Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчету Киришүү


-2014-жылдардагы кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн негизги көрсөткүчтөрү



бет6/19
Дата23.02.2016
өлшемі1.52 Mb.
#11437
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   19

2013-2014-жылдардагы кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн негизги көрсөткүчтөрү


Көрсөткүчтөр

2013-жыл

2014-жыл

2014-жыл

2013-жылдан четтөөсү

иш жүзүндө

алдын ала иш жүзүндө

(+,-)

Кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн дүң өндүрүшү, млн сом

291 194,2

333241,6

42 047,4

Өсүш темпи, %

105,5

104,1

-1,4

Баанын индекси, %

103,7

109,9

6,2

Транспорт кызматынын дүң чыгарылышы жана жүктөрдү сактоо 41,9 млрд сом көлөмүндө болуп, реалдуу өсүштүн темпи (кызмат көрсөтүү структурасындагы салыштырма салмагы 12,6 %) 2013-жылдагы 109,1 %дан 2014-жылы 103,0 %га чейин басаңдады, бул жүк ташуу жүгүртүүсү


(2013-жылы 103,0 %дан 2014-жылы 102,0 %га чейин) жана жүргүнчүлөрдү ташуу жүгүртүүсүнүн (2013-жылы 107,8 %дан 2014-жылы 103,7 %га чейин) көлөмдөрүнүн азаюусу менен шартталды.

2014-жылы транспорттун бардык түрү боюнча жүк ташуу жүгүртүүсү 2495,9 млн ткм көлөмүндө, же 2013-жылга карата 102 %ды түздү. Өнүгүүнүн бул көрсөткүчү жүк ташуу жүгүртүүсүнүн азайгандыгы менен шартталды:

- темир жол транспорту менен, мында жүк ташуу жүгүртүүсү 1008,0 млн т км, же 2013-жылга карата 100,6 %ды түздү;

- жылдын көпчүлүк учурунда түштүк региондорго жаратылыш газын берүү токтоп турганынан улам, өткөргүч түтүк транспорту 13,1 %га;

- транзиттик ташуу борборунун жабылышынан улам, аба транспорту 24,1 %га.

2014-жылы 18 тараза-тыш өлчөм көзөмөлдөө пункттары иштеген, анын ичинен 14 республиканын ичинде, ал эми 4 пункт чек арада жайгашкан, алар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматына берилген.

Реалдуу убакыт режиминде иштөөчү видео байкоо системасын киргизүү боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылды. Бул система Бишкек-Ош авто жолунун жана тоннель кызматынын Сосновка айылындагы тараза-тыш өлчөм көзөмөлдөө пункттарында орнотулду. Онлайн видеокөзөмөл жүргүзүүнүн жардамы аркылуу салмак контролунун жана тоннель кызматчыларынын милдеттерин аткаруусун контролдоого болот.

2014-жылдын аягында Сосновка айылынын постуна кошумча жол тилкеси кошулуп, ал жерге реалдуу убакыт режиминде иштөөчү жол кыймылынын интенсивдүүлүгүн көзөмөлдөөчү автоматтык датчиктер орнотулуп ишке киргизилди.

Кыргыз автоташуучуларынын кызыкчылыктарын коргоо жана эл аралык рынокто автотранспорт менен кызмат көрсөтүүдө жагымдуу шарттарды түзүү, чет мамлекеттер менен соода-экономикалык кызматташууну мындан ары өнүктүрүү максатында, кыргыз тарап
2014-жылы 38 мамлекет менен 51096 даана уруксат кагаздарын алмашты.

2014-жылы транспорттун бардык түрү менен жүргүнчүлөрдү ташуу жүгүртүү көлөмү 10766,7 млн жкм түздү, бул 2013-жылдын деңгээлинен 3,7 %га жогору. Жүргүнчүлөрдү ташуу жүгүртүүсүнүн өсүшү транспорттук бардык түрү менен камсыздалды, 23,6 %га кыскарган темир жол транспортун эсепке албаганда. Автоунаа жана аба транспортунда жаңы маршруттарынын ачылышы менен байланыштуу темир жол транспортунун жүргүнчүлөрдү ташууну жүгүртүү көлөмү төмөндөдү.

2014-жылдын башынан бери 643,4 миң сом суммада 12447 даана автобустук каттамдардын схемалары берилген.

Республиканын региондорунун калкынын жана мамлекеттик администрациялардын суранычы менен 2014-жылдын 12 айында бардыгы болуп 21 автобустук каттам кайрадан ачылып жана калыбына келтирилди. Ошол эле убакта, жүргүнчүнүн агымы жоктугунан жана башка себептердин айынан 9 автобустук каттам токтолуп жабылды.

Аба транспортунун жүргүнчүлөрдү ташуу жүгүртүүсү 3,8 %га өстү. 2014-жылы кыргыз авиакомпаниялары менен 1335865 жүргүнчү ташылды, алардын ичинен: эл аралык каттамдарда - 826867 жана ички каттамдарда - 508998, 2013-жылга караганда жүргүнчүлөрдү ташуунун көлөмү 15,1 % га көбөйдү. 2014-жылы жарандык аба кемелерин тейлөөнүн көлөмү (транзитти эсепке алганда) 2013-жылга салыштырмалуу 4,6 %га көбөйдү, же 1743 рейске көп.

Эл аралык линиялар боюнча дайыма учуулар ачылган: «Эйр Манас» авиакомпаниясы менен Бишкек - Пермь, «Эйр Кыргызстан» жана «Эйр Бишкек» авиакомпаниялары менен Бишкек - Белгород, «Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясы менен Бишкек - Минералдык Суулар, «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясы менен Бишкек - Грозный. Ошол эле убакта тиешелүү сандагы жүргүнчүлөрдүн жоктугунан Бишкек-Пермь жана Бишкек-Минеральные воды маршруттары жабылды.

Кыргыз авиакомпанияларын Евробиримдиктин «кара тизмесинен» чыгаруу боюнча ИКАОнун стандарттарына жана сунуштамаларына шайкеш келтирүү максатында бир катар ченемдик актылар иштелип чыкты.

«Манас эл аралык аэропорту» ААКсы тарабынан «Манас», «Ош», «Ысык-Көл» жана ички аэропортторду реконструкциялоо иштери улантылууда.

Почта жана курьердик иштердин кызматтарынын көлөмү 648,6 млн сом деңгээлин түзгөн, бул 2013-жылдагыдан 4,7 % көп.

2014-жылы маалымат жана байланыш кызматтарынын дүң чыгарылышы 4,9 %га өстү жана 29,8 млрд сомду түздү, 2013-жылы бул көрсөткүч 115,2 %ды түзгөн. Байланыш кызматынын өсүшү уюлдук байланыш кызматынын, интернетке жетүү мүмкүнчүлүгүнүн кеңейиши, санариптик теле берүүлөрдүн ишке кириши; маалыматташтыруу жана байланыш чөйрөсүндөгү башка кызматтардын көбөйүшү менен түшүндүрүлөт.

Байланыш кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү кирешенин жалпы көлөмүнүн, эң көп салыштырма салмагы уюлдук байланыш болуп саналат, ал 66,7 %ды түзөт. Өлкөнүн уюлдук байланыш рыногунда 7 уюлдук оператор иш жүргүзөт. Тарифтерин улам барган сайын төмөндөтүүнүн жана региондордо өз тармактарын куруунун натыйжасында уюлдук компаниялардын абоненттеринин саны көбөйүүдө. Отчеттук мөөнөттүн ичинде уюлдук байланышты активдүү колдонуучулардын саны 7 090 515 жеткен. Бул республиканын калкы бир эле учурда 2-4 уюлдук байланыш операторлорунун кызматтарын пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот дегенди түшүндүрөт.

Бүгүнкү күндө почта байланыш жаатындагы ишке 16 лицензия берилген. «Кыргызпочтасы» МИден сырткары, ички жана эл аралык почта экспресс-жөнөтмөлөрдү кабыл алуу, ташуу жана жеткирүү боюнча кызмат көрсөтүшкөн 15 коммерциялык оператор иш жүргүзөт: «Интерпост» ЖЧК, «Жамку экспресс» ЖЧК, «Дейли Транс Сервис» ЖЧК, «Пин почта» ЖЧК, «СПСР-экспресс» ЖЧК, «ЭльМирНур» ЖЧК, «Кыргыз Экспресс Пост» ЖЧК, «Велл Сервис» ЖЧК, «Logistic Solutions» ЖЧК, «Компания почтовых услуг-Экспресс» ЖЧК, «Ангара Курьер» ЖЧК, «Транс Азия Экспресс» ЖАК, Жумалиев Э.М. ЖИ, «Гранд Моторс Компани» ЖЧК, «ЫЛДАМ-ЭКСПРЕСС» ЖЧК.

2014-жылы «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүүчү системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2 сентябрында № 520 токтому менен бекитилген Электрдик жана почта байланыш тармагындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселеси жөнүндө убактылуу жобонун кабыл алынышы менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги иштин бекитилген түрлөрүнө, ошону менен бирге электр байланыш жана (же) маалымат жиберүү кызмат көрсөтүүлөрү үчүн радио жыштык спектрин пайдаланууга лицензияларды бере баштады. 2014-жылы байланыш чөйрөсүндө айрым лицензиялоо иш түрлөрүнө 159 лицензия берилген, анын ичинен:

­ телерадио берүү, ошону менен бирге программаларды, берүүлөрдү түзүү жана аларды таркатуу жаатындагы - 32;

­ маалымат жиберүү жаатындагы - 10;

­ электр байланыш жаатындагы - 50;

­ почта байланыш жаатындагы - 6;

­ электр байланыш жана (же) маалымат жиберүү кызмат көрсөтүүлөрү үчүн радиожыштык спектрин пайдалануу боюнча - 61.

2014-жылы 28 лицензия кайтарылды, 2 лицензиянын жарактуулугу токтотула турат, 1 лицензиянын жарактуулугу калыбына келтирилди.

«Байланыш жабдууларына жана кызмат көрсөтүүлөргө, ошондой эле радио жыштыктагы нурланууну берүүчү же жогорку жыштыктагы электр магниттик толкундардын булагы болуп саналган башка техникалык каражаттарга шайкештик сертификатын берүү» мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты иштелип чыгып, Өкмөттүн 2014-жылдын


3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген.

Мейманкана менен ресторандардын дүң кызмат көрсөтүүнүн көлөмү 17,6 млрд сом көлөмүндө болуп, реалдуу өсүш темпи 109,6 %ды түздү, муну менен бирге мейманканалар 109,4 %, ресторандар 109,7 %.

2014-жылы мамлекеттик башкаруунун жана коргоонун дүң кызмат көрсөтүүлөрү, милдеттүү социалдык камсыздоо 31,4 млрд сомду түзүп,
2,5 %га төмөндөдү, төмөндөө 2014-жылдын башынан баштап байкалды, бул бюджеттин чыгаша бөлүмүнүн планы аткарылбай жаткандыгы менен түшүндүрүлөт, натыйжада керектөө суроо-талаптары кыскарган
(2014-жылы республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгү (атайын каражатсыз жана мамлекеттик карызды эске алганда) бөлүгүнүн планы 97,7 %га гана аткарылган).

2014-жылдын январь-сентябрь айларында туризм чөйрөсүндө


92,6 миң чарба субъекттери өз ишин ишке ашырышты, бул 2013-жылдагы деңгээлден 22,0 %га жогору. Туристтик иш чөйрөсүндөгү дүң кошумча нарк 12672 млн сом болду, бул ИДПнын 4,7 %ын түзөт жана 2013-жылдын ушундай мезгилиндеги көрсөткүчтөрдөн ашкан жок.

Туристтик жагымдуулукту жакшыртуу үчүн окшош тарабынан өлкөнүн артыкчылыктары жөнүндө чет өлкөлүк туристтерге маалымат берүү боюнча иштер жүзөгө ашырылды. Анын ичинен:

­ 2014-жылдын 15-мартынан 18-мартына чейинки мезгилде Москва шаарында (Россия Федерациясы) «Интурмаркет - 2014» Эл аралык туристтик көргөзмөсү болуп өттү. Көргөзмөнүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын дубал көргөзмөсүндө чет өлкөлүк бизнес өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү жана бизнес келишимдери түзүлдү;

­ JICA Бүтүрүүчүлөрүнүн ассоциациясы, «Тогуз-Булак» лыжа базасы, Бишкек ишкерлер клубу жана жөө жүрүү туризминин союзу менен биргеликте, ошондой эле «Шоро» компаниясынын демөөрчүлүгү менен «Тогуз-Булак» лыжа базасында «Кыргызстан - кышкы эс алуу жана тоо лыжа өлкөсү - 2014» бешинчи туристтик фестивалы өткөрүлгөн.

­ 2014-жылдын 3-майында «Кыргызское Взморье» санаториясынын базасында «Ысык-Көл - 2014» Эл аралык туристтик жарманке болуп өттү, мында Кыргыз Республикасынын курорттук-саламаттык сактоо мекемелеринин өкүлдөрү катышты. Ошондой эле, жарманкеге Кыргыз Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын туристтик тармактарынын өкүлдөрү жана жакынкы, алыскы чет өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышты. Жарманкенин алкагында жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана Казакстан Республикасынын, Россия Федерациясынын туристтик операторлору үчүн маалыматтык тур өткөрүлдү;

­ Washington Post, Los Angeles Times, World Street Journal, the Guardian, Al Jazeera America, Mirror.co.uk, Repubblica.it, NBC News.com,Corriere.it, CoCanada.com, Postmedia.com, Eurasia.net, Astana Times, AzerNews басмаларында билдирүүлөр жарыяланды;

­ Туристтик мүмкүнчүлүктрөдү илгерилетүү боюнча маанилүү иш-чаралардын бири болуп 2014-жылдын сентябрында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өткөрүлүшү саналат, аны 120 жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары, Кыргызстанда аккредитацияланган эл аралык жалпыга маалымдоо каражаттарынын 20 өкүлдөрү, ошондой эле дүйнөнүн 10 өлкөсүнөн 80ге жакын чет өлкөлүк журналисттери жана облустук теле каналдар чагылдырышты.

2014-жылы туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн экспорту, алдын ала маалыматтын негизинде 408,1 млн АКШ доллары деңгээлинде түзүлдү, санитардык - курорттук иштердин калкка рыноктук кызмат көрсөтүүсү 496,1 млн сом суммасын түздү, бул 2013-жылдын ушундай мезгилине салыштырып, номиналдык жактан алганда 20,4 %га жогору болду. 2014-жылдын январь-сентябрь айларында туристтик бизнести өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүчү өнөр-жай продукциясын өндүрүү 524,1 млн сомду түздү, бул 2013-жылдын ушундай мезгилине салыштырганда


27,8 %га жогору болду. Туризм чөйрөсүндөгү негизги капиталга инвестициянын көлөмү 2013-жылдын январь - сентябрь айларындагы көрсөткүчтөрдөн 0,8 %га өстү жана 4991,3 млн сом деңгээлинде түзүлдү. Негизги фонд 122,6 млн сом суммасына киргизилген, бул 2013-жылдын январь-сентябрь деңгээлинен 3,3 эсеге көп.


    1. Мамлекеттик бюджетти аткаруу7




      1. Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу

Мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 2014-жылда 119 376,3 млн сомду, же пландык тапшырмада белгиленгенден 101,6 %ды түздү, план 1 936,9 млн сомго ашыкча аткарылган. 2013-жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырганда бюджеттин жалпы кирешелери салыктык кирешелер, салыктык эмес кирешелер жана эл аралык донорлордон алынган программалык гранттар сыяктуу бардык каржылоо булактарынын эсебинен 17,3 %га же 17 574,2 млн сомго өстү.

МИП гранттарын жана атайын каражаттарды эсепке албаганда жалпы кирешелердин планы 103,2 %га аткарылган, ашыкча аткаруу суммасы 3 334,7 млн сомду түзүп, өткөн жылдын деңгээлине салыштырганда 16 754,0 млн сомго, же 18,5 %га көбөйгөн.
18-таблица
2013-2014-жылдардагы мамлекеттик бюджеттин кирешелери

(млн сом)



2013-жыл иш жүзүндө

2014-жыл алдын ала, иш жүзүндө

2013-жыл 2014-жылдын четтөөлөр (+,-)

101 802,1

119 376,3

17 574,2

Отчеттук жылда салыктык кирешелердин көлөмү 82 639,1 млн сомду, же пландан 101,0 %ды түздү (ашыкча аткарылган сумма 797,8 млн сом). 2013-жылга салыштырганда салыктык кирешелер 9 796,7 млн сомго, же 13,4 %га өстү, өсүш салык, ошондой эле бажы органдары тарабынан камсыздалган.

19-таблица

2013-2014-жж. мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин структурасы

(млн сом)



Көрсөткүчтөр

2013-жыл

иш жүзүндө

2014-жыл алдын ала, иш жүзүндө

өсүш

темпи

(%)

2014-жыл

план

аткаруусу

(%)

Салыктык түшүүлөр

72 842,4

82 639,1

113,4

81841,3

101,0

анын ичинде:

КРӨгө караштуу МСК

35 884,0

40 053,0

111,6

39 740,8

100,8

КРӨгө караштуу МБК

36 958,4

42 586,1

115,2

42 100,5

101,2

Салыктык эмес түшүүлөр

19 770,5

26 778,1

135,4

24876,8

107,6

Алынган расмий трансферттер

9 189,3

9 959,1

108,4

10721,4

92,9

Бардыгы

101 802,0

119 376,3

117,3

117 439,4

101,6

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан отчеттук жылда салыктар жана төлөмдөр 42 586,1 млн сом, же пландан 101,2 % өлчөмүндө камсыздалган. Ашыкча аткаруу суммасы 485,6 млн сомго импорттук продукцияга акциздик салыктын жогорулашынын эсебинен 1 380,7 млн сомго, же 38,8 %га жана бажылык төлөмдөр боюнча 960,1 млн сомго, же 7,5 %га жогорулашы менен камсыздалган. Мында, пландык көрсөткүчтү импортко КНС боюнча 1855,2 млн сомго, же планды 92,8 %га аткарбоо байкалууда. Планды кем аткаруунун негизги себеби 2014-жылы товарлардын импортунун көлөмүнүн 4,3 %га төмөндөшү болуп саналат.

Салыктар жана бажылык төлөмдөр боюнча планды аткаруу төмөндөгүдөй:


  • импортко КНС 25 734,8 млн сом планында 23 879,6 млн сом жыйналган;

  • акциздик салык 3 554,7 млн сом планында 4 935,4 млн сом суммасында жыйналган;

  • бажылык төлөмдөр 12 811,0 млн сом планында 13 771,1 млн сом суммасында жыйналган.

Бажылык төлөмдөрдүн жана салыктардын түшүүлөрү 2013-жылга карата дээрлик 15,2 %га, же 5 627,8 млн сомго өсүшү бардык салык жана төлөмдөргө түшүүлөрдүн жогорулашына байланыштуу:

- импортко КНС боюнча 1 830,7 млн сомго ,же 8,3 %;

- импортко акциз салыгы боюнча 1 912,2 млн сомго, же 63,2 %;

- бажылык төлөмдөр 1 884,9 млн сомго, же 15,9 % байкалууда.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы тарабынан (мындан ары - МСК) 2014-жылы кирешелер 42169,2 млн сом суммасында, же планга карата 101,9 %, 780,4 млн сомго ашык аткаруу менен жыйналган. 2013-жылдын деңгээлине салыштырганда кирешелер 12,2 %га, же 4 584,9 млн сомго өстү.

МСКнын кирешелеринин өсүшү салыктык кирешелер боюнча планды 312,2 млн сомго жана салыктык эмес кирешелерди 468,2 млн сомго ашыкча аткарууга байланыштуу болду. Мында МСКнын салыктык кирешелери 40 053,0 млн сомду түзгөн, план боюнча көрсөткүч 100,8 % аткарылган, 2013-жылга карата өсүү темпи 111,6 %ды түзгөн.

Кумтөр кенин иштетүүчү ишканаларды эсепке албаганда кирешелер 10,4 %га, же 3 528,7 млн сомго өстү. МСКнын кирешелеринин планы Кумтөр кенин иштетүүчү ишканаларды эсепке албаганда 98,9 %га аткарылган, 401,9 млн сомго кем жыйналган.

Негизги салыктардын түрлөрү боюнча аткарылышы

Киреше салыгынын иш жүзүндөгү түшүүлөрү 7 133,4 млн сомду түздү, план 91,0 %га аткарылган, же бюджетке 796,6 млн сом кем түшкөн. Планды аткарбоо калктын номиналдык акчалай кирешелеринин 15,3 %га, анын ичинде эмгек акынын 12,6 %га пландалган көлөмүнө жетишпегендигине байланыштуу. 2013-жылга салыштырганда салыктын түшүүсү 12,6 %га, же 796,6 млн сомго өстү.

Пайда салыгы боюнча иш жүзүндөгү түшүүлөр 4 169,8 млн сомду, же планга карата 99,9 %ды түздү. 2013-жылга карата өсүш темпи 101,2 %ды түздү жана номиналда 49,1 млн сомго өстү.

Бюджетке бирдиктүү салыктан планды 12,7 %га ашыкча аткаруу менен 165,6 млн сом түштү, бул номиналда 18,6 млн сомду түзөт.


2013-жылга карата өсүш темпи 114,0 %ды түздү жана номиналда 20,4 млн сомго өстү.

Патент негизиндеги салыктардан түшүүлөр 2 002,9 млн сомду, же планга карата номиналда 81,7 млн сомго ашыкча аткарылып 104,3 %ды түздү. 2013-жылга карата өсүш темпи 118,1 %ды түздү жана номиналда 307,4 млн сомго өстү.

Кумтөр кенин иштетүүчү ишканалардын дүң кирешелерине салыктан бюджетке 3 442,0 млн сом планында 4 624,3 млн сом түштү, же ашыкча аткаруу суммасы 1 182,3 млн сомду түздү. 2013-жылга салыштырмалуу түшүүлөр 29,6 %га, же 1 056,2 млн сомго өстү.

Менчикке салыктарды иш жүзүндө жыйноо (мүлккө салыктар, жер салыгы) планды 110,8 %га, же 215,9 млн сомго ашыкча аткаруу менен 2209,7 млн сомду түздү. Өткөн жылга карата түшүүлөрдүн деңгээли 7 %га, же 145,2 млн сомго өстү.

Ички продукцияга КНСтин иш жүзүндөгү түшүүлөрү 8 783,8 млн сомду түздү, же план 96,2 %га аткарылып, бюджетке 342,5 млн сом түшпөй калган. 2013-жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырганда жыйымдар 9,3 %га, же 749,5 млн сомго өстү. Салык боюнча пландык көрсөткүчтүн аткарылбай калышынын негизги себеби ИДПнын анык өсүшүнүн 3,6 %га дейре басаңдашы.

Сатуудан алынуучу салык боюнча жыйымдар 7 262,4 млн сом, пландык көрсөткүч 96,8 %га аткарылган (түшпөй калган сумма 241,1 млн сом). 2013 - жылга салыштырганда өсүш 768,1 млн сом номиналдык суммага көбөйүү менен өсүш 11,8 %ды түздү.

Ички продукцияга акциздер боюнча түшүүлөр 1 398,9 млн сомду түздү. Пландык көрсөткүч 97,0 %га аткарылган, же бюджетке 42,6 млн сом кем түшкөн. Кем түшүүнүн башкы себеби аракты өндүрүүнүн көлөмүнүн аткарылбашы жана «Реемстма Кыргызстан» ААКнын жабылышы болуп саналат. Өткөн жылга карата акциз салыгынын өсүш темпи 131,2 %ды түздү жана номиналда 332,5 млн сомго көбөйдү.

Жер казынасын пайдалануу үчүн салык 749,6 млн сом суммасында, же планга карата 100,4 %га жыйналган. Өткөн жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу жыйымдар кен чыккан жерлерди сатуу боюнча аукциондордун кечигишине байланыштуу 15,4 %га азайган.

Каралуучу жылда мамлекеттик бюджеттин салыктык эмес түшүүлөрү планды 7,6 %га, же 1 901,3 млн сомго ашыкча аткаруу менен 26778,1 млн сомду түздү. План берилген бюджеттик ссудалар жана кредиттер боюнча пайыздардан 253,6 млн сомго, дивиденддерден 64,4 млн сомго, мамлекеттик ишканалардын пайдасынан 49,4 млн сомго, ижара акысынан 233,2 млн сомго, мамлекеттин пайдасына жүгүртүлгөн кирешелерден 227,4 млн сомго жана жергиликтүү маанидеги инфраструктураларды өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөрдөн 34,8 млн сомго түшүүлөрдүн эсебинен ашыкча аткарылган. Өткөн жылга салыштырганда жыйымдар 35,4 %га, же 7 007,6 млн сомго өстү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд тарабынан республиканын бюджетине мамлекеттик мүлктү башкаруудан кирешелердин түшүүлөрү 2 399,6 млн сом суммасында камсыздалган, пландык көрсөткүч 106,9 %га аткарылган. План дивиденддерден 64,4 млн сом, мамлекеттик ишканалардын пайдасынан 49,4 млн сом жана мамлекеттин менчигинде тургандардын ижара акысынан 40,0 млн сом түшүүлөрдүн эсебинен ашыкча аткарылган. 2013-жылдын иш жүзүндөгү түшүүлөрүнө салыштырганда 25,1 %га, же дивиденддердин жана мамлекеттик ишканалардын пайдасынын эсебинен 803,2 млн сомго азайган.

2014-жылы расмий гранттардан түшүүлөр планды 762,3 млн сомго кем жыйноо менен 9 959,1 млн сомду түздү, бул негизинен МИП гранттарынын 714,0 млн сом түшпөй калууларына байланыштуу болду. 2013-жылдын деңгээлине карата гранттардан түшүүлөр 769,8 млн сомго көбөйгөн, бул программалык гранттардын түшүүлөрүнүн өсүшү менен шартталган.


      1. Республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы

2014-жылдын жыйынтыгы боюнча республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгү (атайын каражаттарды эсепке албаганда жана мамлекеттик карызды эске алуу менен) пландагы 104 922,5 млн сомдон 102 544,8 млн сом суммасында, же 97,7 % аткарылган. 2013-жылы республикалык бюджетти аткаруу (атайын каражаттарды кошпогондо) 90 994,1 млн сомду түзгөн. 2013-жыл менен салыштырганда жалпы чыгашалар 11 550,7 млн сомго, же 12,7 %га көбөйгөн. ИДПнын көлөмүнө карата республикалык бюджеттин чыгашалары 25,8 %ды түздү.

Республикалык бюджеттин ресурстарынын калдыгы, (2015-жылдын 1-январына карата абал боюнча) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын Башкы китебиндеги маалыматына ылайык, 6130,9 млн сомду түздү (2014-жылдын башындагы бюджеттик каражаттардын 2868,3 млн сом суммасындагы калдыгын эске алуу менен).

Республикалык бюджеттен чыгашалардын корголгон беренелери боюнча пландагы 68 981,7 млн сом суммасынан 68 452,3 млн сом, же 99,2 %га каржыланган. 2013-жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырганда каржылоо 10,2 %га, же 6 322,8 млн сомго көбөйгөн.

Республикалык бюджеттен чыгашалардын корголбогон беренелери боюнча пландагы 9 186,2 млн сом суммадан 8 734,9 млн сомго, же 95,1 %га каржыланган. 2013-жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырууда каржылоо 11,4 %га, же 890,8 млн сомго көбөйгөн.

2014-жылдын жыйынтыгы боюнча социалдык чөйрөгө республикалык бюджеттен чыгашалардын салыштырма салмагы (53 363,4 млн сом) 57,8 %ды түздү (2013-жылы 52,4 %), 2013-жылга караганда бардыгы 11 449,2 млн сомго көп багытталган.

20-таблица



Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   19




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет