Ылайым акылдуулар кайгырбасын
(Кален Сыдыковага арнайм)
Кантсе да кадыркечтик жалганда аз!
Кеч болот өкүнгөндө карыганда жаш.
Мен Сизди эң биринчи бүгүн көрдүм,
Күүгө мас! Күйүткө мас! Арманга мас!
Ойлонуп мен да жүргөм бул жалганды
Сагынып алыскы бир кудайларды,
Жүздөгөн окуялар өтсө дагы,
Жүрөктө жалгыз гана убай калды.
Эмне үчүн комуз ыйлайт, комуз боздойт,
Жүрөктөн жүз миңдеген ыйды козгойт.
Жабыркап жакшы адамдар өткөнү чын,
Жалгандын жалгандыгы чындык окшойт!
Кошулган комуз күүсү курап кагат.
Жүзүң жоош, жүрөктөн жаш кулап барат.
Эрдиктин, назиктиктин, сулуулуктун,
Салмагы басып турган сыяктанат.
Адамзат арман кылып зар кылбасын,
Ар дайым көңүлүмдүн айлындасың.
Тереңден туюп турган кыйын экен,
Ылайым акылдуулар кайгырбасын.
Барчынбек Бугубаев
1992-ж.2-апрель
Терең, эрдиги бар адам
Менин түшүнүгүмдө, Кален Сыдыкованын публицистикалары өтө бир элестүү, далилдүү, көркөм оюнун тереңдиги менен айырмаланат. Ушунчалык бир тартынбай өтө кенен, такшалган адамдыкындай чоң ой айткан, жазгандарына чоң ой батырган журналистти кийин көрүп алып таңгалдым. «Курманбек баатырдын мүрзөсү» деген 1989-ж. «Кыргызстан маданиятына» чыккан. Ошол резонанс берди. Так, таамай ойлорду айткан. Ошондон кийин Курманбек баатыр кыргыздын жомогу эмес, реалдуу баатыр экендиги, анын мүрзөсү Көгартта, Түштүктө коюлгандыгы, ал кандай болгондугу, ошонун чындыгы сыртка чыгып элдин баары ошону колдоп кетти. Курманбек баатырга тарыхый инсан катары музей салып, ошол кишини изилдеп, ошол кишинин тегерегине Календен кийин чоң жазуучулар киришип кетишти. Ага чейин мен өзүм деле ошол теманы көп билбеген экемин, калмак кыргыз чабышын жакшы эле билчүмүн, бирок, Курманбек баатыр ким болгондугун, анын мүрзөсү каякта экенин, кандай шартта чыккандыгын билбептирмин, ошонун бардыгын тең Кален далилдеп, тарыхый реалдуу факт катары элге көргөзүп койду. Демек, бүгүнкү күндө Курманбек легендарлуу баатырыбыз, кыргыздын сүйүктүү, урматтуу уулу, тарыхый инсан экендигине эч ким күмөн санабай калды.
Ошондой эле моралдык, этникалык темаларга жазган Календин макалаларын көп окудум. Бирок, ушунчалык бир тартынбай өтө ишенимдүү жазат, калеми өтө кубаттуу, өтө ишенимдүү, мени мына ушул таңгалдырат. Бул өзү келечектеги биздин мыкты бир журналист, жазуучуларыбыздын, адамдарыбыздын бири. Демек, ар бир жазган макаласына, аңгемесине, повестерине ой шыкайт, проблема шыкаган, проблема көтөргөн адам.
Кален Сыдыкованын жазуучу катары, публицист катары, ошондой эле коомдук ишмер катары келечеги алдыда. Өткөн бир сессияда Турдакун Усубалиев бир жакшы маселе көтөрдү, ошондо айтты, кичине жеме иретинде же бир өзүнүн өктөөсү катары айтты: «бул Кыргызстанда кандайдыр бир даражада бир жакшы таланттуу, өтө бир билимдүү аялдар көтөрүлбөй жатат. Эмне үчүндүр биз ошолорду аренага алып чыкпай жатабыз» деп. Эгер ошондой эле аренага кадр керек боло турган болсо коомдук бир чоң жүктү көтөрө турган адилет, ак ниет иштей турган, объективдүү боло турган кыздарыбыздын бири Кален Сыдыкова.
Кален Сыдыкова тайманбаган кыздарыбыздын бири, оюн тике айткан, оюн далилдей билген, коом арасында баса билген, сүйлөй билген ушундай өтө бир жетилген кыздарыбыздын бири. Ушул жерден дагы бир экинчи нерсени эскертип коеюн: Кален Сыдыкованын бир өзгөчө мүнөзү, менин байкашымда: мунун эрдиги бар, бул - эр адам, бирок, аял катары көктүгү жок, кекчилдиги жок, өзү дагы мындай бир жадырап-жайнап турат, оюн бирөөгө таңуулабайт, бирок, оюн тике айтып ошону далилдеп алып бирөөнү ынандарып кетет.
Асанбек Стамов
Кыргыз Республикасынын
эл жазуучусу
1994-жыл
Туу болоор биздин жаштарга
(Кален Сыдыковага)
Тоолор да билет Каленин,
Толтуруп ойго карегин.
Толкутуп акыл деңизин,
Толгонуп шилтеп калемин.
Туу болоор биздин жаштарга,
Турмушка курган маегиң!
Талаа... Көл... билет Каленин,
Таланты айткан дарегин.
Таалай бак издеп кыргызга,
Талыкпай шилтеп калемин.
Суктанып келет кыйланы
Сулуулук менен адебиң...!
Курманжан керек кыргызга,
Кубаты элге сыр жайган.
Кыргызга колуң булгай бер,
Кылымга кетчү жылдардан!
Барчынбек Бугубаев
Кыргызстан Жаштар сыйлыгынын лауреаты
1994-ж. 8-март
Доор элеси — Календин күзгүсүндө
ХХ-кылымдын 1991-жылы элибиздин тарыхындагы улуу бурулушка жол салган ак жолтой жыл болду. Дал ушул жылдан баштап эгемендүү Кыргыз мамлекети кайрадан жаралып, өткөөл доордун «тар жол, тайгак кечүүсүн», ары удургуп, бери удургуп, туңгуч Президент Аскар Акаевди караан тутуп жаңы дүйнөгө тобокел деп бет алды. Бул бурганактуу ак жолдо улуу акын Алыкул Осмонов айткандай Президентибиз Ата журттун оор жүгүн мойнуна алып жол издеп, жол тандап, сынчыларга моюн бербей өжөрлүк менен «көч бара-бара түзөлөт» деп, көздөгөн максатын карай кадам шилтөөдө.
Шүгүрчүлүк, Президентибизге эриш-аркак болуп кошо жол издешип, Ата журттун ысык-суугуна чын ыкластан күйүп-бышып, жаш мамлекети бизди тезирээк телчиктирүүгө бири ою менен, бири иши менен кол кабыш кылгандардын катары күндөн күнгө өсүүдө. Андай адамдарыбыздын бири жазуучу Кален Сыдыкова. Анын курч калеминен жаралган макалалар, китептер бул ойлорубузду айгинелеп тургансыйт.
Окурманга сунуш этилип жаткан мына ушул саптар Календин трельяж күзгүдөй үчилтикти түзгөн: «Доор кайрыгы» публицистикалык ой-толгоолору /1995/; «Түпкүрдөгү Монстр», даректүү баяны (95); «Насыя нике» аңгемелер жыйнагы /1996/ китептериндеги аруу ойлорго арналат. Калемсапты колго алышыма Кален терметкен ойлордун өзүмдүн ички кайрыктарыма төп келгендигинен, алар окурмандарга тезирээк жетсе экен деген дегдөөм башкы себеп болду. Албетте үч китептеги орошон ойлордун дээрлик бардыгына кайрылуу эч бир мүмкүн эмес. Аларды санап чыгуунун өзү эле бир далай убакытты алат. Календин аруу ойлоруна насиптеш болуш үчүн ал жазган китептердин так өзүнө кайрылуу керек.
Алдын-ала айта кете турган нерсе, аталган китептердин негизин логикалык байланыштагы, туташ залкар ойлор түзөт. Алардын эң башкылары: Кыргыз мамлекетинин азыркы абалы, келечеги, элибиздин рухий дүйнөсүнүн өзөктүү маселелери, чарба-тиричилигибиздин, ата конушубуздун тагдыры. Жалпысынан айтканда аталган үч китеп бир сырдуу Календин миң кырлуу ички кайрыктарынын үч түркүн жанрдын калыбына салынып кагаз бетине түшүрүлгөн ой чабыттары. Болгондо да журналисттик, адамгерчилик позициянын элегинен, керек болсо ички алакай цензурадан эленген ойлор, проблемалар, суроолор. «Эл тагдырын ойлоого кудуретим жеткенден баштап, - дейт автор, - ата журтум ардагым деп жандалбастап келем. Эл, жер, тил, эгемендик, азаттык ж.б. ата-журттун асыл касиеттери, элдин элдиги көрсө кылым карытып өчпөстүгүн, көрөңгүсүнүн үзүлбөстүгүн муундан-муунга, доордон-доорго берет экенбиз» («Доор кайрыгы» 5-бет). Кален дал ушул бийик позициядан туруп «аздектеп жыйып алган ойлорун» окурманга тартуулайт. «Доор кайрыгынын» дагы бир өзгөчөлүгү суроо жооп түрүндө жазылышында. Чындыгында, мындай ыкма татаалдыгына карабастан бир топ ийгиликтүү болот. Анткени, так аныкталган проблема, туура коюлган суроо, адетте маселенин чечилишинин жарымын түзөт. Автор эч бир тарткынчыктабай мындай суроо коет: «Биз кайда жана кайсы жолдо баратабыз?» Анын пикири боюнча өткөн мезгилдин өтөлгөлөрүн ылгоо керек. Аларды жапырт танбастан, алгылыктуу жактарын сактап, дүйнөлүк стандарттарга бир-эки жылда эле жетебиз деп өтө чамдабай, «республиканын обьективдүү шартын эске алып жылсак» дейт. Менимче Календин бул оюнда калет жок! /13-бет/.
Мамлекет дегенибиз тийиштүү символдорду талап кылары белгилүү. Бул суроого да Кален өзүнүн өкүнүч ойлорун айтат. «Аттиң ай,-деп Кален айткандай,-түбөлүктүүу символдорго, түбөлүктүү ээ болор күн болоор бекен? Көк түбөлүктүүлүктүн, чексиздиктин, жаңы тириликтик белгиси эмес беле» - деп өкүнөсүң /17-бет/.
Кален койгон кыжалат суроолордун дагы бири баатыр деп аталгандардын мааракелери. Анын сунушу боюнча атайын критерийлердин иштелиши зарыл. Буга макул болуудан башка арга жок.
Мамлекет болгондон кийин анын мамлекеттик тили болушу зарыл. Дал ушул маселеде Кален өзүнүн ойлорун жалтактабай айтып, принциптүү позицияны алган. Анын ойлорунун жүйөлүүлүгүн Бириккен Улуттар Уюмунун мектептерде окулуучу сабактардын ичинен эне тилди биринчи орунга койгон сунуштары далилдеп турат. Көрсө, БУУга мүчө болгон ар бир мамлекет өз мектептеринде биринчи кезекте эне тилин, андан кийин чет тилдерди, андан кийин компьютер тилин окутушу зарыл экен. Ушул жерде баса белгилей кете турган нерсе бар. Ал кыргыз тилинин башка тектеш элдердин тилдери менен болгон карым-катнашы. Бул суроону кою менен Кален эне тилибизди диалект деңгээлине түшүрүп жиберүүчүлөрдүн пикирине кыргыйдай тийип, акыйкат сөздү айтууга жараган. Ушундан улам мамлекеттик катчы И.Абдразаковдун «Кыргыз маданиятына» чыккан макаласында «биз адегенде кыргызбыз, андан кийин түркбүз» деген оюнун адилеттүүлүгүн эскерте кетүү зарыл. Тил маселеси, албетте, жазуубузга байланыштуу. Бул суроону талдоодо Кален жүйөөлүү ойду жактап, мындай дейт: «Кыргызстанды дээрлик толук сабатка жеткизген орус алфавитинен өтөөрү жок» /Доор кайрыгы. 39-бет/. Автордун эне тилине арналган бизге карата айтылган тунук ойлору апасы Эркинбай кызы Разияга арналган «Тилим-дилим» аттуу бөлүмдө өзгөчө курч жазылган. Белгилей кетүүчү нерсе, табият таануу билимдерин кошпогондо бүгүнкү күндөгү башкы максат: эне тил боюнча китептерибизди аныктамалардан баштап, көнүгүүлөргө чейин эски көз караштан арылтуу, кыргыз адабиятын мурда идеологиялык жактан күнөө коюлуп окуу программаларына, китептерине кирбей калган залкарларыбызды кошуу, кыргыз тарыхын дүйнөлүк тарыхтын контекстинде кайра жазуу, Кыргызстандын географиясын дүйнөлүк геосаясаттын концепцияларын эске алуу менен кайрадан иштеп чыгуу. Анан калса, агартуу тармагына келгенде эле ар бир мектепте окуган же студент болгондордун баары эле адис катарында «Бурулчанын селкинчек, андай теппей мындай теп», – деп акыл үйрөтүшүп окуу тармагынын атайын адистерди талап кылуучу өзгөчөлүгүн эстен чыгарып салышат. Мектеп тармагы өтө бир этияттыкты талап кылат. Аны саясат өзгөргөн сайын эле түп-тамырынан бери өзгөртүүгө болбойт. Анын өзүнүн өнүгүү закондору бар. Алар менен эсептешүү зарыл.
«Доор кайрыгында» адеп-ахлак, салттардагы терс көрүнүштөргө кыргыз эли эбактан бери эле «ооздук салууга» кудуреттүү болгондугун белгилөө менен Кален бүгүнкү күндө ыпылас көрүнүштөргө эмне себептен күчүбүз жетпей жаткандыгын баса белгилейт. Ал минтип жазат: «Эл ыйманы катарлаш бузулду. Кызын бузган ата, энесине кол салган уул, ит менен чагышкан аял пайда болду. Ушуну ойлоп туруп, бул дүйнөнү жүзүң курусун дегиң келет. Буларды фактылай айтып жатканым адамдын юридикалык укугу закондо конкреттүү корголушу керек /207-бет/.
Китепте автор улуттук салттарыбызды кастарлап, биздин элде аялзатына болгон өзгөчө ызатты, жар тандоо маселесин өзгөчө бир күчтүү сезим менен жазган. Автордун ою боюнча жыныс ишинин «бир гана улуу функциясы бар- жан жаратуу» /202-бет/. Бул ак сөз. Ошондуктан Календин айтымында «баалаган эркекке аялдын эң ыйык үч белгиси бар: бири - жыныс, экинчиси - жатын, үчүнчүсү -эмчек. Жан дүйнө ушул үч нерседен турат» /202-бет/. Ал эми «телегейи тегиз жар тандоо кыйын» - деп белгилөө менен бирге автор өз оюн мындайча улайт: «Илгери кыргыз жатынга - чоң маани берчү экен, анткени, жакшы атанын тукуму майдаланып кетпей мыкты болуш үчүн кээ бир сынаакы эл билермандары атайын сынчы чакыртып жар тандашчу... Бекеринен Санчы сынчы Болот бийге бөрү жатын, ургаачынын өөк сырттаны деп көчтө журтта калган салбар катын Таалаке таркылдакты алып бербеген. Улуу кыргыз ушинтип генге чоң маани берген»/207-бет/. Ушул жерде айта кетчү үч кеп бар: биринчиси - улуу Санчы сынчынын философиялык көз караштарын изилдөөчүлөрдүн көз жаздымында калып жүргөн, акыл аялзатын сыноого кудуреттүү болгондугун көрсөтүп, сынакчынын образына дагы бир баалуу сүртүмдү кошкондугу; экинчиси - «аял-улуттун, журттун энеси» - деген улуу ойду дагы бир ирет баса белгилегендиги; үчүнчүсү - автордун жазуу стили, болгондр да айта турган оюн тартынбай, жылаан боор камчы менен басып-басып алгандай шар шилтениши, керек болсо мажирөө мылжың эркек сымалдардай болбой, «улуу сөздө уят жок» дегендей таш мылтыктай тарс-тарс айтып салышы.
Календин жазуу, ойлоо стили жөнүндө сөз козгогондо айта кетүүгө зарыл болгон дагы бир жагдай бар. Ал анын китептеринен байкалып турган рухий ички кайратынын күчтүүлүгү. Анын калеминен жаралган салтардан ысык илеп уруп турат. Кыясы, кыргыз уулдарынын эң мыктыларын Календей энелер төрөп тарбиялаган окшойт. Баса, кечээ эле Ата мекендик согуштун жылдарында кайраттуу биздин чоң энелер, апалар кандуу майданга кеткен жубайларынын ордун басып, суу сугарып чалгы чаап, трактор айдап, айтор нукура эркектин ишин аркалабадыбы. Биз, ошол кездеги мадырабаштар чалгыны эркек гана чабат, тракторду эркек гана айдайт деп бекеринен жаңылып жүргөн экенбиз. Көрсө биздин энелер эркектерди сыйлап, алардын мартабасын көтөрүп, мүмкүн, эркелеп чалгыны колго албай жүрүшсө керек.
Календин экинчи китеби «Түпкүрдөгү монстр» шайлоонун шайтан оюндарына, таймашуунун жүрүшүнө, шайлоолор чет өлкөлөрдө кандай өткөрүлө тургандыгына ондогон документтерди күбө тартуу менен жазылган. Автор бул китебин, «интеллектуалы бийик, азап-тозогу, мээнети арбын тунгуч Президентке» арнаган. Чындыгын айтканда, бул туура чечим. Анткени, Тунгуч Президентибиз Аскар Акаев Кыргыз Мамлекетинде биринчи жолу эркин шайлоонун өтүшүнүн демилгечиси жана демократиялык укуктук мамлекеттин түзүүчүсү. Ал эми Президенттин ак пейил ойлорунун кандайча турмушка ашып жатышынын өзгөчөлүктөрүн талдоо экинчи маселе китептин негизин түзөт. Китеп жекеликтен жалпылыкка карай умтулган ыкма менен жазылган. Автор айрым жеке адамдын тагдырына, биринчи кезекте өзүнүн тагдырына байланыштуу болгон фактылардан райондук, областтык, республикалык масштабдагы фактылардын системасына таянуу менен жаңы кош парламенттик шайлоолордун «ачуу таттуу өксүктөрүн, жеңилүү-жеңиштерин изилдеп», олуттуу жыйынтыктарды жасаган. Ал корутундулар келечектеги «талапкерлерге аз да болсо сабак болсун деген» ак үмүттү ишке ашырууга багытталган. Бирок, бул маселенин бир гана жагы. Болгондо да автордун «тоону томкоруп салдым» дебей сыпайкерчилик менен гана айтканы. Анткени, мындай конкреттүү документтерге таянып жазылган иш Кален жупуланып айткандай «жарым иликтөө» эмес эле, толук кандуу илимий изилдөө. Көп изилдөөнүн жазылыш формасында эмес, анын мазмунун да, проблемалардын коюлушунда жана алардын чечилишинде, тыянактарында. Ансыз да биз тоталитаризм мезгилинде илим сымак, сөздөрү чоркок, орусчадан которулган сыяктуу китептерден тажап бүтпөдүкпү. Китеп эне тилибиздин учкул ойлорго толгон куюлушкан сүйлөмдөрү менен жазылган. Календин китептеринин окурманды арбап турган күч так ушунда. Анын китептери эне тилибизде татынакай илимий эмгектерди жаратууга болот деген ойду айгинелеп турат.
Эмесе, китептеги кайсыл oйлор уңгу болууга кудуреттүү? Биринчи кезекте адамдар ортосундагы жеке байланыштардын шайлоо мезгилинде теңирден-тескери мүнөзгө өтүп кетиши. Мисалы, Календин депутаттыкка коюлган кандидатураңды алып сал деп, ормон опуза кылып телефон чалгандардан, конокко чакырып алып «сүйлөшө турган сөздү» дипломатиялык жол менен чечүүгө аракеттенгендерден баштап, түз эле «бир квартира, бир машина» берип аны сатып алууга чейин баргандар жөнүндө кыжырданбай кое албайсың. Кален айткандай «сатылбай бир гана Кудай калды» /28-бет/. Ошол себептен бyл шайлоодо чөнтөгү жука «илим-билим, маданият искусство адамдары биринчи эле турда сүрүлүп калды...» /29-бет/.
Улуу тарыхчыбыз Осмоналы Сыдык өз мезгилинде айткандай:
«Чыкканы бу шайлоого кырк жыл болду,
Шол шайлоо барылыкка себеп болду
Мас болуп бирөө чыкты бий болом деп
Кас болуп бирөө чыкты мен болом деп»,
Кызык, биз кыргыздар деги качан оңолобуз? Китептин дагы бир чоң өзгөчөлүгү-коомдук пикирдин уюткулары болгон газета, журналдарга, тактап айтканда «Кыргыз Туусу», «Кут билим», «Асаба». «Кыргыз маданияты» ж.б. басылган толгон токой макалаларды, ондогон арыздарды, актыларды, токтомдорду талдап шайлоо мезгилиндеги кеткен кемчиликтердин себебин ачуу. Автор жети себепти белгилейт жана шайлоо саясий опурталдуу оюндун очогуна айлангандыгын ачык көрсөтөт. Календин пикири боюнча «шайлоо кылмыштарын көрсө-көрмөксөн болгон түпкүрдөгү монстр-борбордук шайлоо комиссиясы калыстыктан тайган».
Кыргызстандын тарыхындагы бул эркин шайлоо «элдин саясий аң сезими мамлекеттик деңгээлде калыптана электигин, сатылуу жана сатып алуу, уруу, этносторго бөлүнүү антиконституциялык, сепаратисттик маанай ж.б.» болордугун ачык көрсөттү. Мындан бир гана тыянак чыгат: келечектеги президенттик шайлоодо аталган кемчиликтер орун алышы мүмкүн, адамдар кыраакы болгула!».
Календин опол тоодой ойлорду терметкен ойчулдугунун, проблемаларды так кырынан койгон изилдөөчүлүк шыгынын дагы бир жагы аңгеме жазууда көрүндү. «Насыя нике» аттуу жети аңгемеден турган чакан жыйнакта адамдын ыйманы, пейили, насили, айтор, жүрүм-турумубуздагы адамдын сайсөөгүн сыздатуучу терс кайрыктар, кунарсыз никенин айланасында баяндалат. Ошондой болсо да, Кален окурманды жакшылыктан үмүтсүз калтырбайт. Анткени жакшылыкка алып баруучу жол бирөө гана - ал ата салтына кайрылуу. Бул ой «Насил кыяматында» трагедиялык маанайда бepилет. Аңгеменин өзөгүн Бүбү апанын аздектеген аруу ойлору, кысыр үмүтү жээни Наргүлгө карата болго назик сезими түзөт. Наргүлгө арналган эпизоддор да, бүгүнкү күндө чечүүгө муктаж болгон тестиерлерди тарбиялоо маселесинин бир бутагы табылгансыйт. Ал табылга - элибиздеги кыздарды балакатка отургузуу жөрөлгөсү. «Илгери кыздарды- дейт Бүбү апа, балакатка жеңелери отургузуучу экен, эми муну билген ким бар?» /11-бет/. Китепте кыздарды балакатка отургузуунун эрежеси толук берилген. Аны таалим-тарбия ишинде колдонууну сунуш этер элек.
Турмушуң кургур ачуу-таттуу, жамандык-жакшылык аралаш жүрөт эмеспи. Бүбү апанын экинчи жээни аракеч жолдош күтүп, өзү да ууру болот. Алар көрүстөндөрдөгү эстелик таштарды уурдап, сатып жүрүшөт. Бир жолу жээнинин атасынын эстелигин уурдашат. Атасынын эстелигин тааныган кески жолдошторун соттотом дегенде, алар аны ошо көрүстөндө жайлап салышат. Бул окуяга капилет күбө болгон Бүбү апа мүрт кетет... «Бири адал, бири арам» эки өлүктүн көр арасында жан таслим болгону элеттиктердин акылын дүрбөлөң түшүрдү... Ыйык тепселип, куту учкан эл эсине кыямат буюгуп келип селт эттирди. Мындан өткөн кордук барбы?../18-бет/.
«Абийир кунары» аттуу аңгеме дагы бир тири укмуш окуя көрүстөндө өтөт. Анда керт башынын «абийири» үчүн ымыркай тукумунун жанын кыйган ата сөрөй менен анын никесиз аялынын аяныч тагдыры баяндалат. Ушул себептен го Календин: «Бүгүн баарыбыз эле таштанды балдар көбөйдү деп бир жактуу кыздарды күнөөлөөгө кириштик. А кыздар kимден төрөдү? Же алар Кыргызбайдын ордуна куурай колдонуппу? Өз тукумун арам сийдик атанткан эркектердин жоопкерчилиги, абийири, ыйманы жөнүндө эмне мынча жапырт сөз козгобойбуз?!» – деп, буркан-шаркан түшкөнү («Доор кайрыгы», 200-бет).
Бири кем дүйнө дегендей «Aйpылыш жолдо» аттуу аңгемеде үй бүлөсүн таштап, башка аялга кетип калган эркектин кызы менен ошо аялдын баласынын ортосундагы махабат баяндалса, «Насыя никеде» шал болуп ооруда жаткан кыз менен чайнекке нике кыйган молдонун ортосундагы «махабаттын» терс кайрыктары чертилет. Айтор Календин таппаганы жок. «Маек», «Сочинение»,»Окулбаган күндүлүктө» ой чабыты түбү барып автордун жанын кашайткан «кумурска турмуштун» терс кайрыктары аракечтикг баңгилик, аңгилик... Аңгемелерди окуганда айрым аша чапкандыктар да байкалат. Орой сөздөр учурайт. Дегинкиси күнүмдүк турмуш оройлуктун арааны ансыз да жүрүп жатпайбы.
Кыскартып айтканда, акыл калчоонун түйшүгүн түшүнгөн адамга, Календин үч илтик күзгү сымал үч китеби бүгүнкү турмушубуздун чындыгын, оң жана терс кайрыктарын жымсалдабай, бурмалабай көрсөтүп, элибиздин улуттук аң-сезимин ойготуп, ой чабытына жаңы ыргак берип, оюна-ой кошот. Ал ойлор, сөз кадырын кастарлаган, рух кадырын даңазалоочу кийинки муундардын өкүлдөрүн өзүнө тартарынан шек санабайм. Бар бол, Кален!
Аскар KAKEEВ
Улуттук Илимдер академиясынын академиги,
философия илимдеринин доктору, профессор.
Кыргыз Республикасынын билим жана илим министри.
«Кыргыз туусу», 1996.22-сентябрь
Курбум Каленге
Ыйы да бар, ыры да бар, Сыры бар
Жолдор, жолду кесип өтүп керилген,
Тоомдордон тоскоолдуктар жыйылган,
Түндө жатып, түндөп өтүп кетишкен...
Асыл ойду шамалдардан далдалап,
Шамалдарга тосуп берип өзүңдү,
Канатыңды кайрыгандан чарчабай,
Канат кагып бийиктерден көрүндүң...
Ооруй түшүп «оңуп» кеткен ойлордон,
Чарчай түшүп чаң чыгарган жолдордон,
Жанып-күйүп чыркырады жан-дүйнөң,
Чырагдандай чындыкты издеп жоголгон...
Аялзаттын жарык пейлин калкалап,
Керооздорго кер-мур айтып, толгонуп,
Ичиң сыйрып түшүп сары санаага,
Арууларга жанып бердиң от болуп.
Фатима Абдалова,
Алыкул атындагы сыйлыктын лауреаты
«Жүрөктөгү шамал» китебинен
2000-жыл
Эртеңки күндүн адамы
Жарыкчылыкка жалгашкан доор анын уңгусу болгон адам тиричилиги көп кырдуу татаалдыгы менен кызык да, сүрдүү да. Өзгөчө жаңы нукка түшкөн замандын өзөктөшү болуп, аны ажарына чыгарыш «Мен, мен!» дегендердин колунан келбей турганын байкадык. Анткени, керт башынын камын жеген түркөй кызыкчылыктары алардын кендирин кесүүдө. Коомго түркүк болуучу өзөктөштүк жагдайы адамдын тазалыгына, билимине, акыл ченемине жараша бутактап, тулкусуна орчундуу, маселелерди камтыйт да каармандан датканын доору өзгөчө татаал болгонун баарыбыз билебиз. Андай опурталдуу мезгилдерде өзүмчүл караөзгөйлөр калк арасына чуу салып, бөлүп-жарып, алардын кесепетинен катуудан казан, жумшактан күл калганын карт тарых күбөлөндүрөт. Ушундан улам калк Ата-Журтту коргоп, аздектеп, чамгарактарын сактоочу адамдын аял же эркек экенине маани беришпеген. Курманжанга да эли зор ишеним көрсөткөн. Учурубузда айрым бир жооптуу иштерге кыздардын кыябаты келип турса да «алтын баштуу аялдан бака баштуу эркек артык» дегенди далилдегендей компоюп коймойубуз бар. Бул тамырсыз «аныктама» жогоруда айткандай «Мен, мен!» деген акылы өпкөсүндөгү жигиттердин чырагына май тамызат. Ал эми нака эл жүгүн көтөргөн улуу адамдар байыртадан эле аялзатын кадырлаган. Мисалы: Манас Ата Каныкей энени, Алымбек датка Курманжанды, Жеңижок Көк Сулууну барктай, баалай билген. Келечекке миң толгоно ой жүгүртүп, купулунда жактырган президентибиз А.Акаевге ак батасын берген кутман карыбыз Түгөлбай ата да зайыбын ар дайым (маркум апа замандаштарынын чолпону эле) Асылкүлүм деп ардактачу. Ошондуктан, залкар чыгармаларын жаратканда эң биринчи апанын пикирин укканын эскерет. Учурда да эл-журтубузга сыймык алып келүүчү чыгаан кыздардан куру эмеспиз. Мурдакы муундардын жолун жолдогон Р.Отунбаева, Ч.Баекова, Р.Ачылова, И.Болжурова, М.Жангарачева, Р.Үчкемпирова, К.Саякбаева, А.Абдурехменова, З.Акбагышова, К.Сыдыкова сыяктуу ондогон иштерман ишкерлер бар. «Эжени көрүп, синди өсөт» болуп, булардын эң кенжеси-Кален Сыдыкова. Кален журналистика жаатындагы бүгүнкү профессионал бийиктигине азыркыча айтканда чөнтөгүнүн тереңдиги менен же бирөөнүн көлөкөсүнө илээшип чыга калбады. Турмуштун ысыгына күйүп, суугуна тоңуп, электен элекке өтүп, чымыркана изденип жүрүп төрөлдү. «Эр жигитке жетимиш өнөр аздык кылат» дегендей жазуучулукту да аркалады. Эмгек жолун адеп үй куруу комбинатында жумушчулуктан баштаганын анын республикалык газеталарга чыккан кабарларынан улам билебиз. Ошондо эле ал нравалуулук жөнүндө сөз козгоп, коомчулукка тиешелүү маселелерди, ой-пикирлерди айтчу. Албетте, журналисттик чеберчилик куш кабардан калыптанса, кудай уютку берген жазуучулук илхам менен акыл туюму ыкташа өөрчүүрү бышык. Бул жагдайды эртелеп туюнган Кален кабарчылык менен чектелип калбай тизгиндин эки танабын күлүктүн жүрүшүнө шайкеш кармап, кадамды иштиктүү шилтеди. Бүгүн ал акыл казынасын калеми аркылуу төгүп, экономиканын ар тараптуу өнүгүшүнө салым кошуунун булактарын издене дегдеген таасын журналист, сезимтал кызматкер. Алысты көрө билчү булактарды табууну көрө билген жазуучу. Калкыбыз адеп Календи «Бурулчанын селкинчек» аттуу публицистикалык ой толгоосу басма сөздө көз жарганда тапты.
— Тартынбай ачык, так сүйлөйт тура!
— Ою терең, баамчыл көрүнөт!-деп атышты окугандар. Бала кезибизде энелерибиз: «Кайран Бурулчанын эмнеге, кантип күйгөнүн эми түшүндүм» – деп айыл ичиндеги аялзатына карата болгон кандайдыр бир чаташкан үстөмдүктөргө нааразы болуша, бирок, оюндагыларын көпчүлүккө чыгарып, ачык айта алышпай, көмүскө сүйлөшүп, үшкүрүнүп калышчу. Энелердин чөгүңкү муңайым кебетелеринен улам Бурулча мага тамырын кыян кырккан гүлдөй туюлчу. «Бурулчадай эр көкүрөк, жандуу, жамалдуу болуш кайда!» – дешчү кыз-келиндер тымызын бук чыгарып. Көз алдыма бийик кабак, бой турпаты алптыкындай Ай чырайлуу, Күн жүздүү нур кыз элестөөчү. Бирок, балалыгымданбы же жамандыгымданбы айтор Бурулчанын турмушта ким болгонун кандай учурда жашап өткөнүн сураштырбаптырмын. Дегиңкисин адам баласы эс тарткандан көргөнгө көрөөр, укканга угаар замат жигиттей ой толгоп, андан натыйжалуу жыйынтык чыгара билүүгө бышыкканы абзел тура. Календе өзүн өкүнтпөй турган сергектик да, баамчылдык да бар. «Бурулчанын селкинчекте» окурман анын көз карашынын тереңдиги, курчтугу жана оюнун жыйынтыктуулугуна таасирленет. Ошону менен бирге аялзаты кандай доор болсо да жарын, үй-бүлөсүн аздектегендей эле Ата-Журтун аздектээрин жашоонун турмуштагы чындыктары менен далилдейт. Кылымдан келаткан теңсиздикти, укуксуздукту өмүрү кетчү кысымдан тартынбай башын канжыгага байлап, өз обону менен алгач айтып чыккан Бурулчага Кален мезгилдин чыпкасынан алынган жаңы боек сүртүп, жандандырды. Себеби, бүгүн биз аял менен эркектин ортосундагы теңсиздик ынтымак өсүшүнө кедерги болоорун билип туруп эле негедир ислам динин ылгабай ыйык тутуп, ага башотубуз менен кирип баратабыз. Кыскасы, көкүрөк сокурдугу күчөөдө. Кален ушуга күйөт. Аялзатынын эркектерден эч качан пас эместигин далилдегиси келет. Укуктуулукту, чынчылдыкты сүйөт. Замандаштарын биримдикке, тазалыкка чакырат. Эненин жүрөгү эмнеге ооруурун айттырбай түшүнөт. Анткени, өзү да эне. Ыймандуу жар. «Бурулчанын селкинчек, андай теппе жем издеп», – дегендей заман оошуп, баш-аягы жыйналбай жаткан мындай учурда эпчилдик кылып, мамлекеттик казына менен элди тоноп, жеке байлык күтүүнүн өзү найесептик. Билинбегени менен бардыгыбыэдын жүрөгүбүз ошол найесептик үчүн ооруйт. Ал эми Кален жүрөк оорусун бизге окшоп жашырбайт. «Өздөн чыккан жат жаман» дегендей өздүк талоончулардын куйругу үзүлмөйүн экономиканын түндүгү кантип көтөрүлөт? Кален ушуга далилдүү мисалдарды айтып күйөт. Балдарынын ийинин бүтөп, кардын тойгузуу үчүн аялзатынын жер кезип тербип жүргөнүнө жаны ачыйт. Календин абройун жеке эле «Бурулчанын селкинчек» публицистикасы эмес учурдун агын ак, карасын кара деп тайсалдабай таасын жазган «Доор кайрыгы», «Демократиянын азаптары», «Мезгил жана мен» деген публицистикалык ой толгоолору да жаратты. Айтор, автор бардык чыгармаларында эл менен кошо кыйналат, толгонот, кубанат, изденет. Калемдештери, замандаштары даап айталбаган пикирлерди, сындарды төп келиштире ортого алып чыгат. Ал ушунусу менен өзгөчө. Дүйнөнү кабылдoocy туруктуу жана көркөм табити жасалмасыз. Көркөм табит демекчи Календин «Абийир кунары» аттуу бир гана аңгемесине көз жүгүртөлү (Чакан макалада бардыгын тастыктап жазуу мүмкүн эмес). Аңгемеде сүйүү, жек көрүү. Өзүмчүлдүк, айкөлдүк, тереңдик менен жеңилдиктин келишпестиктери, жаратылыштын адамдардын мамилесине жараша берешендиги, мерестиги айкын жана ынанымдуу чагылдырат. Адамдардын коомго үй-бүлөгө болгон мамилелери, түшүнүктөрү жасалмасыз чечмеленет. Ошондуктан «Абийир кунары» мурдараак жазылганы менен азыр да бүрүн түшүрө электей. Анткени, башкы каарман Зейнеге окшогон бой кыздар аруу тилек менен келечегине айкын жол издеп, жыргап жаткансыган шаарга келишет да ай талаанын бороонунда калгандай буюгушат. Мөлтүр, тунук сезимдерин Темир сыяктуу жексурлар талкалап, жапа чегишет. Зейне да Темирдин «бал» сөзүнө ишенип, ууз сүйүүсүнөн кол жууйт. Наристесин толгон токой мүшкүл менен никесиз төрөйт (Темир үй-бүлөсү, балдары бар экенин билгизген эмес). Сүйүүдөн эле эмес достуктан да көңүлү калат. Жарыкчылыкка келе элек жатып Зейнеден башкага суук тумшук аталган ымыркай да жарык дүйнөгө келген келбегенин билбей көз жумат. Өлүк ээси аталган ата сөрөй (Темир) суук тумшуктан кудай жалгап оңой кутулдум деп кудуңдайт. Аттиң десең, турмуш оордошкондо жалган сүйүүлөр да кырман толо кызылга бейазар бирөө от ыргыткандай алоолонот» тура. Кален жүрөгү сыздап айткандай оболтодон эле аялзатынын абийирин сактагандар элдин, коомдун байлыгын, абийирин сактаган. К.Сыдыкованын «Насыя нике», «Окулбаган күндөлүк», «Айрылыш жолдо» сыяктуу аңгемелери менен «Мезгил жана мен», «Түпкүрдөгү монстр» аттуу публицистикалары да өзөгүнө жүрөк өйүткөн орчундуу маселелерди камтыйт. Мисалы, «Түпкүрдөгү монстр» публицистикасында кайсы бирлери алдым- жуттумдук менен жыйынтыкталган, өткөн шайлоонун иш тажрыйбасын шайлануучунун кандай жол менен жеңүүчү же жеңилүүчү болгонун А.С.Макаренконун «Педагогикалык поэмасы» сымал алаканга салат. Жогоруда айткандай эл менен кошо күйөт, кубанат. Чөйрөдө болуп аткандарды жүрөгүндө элеп, электен өткөргөн соң гана өң карабай, тайсалдабай иштиктүү айтат. Бүгүн Календи ушул сапаттары бышыктырып, коомдун орчундуу жүктөрүн көтөрүүгө калыптандырууда. Кандай айтсак да ал эртеңкинин адамы.
Токтош АБДИЕВА
1997-ж.11-июль
«Обо» газетасы
Достарыңызбен бөлісу: |