздук тармагындагы маалыматтык өз ара аракеттенүү, КМШнын мамлекеттер аралык радио навигациялык программасы, гуманитардык чөйрөдө кызматташууну өнүктүрүү маселелери;

Саммиттин алкагында Тажикстан Республикасынын жана Беларусь Республикасынын өкмөт башчылары менен эки тараптык жолугушуулар болуп өткөн, анын жүрүшүндө эки тараптык кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланган;

  • 2014-жылдын 31-майынан 4-июнуна чейин Кыргыз Республикасынын Экономика министринин Катар Республикасына иш сапары болду, анын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосунда экономикалык, соода жана техникалык кызматташуу тууралуу макулдашууга (2014-ж. 3-июнь, Катар, Доха шаары) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосунда Кош салык салуудан качуу, киреше салыгын төлөөдөн качууну болтурбоо жөнүндө макулдашууга (2014-ж.
    1-июнь, Катар, Доха шаары) кол коюлду;

  • 2014-жылдын 26-июлунда Чолпон-Ата шаарында (Кыргыз Республикасы) Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кошулуу, ошондой эле эки тараптык кызматташуу маселеси боюнча кыргыз-казакстандын кезектеги сүйлөшүүлөрү болуп өттү. Сүйлөшүүнүн алкагында Казакстан Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине кошулуусунун Жол картасында каралган иш-чараларды ишке ашыруу үчүн 100 млн АКШ доллары суммасында кайтарымсыз негизде каражат бөлүп берүү маселеси боюнча иштерди улантууну макулдашууга жетишти. Казакстан тарапка Кыргызстандын ички рыногу үчүн зарыл болгон 2014-жылы 100 миң тонна жана 2015-жылы 300 миң тонна көлөмүндө мунайды алымсыз берүү жөнүндө маселени карап чыгуу сунушталды. Түз инвестициялардын Кыргыз-Казакстан фондунун ишин активдештирүү, кыргыз-казак мамлекеттик чек араларында бажы постторун, өткөрүү пункттарындагы биргелешкен бажылык контролдоону түзүү, энергетика, айыл чарба, транс чек аралык суу, Кыргыз Республикасынын Ак-Түз жана Орловка айылдарындагы радиоактивдүү калдыктар сакталуучу жерлердин экологиялык абалы, Кыргыз Республикасына жаратылыш уранынын химиялык концентраттарын берүү маселелери талкууланды. Кыргыз тарап Казакстан тараптан Казакстан темир жолундагы «Луговая» темир жол станциясында кармалып турган мунайпродуктулары менен вагондорго байланыштуу көйгөйлөрдү чечип берүү суралды.

  • 2014-жылдын 19-20-июнунда Чолпон-Ата шаарында Экономика министрлиги тарабынан Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгынын Кеңешинин (ТМКК) 4-чогулушун жана ТМККнын экономика боюнча жумушчу тобунун жыйынын өткөрүү уюштурулду. Тараптар тарабынан инвестициялык саясат, ишкердүүлүк жана экономиканы диверсификациялоо чөйрөсүндө ТМККга катышуучу - өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташууну андан ары өнүктүрүү жана илгерилетүү маселеси талкууланды.

  • 2014-жылдын 8-июлунан 12-июлуна чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.Оторбаев Монголияда иш сапарда болду. Иш сапардын алкагында кыргыз делегациясынын башчысы Монголиянын Президенти Ц.Элбэгодорож, Улуу Мамлекеттик Хуралдын Төрагасы З.Энхболд, Премьер-министр Н.Алтанхуяг, Өнөр жай жана айыл чарба министри Ш.Тувдэндорж, Тоо өнөр жай министри Д.Ганхуяг, Монголиянын борбордук шайлоо комитетинин Төрагасы Ч.Содномцэрэн менен эки тараптык жолугушуулар болду.

Монголиянын Президенти Ц.Элбэгодорож менен болгон жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.Оторбаев кыргыз тарап эки тараптык кызматташууну активдештирүүгө макул экендигин белгилеген. «Бишкек-Улан-Батор» авиарейсиндеги жүргүнчүлөрдүн көбөйгөндүгү позитивдүү жетишкендик болуп саналат. Реформа жүргүзүүдөгү Монголиянын тажрыйбасын изилдөө Кыргыз тарапты өзгөчө кызыктырды. Атап айтканда, кыргыз тарап шайлоо процессин уюштурууда монгол үлгүсүн кабыл алууга ниеттенди, анткени аны ишке киргизүү үчүн шарттар эки мамлекетте тең окшош, ал эми реформанын жыйынтыгы Кыргызстанда жогору бааланууда. Өлкөлөрдүн ортосунда жаңы экономикалык байланыштарды белгилөө да өтө маанилүү: кыргыз тарап монгол инвестициясына кызыкдар, биргелешип кант чыгаруу келечеги белгиленүүдө.

  • 2014-жылдын 12-июлунда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.Оторбаевдин Казакстан Республикасынын Премьер-министри К.Масимов менен жолугушуусу болду, анын жүрүшүндө эки тараптык кызматташуу маселелери талкууланган, ошондой эле «Ак-Жол»-»Кордой» өткөрүү пункттарын биргелешип инспектирлешкен;

  • 2014-жылдын 26-июлунда Чолпон-Ата шаарында Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке Кыргыз Республикасынын кошулуу маселеси, ошондой эле эки тараптык кызматташуу боюнча кезектеги кыргыз-казак сүйлөшүүлөрү жүргүзүлгөн. Сүйлөшүүлөрдүн алкагында Казакстан тарабынан Бажы биримдигине Кыргыз Республикасынын кошулуусунун Жол картасында каралган иш-чараларды ишке ашыруу үчүн 100 млн АКШ доллары суммасында кайтарымсыз негизде каражатты бөлүп берүү маселеси боюнча иштерди улантуу келишимине жетишилген. Казакстан тарапка Кыргызстандын ички рыногу үчүн зарыл болгон 2014-жылы 100 миң тонна жана 2015-жылы 300 миң тонна көлөмүндө мунайды алымсыз берүү жөнүндө маселени карап чыгуу сунушталган. Түз инвестициялардын Кыргыз-Казакстандык фондунун ишин активдештирүү, кыргыз-казак мамлекеттик чек араларында бажы постторун, өткөрүү пункттарындагы биргелешкен бажылык контролдоону түзүү, энергетика, айыл чарба, транс чек аралык суу, Кыргыз Республикасынын Ак-Түз жана Орловка айылдарындагы радиоактивдүү калдыктар сакталуучу жерлердин экологиялык абалы, Кыргыз Республикасына жаратылыш уранынын химиялык концентраттарын берүү маселелери талкууланды. Кыргыз тарап Казакстан тараптан Казакстан темир жолундагы «Луговая» темир жол станциясында кармалып турган мунайпродуктулар менен вагондорго байланыштуу көйгөйлөрдү чечип берүүнү суранган;

  • 2014-жылдын 1-сентябрында Кыргыз Республикасынын Премьер- министри Кытай эл Республикасынын Үрүмчү шаарында «Кытай-Евразия» 4- ЭКСПО ачылышына жана «Экономикалык өнүгүү жана Кытай-Евразия кызматташтыгы» форумуна катышкан. Бул иш-чарага катышуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.Оторбаев КЭР Мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Ван Ян, ККП БК Саясий бюросунун мүчөлөрү, КЭР СУАР саясий комитетинин катчысы Чжан Чуньсян, КЭР СУАР элдик өкмөттүн Губернатору Нур Бакри, ошондой эле TBEA жана CNPC сыяктуу ири кытай компанияларынын жетекчилери менен эки тараптык жолугушууларды жүргүзгөн.

2014-жылы ЕврАзЭк ишин токтотуу боюнча Жумушчу топтун жыйынына катышты.

2014-жылдын 17-19-ноябрында Астана шаарында (Казакстан Республикасы) тышкы экономикалык жана тышкы соода ишине жооптуу болгон, ШКУга катышуучу-өлкөлөрдүн министрлеринин чогулушуна катышкан.

- 2014-жылдын 1-декабрында Кыргыз Республикасынын Премьер- министри Ж.Оторбаевдин Россия Федерациясынын Москва шаарына жумушчу сапары болгон, анын жүрүшүндө Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Д.Медведев менен жолугушуп, Евразиялык мейкиндиктеги интеграциялык процесстерге Кыргыз Республикасынын катышуусуна, ошондой эле эки тараптык кызматташууга тийиштүү кеңири маселелер талкууланган. Атап айтканда, Камбарата-1 ГЭСин жана Жогорку-Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча долбоорлордун ишке ашырылышынын жүрүшү, жылуулук-энергетика, транспорт, азык-түлүк жана ветеринардык коопсуздук чөйрөсүндөгү кызматташуу жана Россияда иштеп жүргөн кыргыз жарандарынын абалы жөнүндө сөз болгон;

- 2014-жылдын 14-15- декабрында Астана шаарында ШКУга мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчыларынын (премьер - министрлер) Кеңешинин жыйыны болуп өткөн. Бул иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз делегациясын Премьер-министр Ж.Оторбаев жетектеген. ШКУга мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчыларынын Кеңешинин жыйынында соода-экономикалык кызматташтык маселелери талкууланган, жыйынтыгында төмөнкү документтерге: Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө- мамлекеттердин өкмөт башчыларынын (премьер-министр) Кеңешинин чечимине; Тобокелчиликтерди башкаруу системасын өнүктүрүү жана колдонуу жаатында өз ара аракеттешүүлөр жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин бажы кызматтарынын ортосундагы меморандумга; Укук коргоо чөйрөсүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө- мамлекеттердин бажы кызматтарынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө Протоколго кол коюлган.

2014-жылы чет мамлекеттердин өкүлдөрү менен эки тараптык жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр өткөрүлдү, анда Кыргызстандын Бангладеш, Жаңы Зеландия, БАЭ, Польша, Катар Мамлекети, Корея, Латвия, Эстония, Германия, Сауд Аравиясы, Индия, Турция, Грузия, КЭР, Австралия, Португалия, Сербия, Мексика, ЮАР, Малайзия, Иран, Италия, Канада сыяктуу өлкөлөр менен соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү маселелери талкууланган.



      1. Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   10   ...   19




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет