Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети



Pdf көрінісі
бет53/107
Дата25.12.2023
өлшемі1.43 Mb.
#487888
1   ...   49   50   51   52   53   54   55   56   ...   107
Токоева-Г.С.-Философия-Окуу-усулдук-комплекс

Жюльен Офре де Ламетри (1709-1751-жж.) 1745-жылы псевдоним 
менен «Жандын табигый тарыхы» деген эмгегин жарыялайт. Анын автордугу 
билинип, өзү куугунтукка алынат, кызматынан бошотулат, китеби өрттөлөт. Ал 
Голландияга качып кетет. 1747-жылы Ламерти «Адам – машина» деген эмгегин 
жарыкка чыгарат. Анда материализм бирден бир туура философиялык багыт 
экенин, спиритуализмге (башкача айтканда идеализмге), динге каршы экендиги 
айтылат. Мындан сырткары ал «Адам – өсүмдүк», «Анти Сенека, же Бакыт 
жөнүндө ой толгоолор» жана башка эмгектерин жараткан.
Дени Дидро (1713-1784-жж.) Алгачкы чыгармасы «Философиялык 
каттар» (1746) деп аталып христиан динине каршы туруп, деисттик позицияда 
жазылат. Бул эмгеги өрттөлөт. 1749-жылы анонимдүү түрдө чыккан 


57 
«Көрүүчүлөргө арналган сокурлар жөнүндө кат» басмадан чыгат. Бул 
чыгармасында Дидро атеизм позициясына өткөнүн жазган. Акыркы жыйырма 
жылда Дидро «Энцклопедия, же илим, искусство жана кол өнөрчүлүктүн 
түшүндүрмө сөздүгүн» басмадан чыгаруу менен алектенет. 1751-1790-жылдары 
анын 35 тому жарыкка чыгат. Анын 28 тому Дидронун редакциясы менен 
жарыкка чыгат. Ал өзүнүн Энцклопедиясына агартуу өкүлдөрүн, табигый илим 
изилдөөчүлөр, адабиятчылар, экономистерди тарткан. Анын оюу боюнча 
системалуу түрдөгү билим коомдук чындыкты өзгөртүүгө алып келет. Дидро 
бир топ философиялык чыгармаларды жараткан. «Жаратылышты түшүндүрүү 
жөнүндө ойлор», «Д.Аламбердин Дидро менен болгон аңгемеси» жана 
башкалар. Бул эмгектери ал өлгөндөн кийин жарыкка чыккан. Дидро 1773-
жылы Екатерина IIнин чакыруусу менен Россияга келген да, 1774-жылдын 
жазына чейин болгон. Ал өмүрүнүн акыркы он жылын Парижде өткөргөн. 
Атеистик көз карашта туруу менен чиркөөгө каршы болуу көз карашында 
туруп дүйнөдөн кайткан. 
Поль Анри Тири (Гольбах фамилиясы эне тарабынан абасынын атынан 
алынган, 1723-1789-жж.) Германияда төрөлгөн. Гольбахтын ири философиялык 
чыгармасы – «Жаратылыш системасы» 1770-жылы жарык көрөт.
Онтология. Француз материалистери жаратылыш түбөлүктүү, ал 
жаратылбаган деген ойду айтышат. «Жаратылыш кандайдыр бир буюм, нерсе 
эмес; ал дайыма өзүнчө эле жашап келген; анын негизинде баары жаралат; ал – 
өтө чоң өнөркана, бардык материалдар менен жабдылган; ал өзү курал 
жарактарды даярдайт, алар өзүнүн аракетинде колдонулат; бардык буюмдар 
анын энергиясынын жана күчүнүн продуктысы же себепчиси, алар аракетти 
жаратат жана кыймылга алып келет» (Гольбах). Теологдор менен болгон талаш-
тартышта материалисттер төмөнкүдөй ойду билдиришет: «Биз айтып жаткан 
жаратылыштан айырмаланып турган жана анын үстүндө турган жандыктар элес 
бойдон калат». Ал эми материя болсо реалдуу жашайт, «майда бөлүкчөлөрдөн» 
жаралган материалдык телолордун чексиз көп түрүнөн турат. Ал телолор 
мейкиндикте туруп кыймылда, бөлүнөт, салмакка ээ, инерция күчү бар». 
Ошондуктан материя – биздин сезимдерибизге таасир эткен бардык нерселер; 
ошондой эле ар түрдүү буюмдарга таандык болгон сапаттар (Гольбах). 
Материяга онтологиялык аспект да таандык; «Материя – кандайдыр бир 
жылдыз эмес, жаратылышта телолор деп аталган индивиддер бар, жана материя 
деп бардык телолорго таандык болгон касиеттердин жыйындысы деп түшүнсөк 
болот (Гельвеций). Француз материалистеринин оюу боюнча кыймыл – 
атрибут. Дидро деизимге каршы чыгып мындай дейт: «кыймыл – материянын 
башкы жана ажырагыс касиети». Ал эми Ламерти болсо «материя 
жандандыруучу жана кыймылдаткыч күчтү өзүнө камтып турат» дейт. Гольбах 
болсо «Бардык жаратылыш үзгүлтүксүз кеңейүү, аралашуу, өз ара алмашуу, 
молекулалардын кыймылынын негизинде жашап жана сакталып турат» деп 
айткан.  


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   49   50   51   52   53   54   55   56   ...   107




©dereksiz.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет